Сенин гезитиң!
№35, 30.09.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


  Клип таржымалы

Сүйүн Жусупбаев:
"Сагындым сени атаке"
Клип таржымалы рубрикасында Сүйүн Жусупбаевдин "Сагындым сени атаке" аттуу ырынын клиби болмокчу. Клип учурундагы кыйынчылыктар менен бирге эле кандай кызыктуу окуяларды өзүнө камтыганын айтып беребиз.

Сагындым сени атаке
Сөзү: Ташкент кызы Гүл, Сүйүн Жусупбаев,
Обону: Ильяз
Абдыразаковдуку

Сагындым сени атаке
Укпасам дагы сөзүңдү,
Жүрөгүм сени сагынды.
Көрбөсөм дагы өзүңдү,
Билемин сенин барыңды.

Сылагандырсың чекемден,
Сыздап бир, өксүп кетем мен.
Угалбай кебиң өзүңдүн

Сеземин ата дайыма,
Жүрөсүң жандап жанымда.
Элесиң билбейм а бирок,
Жашайсың менин канымда,
Сагынтып мени атаке.

Өмүрүң сенин сындырган,
Ал адам кандай болду экен.
Түшүнбөйм ичтен кылгырам,
Анын да уулу бар бекен.
Кейибе ата ал жакта,
Намысың бекем коргоймун,
Изиңе түшүп турмушта,
Атаке жолуң жолдоймун.

Болгон окуя ырга айланды
Бул ырдын аты айтып тургандай, Сүйүн өзүнүн башынан өткөн окуясын ырга айлантып, атасына болгон сагынычын чагылдырган. Тактап айтсак, Сүйүн болгону 2 жашка толгон убагында атасын кесиптеши өлтүрүп кеткен экен. Негизгиси атасынын ишинде болгон окуяны бир туугандарынан, апасынан сурап тактагандан кийин ыр жазып, клипти тартууга киришкен. Сөзүн Ташкент кызы Гүл менен бирге иштеп чыгып, обону менен аранжировкасын Ильяз Абдыразаковго жаздырат. Ошентип, көкүрөктөгү сагыныч, кусасын төгүп, жараланган жүрөгүнөн "Сагындым сени атаке" ыры жаралат.

Клип учурунда арак ичишип
Клиптин сценарийи чыныгы окуяга байланышкандыктан кыйынчылыктар бир топ эле болгон. 3-4 тартылуучу жайды өзүнө камтып, атасынын иштеген мекемеси Турсунбай Бакир уулунун орун басарынын кабинетинде тартылган.
Башкы ролдорду Нурдөөлөт Копоев жана актриса Кыял ойносо, кичинекей баланы эжесинин баласы Данияр Ормонов аткарган.
Башка клиптерден айырмаланып кыш мезгили менен жазды өзүнө камтыган бул клип төрт айдан ашык убакытта тартылып бүткөн. Атасынын досунун жаш кезин Бакыт аттуу жигит аткарса, карып "бомж" болуп калганын Темир Маймашев мыкты деңгээлде образын жаратып берген. Клип тартуу учурунда акчалай каражаттын баарын өз мойнуна алып, демөөрчүлүк кылган Сүйүндүн эжеси Гүлзидеп экенин айтып кетели. Ал эми сценарийде көрсөтүлгөн колдонулган каражаттар досторунун жардамы менен табылган. Кыштын ызгаар суугунда клип тартуучу жамаат арак ичүүгө туура келген. Ошол эле убакта актёрлорубузга суук тийип, сасык тумоолоп ооруп калышкан экен. Клиптин дагы бир кыйынчылыгы милиция кызматкерлерин жана тез жардам көрсөтүүчү машина, дарыгер врачтарды табуу кыйынга туруп бир топ убакытты алган. Алар менен келишим түзүү кыйынга турганын жашырышкан жок. Себеби, өзүңүздөр билгендей тез жардамдын кызматкерлери ооруканаларда жетишпейт эмеспи.

Кан ордуна кетчуп колдонуп
Негизинен клиптин өзөгү кайгылуу окуяны чагылдырып жаткандыктан күлкүлүү учурлар аз болгон. Сүйүндүн кичинекей кезин ойногон Данияр клип тартуучуларды таң калтырган. Себеби, баланын актёрдук чеберчилиги тартуу учурунда шолоктоп ыйлаган сюжетинен байкалып, аны көрүп жамааттын баары ыйлаган. Ал эми режиссёр балага шоколад таттууларды алып берип, аткарган ролу үчүн ыраазы болгон. Атасынын ролундагы Нурдөөлөттү өлтүрүп жаткан мезгилди атайын караңгы убакка байланыштырып анын кан болгон көйнөк, кийимдерине эки кетчуп колдонушкан. Кызыгы кыштын суугунда кетчуп тоңуп калып, кийиминен бир топ күнгө чейин кетпей койгон. Ошондой эле клип учурунда эң өкүнүчтүү убара катары Нурдөөлөттү кетчупга боёп өлтүргөн жериндеги сюжеттин кассетага түшпөй калганын айтсак болот. Ошол эпизодду кайра тартуу үчүн режиссёр актёрлордун гонорарын жогорулатып берүүгө аргасыз болгон. Ошентип жаз менен кышты күтүп жатып, бир топ убарачылыкты камтыган клип эми минтип элдин алкышына арзып олтурат. Мына ардактуу окурман сиздер сүйгөн 3-4 мүнөттүк клиптер ушундай азап менен элдин алдына сунушталаарына күбө болдук.
P.S. Клип таржымалы мындан ары да көптөгөн клиптердин мыктыларын айтып бере бермекчи.
Даярдаган
Айнура Султанова




Кызыктар дүйнөсүндө
Согуш учурундагы сырлар
1104-1134-жылдары Нильс аттуу ажонун дүйнө жүзү боюнча эң кичинекей аскер тобу болгон. Ал топ болгону жети кишиден туруп, жетөө тең жакын ишенимдүү адамдары болуп саналган. Таң калыштуусу ал ошол аскерлери менен Данияны 30 жыл башкарган. Ал кезде Даниянын курамында Швеция менен Норвегиянын көпчүлүк бөлүгү жана Түндүк Германия бар болчу.
Англияда Якоб 1 башкарып турган учурда аскер болуп топко кошулуу үчүн болгону бийдин колунан бир кружка сыра ичүү керек экен. Сыраны калтырбай түгөтө ичкен адам гана анын аскери болууга акылуу болгон.
1896-жылы Британия менен Зинзибар өлкөлөрүнүн ортосундагы согуш 38 мүнөткө созулган. Франциянын аскер башчысы согуш учурунда жеңилип бара жатып душмандарын ок менен эмес, күмүш тыйын менен атууга буйрук берген. Жыйынтыгында душмандары тыйынды шашып тере баштап, жеңишти алдырышат.

Арак ичүү жагынан рекорд койгон адам
Көпчүлүк анекдоттордо арак маселеси козголгондо орус эли эске түшөт. "Өлкөнүн намысын" эч кимге белгисиз 67-жаштагы Пловдив Петр коргогон. Ал 2 литр аракты өзү жалгыз ичип койгон экен. Бул жөнүндө эч кимге деле билинбей калмак, бирок Петр аракка тоюп алып көчөгө чыгаары менен машинанын астында калган. Бейтапканага алынып барган адамдын анализин алган доктурлардын таң калганынан ооздору араандай ачылган. Анткени буга чейин мынчалык көп өлчөмдө ичкилик ичкен адам тарыхта болгон эмес. Бул көрүнүштөн көп өтпөй эле Латвиянын 30 жаштагы тургуну 6 литр таза арак ичип "намысты" колго алган. Тилекке каршы ал өмүрү менен кош айтышып кете берген. Ошентсе да аны Гиннес китебине киргизишти. Анын мындай кадамга баруусуна сүйүктүү жарынын таштап кетүүсү себеп болгон. Сыягы адам кааласа ар тараптан атакка жете алат өңдөнөт. "Атың чыкпаса жер өрттө" деген ушулбу, атаң гөрү.

Лимонду жакшы көргөн Екатерина II
Александр Македонскийдин аскерлери Индиядан лимондун дарагын алып келишкен. Башында мындай шумдукту көрбөгөндөр - "Индиянын алмасы" деп аташкан. Ал эми Голландияда лимонду жалаң "манаптар" гана жеп, карапайым жашоочулардын түшүнө да кирген эмес. Испанияда лимон- кайгылуу, жоопсуз сүйүүнүн, анан түнт адамдардын символу болуп саналат.
Композитор Дмитрий Шостакович Екатерина 2 тарабынан мейманга чакырылат. Албетте, келген конокторго чайга лимон салып сунушат. Чай ичилип бүткөн соң өмүрүндө лимон көрбөгөн Дмитрий түбүндө калган кесиндисин кашык менен алып оозуна салып жеп салат. Коноктун мындай жоругуна баары таң калып карап калышканынан улам, композиторду ыңгайсыз абалдан куткаруу ниетинде Екатерина II өзүнүн чайындагы лимонду алып, оозуна салат. Ошондон кийин өлкөдө чайдан кийин калган лимонду жеш салтка айланган.

Иттин мээси 100 грамм
Иттерди жаныбарларга караганда адамдар тарабынан бир нече мезгил мурдараак колго үйрөтүшкөн. Британияда үйрөтүлгөн иттер бир топ жыл мурун табылганы маалым. Дүйнө жүзүндөгү эң узун иттин бою 2 метрге жетип, бүгүнкү күндө Колифорнияда жашайт. Эң кичинекей пародадагы иттер-чихуактар. Алардын салмагы 113 граммды гана түзөт. Ар бир ит 50000 жытты ажырата алышат. Иттин мээси -100 грамм салмакты түзөт.
Индияда иттерди тааныштырууга атайын агентство ачылган, түгөйүн таппаган итердин сүрөтүн интернетке жайгаштырышып ээси өз итине "жар" таап берет. Учурда бул агентствонун кызматы көпчүлүктүн купулуна толуп турган кези.
Бир күндө Америкада 12500 күчүк туулса, Нью-Йорктун айланасында эле жарым миллионго жакын иттер үй-жайсыз көчө аралап жүрүшөт.
Японияда иттердин үргөнүн адамдын тилине которгон каргы (ошейниктер) сатылат жана көзү начар көргөн иттерге ылайыкталган линзаны да табууга болот.

Даярдаган Анара Дүйшөналиева










??.??