Сенин гезитиң!
№35, 30.09.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Атактуунун арзуусу

Эркин Каимов:
"Бир кызды 11 жыл сүйдүм"
Бул дүйнөдө ар бир инсан арзып сүйүп, акылдан адаштырган махабат сезимине туш болот. Эгер бирөөнү сүйүп көрбөгөн болсо, анда ал адамдын жашоосу кызыксыз-деп калышат го акылмандар. Ал сыңары кээ бирөөлөр арзыганына жетпей, тагдырына таарынып арман кылышса, айрымдары бул махабат майданында чексиз бактылуу. Ал эми бул жашоодо ар түрдүү багытта ак эмгеги менен элге белгилүү болгон, атактуу адамдардын арзуусу сизди кайдыгер калтырбаса керек. "Атактуунун арзуусу" рубрикабыздын бүгүнкү коногу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси, элибизге тележурналист катары таанылган, композитор, аткаруучу Эркин Каимов болмокчу.

- Эркин Советбекович, алгач балалыгыңыз жөнүндө азын-оолак кеп кылып өтсөңүз?
- Мен өзүм Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Рахманжан айылында туулгам. Бала чагым бардык эле кыргыз наристелериндей өттү. А мектеп жашына келгенимде өзүбүздүн айылда мектеп жоктугуна байланыштуу коңшу айылга барып окучу элек. 3-4-класста окуп калганымда эле ыр, бийге жакын болуп, мектептеги кароо-сынактарда ырдап калчумун. 7-8-класстарга барганымда аккордеондун коштоосунда ырдап жүрдүм. 1979-жылы, анда мен 9-класста окучу элем, ал кезде азыркы Ноокен району Ленин району деп аталчу, ошол Ленин районунда райондук деңгээлдеги "Ыр кесе" уюштурулуп, конкурстун жыйынтыгында мен өтүп кеттим. Бизди белгилүү композитор Т.Казаков, маркум депутат Кыргыз Республикасынын эл артисти Дооронбек Садырбаев экөө даярдап алып чыгышкан.
- Айтсаңыз, өзүңүз бала чагыңыздан ыр жандуу экенсиз, мындай чыгармачыл чымыны бар адамдар "сүйүү" сезимине эрте кабылчу эле?
- (Күлүп) Мен деле ошолордун катарына кирет болушум керек, 5-6 жашымда махабат сезимине кабылбасам да, тынчтык бербей, түн уйкумду бузган ыйык сүйүүгө 7-класста окуп жүргөнүмдө туш болгом. Ага чейин бардык балдар сыяктуу классташ кыздарыма тийишип, ойноп жүргөнүм болбосо жүрөгүм жарылып сүйүп көрбөгөм. Өзүм шайыр жигит болчумун, бардык кыздар менен бат эле тил табышып, ичи койнуна кирип, жакшы сүйлөшчүмүн. Бирок бул кыз менен тил табышуу эмес, таанышуунун өзү оңойго турган жок. Бир акылмандын айтканы бар "Сүйүү дудукту чечен кылат"-деп, а меники тескерисинче болду.
- Анан ал бийкечке сезимиңизди билдире алдыңызбы?
- Ооба. Ал кезде биз пионер болчу элек. Анан эс алууга лагерге барып, ошол жактан биздин колхозго караштуу коңшу айылдан мөлтүрөгөн татынакай бир кыз барып калыптыр. Алгач көргөндө сүрдөнүп сүйлөй албай бир башкача сезимдер болгон.
Көрсө ал менин тунгуч махабатым, биринчи сүйүү сезимине кабылуу болуптур. Ошентип ошол жерден таанышып, жылдызыбыз келишип дегендей кыз жигит болуп жүрдүк. Биздин колхоздо 2 мектеп бар эле. Бирөө борбордогу мектеп, экинчиси мен окуган айылдагы мектеп боло турган. Ал сулуу ошол борбордук мектепте окучу.
- Сыр болбосо ысымын айтсаңыз?
- Ал сулуунун аты Медина. Алгачкы ак сүйүүмдүн, учурдагы үй-бүлөмдүн ээси, бир уул, бир кыздын энеси, жаркылдаган жубайым. Медина менен ушундайча табышкам.
Экөөбүздүн айылыбыздагы аралык жөө баскан адамга жарым сааттык жол. А мен Мединага велосипед менен каттап турчумун. Кийин мен орто мектепти аяктап 1980-жылы Ош Мамлекеттик Педагогикалык институтка тапшырып, окуп калдым. Окуумду бүтүргөн соң институтта мугалим болуп иштеп жүрдүм. Медина болсо ал убакта Фрунзе шаарында студент эле. Ушул аралыктарда да Медина экөөбүздүн мамилебиз үзүлгөн жок. Толук 11 жыл кыз-жигит болуп жүргөн соң 1988-жылы баш коштук.
- 11 жыл, бул адам өмүрү үчүн аз убакыт эмес. Анан ушунча убакыттын ичинде экөөңүздөрдүн ортоңуздарда таарыныч, түшүнбөстүк болдубу?
- Жок, жок деп кесе айта алам. Анткени андай менин эсимде кала турган олуттуу деле окуя болбоптур. Биз Медина экөөбүз аябай ынтымактуу кыз-жигит элек. Студент кезибизде узак убакыттарга көрүшпөй калчубуз, мен маегибиздин башында айтпадымбы ырдачумун деп. Анан ырдап телеге тартылып, ар түрдүү конкурстарга катышып, студенттер арасындагы отуруштар менсиз өтчү эмес. Ошондо да Медина мага таарынып же ачууланчу эмес. Баарына түшүнүү менен карачу. Биз бири-бирибизге таза жүрөк, тунук сезим менен берилдик.
- Ушундай узак убакыт махабатты өчүрбөй сүйүшүп, андан кийин ошол калыптан жазбай очор-бачар бир үй-бүлө болуп отурасыздар. Сыры эмнеде? Азыркы жаштарга бөлүшө кетпейсизби?
- Мунун эч кандай деле сыры жок. Бирок, кыз-жигиттин, аял-күйөөсүнүн ортосундагы мамиленин ысык болушуна негизги себепкер аялзаты. Аялзаты күйөөсүнүн учурундагы маанайына карап мамиле кылып, эркелетип, эркелей да билип, ар дайым жароокер жүзүнөн жылмаюу кетпей, жаркылдап, назик болуп турса, кайсы эркек андан кеткиси келсин. Ошол эле учурда мырзалар да өз милдетин билип, токтоо, туруктуу чынчыл болуп жадыраган жан шеригинин тирөөчү болуп, майрамдарда эле эмес жөнөкөйдө деле айымынын көңүлүн көтөргөндү унутпай ал эми үй-бүлөлүү болгондон кийин эки эсе жоопкерчиликтүү болуп, жубайын эч нерседен кем кылбай каржылап туруусу керек. Кыргызда айтып коёт го "аял жакшы эр жакшы, увазир жакшы -хан жакшы" деп. Анын сыңарындай эки жүрөктүн ортосундагы байланган, көзгө көрүнбөгөн жипти канчалык деңгээлдеги бышыктыгы, аны үзбөй кармап туруу аял кишинин колунда.
- Туура айтасыз. Эми кайрадан өзүңүзгө кайрылсак. Айтсаңыз кыз-жигит кезиңиз менен үй-бүлө болгондон кийин ортодогу мамиледе өзгөрүү болдубу?
- Албетте, бардык нерсени чогуу чечип, кыялдан реалдуу жашоого өтүп дегендей, кийин бала-чакалуу болгонубуздан соң жашоо мурдагыдан да кызык сезиле баштады. А баягы жалындаган сезимдерди жүрөктө ошол бойдон сактап калдык. Кудайга шүгүр бир кыз, бир уулубуз бар. Экөө тең ЖОЖ до студент. Буюрса 4-5 жылдан соң үйлөнгөнүбүзгө 25 жыл толот. Күмүш той берели деп турабыз.
- Ылайым күмүш той, андан соң алтын той өткөрүп максатыңыздарга жетиңиздер.
Маектешкен А.Сатиева










??.??