Сенин гезитиң!
№35, 30.09.08-ж.


c


  Кумир менен баарлашуу

Ома Омарга күчүк сатып берди
Гузел
- Омар байке, ийгиликтериңиз менен чын жүрөктөн куттуктайм. Айтыңызчы, жеңиштин даамы кандай болуп жатат?
- Кудайга шүгүр, Алла-Тааланын буйругу менен сиз айткандай ийгиликтин даамын таттым. Бирок менде жеңиштен кийин эч кандай деле чоң өзгөрүү болгон жок. Көпчүлүгү Юрмалага барып келгенден кийин Омардын "жылдыз" жашоосу башталды деп ойлошот. Жок. Жашоом күндөгүдөй эле эл катары окуп, эл жеген тамакты жеп, кийимди кийип, жер үстүндө эле басып жүрөм.
- Өзүңүздү кыргыздын патриотумун деп айталасызбы?
- Татыктуу эч нерсе жасабай туруп патриотмун дегенден уяласың. Бирок, патриот эмесмин деп айткандан да алысмын. Кыязы аракет кылып жатам десем окшошот го.

Жыргал
- Омар иним, сага биринчиден чыгармачылык эргүү каалайм. Кыргызстанга алып келген жеңишиңден кийин балама (жанында олтурган уулун көрсөтүп) сенин сүрөтүң чыккан күндөлүктү жакшы окусун деген максатта ырым кылып алып бердим эле, окуу ачылышынан бери жакшы окуп жатат. Өзү да сени аябай жакшы көрөт. Эртең Омарга жолугабыз дегенде түнү менен уктабай чыкты. Ушул балама өзүңдүн батаңды берип койчу айланайын. Сага суроом, Кыргызстандын маданияты сени канааттандырабы?
- Эже сизге чоң рахмат. Биринчиден Жунус иниме ийгилик каалайм. Кыргыздын туусун көтөрүп, желегин желбиретип элибиздин керегине жараган, сиз сыймыктанган, биз сыймыктанган эр азаматтардан болсун. "Жаштын тилегин берет" дегендей азыртадан максат коюп, келечектен үмүт кыла бериш керек. Ал эми сурооңузга жооп кыла турган болсом, кыргыз маданияты өзүбүздүн купулубузга толот. Бирок, башка өлкөлөргө салыштырып келгенде абдан эле төмөнбүз. Чет мамлекеттерде шоу-бизнес өтө жогорку деңгээлде өнүккөн. А бизде жөнөкөй эле "живой" аппарат жок. Чынын айтканда биздин маданиятыбыз жаңыдан өнүгүп келатат. Кудай буюрса, көз ачып жумганча биз эңсеген деңгээлге да жетебиз.

Тургунай
- Атаң азан чакырып койгон атың Өмүрбек экен. Эмне себептен Омар деп өзгөртүп алдың?
- Таптакыр эле өзгөртүп алган жокмун. Болгону сахнага эле ушундай ысым менен чыгып келатам. Биринчиден заманбап мезгилдин ырчысы болгондон кийин заманбап атты тандап алайын дедим. Экинчи жагы чыгыштын улуу ойчулу, акын Омар Хаямды эске алып, ырларымда ошондой терең философиялык маани болуп, угармандардын жүрөгүнөн түнөк тапсын деген ниетте Омар деген ысым менен ыр дүйнөсүнө келдим.

Аида
- Омар, мени кызыктырган суроо "Жаңы толкун" конкурсуна барганда көптөгөн атактуу ырчылар менен тааныштың да. Ошол адамдар менен азыр да байланышып турасыңбы?
- Ооба, учурда бардык катышуучулар менен сүйлөшүп, ден соолук, ал-ахыбалды сурашып турабыз.

Адина
- Силер газетага интервью бергенде "ырчылык түбөлүк кесибим эмес" деп айтасыңар. Ушул жолду тандап алгандан кийин күйөрмандарыңар үчүн биротоло ырдаганга болбойбу?
- Менин өзүмдүн кесибим бухгалтер, юрист. Муну да өзүм сүйүп тандап алгам. Ал эми музыка жүрөгүмдүн жарымында жашайт. Башкача айтканда бул эки тармак мен үчүн өзүмдүн канымдан жаралган эгиз баламдай. Ошондуктан кандай кырдаал болбосун экөөнү тең эриш-аркак алып кеткенге болгон күчүмдү жумшайм. Ал эми ырчылык түбөлүк кесип эмес деген башка кесиптештерим үчүн мен жооп бере албайм.

Динара
- Омар, бир болсо Россияга барам деп жатасың. Эгерде ошол жакта карьераң түзүлүп, үй-жай күтүп, ошол жерде бир кызды сүйүп калсаң Орусиянын тургуну болуп калат белең?
- "Өз үйүң өлөң төшөгүң" демекчи Россия эмес, Бишкекте жүрүп эле айылды кандай сагынасың. Дандырда бышып жаткан нандын жытын, малдын жытын, тоонун, арча-карагайдын жытын эңсеп, таза абада дем алгың келет. Кээде шаардан буулугуп кетем. Ошондуктан мен башка жерде жашоону элестете албайм.

Акена
- Угушума караганда сиз азыр там салып жатыптырсыз. Кыйналган жоксузбу?
- Өзүңдүн тамың курулуп атса кайдыгер мамиле жасаш туура эмес. Көп деле кыйналган жокмун, тескерисинче үйрөнүп жатам.

Адеми
- Орозо айында садага-битир бердиңерби?
- Мусулманчылыкта "Оң колуң бергенди сол колуң билбесин" дейт. Буга таянып соболуңузга жооп бербей койсом сумсайып калбаңыз. Рамазан айында колдон келишинче айылдагы мечиттерге жардам бердим.

Динара
- Ома экөөңөрдү көп алмаштырышат. Бир жолу радиодон жакында Юрмалага барып келген Омар деп туруп Оманын ырын берип коюшту. Сен да ушундай учурга туш болдуң беле?
- Туура. Ома байке экөөбүздү аябай көп алмаштырышат. Юрмалага биринчи турдан өткөнүмдө күйөрмандар Ома байкеге чалышып куттуктап башташыптыр, башында мен эмес, ал менин иним болот дегенине койбой кайра-кайра чала беришкенинен тажаганда рахмат, рахмат дегенге аргасыз болуптур.

Тургунай
- Кесиптештериңиздин арасында кимди таланттуу деп ойлойсуз?
- Актан Исабаевди.
- Жаштарданчы?
- Өзүм дагы жаңы муундун өкүлү болгондон кийин өзүм менен катар бараткан адамдарга сын-пикиримди айтуу бир аз одонороок. Ошондуктан аны эл гана таразаласын дейт элем.

Гузель
- Кайсы гезитти окубагын кыздардын ырчыларга жазган сүйүү каттары. Ушундай көрүнүш селкилердин ыйманына туура келеби?
- Мен бирөөнүн жеке жашоосуна кийлигишким келбейт. Жаз деп үгүттөбөйм дагы, жазба деп тыя албайм дагы.

Аида
- Бүгүн сиз минтип тогуз адамды кубандырып олтурасыз. Ал эми чакырылбай калган күйөрмандарыңыздын таарынычын кантип жазасыз?
- Редакция тарабынан коюлган шартка байланыштуу гезиттин талабы боюнча сегизден ашык адам чакырууга болбой экен. Ошол себептен жолукпай калган күйөрмандарыма жазган smsиңиздер үчүн чоң рахмат. Капа болбоңуздар. Кудай буюрса, жолугушчу күндөр алдыда дейт элем.

Жыргал
- Акыркы алган белегиң?
- Мирбек Атабеков экөөбүз "Жаңы толкун" кароо сынагына аттанып жатканда Ома байке кимиңер жеңип келсеңер күчүк сатып берем деген эле. Ошол убак келип кечээ күнү мага күчүк сатып берип, белек кылды.

Адина
- Шайтан Аллахтан, сен азан жараттың, а менин азаным кайсы десе сурнай менен музыка деген экен. Ушуга кандай карайсыз? Аллага кызмат кылып жатам дейсизби же шайтангабы?
- Аны жаратканым өзү билип көрүп турат. Эгерде абийириң, жан дүйнөң таза болуп, сен жасап жаткан нерседен башкалар ырахат алып турса ага Алла-Таала каршы чыкпайт болуш керек. Эң негизгиси жүрөгүмдө кудайга болгон чоң ишеним бар.

Ж. Калдарова










??.??