Сенин гезитиң!
№36, 07.10.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Кумир менен баарлашуу

"Жигиттерге караганда кыздар калпычы болушат"
"Кумир менен баарлашуу" рубрикасынын бул жолку мейманы кыргыз эстрадасынын популярдуу ырчысы Султан Садыралиев болду. Султан келет деген күнү таң эртеден тартып, телефонубуздун жаны тынган жок. Жөн эле сүрөткө түшсөм болобу же болбосо белек эле берип кетейинчи деген күйөрмандар белгиленген убакыттан 2 саат эрте келип, Султанды жолунан күтүп турушту. Белегин берип, сүрөткө түшкөндөн кийин да "Ушунча келип кантип баарлашпай кетем, чакырылбасам да үнүн угуп алайынчы"-деп суранып атышып Султанды үймөлөктөп калышты. Белгилей кетсек кумир менен күйөрмандардын жолугуусундагы жамгырдай жааган суроолорду гезит бетине ылайыктап кыскартып берүүгө туура келди.

Аида
- Султан, сенин үнүң уккулуктуу, анча-мынча ырчыларга караганда таланттуусуң. Аздыр-көптүр ыр дүйнөсүндө өзүңдүн ордуң бар. Анан эмнеге кароо-сынактарга катышпайсың?
- Рахмат. Кароо-сынактарга күчүм да жетет жана өзүмдү сынагым да келет. Тилекке каршы, биздин каалоолорду четке кагышып, бардык жерде "Оозу кыйшык болсо да байдын уулу сүйлөсүн" заманы болуп жатат. Элдик ырларды аткарып кароо-сынактарга катышканга менин толук мүмкүнчүлүгүм бар. Ал эми чет- өлкөлөргө барып, англис тилинде ырдоо мен үчүн кичине болсо да кыйынчылык туудурат Мен бир нерсени профессионалдык деңгээлде аткармайынча өзүмө-өзүм ыраазы болбойм.
- "Чолпон Жылдыз-2008" конкурсунан да көргөн жокпуз го?
- Чынын айтканда аталган конкурска мен чакырылган жокмун. Мында мени унутуп коюшту же чындап эле чакырбай коюшту. Бирок, Исламдын жеңүүчү болгону туура эле тандалды деп ойлойм.

Бактыгүл
- Демек, сага бут тосуулар болгон турбайбы?
- Өз көзүм менен көрүп, күбө болбогондон кийин антип деле так кесе айталбайм. Балким мени чын эле унутуп коюшкандыр. Негизи бардык жагдайдын жакшы жагын ойлош керек. Буга жөнөкөй эле бир мисал: Күйөөңөр түнкү саат 2ге чейин келбей, кеч келип калса дароо эле бир кыз менен жүрөт дебей, "балким машинасы бузулуп же досуна жолугуп калгандыр" деп өзүңдү-өзүң колго алышың керек. Ошол сыңары аталган конкурска катышпай калуума кандайдыр бир себеп болуп калса керек деп жакшы жагына жоруп отурам. Мейли. Кандай болгон күндө да биз али жашпыз, буюрса баары алдыда.

Фирдаус
- Султан байке, мен сиз менен баарлашып отурганыма абдан кубанычтамын. Чынын айтсам ушул күндү чыдамсыздык менен күттүм. Сизге ийгилик каалайм. Айтыңызчы, сиздин ата-энеңиз кандайча Казакстанда жашап калган. Ата-энеңиз, түпкү-тегиңиз тууралуу кененирээк билгим келет?
- Үй- бүлөдө 3 бир туугандын кенжесимин. Ата-энем экөө тең пенсияда. Учурда Казакстанда жашашат. Мен болсо досторум менен Бишкекте турам. Ал эми түпкү тегимди айта турган болсом, Садыралы деген чоң атамТаластык кыргыз киши болгон. Элүү жашында 20 жаштагы чоң энеме үйлөнүп, андан атам төрөлгөн. Атам 2-класста окуп атканда чоң атам каза болуп, чоң энем 30 жашында күйөөсүнөн ажырайт. Арадан бир топ убакыт өткөндөн кийин бир баласы менен чоң энемди казак жигит сүйүп калып, экөө баш кошуп, атам ошол жакта чоңоюп эр жетет. Азыр атамдын энелеш төрт бир тууганы бар. Менин башка бир туугандарым казак жергесинде чоңоюп, ошол жактан үй-бүлө күтүп казакташып кетишкенде, атам жок дегенде бир балам кыргыз болуп, өз улутун тапсын деген максат менен мени Таласка алып келип окуткан. Кудайга шүгүр, атамдын көөдөнүндөгү максатын орундатып, ыраазы кылдым.

Зарифа
- Намаз окуйсузбу?
- Бир мезгилде окугам. Кийин таштап койдум. Анткени ырдагандын өзү күнөө, мусулманчылыкта "Музыка шайтандын азгырыгы" деп айтып жүрүшпөйбү, анын үстүнө бир жерге сый конокко барып каласың же досуңдун туулган күнү болуп калат, жашырганда эмне, жакын адамдарыңдын көңүлүн кыя албай ичимдик ичесиң анан сиздерге окшогон кыздар менен таанышасың... Ошондуктан бүгүн күнөө кылып, эртең Кудайга жалынгандын өзү туура эмес. Андан көрө токтолуп калган кезде эле, биротоло намазга берилишиң керек деп ойлойм.
Эля
- Элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болуп канчалаган кыздардын сезимине бүлүк салган мырзанын алгачкы махабаты кимге арналганын билгим келет?
- Таласта окуп жүргөндө дакан корооздун жөжөсүн сатып алып, багып, ошону акчага мушташтырчумун. Базар күн сайын бир досумду ээрчитип, эки корозду баштыкка салып, тоок базарга жөнөйт элем. Ошондой күндөрдүн биринде автобус менен баратсак Таласта окуган биздин айылдык кыз сабакка баратыптыр. Тиги кызды көрүп, өзүмдү коерго жер таппай уялганымдан жанымдагы досума короздорду бере салдым. Ошол кызга жакшы жактарымды көрсөтөйүн деп, ошол күндөн тартып короз уруштурганды токтотуп, бассам-турсам ошол кызды ойлоп калгам. Көп өтпөй кыялдагы ойлорум ишке ашып, ал бийкеч экөөбүз кыз-жигит болуп калдык. Эки жыл сүйлөшкөндөн кийин, мен мектепти аяктап, шаарга келе бердим. Ал 9-класста окуп калды. Бул жакка келгенде деле бат-баттан байланышып, ал тургай окууну бүтсө , үйлөнөйүн деген ойлорум бар эле. Өкүнүчтүүсү, менин үмүттөрүмдү таш каап, ал кызды ала качып кетти.
- Айтууңузга караганда ыйык сүйүүнү баштан өткөргөн экенсиз. Азыр деле ошол кызды эстейсизби?
- (Күлүп) Туура, чын жүрөгүм менен катуу сүйгөм. Сизге окшогон күйөрмандар гана ушинтип эстетпесе, өткөн ишке баш оорутуп өзүмдү кыйнай бербейм.

Асыл
- Эң биринчи автограф берген күнүңүз эсиңиздеби?
- Биринчи жолу Ошко концерт коюп барганымда кыздар аябай көп келген. Ошондо өзүмдү патриот сезип, ким менден автограф алгысы келсе, эч кимге жок дебейм деп, элдин баарын токтотуп коюп, туптуура 2саат 40 мүнөт автограф бергеним эсимде.
- Кандай кыздар жагат?
- Акылдуу, кылыктуу, назик кыздарды жактырам. Ал эми жасалма, чоюштаган, калпычы кыздарды көргөндө аллергия болуп кетем. Негизи кыз деген өзүнүн сынын жоготпогонго аракет кылыш керек да.

Айжамал
- Тапкан пайдаңызды эмнеге жумшайсыз?
- Чыгармачылыктан укмуш деле кыйратып байлык тапкан жокмун (акча жагынан). Эл катары эле жашайм, болгону маршруткага түшкөн бир аз кыйыныраак болуп, ары-бери каттап турганга темир тулпар алгам.

Кундуз
- Эгерде сүйгөн кызыңыздын башка бирөө менен турганын көрсөңүз эмне кылмаксыз?
- Башкаларга окшоп кыйналбай эле дароо таштап салмакмын. Анткени менин ишенимимди актабаган кыз мага татыктуу жубай болуп бере албайт. Ачык айтсам мен аябай кызганчаакмын.

Асел
- Султан, бир концертиңде сага Султан Мыктыбекович Садыралиев дегенди чечмелеген смс деген жазуусу бар шым анан китеп белек кылдым эле. Ошол белек азыр деле сакталуубу?
- Биринчиден, эрикпестен ошончо эмгек коротуп жасаганыңызга ыраазычылык билдирем. Сиз берген китепти окуп чыккам. Ал эми шым чоңураак болуп калып, сандыгыма сактап койгом.

Бегайым
- Гастролдогу кызыктуу учурлардан айтып берсеңиз?
- Жакында эле Нарынга концерт коюп барсак свет өчүп калып, шам чырактарды жандырып, көрүүчүлөрдүн уюлдук телефондорунун жардамы менен ырдадык. Ошондо менин жылдызым жанып, таза абада комуздун, домбранын коштоосунда обон создум. Мен үчүн ушул күн жагымдуу учур болуп эсимде калды.

Бурул
- Издегениңиз, тапканыңыз, сыймыктанганыңыз, тилегениңиз эмне?
Издегеним- из калтыруу, тапканым- чыгармачылык жолум, багытым, сыймыктанганым- атамдын максатын орундатканым, тилегеним- заманыбыздын тынчтыгы.

Аида
- Жогоруда калпычы кыздарды жек көрөм деп айттыңыз, менимче алдамчылыктын торуна көбүрөөк илинген окшойсуз?
- Ооба, көп кыздардын калпын кармап алгам. Маселен, менин бир дос балам бир кыз менен сүйлөшүп жүрчү. Бир күнү филармониянын жанындагы дүкөнгө суу алайын деп токтосом, ошол кыз туруптур. (Мен аны таанып калдым, бирок, мен анын жигитинин досу экенимди билчү эмес). Экөөбүз сүйлөшүп калып, сынамакка жигитиң барбы? десем, оозу-мурдун кыйшайтпай туруп "Жок" деп жатпайбы. Көрдүңүзбү кыздардын аба-ырайын. Ушинтип бат-баттан өзгөрүп турат. Катуу тийсе кечирип коюңуздар. Негизи жигиттерге караганда кыздар көбүрөөк жалган сүйлөйт.

Уюштурган Ж. Калдарова










??.??