Сенин гезитиң!
№35, 30.09.08-ж.





  Сыр маек

Александр Воинов:
"Карызга баткан учурларым көп болду..."
- Кайсы улуттун өкүлүсүз? Фамилияңыз кызыктуу экен?
- Мен Тажикстанда төрөлүп 17 жашка чыкканча ал жерде жашадым. Ал эми улутум жөнүндө айта турган болсом метисмин, атам дунган, апам орус кызы. Фамилиям болсо албетте атамдыкы, тилекке каршы анын жаралыш тарыхын билбейт экенмин.
- Кандайча Кыргызстанда жашап калдыңыз эле?
- Бул жерде атамдын туугандары көп, анын үстүнө апам да бир кездерде Кыргызстанда жашаган. Орто билим алгандан соң жогорку билимди кайдан алуу керек деген суроо туулган. Бала кезимден бери спортко аралашып чоңойгондуктан дене тарбия институтуна тапшыргым келчү. Кыргызстандан мен аскер кызматын да өтөдүм. Бирок, Тажикстандагы жашообуз деле жаман эмес болчу.
- Кикбоксингге чейин спорттун кайсы түрү менен машыкчу элеңиз?
- Мен спорт менен машыгууну өтө эрте баштагам. Кикбоксингге чейин күрөш, сууда сүзүү, гимнастика менен алек болуп келгем. 1992-93-жылдары Америкада келишимдин негизинде иштеп, менин күрөштөрүм үчүн мага жакшы акча төлөп беришчү.
Кикбоксинг мени өзүнө аябай арбады. Мисалы Америкада мени такшалган тажрыйбалуу мектептен өткөрүштү. Дүйнө жүзүндө кикбоксинг боюнча атаандаштык абдан күч алган.
- Америка сизди эмнеси менен кызыктырды?
- Алгачкы он жылда кызыктуу эле болчу. Ал эми кырк жолу барып келгенден кийин кызыгы деле тарайт экен. Баарынан эсимде мейманканадагы биринчи түн калыптыр. Уктабай таң атырып, биринчиден убакыттан айырма болсо, экинчиден таң атканча милициялардын сиренасы тынбайт экен. Биздин ишибизде да талаптар укмуштуудай катуу, мен ал жерден аябагандай кылдат текшерүүдөн өтүшүм керек, биз жакта андай текшерүүдөн космонавттар гана өтөт болуш керек. Баш аягы бүтпөгөн толтура тестирлөөдөн өтүп, көп убактыбызды психолог менен өткөрүүгө туура келет. Анткени биринчи орунда дайыма адамдын ден соолугу туруш керек.
Эгерде күрөшө турган адам даяр эмес болсо кандай гана шарт болбосун күрөш токтотулат.
- Күрөш учурунда өзүңүздү колго алалбай калган мезгилдериңиз болду беле?
- Мен спорт менен эрте машыга баштадым. Мени менен өтө көп профессионал машыктыруучулар иштешти. Кичирээк кезимде машыктыруучум мага: "Ачуулу болсоң өтө бат чарчайсың, эч убакта ачууланба "дечү. Чынында адам күрөш учурунда ачууга алдырса өзүн-өзү колго алалбай ар бир муштуму жаза кете баштайт. Менде деле өзүмдү-өзүм колго алалбай калган учурлар болгон.
- Профессионалдуу жөндөмүңүздү жашоодо колдонгон учурлар кездешеби?
- Ооба, балдардын баары эле мушташты баштарынан өткөзүшөт. Эркектердин баары жашоодо бир нерсе үчүн күрөшүп келишет. Мен да башкалардан кем калбай күрөштү жашоомдо көп эле жолу колдонуп келем. Интернатта чоңойгондуктан ал жерде өзүң үчүн жооп берип, өзүңдү-өзүң коргошуң керек. Ошондон улам бала кезимде көп эле жолу мушташканга туура келди. Бирок мени дайым калыс, адилет сезимдер жетелеп жүрчү. Атайын жаман ниетте мушташкан күндөрүм болгон жок.
- Бир туугандардын арасынан кимиңер лидерсиңер?
- Бир убакта менден улуу агам баарыбыздын башыбызды бириктирип турчу Мен армияга кеткенде жол кырсыгына кабылып, майып болуп көп убакытка чейин кыймылдабай жатып калды. Өзү да спортко жакын ошон үчүн эле аман калды көрүнөт. Азыр кайрадан бутуна туруп, турмуштун кыйынчылыктарына моюн сунбай келет. Ошол күндөн бери мен анын ордуна үй-бүлөдөгү көп маселелерди чечип келем. Байкемдин эрктүүлүгү, күчтүүлүгү дайыма мага үлгү болуп турат.
- Үй-бүлөңөрдө орустун салттарын карманасыңарбы же дунгандыкынбы?
- Бала кезимен бери фарс, өзбек тилдеринде сүйлөп жүрөм. Мындан тышкары дагы бир нече тил билем, бирок ишенесизби, дунган тилин такыр билбейм. Үйүбүздө орусча, кошуналар менен тажик, өзбек тилинде сүйлөшчүбүз. Ошонун жыйынтыгы да. Ал эми кыргыз тилинде жакшы сүйлөй албасам да эң сонун түшүнөм. Анын үстүнө жубайым да кыргыз кызы болчу, ошондон улам кыргыздын салттарын да беш колдой билем.
- Жумушуңуздун эң оор учурларын айтып берсеңиз?
- Команданы даярдап, күрөшкө бара турган болгондо каражаттын тартыштыгынан улам ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңип калган мезгилдер болуп саналат. Эки-үч ай тынымы жок даярданып жеңишке жетебиз деп үмүттөнүп алышкан балдарга - болбой калды биз ал жакка баралбайбыз-деп айтуудан кыйын нерсе жок. Көп өлчөмдөгү каражат издөө маселеси туулат. Мындай учурда болгон мүлкүмдү, минип жүргөн машинемди коюп бир айласын табам, карызга баткан учурлар да көп болду. Жакын досторум келип жардамдашкан убактар болот. Алар менин түйшүгүмдү эң сонун түшүнүп колдоп турушат.
- Жубайыңыз каза болгонуна канча жыл болду?
- 8 жыл. Анара менин эң жакын адамым, жардамчым болчу. Эң алгачкы профессионал күрөштөр башталганда түнү менен балбандарга форма тиккен күндөрү болду. Балбандардын ооруп калганын айыктырып, алардын жанынан жылчу эмес. Бир жолу бир жигитибиз сарык оорусу менен ооруп калып, үйгө алып келсем жубайым бир жыл бою тамагын жасап, дарысын берип багып бутуна тургузду. Кийин ал жигит күрөштө жакшы жыйынтыктарды көрсөтүп эмгегибизди актады. Анара менин жашоом менен жашачу. Ансыз мен эч нерсе кыла албас элем. Тилекке каршы ал каза болгондо.. бул эле жоготуу эмес. Андан кийин менин жашоомдогу эң оор мезгилдер башталды. Анаранын орду толгус кыйынчылыктарды, түйшүктөрүмдү тең бөлүшөр адамым жанымда жогу мен үчүн эң оор.
"АКИ-пресс" маалымат булагынан алынып которулду.










??.??