Сенин гезитиң!
№35, 30.09.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Бешене

Карч уруп жанды, чоңойттум эле уулумду,
Картайган кезде карылар үйү буюрду
Кыргыз элимдин "Карысы бардын - ырысы бар" деген жакшы кеби бар. Андыктан карысын кадырлап-сыйлай билген калкыбыз, 1-октябрь-карылар күнүнө карата жакшы камылгаларды көрө башташты. Айта кетсек, 50 жыл эриш-аркак жашап, чогуу түтүн булатышкан ар бир райондон 50дөн үй-бүлөнү чакырышып, сый-тамак уюштурушуп, белек-бечкек, ыр-тамаша менен көңүлдөрүн көтөрүшүп, район акимдери куттук айтышты. Мындай иш-чаралар өкмөттүн чечими менен бир ай бою жүргүзүлмөк болду.
Ал эми кандайдыр бир себептер менен карылар үйүнүн кароосунда калган карыялардын ал-ахыбалын билели деген көңүл эзген кыжаалат ойлор менен Ленин райондук карылар үй-интернатына кайрылдык.

Бишкек шаарындагы Ленин райондук карылар үй-интернатынын директору
Дамира Диканбаева
- Дамира Нурдөөлөтовна, 1-октябрь- карылар күнүнө карата кандай даярдыктарды көрүп жатасыздар?
- Жыл сайын майрамдарда администрация жамааты майрамдык стол уюштурабыз. Быйыл да бул күндө ар бир адамга майрамдык белек даярдап жатабыз. Ошондой эле "Берекет", "Арпа", Ж.Бакиев атындагы коомдук фондуна кайрылуу каттарын жөнөткөнбүз. Алар да акча которушуп карыларга жардам көрсөтүп турушат.
- Сиздер кайрылганда баары эле кол сунушабы же жардам көрсөтүүдөн баш тарткандары да болобу?
- Көбүнчө колдоо көрсөтүшөт, бирок мүмкүнчүлүгүбүз жок деп баш тартып койгондору деле болот. Алардын аты аталбай эле калсын... Гезит аркылуу ыраазычылык билдире кетсем: музыкалык мектеп, №57, №9, №31-мектептер биздин чакыруубузсуз эле өздөрү келип карыларга чай уюштурушуп, бат-баттан концерт коюп кетишет. Ошондой эле "К Санаду" казиносу ар бир үч ай сайын белек-бечкектери менен келишип, көңүл көтөрүшөт.
- Эми жашоо-шартына токтолсоңуз? Учурда канча адам бар?
- Биз мамлекеттин көзөмөлүндө болгондуктан аябай чоң деле кыйынчылыктарыбыз жок. Өкмөт акча бөлүп, имараттын ичин ремонт жасап алдык эле, эми кантип сыртын капиталдык ремонт кылып алсак деп ойлонуп атабыз.
Жашоолору болсо өзүңүз көргөндөй, 50 адам бар. Анын отузу аялдар.
Үч маал тамак берилет. Эртең менен сүт азыктар, түшкүсүн эт кошулган тамактар менен тамактандырууга аракет кылабыз.
- Карыган киши бала кыял болуп калат дешет, тамак маселесине нааразы болушпайбы?
- Андайлар болот, "Мен мындай жебейм" дешет, күрүч басканда "жумшак кылып жасап бергиле"-дешет, айткандарын аткарабыз. Түрлөп, манты, лагман сыяктуу тамактарды жасаганга ашпозчулар аракет кылышат. Өздөрү да ашканада жардам беришет.
- Шаар боюнча убактысы менен өчүрүлүп жаткан электр энергиясы сиздерде кандай болуп жатат?
- Бизде да өчүп, карыларыбызга түнкүсүн кыйынчылык алып келип жаткандыктан карылар үчүн өчүрбөй эле койсоңор деген мааниде"Түндүк электрого" кат жөнөткөнбүз. Азыр жооп күтүп жатабыз?
- Медициналык жактан кандай көзөмөл болот?
- Бир врач, бир медсестра эмгектенет. Колдорунан келген жардамын көрсөтүшөт.
- Туугандары, бала-бакыралары менен катташып турушкандары барбы?
- Бизге арыз жазып кайрылышып, кез-кезде туугандарына, балдарына барып турушат. Бирок андайлар көп деле эмес.
Директор менен курган азыноолак маегибизден соң, эки кабат имараттын экинчи кабатына карылардын үйлөрүнө баш бактык.
Бир бөлмөдө үч-төрттөн адам, ар биринин өз орду бар экен. Дароо эле көзүмө урунганы эки кыргыз атанын гезит барактап олтургандары болду.
Карыган кезде үйдүн куту болуп, төрдө небере эркелетип акыл насаат сөздөрүн айтып олтурчу кездеринде минтип карылар үйүндө күн кечирип калганды эч кимиси каалаган эмес чыгаар. Антсе да ар кимдин маңдайына жазылган жазмыштан эч ким качып кутула албайт деген сыңары, ар кимисинин көңүл көйгөйүн чукугум келген жок. Бул да болсо тагдыр. Таза, ирээттүү жыйылган чакан бөлмөдө кол кармашып жашап келатышкан эки кары бар дешкендеринен, аларды маекке тарттык.

Шепелин Иван Кузьмич:
"Жубайым экөөбүз карылар үйүнөн
табыштык"
- Бул жерде канча жылдан бери жашайсыз?
- Келгениме төрт жыл болду. Айла жок дечи, бирок карыганда үй-жайы жок, кароосуз калганды эч кимдин башына салбасын. Убагында менде деле үй-бүлө болгон. Баары жакшы эле... Аялым каза болуп калгандан кийин балдар үйдү сатып жиберишип, мен көчөдө калдым. Бир жыл батирде акча төлөп жашап жүрдүм. Акыры ойлонуп-ойлонуп, ушул жерге кайрылдым. Ал-күчүм тайыган кезде башка кай жерге бармак элем?! Кабыл алып, карап, багып атышат. Башкаларды биле албайм, өзүм нараазы эмесмин.
- Сизди ушул жерден баш кошуп, жубайы менен жашайт дешти го?
- Ооба, үч жылдан бери Наталья экөөбүз чогуу жашап келатабыз. Ал экөөбүз ушул жерден табыштык. Карыган кезде бири-бириңдин кадырыңды билип, арка-жөлөк болгонго эмне жетсин. Сүйлөшүп көңүл көтөрүшөбүз. Азыр ооруп жатат. Өзүңөр билесиңер, карыганда бүт жериң ооруйт дегени чын экен. "Башым, бутум" деп жатат.
- Дарыгерлер карап турабы?
- Ооба, врачыбыз бар. Кайрылсаң-карайт. Жеке мен өзүм эмнегедир врачтын тынчын албоого аракет кылам.
- Бири-бириңиздер менен пикириңиздер келишпей, уруша кеткен учурлар болобу?
- (Күлүп) Биздин талашып-тартыша турган эмнебиз бар эле? Урушпай-талашпай, ынтымактуу эле жашап атабыз. Өзүбүздүн кичинекей телевизорубуз бар, КТР ди көрөбүз. Мен китеп окумайын тура албайм, китепканадагы китептерди бүт окуйм. Майрамдарда ар кандай мекемелерден, мектептерден келип, бизге концерт коюшуп, белектерин берип, көңүлүбүздү көтөрүп кетишет, аларга рахмат.
- Сиздерге да рахмат, оорубаңыздар, -деп кош айтыштым. Бири-бирине өбөк-жөлөк болуп, ооруса оозуна суу тамызып, күн кечиришип келаткан бул жубайларды карыганда карылар үйүндө жолуктуруп койгонуна таңданбай коё албайсың. Сөз соңунда эмне дейбиз, "Жашыңда берсин мээнетти, карыганда берсин дөөлөттү" демекчи убагында ак сүтүн берип, ак эмгегин аянбай алпештеп багып чоңойткон балдарынын күнүн көрбөй тагдырдын татаал жолунда күн кечирип жаткан ата-энелерге ден cоолук тилегенден башка аргабыз жок.

М. Молдобекова










??.??