Сенин гезитиң!
№35, 30.09.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


  Ала-Тоо койнунда

Оппозиция эл менен жолугушууда
Бир топ оппозиция өкүлдөрү Бишкектин тургундары менен жолугушууда.
"Ата Мекен", "Асаба" партияларынын, Коомдук парламент менен "Акыйкат үчүн" кыймылынын мүчөлөрү Бишкектин батышындагы жаңы конуштардын, Кызыл -Аскер аймагынын тургундары, Жал, Аламүдүн кичи райондорунун жана башка конуштардын жашоочулары менен жолугушту. Андагы негизги маселе Кыргызстандагы акыркы кырдаал жана жергиликтүү кеңештерге шайлоого карата калктын пикирин билүү. Жолугушууга катышкан тургундардын баарын жашоонун кымбаттыгы, Бишкектин шаар бийлигинин улам алмашып начар иштеши жана БШК төрайымы Клара Кабилованын кызматынан кетүүгө мажбур кылган жагдай кыжырдантып жатканы белгилүү болду. Алар ушундан улам мамлекеттик башкаруу системасын өзгөртүп, бийликти карапайым калк үчүн иштөөгө мажбур кылууну сунуштап жатканы мыйзам ченемдүү көрүнүш.

Айт маарек болсун!
Өкмөттүн токтому менен 1-октябрь - Орозо айт майрамы деп жарыяланды.
Орозо айт күнү Бишкектеги эски аянтта айт намазы окулуп, андан кийин Орозо айт майрамы башталат. Бардык мусулмандарды ыйык Орозо айт майрамы менен куттуктайбыз.

Шайлоо токтобойт
5-октябрдагы жергиликтүү кеңешке шайлоо үзгүлтүккө учурабайт.
Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын шайлоо процесстер бөлүмүнүн башчысы Аманкул Молдалиев билдирди. Анын айтымында БШК шайлоого карата бекитилген календардык планда иш алып барууда. Бүгүнкү күнү аймактарга бюллетендерди жеткирүү, обулустук шайлоо комиссиялары менен иштешүү кадимкисиндей жүрүп атат.

Кыргыз киносу "Оскарды" алабы?
Кыргызстанда тартылган "Теңир" тасмасы Оскарга көрсөтүлүүдө.
Француз режиссеру Мари Жауль де Поншевиллдин "Теңир" тасмасы америкалык "Оскар" киноакадемиясынын сыйлыгына көрсөтүлдү. "Эң мыкты чет элдик фильм" номинациясына көрсөтүлүп жаткан бул тасма Чынгыз Айтматовдун "Жамиля" повестинин негизинде тартылган. Кино Германия, Франция жана Кыргызстандын биргелешкен долбоору болуп эсептелет. Ага немец режиссеру Франк Мюллер жана кыргыз киночусу Эрнест Абдыжапаров продюсерлик кылышкан. Бүгүнкү күнгө тасма тууралуу тийиштүү документтер Лос - Анджелеске жөнөтүлдү. Кыргыз киносынчысы Гүлнара Төлөмүшова бул - Кыргызстандын атынан "Оскарга" көрсөтүлүп жаткан үчүнчү тасма экендигин белгилейт. Буга чейин ага кыргыз режиссерлору Төлөмүш Океевдин "Көк серек" жана Актан Арым Кубаттын "Бешкемпири" көрсөтүлгөн.

Ошто жер силкинди
Жер титирөөнүн очогу Алай районундагы Гүлчө айылынан 20 чакырым, Ош шаарынан 50 чакырым алыс жерде болуп, күчү төрт жарым баллга жетти. Ал эми Гүлчө менен Ошто 4 баллды түздү. Алдын-ала маалыматтар боюнча кыйраган имараттар же жабыр тарткан адамдар жок.

Мугалимдер иш таштоодо
Ысык-Көлдүн Корумду айылында мугалимдер иш ташташты.
Ысык-Көл районундагы Корумду айылынын мектеп окуучулары 26-сентябрь күнү окуган жок. Анткени кошумча эмгек акы үчүн бөлүнгөн 766 миң сомдун берилбей атканына нааразыланган 30 мугалим иш таштоого чыкты.

Пара алган ким?
УКМК кызматкерлери пара алган Ленин райондук милиция кызматкерин кармады.
23-сентябрда УКМК кызматкерлери ыкчам аракеттеги иш чара өткөрүп Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери Р.М.Алиевди 300 АКШ доллар жана 4000 сомду П.А. аттуу жарандан пара алып жаткан жеринен кармалган. Учурда Алиевдин үстүнөн кылмыш иши козголуп, УКМК убактылуу кармоочу жайына камалган. Бул боюнча Коопсуздук комитети тергөө амалдарын жүргүзүүдө.




 

Индияда жарылуу
Индияда бомба жарылуусунан 15 адам жаракат алды.
Индиянын Нью-Дели шаарында бомбанын жарылуусунан бир киши каза болуп, 15 адам жаракат алды. Кол салуу үчүн жоопкерчиликти азырынча эч ким ала элек. Эки апта мурда бир нече жерде жарылган бомбанын айынан 20 киши каза болуп, 100дөн ашууну жаракат алган болчу. Террорчулук үчүн жоопкерчиликти өздөрүн ислам согушчандары деп атаган топ алган.

Америкалык актер каза болду
Белгилүү америкалык актер Пол Ньюман 83 жашында каза болду.
Рак оорусуна чалдыккан актер жума күнү көз жумган. Пол Ньюман 50дөн ашуун тасмада тартылып, 1987-жылы режиссер Мартин Скорсезенин "Акчанын түсү" аттуу тасмасындагы иши үчүн "Оскар" сыйлыгына татыган.

Туткундар бошотулду
Ооганстанда бир апта мурда барымтага алынган 150 ооган ишчиси бошотулду.
Бийликтин маалыматына ылайык, көпчүлүк ишчилер жума күнү жергиликтүү уруу башчыларынын жардамы менен бошотулган. 150 ооган ишчилери өткөн жекшембиде (21-сентябрда) Фарах вилайетинде аскер базасынын курулушунда иштеп жаткан жеринен уурдалып кеткен. Ишчилерди барымтага алгандар өздөрүн талип жоочулары деп атаган, бирок "Талибан" кыймылынын өкүлү бул маалыматты төгүндөдү.

Чехияда орус тыңчылары
Чехия Россиянын атайын кызматтарын айыптоого алды.
Чехиянын контрчалгындоо кызматынын билдирүүсүнө караганда, Россиянын тыңчылары Чехияда активдүүлүктү көрсөтүп, америкалык радарларды орнотууга каршы чех коомчулугун ынандырууга аракеттенишүүдө. Орус тыңчылыры өкмөттүк эмес уюмдар, маалымат каражаттары менен байланышып, АКШнын ракетадан коргонуу системасы Чыгыш Европада күчтөрдүн теңдигин бузарын, Россиянын улуттук кызыкчылыгына каршы келээрин түшүндүрүүгө аракет жасашууда. АКШ менен Чехиянын радарларды орнотуу боюнча келишими чех парламентинде ратификациялана элек.

Талапкерге каршылык
Азербайжандын президенттигине талапкер "Министрге өлүм!" деген ураанды көтөрүп чыкты.
Республиканын президенттигине добушка коюлуп жаткан Азербайжандын Муасир Мусават" партиясынын лидери Хафиз Гажиев "Исмет Аббасовго өлүм!" деген ураанды көтөрүп чыгууну чечкен. Исмет Аббасов Азербайжан өкмөтүндө айыл чарба министринин кызматын ээлейт.
Президенттике талапкердин айтымында, бул чакырык жакын арадагы убакта Бакудагы митингде айтылат. Гажиев "Исмет Аббасов жоголсун!" жана "Исмет жазаланууга тийиш" деген башка ураандарды да атады.

Австрияда казак атуулуна кол салды
Австрия атайын казак кызматтарынын мурдагы башчысына кол салынгандыгы жөнүндө билдирген.
Австриянын прокуратурасынын өкүлү Герхард Ярош Казакстан улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы, Венада жашаган Алнур Мусаевге кол салуу жасалгандыгын ырастаган. Чиновник Мусаевдин өзү полицияга 23-сентябрда кайрылгандыгын айтып берген.
Ал эми Орусиялык журналист Аркадий Дубнов "Эхо Москвы" радиостанциясына Алнур Мусаев кол салуудан жарадар болгондугун билдирген.

Каракчыларга өлүм жазасы
Сомалилик алты каракчыны өмүр бою камакка өкүм кылышкан.
Сентябрдын башталышында Франциянын "Карр д'ас" яхтасын тартып алышкан Сомалилик алты каракчы бейшембиде өмүр бою камакка өкүм кылынды.
Каракчылар адамдарды уурдоону, барымтадагыларды колго түшүрүүнү, ошондой эле куралдуу кол салууну уюштуруудагы өзүлөрүнүн күнөөсүн мойнуна алышкан.

Уго Чавеске ким кол салды?
Уго Чавеске кол салууну даярдоодогу шектүүлөр кармалды
Венесуэланын бийликтери мамлекеттик төңкөрүштү жана өлкөнүн президенти Уго Чавести өлтүрүүнү даярдоого шектүү эки адам камалды. Венесуэланын ИИМ башчысы Тарек эль Аиссаминин билдиргенине караганда алардан Карл-Густав түрүндөгү таңкага каршы гранотамед, ага тийиштүү ок-дарылар, ошондой эле кол гранаталары алынган. Шектүүлөрдүн ысымдарын жана аларды кармоо жагдайын ИИМ башчысы азырынча айткан жок.

www булактарынан даярдаган Калыбай Султангазы




Кабилова кайда жоголду?
Өткөн жумада Кыргызстанда болуп көрбөгөндөй жаңжалдуу окуя болду. Буга чейин эң жогорку бийликте турган тунгуч президент А.Акаев бийлигин таштап качып кеткен эле. Ал эми бул жолу азыркы учурда болуп жаткан саясый окуялардын чордонун түзгөн Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Клара Кабилова президенттин баласы Максим Бакиевдин кысымынан жана коркутууларынан кызматын таштап, өлкөдөн качып кетүүгө мажбур болгонун видеокайрылуу аркылуу жарыя кылып элдин оозун ачырды. Видеокайрылууда Кабилова Максим Бакиев тарабынан кордолгонун, кысымга алынганын, өзүнүн жана жакындарынын коопсуздугу үчүн коркуп жатканын айтып, коопсуздугун камсыз кыла албаган президентти айыптаган. Кызык жери Максим Бакиев андай айыптоолорду четке кагып жатканын өзү эмес Акыйкатчы аркылуу айттырганы болууда. Бийлик БШК төрайымынын айланасындагы жаңжалды саясий жана укуктук жактан басууга жетишкендей болду. Бирок анын моралдык зыяны, соккусу бийлик үчүн жууса кеткис так болуп калаары байкалып турат. Андан сырткары Клара Кабилова менен болгон окуя саясий күрөштү ого бетер курчутаары турган иш. Оппозициялык "Акыйкат үчүн" кыймылы окуя боюнча кылмыш ишин козгоону талап кылып, Курманбек Бакиевдин президенттик кызматта калууга моралдык акысы жок экенин билдирди. Айрымдар бул окуя үй-бүлөлүк башкарууну далилдеди деп эсептейт.
Оппозиция азыркы кезде Клара Кабилованы коргоп жатат. Бирок, кызыгы, буга чейин оппозиция Кабилованы 2007-жылдагы парламенттик шайлоону бурмалаган деп айыптап, аны кылмыш жообуна тартуу маселесин козгоп келген эле. Ушул жерден дагы бир суроо туулат. Эмнеге Кабилова буга чейин өзүн сындап келген оппозицияга ыктап, видеокайрылуусун аларга таштап кеткен?
Оппозиция Кабиловадан экинчи кадамды күтүп жатат, ал 2007-жылдын декабрь айындагы парламенттик шайлоонун жыйынтыктары кандайча бурмаланганын ачыктап жибереби деп. Ал эми Кабилова шайлоо кандай жыйынтыкталганын, эмне себептен анын жыйынтыгы ушул кезге чейин ачык жарыяланбаганын жакшы билет болуш керек.
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Клара Кабилованын кызматын таштап Кыргызстандан чыгып кетишин айрым байкоочулар өлкөдөгү бийлик системасынын кризиси катары баалашса, айрымдар бул окуяны үй-бүлөлүк башкаруунун чегине жеткени деп баалашууда. Ал эми кээ бирлер бийлик ичиндеги топтордун ич ара күрөшүнүн негизинде болгонун айтышууда. Клара Кабилованы К.Бакиевдин инилери койгонун, жумушка келгенде М.Садыркулов анын кандидатурасына караманча каршы турганын, бийлик бутагында үч жактуу талаш жүрүп жатканын, башкаруу ишинде Конституциядан, мыйзамдардан сырткаркы механизмдер аркылуу жүргүзүлүп жатканын айтып чыгышты. Кээ бирлери Клара Кабилованын жоругуна тан бериш керектигин, эгер эркек киши БШК башчысы болсо мындай кордуктарга чыдап олтура бермек деп да айтып чыгышты. Ошону менен катар азыркы бийликке ишеничтин жоктугун, жакында эле бийликтин жактоочусу, "Акжол" партиясынын тизмесинин башында турган адам - Адахан Мадумаровдун кызматтан кеткенин, мындай кетүүлөр аз эмес, дагы боло берээрин белгилешүүдө.
Ал эми Коомдук парламенттин мүчөсү Эмил Каптагаев: - "Аял кишиге канча акча берип, канчалык саясий үгүттү айтсаң да, өзүнүн балдарын, өзүнүн жакындарын кырсыкка, коркунучка кептелтпейт. Мына ушул бир саясий кызыкчылык үчүн Максим Бакиевдин атын атап өзүнүн балдары менен жакындарын коркунучка каптaлтчу аялды бул дүйнөдөн таппайсыңар. Аял кандай күн болсо да өзүнүн балдарын коргойт. Ошон үчүн сөздү чаргытып, "бирөөлөр даярдаган" деген сөздү бул жерде айтпаш керек. Бул жерде эң чоң саясий тыянактар чыгышы керек. Элге ачык айтылыш керек. "Мындай саясий түзүлүш менен мындан ары жашоого болбойт. Мындай үй-бүлөлүк башкаруy менен кыргыз элинин келечеги жок" деп ачык айтышыбыз керек. Бул жерде сөзсүз кылмыш иши козголуп, ага коомчулук катышып, угуп турушу абзел. Ал жерде ар кандай сөз болушу мүмкүн. Мына бүгүн К.Кабилованын үй-бүлөсүнүн, майып ата-энесинин эле өмүрүнө коркунуч туyлбастан, ушул сөздү, мамлекеттик түзүлүш туура эмес деп айтып чыккан ар бир саясатчынын өмүрү кылда байланып, "кайсы жерден качан чаап кетет" деген сөз турат. Анткени мамлекет бүгүн жарандардын бирөөнүн да коопсуздугун коргой албайт" дейт Эмил Каптагаев.

Сок Билек.










??.??