Сенин гезитиң!
№36, 07.10.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


  Атактуулардын ааламында

Атактуулар арыла албаган адаттар
Бир күндө 5-6 жолу мурдун чукуган Джастин
Көпчүлүк бийкечтердин жүрөгүнүн төрүнөн орун алган ырчы жигит Джастин Тимберлейктин мурдун чукуган жаман адаты бала чагынан бери келе жатат. "Ишенсеңер ушул жоругум мени көп жерден ыңгайсыз абалга калтырып жүргөнүнө карабай, бүгүнкү күнгө чейин таштай албай убара тартып келем. Менин бул жаман адатым атактуу болуума терс таасирин тийгизбегенине кудайга шүгүр"- дейт ырчы жигит.
Джастиндин жаман адаты тууралуу; "Мен Джастинди аябай жакшы көрөм, мындай атактуу жигитке баардык жаман нерселер кечиримдүү. Бирок ал ушул адатын таштаса бар байлыгымдын баарын берет элем" деп Бритни Спирс ой бөлүшкөн. Тилекке каршы, 27жашка чыкса да Тимберлейк бир күндө мурдун беш алты жолу чукуйт. Өзгөчө колу бош отуруп калса эле колу мурдуна жетет экен.

Жылаңачтанганды жакшы көрөм...
Мындай адат ай чырайлуу актриса,ырчы кыз Дженнифер Анистонго таандык. Өз үйү, өлөң төшөгү өңдүү энеден туума жылаңач болуп жүрүү адаты ага 18 жашынан баштап калыптанган. Кошуналарынын ачык турган терезеден шыкаалап караганы актрисаны уялтмак тургай ага кайра ырахат тартуулаганы таң калыштуу.Үйүнүн ичинде жылаңачтанып жүргөнгө алымсынбаган Анистон эми короосундагы бассейнге чейин ошол кебетеси менен чыгууга өткөн. Бул бир чети күлкүнүчтүү, бир чети таңкалыштуу адаттан актриса арылууну ниет да кылбайт, анткени ал мүчө келбетин баарына жар салып көрсөткөндү жакшы көрөт, анын ою боюнча жарык дүйнөгө бир гана жолу келгендиктен ар бир адам оюна келгенди кылып, кутурууга толук акысы бар.
Ал эми актрисанын коңшулары бир ооздон "Алгач анын бул кылыгы туура эмес экенин айтып, кайра-кайра карай берсек кийин жайына койдук. Бирок анын жылаңач кебетесин көрүп уялбагандан өзүң уял болот экенсин" -дешүүдө.

Бат-баттан үй алмаштырган Боря
Башкалардыкынан айырмаланып Борис Моисеевдин адаты капчыгына катуу эле урат экен. Тагыраак айтканда, Борис бир үйдө беш жылдан ашык жашай албайт. Бир эле жагдайдагы жашоо аны тажатып жиберээрин жашырбайт. Тапкан тыйынынын баарын Моисеев там сатып алганга жумшайт. "Бул адат эмес эле оору окшойт, өзүм да мындай көрүнүштөн тажап турсам да адатыман арылууга эрким жетпей койду. Буга чейин канча там сатып, канча жолу үй алмаштырганымды мен айтпай эле коёюн силер укпай эле койгула"-дейт үшкүрүнгөн Моисеев.
Достору менен туугандары анын адатын көп түшүнө беришпейт жана "көпкөндүк" катары көрүшөт. 40-50 жыл деле жакшынакай бир эле тамда жашай берүүгө болот деген ойлорун Бориске жолуккан сайын кулагына куя берип чарчашкан.

Тамакты сүйгөн жылдыз
Борба Стрейзонд үстөлгө отурса эле күчүн тамактан чыгарат. Анын жолдошу белгилүү актер Джеймс Бролин жубайына жардам берүү максатында кайрылбаган жери калган эмес.
Борба өтө майлуу жана таттуу азыктарды ченемсиз жей бергендиктен саналуу жумаларда 15 килограммга семирип кетиптир. Бүгүнкү күндө да ушул калыбынан жазбай келет. Джеймс жакын туугандары менен досторуна кеңеш сурап, кино жылдызды жакшыраак жолго салууларын өтүнгөн. Ашыкча толуктугунун айынан Борба көчө аралап басканды токтоткон. Парик, кара көз айнек кийгенине карабай күйөрмандары кол тамга алабыз деп аз жерден тебелеп өлтүрүп коё жаздашкан.

Көк моюн менен достошкон Мур
Деми Мурду кичинекей кезинен арак ичкен апасы, өгөй атасы тарбиялашкандыктан ата-энесинин тубаса "таланты" кызына өткөн. Бала кезинен өгөй атасы көп сабаганы да Мурдун бүгүнкү күнгө чейин психологиясына терс таасирин тийгизүүдө. Ал эми арак ичүү адатын таштоо анын эң негизги максаты. Бирок азырынча жыйынтык бере элек. Актрисаны сьемкага тартууга режиссерлор чакыруудан чочулашат, анткени аракка тоюп алган Деми Мур ошол турган жеринен ызы-чуу салгандан кайра тартпайт. Баңгизатына азгырылып аз жерден калганын анын жакын достору кабарлашкан.

Кыз жандуу Брюс Уилмис
Жылдыздардын пайдасынан зыяны көп адаттарын айта берсек түгөнбөчүдөй өңдөнөт. Атагы таш жарган актер Брюс Уилмис да арыла албаган адаттардан кур калбаптыр.Көрсө ал табиятынан кыз жандуу тура. Убактысынын, акчасынын дээрлик баардыгын сырткы келбети келишкен,койкойгон бийкечтерге коротот. Бул алсыз адаты анын жеке жашоосуна тескери таасирин сансыз жолу тийгизгенин жашырбайт. Айласы куруган Брюс бул жоругунун алдында алсыз экенин мойнуна алып далай жолу күрөшүп көргөн. Бирок аны күнү-түнү айланчыктап күйөрман кыздары тоскоол болуптур. Адатынын айынан бир жолу башкы каармандын ролу сунушталган кинонун сьемкасына кечигип барат. Күтө берип тажап, жини келген режиссер Брюс Уилмистин ролун андан кем эмес таланттуу актерго ыйгарган.










??.??