Сенин гезитиң!
№35, 30.09.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


  Билгениң оң

Коомдук жайларда өзүн алып жүрүүнүн этикасы
Өзүн сыйлаган ар бир адам коомду, элди сыйлайт. Көчөдө, коомдук жайларда өзүбүздү туура алып жүрүү менен биз башкаларга үлгү боло алабыз. Ал эми өзгөлөргө мисал үчүн албетте өзүбүздөн баштообуз абзел. Төмөнкү кээ бир кеңештерге көз жүгүртүп көрүңүз, балким сизге пайдасы тийип калаар.

o Көчөдө кыз менен жигит бирге басып баратканда, кыз жигиттин оң жагында басат. Ошондой эле жолдун оң тарабынан басышып, каршы келе жаткандарды сол тарабынан өткөрүшөт.
o Тар көчөдө каршы келаткан адамдарга тоскоолдук кылып, тобу менен чиркешип бүт көчөнү ээлеп алуу туура эмес. Андан көрө эки-экиден бөлүнүп алуу ыңгайлуу.
o Көчөнүн так ортосунда туруп алып сүйлөшүү маданиятка жатпайт. Биринчиден ары-бери өткөн адамдарга чоң тоскоолдук жаратсаңыз, экинчиден алардын сизди айланып өткөнү өзүңүзгө эле ыңгайсыздык алып келет.
o Жигит кызды эмес, кыз жигитти колтуктайт. Ал эми жигит болсо кызга ыңгайлуу кылып чыканагын тосот.
o Көчөдө кетип бара жатып кызга бүт салмагын салып, кучактап алып басыш - биринчиден бийкечке оордук келтирсе, экинчи жагы башка адамдарды, анын ичинен ошол кызды сыйлабагандыгыңызды билдирет.
o Коомдук отургучтарда отуруп алып, тамекинин калдыгын туш келди ыргытып же түкүрүнө берүү адепсиздиктин жеткен чеги. Айлана-чөйрөнү таза кармаш ар бир атуулдун милдети. Ал эми көчөдө кетип баратып какырынып-түкүрүнө берүү да жакшы адаттарга кирбейт. Керек болсо жолдун чекесине, эл баспоочу далдоо жерге чыгып же атайын таштанды салгычка бурулуунун өзү деле көп машакатты талап кылбайт
o Концертке же киного кечигип калсаңыз, отургуч арасынан өтүп бара жатканда отурган адамдарга аркаңызды салбай, жүзүңүз менен өтүңүз.
o Коомдук жабык жайларга, үйгө-адамдардын үстүнө киргенде эркек киши сөзсүз түрдө баш кийимин алып коёт.
o Коомдук унаага түшкөндө улуу кишилерге орун берүү керек, ал эми жигит отурганда жанына кыз келип калса ага орун бошотуп берүү-жигиттиктин белгиси.
o Көчөдө досторуңуз менен турсаңыз ойду-тоону бузуп, жаныңыздын барынча катуу сүйлөп, каткырып күлүү-сиздин адатыңыз болсо, тез аранын ичинде жаман адатыңыздан арылыңыз. Мындай жүрүш-турушуңуз айланадагы адамдардын көңүлүн буруп, акырайган көз караштарга арзыйсыз.
o Элди карап отуруп алып, оозун аңырайтып ачып эстөө жаман көрүнүш.Эгерде мындай жагдайга туш болуп калсаңыз оозуңузду алаканыңыз менен калкалоону унутпаңыз.
o Бүгүнкү күндөгү тили чыккан баладан баштап, сексендеги абышка-кемпирлер колдонгон уюлдук телефон көп эле учурларда тоскоол болот. Коомдук жайда музыканы болушунча чыгарып алып угаардан мурда өз үйүңүздө эмес, көчөдө жүргөнүңүздү эске алууңуз дурус болоор. Ал эми студенттер лекция учурунда телефондорун өчүрүп койгону өзүлөрү үчүн да, өзгөлөр үчүн да ыңгайлуу болот. Себеби дал ушул телефондун үнү мугалимдин жинин келтирип, айтып жаткан оюнан алагды кылат.
o Кыз-жигиттин коомдук жайга отуруп алып өбүшүүсү калктын 28%ын кайдыгер калтырса, 72% кыжырын келтирээрин аныкташкан. Карып-улгайып калган адамдар эмес, жаштар да мындай көрүнүштү кыска жана нуска "Уялбагандан өзүң уял" -деп гана сүрөттөп беришет.
o Адамдын бирден-бир артыкчылыгы-башкалардын кызыкчылыгын эске алуу. Ушул артыкчылыгы жана маданияты менен адам өз деңгээлин көрсөтүп урмат-сыйга татый алат.




Пайдалуу кеңештер
Зыяндуу адаттан арылам десеңиз
Беттин бырышынан алыс болуп, чырымтал жаштыгыңызды узакка сактагыңыз келсе, зыяндуу адаттардан баш тартыңыз. Башкача айтканда чекени же мурунду бырыштырып, көздү жүлжүйтүп, оозду чормойтуп же кабакты жөн эле тырыштырып бүркөөдөн алыс болуңуз. Ушул адаттардан улам 15-20 жаштан эле жүздүн ар кайсы бөлүгүндө из пайда болуп, ал карыган сайын терең бырышка айлана баштайт.
Кээ бир айымдар катуу таң калганын, айрыкча мимика аркылуу билдиришет. Ал эми таң калуу, кайгыруу, сүйүнүүнү бети-башты бырыштырбай эле сөз менен, көз караш менен билдирүүгө болот. Өзүн-өзү мажбурлап жасалма күлгөндөн көздүн астындагы, жаактагы бырыш көбөйөт. Ошондон улам күзгүгө каранып колуңуздун учу менен чекеңизден баштап, көзүңүздүн учуна чейин жумшак сылап, массаж жасоодон тажабаңыз. Күнүгө кечинде жана эртең менен көнүгүүнү кайталасаңыз зыяндуу мимикаларыңыздан арыласыз.

Өспүрүм кыздарга косметика колдонууга болобу?
Кирпигинен тырмагынын учуна чейин боёнуп алган 14-16 жаштагы кыздарды көргөндө, аргасыздан көңүл бөлүп, анын жап-жаш жүзүндө боёктун анчалык жарашпай турганын байкайсың. Боёнгон жаш кыздын бети жасалма, ылайыксыз көрүнөт. Кыз өзүнүн жекече жүзүн, жаштык жагымдуулугун жоготот. Ошондо "Жазга боёктун кереги эмне" деген сөздү эстейсиң.
Сулуулангысы келген өспүрүм кызга бетин таза жууп, тыкан жарашыктуу кийинип, чачын жарашыктуу тарап алгандан өтөөрү жок. Ал эми эрте боёно баштагандан эрин кубарып, бет болсо жаштык түсүн, чымырдыгын эрте жоготот. Өспүрүм кыз эрини кесилип кеткен учурда гана эрдине гигиеналык түзсүз ооз боёктон колдонсо болот.
Эгер безетки чыга баштаса: курч тамактар, кофе, шоколадды азайтуу абзел. Безеткилер чыгуусу күчөп, көбөйтүп кетсе аны сыгып жаралабастан жашыруу максатында бетмай, упа сүйкөбөстөн дароо врачка кайрылуусу кажет .

Бор жеген ден соолукка зыян
Кээ бир адамдар бордун даамын жакшы көрүп жегиси келип турган учурлар кездешип калат. Бул адат өтө зыяндуу, анткени акиташ менен бор ашказандын жана ичеги-карындын иштөө функциясын бузуп коюшу ыктымал. Ушундан улам заңдын катып калуусуна жана ар кандай ооруларды жуктуруп алуу коркунучу туулат.
Бор жегенди жакшы көргөндөр денедеги кальцийдин жетишпегенинен келип чыгаары аныкталган. Өсүмдүк майы, лимон кислотасы, кант, ачытылган жашылча кальцийдин канга сиңишине жагымдуу таасир тийгизет. Ал эми уйдун, койдун майы, кызылча, ышкын, шоколадды ченеп жешиңиз абзел.
Көбүрөөк жашылча-жемиштен кошуп, түрдүүлөп тамак ичүү, таза абада сейилдөө, кальцийдин жетишсиздигин таптакыр жокко чыгарбаса да көп эле жардам берет.

Бут кийимге кам көрүү
Учурда модага жараша лакталган бут кийим менен сумка аябай популярдуу болуп жатканы баарыбызга маалым. Ошол лакталган бут кийимди кантип сактоо керек? Колдонууда анын лагы бара-бара сынып, катуу тарта баштайт. Бирок, ошентсе да аны көпкө чейин жакшы абалында сактоо мүмкүнчүлүгү бар жана анын жолу өтө жөнөкөй. Ал үчүн лакталган бут кийимди кез-кез вазелин же болбосо глицерин менен майлап туруу жетиштүү, ал эми бозомтук тартып калган жерлерин пияздын маңызы менен тазалайт. Тазалангандан кийин кургак чүпүрөк менен катуу басып сүртүү керек. Белгилей кетчү нерсе лакталган бут кийимдер абаны жана нымды өткөрбөгөндүктөн жайкысын аны кийбеген эле оң. Аны сактаганда ар бирөөсүн өзүнчө ороп койгон жакшы.

Даярдаган Анара Дүйшөналиева












??.??