Сенин гезитиң!
№35, 30.09.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Адабият айдыңы

Атантай Акбаров акын:
"Поэзия жанрлардын падышасы"
Атантай Акбаров 1960-жылы Чаткал районунда туулган. Алыкул Осмонов жана Молдо Нияз атындагы адабий республикалык сыйлыктардын лауреаты. Түрк элинин "Жалалиддин Руми" эл аралык сыйлыгынын ээси. Учурда КРЖКнын аппаратында редакция-басма бөлүмүнүн улук консультанты.

- Акындыкка болгон алгачкы кадамдарыңыз тууралуу айтып берсеңиз?
- Балалыгым Чаткал районунун тоолорунда өттү. Ата-энем малчы болгондуктан жайлоодо жашап, жаратылыш койнунда чоңойдум. Ошондон уламбы туулган жеримдин кооздугу менин ыр жазып калуума түрткү болду десем болот. Ар кимге өзүнүн жери "Мисир" дегендей Чаткалдын жайлоосу мен үчүн кайталангыс кооздук берип, алгачкы ырларым жайлоодо жаралган. Туулган жерге, ата-энеме арнаган ырларым алгачкы калемиме таандык болсо да "Аргымак" деген китебиме чейинки ырларымды профессионал ыр катары эсептебейм. Аларды жөн гана акындыкка болгон ышкы сымал даярдануу дейт элем.
- Мен поэзияны чексиздикке, кенендикке салыштырат элем. Манаста дагы айтылган ойлор тереңдикте, багытынын кенендигинде экени айтылат. Поэзияны жанрлардын падышасы деп коёт эмеспи. Кээ бир учурларда кара сөз менен айтылган ондогон сөздү бир сап менен жеткирсе болот. Поэзиянын ички касиети, анын чексиз идеяларга бай экендигин жана кыскалыгы менен ичине ой батырып адамдын мыкты касиеттерин ойготкондугун айтсак болот.
- Поэзия аркылуу адабият чөйрөсүнө зор салым кошуп, эл аралык акындардын фестивалдарына да катышып жүрөсүз. Ошол тууралуу кеп козгоп берсеңиз?
- Кийинки мезгилде мындай фестивалдар көп уюштурула баштады. Түрк тилдүү акындардын биринчи жыйынына катышып келдим. Ошондо кыргыз поэзиясынын бийиктигине абдан баа беришип, "Жалалиддин Руми" атындагы эл аралык сыйлыкка ээ болдум. Муну менен биздин адабият чөйрөсүнүн улуулугун айтып кете алам.
- Сиздин оюңузча кыргыз тилинин абалы кандай?
- Кыргыз тилинин мамлекеттик тил болгону жакшы. Кыргыз тилин билбеген адам мамлекеттик кызматта иштебеш керек деп ойлойм. Анткени биздин тилибиз жоголбосо, мамлекетибиз сакталат. Тилибиз менен улут экенибизди билишибиз абзел. Канча тил билсең, ошончо дил билесиң деген менен бирге эле тилибизди сактап, өнүктүрүшүбүз керек. Тил маселеси боюнча иштер жүрүп жаткандыктан азыркы абалынын жакшы экенин белгилеп, келечекте кыргыз тилинин өнүгүшүнө чоң үмүт койсок болот.
- Белгилүү адамдардын үй-бүлөсүнө кызыкпаган адам жоктур. Кичинекей мамлекетиңиз тууралуу айтсаңыз?
- Балыкчы балыкчыны алыстан тааныйт дегендей жубайым Өктөм Калыева экөөбүз чыгармачыл чөйрөдө жолугуп түтүн булатып келатабыз. Жубайым да, мен да тил комиссиясында иштегендиктен өзүбүздү тилдин жоокери катары сезебиз. Чыгармачылык боюнча бири-бирибизге жөлөк болуп сын- пикир да айтып келебиз. Ал эми үч уул, бир кызым менин жолумду жолдобостон башка кесипти аркалашып чет өлкөдө окуп жүрүшөт.
- Ар бир адамдын кыялдануусу, дүйнөгө болгон кызыгуусу болот эмеспи. Ырахат дегенди кандай түшүнөсүз?
- Адамдын ой чабыты канчалык болсо бакытты да, ырахатты да ошончолук сезе билет. Мисалы кайсы гана заман болбосун адам өз жолу менен багытын таап, ага жүрөгүн сайып эмгектенсе ырахаттын даамын тата алат. Көксөп, көшөрүп жүрүп иштин майнабын чыгарсаң ырахатка жетесиң.

Маектешкен Айнура Султанова




Төрт саптар
Өлүмдү канча ыйык деп сакташпасын,
Өлүмгө жөн эле өлүп бербеш керек.
Ар бир жан өз бактысын табышы парз!
Антпесе, бул жарыкка келбеш керек!
****
Кайгыңды качан шарап басалды эле?
Бактыңды качан шарап ачалды эле?
Эр башын кулбаш кылып, эрте келген,
Ажалдан кайсыл ичкич качалды эле?
****
Арак ичсең бакыттын дарбазасы,
Акырындап жабылып калат сагаң.
Арак-деген анти өмүр, анти сүйүү,
Анти оомат, ошон үчүн ичпе балам!
****
Сен жылмайбай, эч ким сага жылмайбайт,
Турмуш сага жылмайганда, жыргайсың.
Эгер турмуш койсо такыр жылмайбай,
Кытыгылап болсо дагы жылмайткын.
****
"Сен бейишке чыкчу жакшы жансың…"-деп,
Өлтүрө албай жүргөн өңдүү айтасың.
Бейишти кой, жүрөгүңдөн орун бер!
Ансыз анык менин бакыт таппасым.
*****
Кудайым ар бир пендени,
Жактырган үчүн жараткан.
Кордосоң жөнсүз башканы,
Бактыңды байлайт Жараткан.
****
Көз мончоктой көңүлдө сактаганым,
Көркөмүнө эч теңдеш таппаганым.
Көзгө сайып хандарга чындыкты айтып,
Көңүл дартым мен сага айталбадым.
****
Калайык акыйкатты жактап турат,
Канча жан адилдик деп боздоп турат.
Өмүрдү вампир сымал соргон үчүн,
Жүрөгүм бул заманды соттоп турат.
****




  Сандан-санга

Асанбек Кулманбетов
Түбүң түшкүр дүйнө ий!
Селсаяктын ыйы
(трагедиялуу окуялардан турган баян)
Баардыгы босогодо турган Токушту карап калышты. Баятан бери угуп турганы белгилүү эле. Айымбүбү:
- Келчи, келе гой,-деп жанына чакырып алды. Кучактап бетинен өөп:
- Сен деген чоң, акылдуу бала эмессиңби. Баарын билесиң. Көрдүңбү, үч-төрт күндөн бери бөбөгүң ыйлап атат. Ал эмчек эмгиси келип атпайбы. Анан, таякеңдер алып барып, бир бөбөк төрөгөн таяжеңе эмизип сооротушат. Кийин алып келебиз. Алар келип турат, биз барып турабыз да. Антпесек көрдүңбү, ыйлай берип сени да чарчатып атпайбы. А, эмчек эмсе сооронот,-деди. Токуш ойлоно түшкөнсүдү.
- Мен сагынам да..
- Сагынбайсың. Бат-баттан барып-келип турабыз деп атпаймынбы.
- Чоңойгондо кайра алып келебизби?
- Алып келебиз, алдыңа кетейин алып келебиз...

* * *
Эмеректер жүктөлгөн машине ордунан жылып, тыпырайтып оролгон бөбөгүн алышкан таякелери отурган жеңил машина да узай бергенде жанатан араң турган Токуш бакырып коё берди:
- Бегимай, мен сени сагынып ыйлайм да!... Ү-үү!.. Бат эле чоңоюп кел! Мени эртең эле алып барышат сага! Мен дагы апамды сагындым! Апаке!.. Апакебай, эмнеге өлүп калдың! Эмне үчүн сени атам өлтүрүп салды! Өзү эле өлүп калбайт беле!..

Жетимдиктин азабы ай!
Айымбүбү апасына мурун эле жакын неме анын жанынан карыш узабайт. Анткени Айымбүбү мурун эле Калыйдын балдарына деп айран-сүтүн ташып, таттууларын аябай алып келип бере турган. Анан анын андай мамилеси Токушка жага бербей калчу да, ээрчип жүрө берчү.
Айымбүбү үч кыз, бир уул төрөп, уулу тамтуң басып жүргөндө чарчап калган. "Көз тийди" дешчү. А, үч кызы турмушка чыгып, үйлүү-жайлуу болушкан. Катуу ооруп, алардан кийин төрөгөн эмес. Ошол себептенби, айтор Айымбүбү Токушту төрөп алган баласындай эле бапестеп атты. Бирок, өзү курдуу, андан чоңураак балдар аны жектеп ар дайым сабап коюшчу. Аларды айтып даттанып келгенде Айымбүбү Токушту жетелеп алып ал балдардын ата-энесине барчу. Алар балдарына болушуп Айымбүбү менен кыйкырышып киришчү. Анын айынан айылдагыларга жек көрүнө баштаган Айымбүбүнү күйөөсү көп урушчу болду.
Бир күнү Токуш дагы ошондой чырдан кийин эшиктен кирип келатып үйдөн чыгып аткан кыйкырыкты угуп, тыңшап калды. Алты жашка чыгып калган кези эле.
- Жөнү жок болушуп аны ого бетер жаман үйрөтчү болдуң. Тентектигинен Сырдыбайдын байланып турган музоосун минип алып өлтүрүп коё жаздаптыр. Анан аны тыйып койгондун ордуна Сырдыбайдын аялы менен урушуп, жер-жеберине жеткирипcиң да. Башка балдар сенин музооңду ошентип минип алса эмне кылат элең?!
- Жетим деп байкушту жөн эле урушуп атышпайбы. Мен болушпасам биротоло тебелеп салыша турган. Сен болушпасаң, мен болушпаймынбы! Жетим, багып алалы"-деген өзүң!..
- О, энеңди!.. Катын болгон!.. Сен жайнатып эркек бала төрөсөң, мен жетимди багып алалы дебейт болчумун! Жалгыз баланы да жакшы карабай өлтүргөн да сен болчусуң, акмак катын. Анан дагы оозуңа келгенди оттойсуң!
- Ушуну кантип айтып атасың?! Сенин да ичиңде арамдык жаткан экен да, көрсө! Ачык эле айтып эркек төрөчү аял алып албайт белең!
- Жап жаагыңды энеңди!-деген үнгө удаа "тарс-турс" деген үн чыгып:
- Коку-уй!!!-деген Айымбүбү апасынын үнү угулду. Үйгө чуркап кирди. Күйөөсү Урмат бир кумсарып, бир бозоруп тиштенип алган. Ал ала калып урган чыны жерде быркырап жатат. Айымбүбүнүн башы-ылдый кан жая берген.
- Эмне, сен дагы Айымбүбү апамды өлтүргөнү атасыңбы, энеңди урайын десе! Сен Айымбүбү апамды өлтүрсөң, анда мен сени өлтүрөм!-деп бакырып, столдун үстүндөгү бычакты ала калды Токуш. Көзү чакчайып, жини келип алган. Бычакты шилтегенден кайра тартпайт эле. Аны көрүп Урматтын ого бетер жини келип кыйкырды:
- Көрдүңбү мына бул жетимди! Жашабай жатып бизди мойсойт бул кебетеси менен. Эй, катын, тур жогол, алдагы жетим бөлтүрүк менен. Болбосо!..-дегиче, Токуш болгон күчү менен бычакты сунган боюнча Урматты көздөй секирди.










??.??