Сенин гезитиң!
№36, 07.10.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз көчү
Сөөгү кыргыз, эти казак
Жөжө акын
Өткөн тарыхка кылчайып карасак, ар бир учурдун өзүнүн мыйзамы, салты болуп келгенин тана албайбыз.
"Баарын убакыт дарылайт" деп айтылгандай, убакыттын өтүшү менен эмне деген гана өзгөрүүлөр болуп өтпөдү. Бул дүйнөдөгү жашоо сапары карыган адамдардын ордун кийинки муун толуктап, күн өз нугунда айланып өтө берет тура.
Бизге чейин тоолуу аймагыбызда, сууга бай өлкөбүздө кимдер жашап өтпөгөн. Кыргыз тарыхында ысымы калган инсандарыбыздын басып өткөн жолунан кийинки муундарга сабак болсун үчүн үстүртөн баян кылып кетели деген изги ойдо, ушул рубриканы ачтык.

Тээ илгертен эле кыргыз калкы көчмөн эл болгондуктан ички жана тышкы душмандар менен кагылышып, кандуу кармаштарды башынан өткөрүп келгени баарыбызга эле маалым эмеспи. Ошол мезгилдерде эмне деген гана таза таланттар менен өнөр ээлеринин эмгектери көмүскөдө калды, аны ачык айтуу кыйын.
Абалтан сөз баккан, сөз кадырын сактаган элибиздин арты менен оозго илинген гана өнөр ээлеринин ысымдары аталып калганы болбосо көптөгөн таланттар убакыттын өтүшү менен унутта кылып баратканы өкүнүчтүү эмей эмине.
Эмесе сөз өңүтүн учурунда казак-кыргыз элинде бирдей таанылган ак таңдай Жөжө Каржабай уулу жөнүндө уламакчыбыз.
Айтмакчы Жөжө акын жөнүндө көпчүлүк деле биле бербесе керек. Дегеним, Жөжө Каржабай уулу Казакстанда төрөлүп өскөн. Ошентсе да жүрөгү кыргыз деп согуп, кыргыз тилинде сүйлөп, кыргыз жерине келгенге чейин дитин казакка бербей, ата-мекенге, улутка болгон патриоттук сезимин өчүргөн эмес.
Сокур уулдун төрөлүшү
1970-жылдары алакандай кыргыздар өз ара уруу-урууга бөлүнүп, ынтымактары ыдырап, кокту-колоттордо жашап, сай-сайдын башында турушканда, казак элинин каардуу-заардуу хандарынын бири таластык кыргыздарга кандуу жортуул жасайт. Бул каргашалуу кармашта мен менсинген эрлер өлүп, коломтодон от өчүп, өлгөндөн калгандары олжого түшүп, Абылай хандын колуна түшүшөт да, аны менен бирге Казакстанга кетишет.
Аяк башы көрүнбөгөн Казакстандын чөлү менен бөксө тоолорун азап менен басып өткөн туткундар "Ала-Тау" деген жерге келгенде гана жетчү жерлерине жеткенин билишип, Абылай ханга көз каранды болуп жашап калышат. Ошондо Жөжө акындын атасы Каржабай, казакстанга туткун болуп барган соң бир-эки жылдан кийин тактап айтканда 1805-жылы уулду болот. Болгондо да эки көзү көрбөгөн азиз уул төрөлөт. Өзү кичинекей жөжөдөй бала болуп төрөлгөндүктөн ысымын Жөжө деп коюшса керек. Болбосо башка эле ат коюлат эле. Дегеним илгери балага ат коёрдо дайыма ырым кармап коюшчу эле го. Какаганга муштаган-болуп, Жөжө жерден боорун көтөргөндө энеден, бой тартканда атадан айрылып, көр турмуштун азабына кабылат. Бирок Жөжөнүн маңдайына акындык шыбага жазылып, бак айтып, өмүрү өсүп, атагы таш жарган төкмө акын болуп чыга келет.
Айтыш өнөрүнүн устаты
Абалтан сөз баккан, сөз кадырын сыйлаган казак калкы Жөжөнүн жаактууга жаа бербеген, сөздүн бүрүн тандап, кындан кылыч сууругандай мааниси терең ырларынын өткүрлүгүнө, курчтугуна, беттешкен акындарды курч сөз менен жеңгени, хандын, бектин, султандын, бийдин көзүнө, бийлигине карабай айтчу сөзүн ачык айтып, ак ырдаганы менен ысымы ооздон- оозго айтылып, уламага өтүп, ырдаган ырлары калктын жан шеригине айланат. "Ак ийилет, бирок сынбайт" демекчи эл Жөжө акындын таза талантын сыйлап, анын таамай сөзүнүн, ырдаган ырынын салмактуулугун баалашкан.
Жөжө, айтыш өнөрүнүн улуу устаты, негиздөөчүсү деп айтсак жарашат. Учурунда Жөжө акын замандаш, тагдырлаш казак-кыргыз акындары менен далай жолу айтышка түшөт.
Ошондо, көбүнчө акындар Жөжөнүн сокурлугуна басым жасап, сындап ырдашканда Жөжө кызуу кандуулукка алдырбай, аларга жалпак тил менен гана ырдап жооп берип, какшык сөз менен алардын оозун жапкан күндөр болгон.
Акыры көптөн көксөгөн кыргыз жерине келип, айтылуу манасчы Балык менен жолугушуп өнөрлөрүн сынашат. Чынында Жөжө Балыкты ат арытып атайын издеп келип, аны эптеп кайсы бир жайлоодон таап, жайдын саратан чилдесинде бир нече күн жата конуп, Балыктын өз оозунан манас угуп, жарпы жазылып, Балыктын манасты айтуу чеберчилигине таазим этип, анан Балыкка өзүнүн "Оторкан" деген дастанын үйрөтөт. Эки өнөр ээси бирин-бири жактырып, жылуу коштошушат.
Жөжө акын жөнүндө Мухтар Ауэзовдун "Абай" жана белгилүү жазуучу Ильяз Жаналовдун "Кер толгоо" аттуу романдарында кеңири баяндалат. Сөөгү кыргыз, эти казак Жөжө кандай гана турмушта жашабасын, кандай гана атак-даңкка жетпесин, абалкы ата-бабасы жердеген жерди самап, элин сагынып жүрүп 1885-жылы жарык дүйнөдөн өтүп кетет.
Гезитибиздин кийинки санында Кумар уулу Бекмурат (Балыкооз) жөнүндө сөз болмокчу.




  Жаңырган издер

Төрөгелди баатыр
Сарбагыш уруусунун тарыхта ысымы калган чыгаан баатыры Төрөгелди Абайылда уулу учурунда бир гана кыргыз эли эле эмес, коңшу кытай, казак элине таанылып, кадимки Хан Ормондун оң колу болуп, эл-жерди чет душмандардан коргоп турган кыргыздын намысына жараган жигиттеринен болгонун басым менен белгилей кетсек ашыкча болбос.
Ооба, Төрөгелди баатыр жөнүндө кээ бир адабий китептерде дагы кеңири берилген. Бирок ар ким өз уруусуна тартып, жазган жазмакейлер Төрөгелди баатырды терс каарман деп жазган учурлары дагы кездешпей койбойт. Бирок, "Чыгаан талант чачылбайт, чындык колдон басынбайт" демекчи, Төрөгелди баатырдын азыр эл үчүн жасаган зор иштери ачыкка чыгып, Кочкор районунда эстелиги тургузулду.

Төрөгелди баатырдын эрдиги
Төрөгелдинин атасы Абайылданын карындашы Солто уруусунан чыккан Жанузак деген кишиге келин болуп барат.
Бир күнү бир тууган кайын сиңдиси эртең мененки наардан кийин жеңесине кайрылат:
- Жеңе, тезек терип келеличи, анан сизге бир сөз айтам дейт. Экөө ээрчишип талаага тезек тергени чыкканда, алиги кыз:
- Жеңе, түндө түш көрдүм. Көргөн түшүм жаман. Өлүп калат окшоймун-деп, өңүн бузат. Анда жеңеси:
- И, эмне болду анчалык?-деп сураганда. Кайын сиңдиси:
- Түшүмдө беш карышкыр эмчегимди талашып ээмп атыптыр. Бир ажыдаар мойнума оролуп алыптыр-деп көргөн түшүн айтат. Бул түштү укканда жеңеси:
- Кызыке, бул түшүңдү жан адамга айтпа. Бир гана мен билейин деп дароо төркүнүнө суранып келет да, атасына айтат.
- Ата, менин сөзүмдү жерге таштабаңыз. Айылда байкеме кайчы куда түшүп, менин бойго жеткен кайын сиңдимди алып бериңиз. Кийин аягы жакшы болот-деп сөзүнүн аягын табышмактантып бүтүрөт. Кыз бала баары бир төркүнүнө тартат эмеспи.
Түлөкабыл кызынын сөзүн угуп, терең ойлонуп, акыл кошчусу менен кеңешип, Жанызак кудасынын үйүнө куда түшүп келип, уулу Абайылдага кудасынын кызын алып берет.
Абайылда ошол аялынан алты уулду болот. Көрсө карындашы жөн жерден кайын сиңдимди келин кылып алгыла деп айтпаптыр. Абайылдадан беш карышкырдай баатыр уул төрөптүр дагы анан эң кенжеси ажыдаардай болгон эр жүрөк Төрөгелди баатыр төрөлгөн экен.
Бир күнү беш байкеси Казакстанга жылкы тийгени баратып он эки жашар Төрөгелдини да өздөрү менен бирге ээрчитип алышат. Ошондо эң улуу байкеси казактын бир абышкасынын "кыргыздан Төрөгелди баатыр келди, жылкыларга сак болгула" деген сөзүн угуп, атынын башын тетири буруп: Сыймык мага конот экен десе, кенедей Төрөгелдиге конгон тура, эми Төрөгелдилеп ураан чакырып, жылкыга тие бергиле" деп келген жагына кетиптир. Жылкы тийип келатканда Төрөгелди куугундун алдын өзү тосуп, ондон ашык кишини аттан түшүрүп, калган куугунду артка кубалап, акырында өнөктөштөрүн кууп жеткен экен.
Дагы бир күнү алыс жолдон келатышкан сапарлаштары Төрөгелдини сынамакка "отун терип кел" деп караңгыда калың мүрзөгө жиберишет. Алар алдын-ала эки кишини үстү түшкөн мүрзөгө жашынтып коюшкан болот. Төрөгелди жаш бала болгондуктан макул деп калың мүрзөнү аралап келатып, үстү түшкөн мүрзөнүн жанындагы отунду алганы жатканда мүрзөнүн ичинен эки киши чыга калышат. Отун биздики деп. Ошондо Төрөгелди "Өлгөн силерге эмес, тирүү бизге отун жетпей атат" деп экөөнүн акырегин сындыра тээп, отунду алып келген экен. Бул эми Төрөгелди баатырдын өспүрүм кезиндеги эрдиктери. Эгер биз Төрөгелдинин жасаган эрдиктерине токтолсок кагаз бети чак келчүдөй эмес. Сынган бутун канжыгага байлап алып, жоо беттеп чыкканы эле эмне деген эрдик.
Гезитибиздин кийинки санында Кудаярхандын тукумдарына токтолобуз.










??.??