Сенин гезитиң!
№36, 07.10.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Мейман төр

Окурмандар "Обондун" оозун ачырып….
Денедеги калдар адамдын келечегинен кабар береби?
Илгертен ата бабабыз "көзүндө калы бар", "тилинде мөөрү бар" -деп бул нерсеге кылдат көңүл бөлүп келгени төгүн эмес экен. Көрсө адамдын тулку боюнун "каалаган" жеринде жайгашкан калдар, анын өмүр жолу жөнүндө айтып берет тура. Демек алар каалаган жерде эмес Алла Таалам буйруп,белгилеген жерден орун алыптыр. Мунун чын экендигин астрологдор да далилдейт. Мисалы Александр Ремпель деген астрологдун айтуусуна таянсак, адам денесиндеги калдар анын тагдыры жөнүндө алакандагы сызыкчаларга караганда көбүрөөк анан ишенимдүү маалымат берет экен. Азырынча биз 100 жерде жайгашкан калдарды гана чечмеледик. Бирок адам денесинде андан көп жеринде да калдар болот-дейт изилдөөчү. Анда эмесе окумуштуулардын ушул эмгегинен азын оолак сиздерге да билдирели.

Чекесинде калы барлар- бул инсандардан мамлекеттик деңгээлдеги ишмерлер чыгат экен. Алар акылдуу саясатчы, мыкты дипломат боло алышат. Бул жеринде калы бар адамдар убактысын бекерге коротконду жек көрүшөт. Ал эми чекесинин өйдө жагында калы барлардан мыкты уюштуруучулар чыкса, каш менен көздүн ортосунда калы барлар же "үчүнчү көзү" барлардан алдын ала айтуучулар чыгат экен.
Көзүнүн асты жагында калы барлар кең пейил болушса, айымдарда назиктиктин белгиси экен.
Чачтын арасында кал болсо-табигаттын мындай белеги менен ойчулдар жана окумуштуулар, илимдин адамдары сыйланышат экен.
Кабагында калы бар адамдар да жөнөкөй инсандар эмес экен. Алар кыялкеч болушуп ошону менен бирге эле акыл менен да өзүн башкара билишет дейт изилдөөчүлөр. Ошондой эле бул адамдардын көз карашы бат-бат ал тургай бир күндө бир нече жолу өзгөрүп турса таң калбай эле коюңуз.
Кулагында калы барлардын колу жеңил болуп, жакшы дарыгерлер чыгат экен. Эгер кал кулактын арт жагында болсо нерв ооруларынан кабар берет.
Мойнунда калы бар эркектер ички дүйнөсү таза, бийик адамдар болушуп, бирок өтө көңүлчөөк келишет. Ал эми айымдардын мойнундагы кал анын күйөөсүнүн көзүнө чөп салышы мүмкүн экенинен кабар берет жана бул айымдардын тагдыры көп убакта өздөрүнүн энесиникине окшош болот экен.
Ал эми далысында калы бар адамдар уурулукка жакын болуп чечкинсиз келишет.
Көкүрөктөгү калдын ээси аял киши болуп, эгер анын калы сол тарабында жайгашса анда ал сүйүүдө бактысыз болот экен, ал эми калы көкүрөктүн оң тарабында болсо анда ал айым тескерисинче үй-бүлөлүк жашоосунда бактылуу жубай болот. А эркектердин көкүрөгүндөгү калы анын патриоттуулугунан, элим-жерим деген жүрөгү таза чыныгы элдин уулу экенинен кабар берет.
Эгер калы үстүнкү эрдинин оң жагында жайгашса анда бул айымдар бийликчил келишип, балдарына да катуу эне болушат экен. Ушул мүнөзүнүнүн артында карьерасы да мыкты куралат.
Мурдунда калы бар мырзалар тамашага жакын болуп куйкум сөздүү келишсе, айымдардагы бул кал жеңил ойлуулуктун белгиси экен. Ошондой эле бул адамдар жакшы кеңешчи жана сыр сактоочу боло алат. Мурдунда калы барлардан мыкты адвокаттар чыгат.
Желкесинде калы бар адамдар бардык нерседе өздөрүнө талапты катуу коюшат экен. Ошондой эле ишенчээк келишип, өзгөчө жакын адамынын алдап же таштап кеткен учурларында катуу кайгырышат.
Колунда калы бар айымдар өтө сезимтал жана таарынчаак келишет. Өзгөчө көңүл бурбай жана кичи пейил болбой койсоңуз көз ирмемде эле бул айымыңызды олуттуу таарынтып алышыңыз толук мүмкүн. Ошондой эле колунда калы бар айымдар үй-бүлөлүк жашоодо абдан бактылуу келишет жана жан жолдошунун ыңгайлуулугун биринчи кезекке коюшат. Ал эми эркектердин колунун ийине чейинки бөлүгүндө кал болсо булар жолдуу адамдар келишет. Алар тынбай машыгып, булчуңун чыгарып же кара жумуш менен алектенбесе деле жашоодо ал үчүн дайыма жашыл жарык күйүп турат. Ошондой эле колунда эки калы бар мырзалар ишенимдүү түгөй болушат экен.
Кол манжаларынын сырткы бөлүгүндө кал болсо бул адамдар үчүн өмүр бою жалгыз калуу коркунучу бар. Ал эми жакшы жагы колунан көөрү төгүлгөн уз чебер, зергер, уста же көпчүлүктү таң калтырган көз боёчу болушат.
Белинде калы барлар- бул адамдарга түшүнүксүз сюжеттери менен ар түрдүү фантастика сыяктуу түштөр кирип калса эч ойлонбой дароо өз организмин эс алдырыш керек. Себеби көңүл бурбай койсо ооруп калышы ыктымал. Башка адамдардан өзгөчөлөнүп булар табигаттагы түрдүү өзгөрүштөрдү туюп сезе алат, искусствого жакын келишет. Ошондой эле кылымдарга өлбөй турган таамай айтылган учкул сөздөрдүн да авторлору көп убакта ушул адамдар болушат. Белинде калы барлардан мыкты хирург, мугалим, дин адамдары чыгат.
Тизесинде калы бар адамдар- дайыма шашып жүрүшөт. Тескерисинче жай басыш керек болсо да булардын кадамы тез. Бир ишти аткараарда аны баштабай туруп, аягын ойлойт жана иштин жүрүшүнө анчейин көңүл бөлө бербейт. Эгер жанында майдачыл бардык нерсеге көңүл бурган түгөйү болсо анда алардын иши оңуна кетти дей бериңиз. Бул адамдар ар дайм көз карандысыз болгонго тырышышат.
Буттун манжаларында калы барлар өздөрүнө ишенген адамдар болушуп абдан энергиялуу келишет.
Айтурган Сатиева




"Эр эмгегин жер жебейт" демекчи, кылган ишиңдин акыбети кайтып турса өз кесибиңдин таттуу даамын сезет экенсиң. Айталы дегенибиз эл менен жакшылыгыбызды тең бөлүшкөн күжүрмөн эмгегибизди баалаштыбы, айтор рамазан айынын акыркы күнү "Обон" гезитин сүйүп жана күтүп окуган окурмандарыбыз редакциябыздын босогосун аттап, биринчилерден болуп орозодо "Обондун" "оозун ачырып", коңгуроо кагып кирип, кучак толгон белектер менен жылуу сөздөрүн арнашкан күйөрмандарыбызды көрүп кубанбай коё албадык. Атайын чогулган окурмандар редакциянын президенти, башкы редактору жана кабарчылар менен баарлашып, өзүлөрүнүн сунуш, пикирлерин айтып сүрөткө түшүп, чакан белектер менен кайтышты. Баарлашуу убагында алардын ар кайсы жерлерден келгендерин ошондой эле ар курактагы мектеп окуучулары жана студенттер экенин билдик. Кыргызда "жандоочу кийик аттырат" деген сөз бар эмеспи. Ушинтип окурмандар колдоп сүрөп турганда "Обонду" мындан да бийик оболотууга шерденип турабыз, окурман. Редакциянын жалпы жамаатынын атынан окурмандарыбызга башыбызды ийип таазим кылып, ыраазычылык билдиребиз. Биз үчүн ар бир окурмандын пикири кымбат. Ар дайым биз менен байланышта болуңуз. "Обон" гезити жаңылануу үстүндө!

Кербен Куба, 22 жашта сатуучу
- Сизге "Обон" гезити эмнеси менен жагат?
- "Обон" мага абдан жагат. Себеби, аз убакыттын ичинде өз окурмандарын таба алды. Гезиттин ичиндеги материалдардын баары кызыктуу жана пайдалуу. Окурмандар менен бирге болгонуңар өзгөчө жагат.
- Жакпаган рубрикаң барбы?
- Чынын айтсам баарын эле окуп чыгам. Ар бир рубрика өзгөчөлүгү менен айырмаланат.

Айдеми Айка, 19 жашта студент
- "Обондун" ар бир санын калтырбай окуйсуңбу?
- Ооба, экинчи күндү чыдамсыздык менен күтөм. Мен үчүн "Обон" чыккан күн майрам.
Обондун ар бир санын чогултуп архивиме сактап турам.
- Гезитти ачканда эмнесине биринчи көңүл бурасың?
- Алгач сүрөттөргө көңүл буруп, темаларга маани берем.

Хан-Шай модельер.
- "Обон" башка гезиттерден эмнеси менен айырмаланат. Сен үчүн өзгөчөлүгү барбы?
- Албетте, бар. Мисалы окурмандар менен тыгыз байланышта болуп турган "Кумир менен баарлашуу", "Смс" почта," Классташ" "Клип таржымалы" "Атактуунун арзуусу", "Фанклуб" сыяктуу башка гезитте жок кызыктуу рубрикалар бар. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып окурмандардын атынан "Обондун" жалпы жамаатына чыгармачылык ийгилик жана калемдеринин курчуй беришин тилейм. Биз "Обонду" сүйөбүз жана ар дайым сиздер менен биргебиз.

Даярдаган
Айнура Султанова










??.??