Сенин гезитиң!
№36, 07.10.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


  Махабат майданы

Кусадан көз жашы агып турду
Кийинки учурларда өзүмө батпай буулугуп, көңүлүм удургуп, белгисиз бир нерсени эңсеп келет. Көрсө, ал түгөйүңдүн деми, ысык кучагы экен. Кулагыңа жагымдуу шыбыр угулуп, эркелеп, эркелетип туруу экен. Муну сезгеним жанымда сенин жоктугуңдан болуп отурат, асылым Урмат. А менин сагынуумдун себеби, таарынып кетип бир жумадан бери жаныма жолобогонуңдан. А таарыныч эмнеден чыкты? Аны сен жакшы билесиң...
Жарым жылдан бери экөөбүз бир күн көрүшпөй калсак бир кылымга тете болгондой ашыгып, сагынышып жолугаар элек. Экөөбүз канча жолу нечендеген айлуу түндөрдү, жымыңдаган жылдыздуу караңгылыкты бирге өткөрдүк. Ысык кучагыбыз, сүйүүнүн деми экөөбүздү тең эч качан тажатчу эмес. Канчалык суук, жаан болсо да экөөбүздө калчылдап үшүү деген болгон эмес. Ысык эринибиз аста тийишип, жүрөктөн чыккан жалыныбыз түгөнчү эмес.
А бул сапар кайсы шайтан сени азгырды билбейм. Адаттагыдай эле айлуу түндө бак ичинде жолуктук. Жолуга элегибизге 3 күн болуп кеткен. Ошол 3 күн мен үчүн кандай азап болду. Күн-түн көз алдымдан кетпей, түнү түшүмө кирип жаттың, кадимкидей куса болуп кеткем. Колуңдагы кызыл-тазыл гүлдү колума карматып, эрдимден аяр өөп, кучагыңа кыстың.
- Сагынып кеттим, асылым!-деп колумду мойнуңа арта кучактадым. Жагымдуу жытың жанымды эргитип, бир чети сагынган жаным сенден ажырагым келбей турду. Сен да улам-улам мойнумдан жыттап жаттың. Сагынычтан болгон жалынычтар уланып эрдибиз-эрдибизден ажырабай, колдорубуз бекем кучактай сылап-сыйпоого өттү. Бул мүнөттөр айрыкча мен үчүн чексиз бактылуу учур эле. Урматымдын кучагында жагымдуу жалынычын угуп, сүйүктүү сөздөрүнө ээрчий жанып, жалындап бараттым. Анын шадылуу, ысык алаканы тийген жерлерим ысып-күйүп бир башкача абалга кабылдым.
- Алтынай, мен сени кандай гана сүйөм. Мен сенсиз жалгыз калган адам болуп калат экенмин. Жаным менин. Сен менин перизатымсың, жароокерим, алтыным деген сайын керемет сезимге бөлөнүп бараттым. Ооба, чөмүлүп бараттым. Көзүм тумандап, көксөөм күчөп кол жеткис бейиш кучагында тургандай…. Ал сезим биротоло дене боюмду бийлей, майда калтырык басып, баарына кайыл болуп бараттым. Аңгыча сенин карылуу колдоруң, чолоо жеримди койбой сыйпалап, ал түгүл, көкүрөгүмдү куушура кармап… Көк шиберге ооната жыгып, этегимди түрүп киргениңде шапалак келип бир тийгендей болду. Селт эте түштүм. -Урмат, токточу. Токтосоң эми! Азыр эмес. Бүгүн эмес. Болбойт. Экөөбүздүн ата-энебиз бар эмеспи. Кой, эсиңе келчи. Мен сенин көшөгөңдө, ак шейшебиңде кошулалы… Кой дейм, болбойт деп атам деп чапкылап, сени үстүмдөн түртө туруп кеттим. Экөөбүз эки жерде үңкүйүп, сенин таарынып калганыңды сездим. Бирок, кечирим сурабадым. Анткени, өзүң деле билишиң керек болчу. Бир маалда:
- Мурун деле "кошулуп алып, кийин үйлөнүп жүрүшпөйбү" дедиң,
- А бизге болбойт, Урмат түшүнсөң...
Ошол түн экөөбүздү эки бөлүп койгондой болду. Үнсүз басып отуруп мени үйгө жеткирдиң да кетип калдың.
Жок, сен келесиң, жүрөк сүйүүсүн ишке ашпаган кумар эңсөөсүнө алмаштырбайсың. Жаным Урмат келчи…
Кусаланып терезеге тигилип, сызылган көз жашын улам-улам аарчыган кыз капысынан өзү күткөн тааныш ышкырыкты укту.
- Урмат, келдиңби жаным-деп кобурана сыртка чуркады. Бир кучак гүл көтөргөн жигити Урмат бооруна кыса берип: Кечирип койчу, мен сени таарынтыпмын, экинчи сени таарынтпайм- деп алды.
Даярдаган А.Ажиев




  Кызык суроо, керектүү кеңеш

Жасалма бойго бүтүрсө болот деген чынбы? Анткени менин төрөбөгөнүмө күйөөмдүн тукумсуздугу себепчи экен. Балким, ошондой болсо…
Замира. Нарын району.
Азыркы илим, техника жетишкен заманда баарын күтсө болот. Казакстан сыяктуу башка өлкөлөрдө жасалма уруктандыруу менен бойго бүтүрүү практикаланып жүргөнү белгилүү. Демек, бизде да болушу мүмкүн, ачык жарыяланбаса да. Болгону акушер гинекологдорго кайрылган оң.
ххх
Акыл-эстүү бала төрөлүш үчүн эненин курсагындагы кезден баштап тарбиялаш керек дешет. А кантип? Ал учурда жыныстык кошулуунун зыяны жокпу?
Айнура. Бишкек шары.
Эң биринчиден боюнда бар аял оорубаганга аракет кылыш керек. Анткени боюнда бар кезде кабыл алган, ичкен дарылар баланын өсүшүнө, акыл-эсинин кем болушуна таасир берет. Буга эненин ичип-чеккени, катуу чочуганы да зыян.
ххх
Тар турсий эркектин жыныстык мүчөсүн кыйшайтып, терс таасир береби?
Улан. Талас шаары.
Тар турсийден эркектин мүчөсү кыйшайып калбайт, бирок кан айланууга терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Мындай учурда урук клеткаларынын сапаты начарлайт. Сапаты начар урук клеткасы тукумсуздукка алып келүү коркунучу бар. Ошондуктан туура өлчөмдөгү, таза кездемеден тигилген турсий кийип жүргөн оң. Ал эмес өтө тар, ар дайым кыса тартылган шым да зыян болуп эсептелет.
Даярдаган А. Ажиев




  Сандан-санга

Которгон Жаныбек Жанызак Бу китепте байыркы Кытай даос-табыптарынын эркек менен ургаачы төшөктө бири-бирин кантип сүйүшүү керектигин түшүндүргөн кеп-кеңештери жазылган.

Сүйүү дабасы - секс жана даосизм
Ван Гулик өтө жумшарткансыйт. Так ошо төңкөрүшчүл көрүнгөн сексуалдык ыкмаларынын шарапаты менен кытайлар күчтүү жана узак жашаган эл болуп келатканын окумуштуу айла жок моюнга алат. Атүгүл бүгүн да Сүйүү даосу төңкөрүшчүл сезилет. Бирок батыш сексологдору жана окумуштууларынын жаңы ачылыштарынан улам анын дабалары алгылыктуу болуп келатат. Сүйүү даосунун негизги принциптери -эякуляцияны урук түшүрүүнү) башкаруу, ургаачыны канааттандыруунун мааниси жана эркектин оргазмы менен урук түшүрүүсү бирдей эместигин түшүнүү - аялдардын азаттык кыймылындагы жана да Кинсай, Мастерс, Жонсон жана башкалардын илимий изилдөөлөрүндөгү маанилүү пункттардан болуп калды. Булардын теориялары Батышта кеңири жайылганда, Кытайда тээ байыртадан иштелип чыккан сүйүү жана секс түшүнүктөрү эми кайрадан ордун тапты. Ван Гулик китебин жазып жатканда Сүйүү даосунун устаттары илгертен айтып кеткендерди заманбап илим ырастай баштаганына таң берген:
"Айтайын дегеним - "И Цзин Фанда" (Тан доору жана андан илгерки жүздөгөн кытай эмгектеринен үзүндүлөрдү камтыган медициналык китеп) табылган "беш белгинин" (ургаачынын канааттануусун байкоо) сүрөттөмөсү А.С.Кинсайдын "Ургаачынын сексуалдык жүрүмү" ("Сексуалдын жооптун психологиясы жана оргазм" бөлүмү) китебиндеги маалыматтарга төп келет экен!"
Бу байыркы Кытай сексологдорунун пайдасына жазылып жатпайбы!
Ван Гулик эскерип кеткен ургаачынын канааттануусунун "беш белгиси" эки миң жылдай илгери император Чжуан Ди менен Су-Нюнун маегинде эскерилет:
Чжуан Ди: Ургаачынын канаат алганын эркек кантип билет?
Су-Ню: Беш белги, беш каалоо жана он көрсөтмө бар. Эркек ошо белгилерди байкап, ошого жараша аракеттениши керек. Алар мына:
1. Аялдын жүзү албырып, кулагы ысыйт. Бу демек, анын бүткүл оюн сүйүшүү кыялы басып калат. Бул учурда эркек жупташууну шашпай баштап, анча көп матырбай козутуп, ургаачынын андан аркы аракетин, эмне кылаарын байкап турушу керек.
2. Тигинин мурду тердеп, эмчектери тирсиет . Бу демек, анын кумар оту алоолой баштагандагысы. Эми нефрит найза "өзүнүн кудугуна" бир аз тереңдесе болот (беш дюймга - болжолу 10 см.), бирок аша чаппасын. Андан ары киргизээрден мурда, эркек аялынын кумар оту андан ары күчөшүн күтөт.
3. Деми бастап, кекиртегинен кирилдеген үн чыга баштаганда, демек анын кумары күчөй баштаганы. Көздөрү жумулуп, тили чыгат салаңдап, деми тездеп, кадимкидей билинип турат. Ушул учурда эркектин нефрит чыбыгы эркин кирип-чыга баштаса болот. Жыныстык катнаш акырындап экстазга жетет.
4. Анын "Кызыл дарбазасы" (тышкы органдары) күчтүүлөп суулана баштайт жана кумар оту туу чокуга жакындайт, ал эми ар бир итениш суунун чыгышын күчөтөт. Эркектин нефрит найзасы "Ным-чөптүү Тиштердин Өрөөнүн" (эки дюйм - 5 см. тереңдиктеги) кытыгылайт.
Эми эркек мындай ыкманы колдонсо болот: бир итеним солго, бир оңго, бири жай жана бири тез, же өзүнүн каалоосуна жараша башка бир кызыктуу кыймылдарды тандасын.
5. Анан аялдын "Алтын Лотосу" (буттары) эркекти кучактайын дегенчелик көтөрүлгөндө, тигинин оту жана кумары туу чокуга жеткен болот. Ал буттарын эркектин белине ороп, эки колу менен ийиндеринен жана далысынан алат. Тили сунулуу бойдон калат. Бу белгилер пайда болгондо эркек "Терең Бөлмөнүн Өрөөнүнө" (алты дюйм - 12-15 см) тереңдеп кире берсе болот. Мынчалык терең итенүү аялдын экстазга бүткүл денеси менен жетишине мүмкүндүк түзөт.
Байыркы кытай эмгектери табыпчынын сөздөрү менен эмес, гүл аңкыган кооз сөздөр менен жазылса да, алардын авторлору сүйүү жана секс маселесине анчалык маани берген эмес деп айтышка болбойт. Чындыгында алар чың ден соолук (руханий жана денелик) жана узак өмүр төшөк турмушу менен тыгыз байланыштуу экенин ачык билишкен.
Андыктан сүйүү жана секс медицинанын маанилүү бутагы делген. Төшөктүн пайдасы анын жыргалын кемитпейт, тескерисинче. Сүйүү даосунун түпкү маңызы - сүйүү жана секс жубайларды толук жыргалга бөлөсө гана пайдалуу болот.
1. ДАО ДЕГЕН ЭМНЕ?
Килтейген дарак кенедей уруктан өсүп чыгат,
Тогуз кабат мунара үйүлгөн топурактан тургузулат,
Он миң чакырымга саякат биринчи кадамдан башталат.
Дао-де-дзин, 64-бап.
Сүйүүнүн байыркы даос жолун аңдап билиш үчүн, алды менен дао жөнүндө - сүйүү даосу оргуштап чыккан фонтандан түшүнүк алышыбыз керек. Бул кытайларга астейдил кызмат кылып, акылмандуулуктун жана убакытты таамай тандоонун жардамы менен алардын ички дараметин арбыткан албан философия. Илгертен: "Конфуцийдин окуусу кытайлардын сырт кийими болсо, даосизм алардын жаны" деп бекеринен айтылбаса керек. Бу цивилизация мынчалык узак жашап жаткандыгына чыдамкайлык менен шайкештикти даңазалаган өзүнүн окууларына милдеттүү:
Жааны тартсаң, азаматка багышта,
Ыйбаа кылып, өзүң эле токтойсуң.
Болоттой курч кылычыңды чыңай бер,
Бирок анын мизи кайтат тез эле.
Дао-де-дзин, 9-бап.
Даонун өзүнө келсек - ал табийгаттын сан миңдеген жылдар мурун жаралган даанышмандыгы. Анын негизги жоболорун Лао-Цзы биздин заманга чейинки VI кылымда "Дао-де-дзин" деген китебинде топтогон. Китеп болгону 5000 сөздөн турат, жана дүйнөдөгү даанышман китептердин ичинен эң эле кыскасы болсо керек. Ал көп тилдерге которулган - жалаң англисче 30 жолу жарык көрдү. Ар бир котормочу Лао-Цзынын сөздөрүн өзүнчө түшүнүп, өзүнчө берсе да, дао философиясынын негизинде "энергия жана кыймылдын саны - тирүүлүктүн булагы" деген терең ишеним жатат. Заттардын универсалдуу системасында биз, адамдар, тез жабырлануучу кенедей эле болбогон бир тирижанбыз.
Эгер биз табийгаттын түпсүз күчү менен жуурулушуп тил табышпасак, биз узак жашоодон үмүттөнбөй эле койсок болот. "Дао-де-дзиндин" негизги мааниси ушундай. Дао - табийгаттын ошо түпсүз күчү.










??.??