Сенин гезитиң!
№36, 07.10.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Спорт

Улан Молдодосов:
"Спортто жүрүп ден соолугумдан айрылдым"
ХХIХ Олимпиадалык оюндарда көптөгөн өлкөлөрдүн ичинен суурулуп чыгып, оор атлетика боюнча 11-орунга ээ болуп келген Улан Молдодосов менен болгон маекти сунуштайбыз.

Маектеш жөнүндө маалымат:
Улан Молдодосов 1978-жылы 18-июнда таланттардын уясы болгон Токтогул районунун Токтогул шаарчасында төрөлгөн. Үй бүлөлүү, бир уулдун атасы.

- Олимпиада оюндарынын аяктаганына да бир айдын жүзү болуп калды, бул убакта эмне менен алексиз. Майлап бүтсөңөр керек?
- Мен буга чейин үч Азия, эки жолу Олимпиада оюндарынан сырткары да көптөгөн мелдештерге катышып жүргөндүктөн бул мен үчүн адаттагыдай эле мелдеш болду десем болот. Майласаңар керек дебедиңизби, жооп катары айта турган болсом, жогоруда айтып кеткендей бул мен үчүн адаттагыдай көрүнүш, ошондуктан аябай деле катуу майлап, майрамдаган жокпуз. Пекинден келген соң жөн гана белгилеп койгонубуз болбосо өзгөчө эч нерсе болгон жок. Анын үстүнө спортсмендердин чөйрөсүндө өсүп калгандыктан бизде андай нерселерге көп көңүл бурушпайт. Мындан мурда деле ар кандай мелдешке баратканда эч кимге айтпай эле залдан чыгып, кийимдеримди чогултуп алып кете берчүмүн. Ага карабай ушул оюн үчүн мен жан дилим менен болгон күч аракетимди жумшап катышкан болчумун. Бирок, тилекке каршы ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет тура. Өзүңүздөр билгендей 11-орунга ээ болдум. Бул албетте канааттандыраарлык эмес. Көп өлкөлөр катышып, атаандаштар күчтүү болгондуктан ушундай болуп калды. Дагы кошумчалай кетсем бул менин акыркы олимпиадалык оюндарга катышуум болду. Олимпиададан кийин дөңгөлөктөр чимирилип жашоо уланып жатат, кыбыраган кыр ашат демекчи кыбырап эле жүрөбүз.
- Бизде оор атлетиктер анча деле көп эмес го. Сиздин башкалардан өзгөчөлөнүп оор атлетика менен машыгып калганыңыздын себеби эмнеде?
- Негизи кыргыздардын канында жалкоолук кеңири тараган. А оор атлетика жалкоолорду сүйбөйт. Спорттун бул түрү аябай оор десем болот. Күнүнө жок дегенде 20-30 тоннаны көтөрүү, күн сайын ага мындан оор салмакты кошуу өзүнчө бир эрдик эмеспи. Штангага бир нерселерди айтып, түшүндүрүү болбойт да, анын жаны жок болгондуктан кээ бир убакта болбойт деп токтотуп коюу мүмкүн эмес. Ошол себептүү аны көтөрүүдөн мурда акылды бир жерге топтоо керек. Демек, буга акыл, шамдагайлык анан да тоодой жүрөк керек. Канчалык күчүң болгону менен жүрөгүң болбосо, андан эч качан оор атлетик чыгат деп айта албайм. Кимге гана жакпасын кең далылуу, булчуңдуу болуп турса, бул да болсо жигиттин көркү деп айтаар элем. Байкап көрсөк, спорттун бул түрү боюнча кыргыздын атын алыска, даңкын далайга жеткирип тарыхта өчпөс из калтырган чыгаан инсандардан уучубуз кур эмес. Алардын катарында 80-жылы Москвада өткөн олимпиаданын чемпиону, дүйнөнү төрт жолу багындырган Каныбек Осмоналиевди ким тааныбайт. Андан сырткары дүйнөнүн эки жолку чемпиону Ли Сергей, Д.Кайназаров, Дүйшеев деген инсандарыбыз менен биз ар дайым сыймыктанабыз. Негизинен бизде оор атлетика кеңири тараган эмес. А мен болсо улуулардын жолун улап, атамдын айтуусу менен оор атлетикага келип калгам. Бул багытта даярдык анан режим аябай күчтүү болуш керек. Ошондо ийгиликтин жемиштери биздин колго тиет. Адамдын организминде чек жок. Бир нерсени кылам дедиби жалкоолонбой аны сөзсүз аткарат, баарын багындырат. "Көз коркок, кол баатыр" деген кеп бекеринен айтылган эмес да.
- Режимдин катуу болгону зарыл деп калдыңыз, Спортсмендер үчүн тамактануунун да атайын режими барбы?
- Жогоруда айткандай спортсмендер дайым режимдин үстүндө жүрүш керек. Бир гана тамактанууда эмес, канчада туруш керек, чуркагандын, даярдангандын кыскасы баардык нерсенин өзүнүн режими болот. А сиз сураган тамактануу боюнча айтсам, ал спорт сүйүүүчүлөрдүн салмагына жараша болот. Мисалы, жеңил салмактагылар өзүнүн категориясынан ашып кетпөө үчүн жеңил тамактар, шорпо, салаттардын түрлөрү менен азыктанышып, өзүнүн салмагын сактаганга туура келет. Ал эми орто, оор салмактагылар тамак ылгабай эле жей беребиз. Чөнтөгүң калың болсо кааласаң кара икра, казы-карта, чучук деле жесең боло берет. Негизгиси, режимди бузбаш керек. Мамлекет эч нерсе бербейт, тигинтет, минтет деп тура бербестен аракет кылып иштесек албетте, тиштейбиз да. Мамлекет дебестен өзүбүз да өлкөгө жардам, салым кошуп, алдыга сүйрөгөнгө эмне жетсин.
- Сиз мамлекет үчүн ат салышып жүрүп эмне таптыңыз?Дегеле спорттук карьераңыздын артынан эмнеге жетишип, эмне жоготтуңуз?
- Ден соолугумдан айрылдым. Гүлдөп турган жаштык убакта башкалардай болуп сүйүп-күйүп, дискотекага баргандын ордуна спорттук баштыкчамды көтөрүп алып, спорт залга барып, жаштык доордун кантип өткөнүн да сезбей калыптырмын. Карап көрсөм, үйгө деле жетпедим, ал убакта Н. Танаев өкмөт башчы болуп турган, квартира беребиз дешкен. Бирок, аны деле алган жокмун. Ишенсең, эң көп алган гонорарым 2005-жылы катышкан мелдеште 5 миң доллар болгон. Ага арабай бул жол менен кеткениме эч өкүнбөйм. Мени ушул убакка чейин мамлекет бакты. Алар бергендей тамакты үйдөн жеген эмесмин. Беришпейт эле да (тамашалап). Артта калган күндөргө бир кылчайып ал күндөрдү эске салсам аз да болсо элим-жерим үчүн кызмат кылганга сүйүнөм. Дегеле, кыргыз болуп жаралып калганыма сыймыктанам. Менин жетишкендигим-элимдин жетишкендиги. Кудай буюрса, мындан ары да ал-күч барда талыкпастан элим-жерим үчүн ак эмгегимди аябайм.
- Ден соолукту жоготсоңуз да журт үчүн эмгек кылганыңыз бизди сүйүнтөт. Ошол учурларда эң оор канча салмакты көтөрдүңүз эле?
- Биз күн сайын салмакка-салмак кошуп туруубуз абзел. Эң оор салмак көтөргөнүм 200кг 500г болгон. Бул Кыргызстан боюнча биринчи рекорд.
- Эсиңерден кетпеген ийгилигиңизди айтып берсеңиз?
- Ар бир мелдеш спортсмендердин жүрөгүнөн кетпейт. 2003-жылы Кытайда өткөн Азия чемпионаты эч эсимден кетпейт. Анда ошол учурдагы салмакты көтөрсөм, 3-орунга жетишмекмин, көтөрө албай калсам 6-орунга түшүп кала турган болуп калдым. Анда мен 77кг салмакта болсом, штанга болсо 187кг болчу. Ага карабай ошол салмакты көтөргөндө чыканагымдын тарамыштары үзүлүп кетти. Ошентсе да 5 секунд көтөрүп туруп, калыстардын "түшүр" деген ишаратынан кийин, жеңишиме кубанып, колумдун ооруганы да эсимден чыгып кетиптир. Чыканагым көгөрүп, ооругандан кийин сездим. Бирок, мындай көрүнүштөр биздин жетишкендиктерибиздин алдында эч кеп эмес.
- Эми спорт темасынан оолактап, жеке жашооңуз жөнүндө кеп козгосок кантет?
- Жакшы болот. Үй-бүлөлүүмүн. Балдай таттуу Асел деген келинчегим бар. Экөөбүздүн сүйүүбүздөн жаралган Арсен деген уулубузду тарбиялап жатабыз. Асел банк кызматкери, азыр декреттик эс алууда.
- Уулуңуздун ысымын ким койду эле?
- Чоң атасы койгон. Биздин убакта Алмаз, Улан, Бакыт деп эле кое беришет эле го. Азыркы учурда өзгөчө ысымдар мода болуп калбадыбы. Ошон үчүн Арсен деген ысымды тандап, жакшы тилектер менен коюшкан.
- Уулуңуз сиздин жолду тандаса эмне кылмаксыз, кантсе да күңгөй-тескейди жакшы билесиз да?
- Бүгүнкү күндө балдарга чет тилдерди, компьютерди үйрөтүп, чет өлкөгө окууга жөнөтүп жатышпайбы. Мен дагы аталык милдетимди аткарып, балама билим берүүгө милдеттүүмүн. Мен дагы ата жолун жолдоп, атамдын каалоосу менен спортко келип, бул чөйрөдөн чыга албай калдым. Мен да балама жол көрсөтүп коем, калганын өзү чечет. Кыскасы, балам эмнени кааласа, ошого шарт түзүп бергенге даярмын.
- Бул жашоодо адам бир орунда турбайт эмеспи. Сиз да спорттон кеткен соң эмне менен алектенем деп ойлойсуз?
- Спорттун баардык жагын көрдүм, ысыгына күйүп, суугуна тоңуп бүттүм десем да болот. Спорттон кеткен соң кайра эле ушул спорттун аксап турган жагын көтөрүп, бир учун тартсам деген аруу тилектерим бар. Мисалы, Россияда ар жума сайын спортсмендердин жашоосун элге тааныштырып, ар тараптан колдоп, коштоп турушат. А бизде андай эмес. Спортсмендерди маалыматтык жактан колдоп турсам дейм.

Маектешкен Нурзат Жусупова










??.??