Сенин гезитиң!
№36, 07.10.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Шумдугуң кур

Жасалма сулуулуктан жабыркагандар
Модага айланган "пластика"
Адамзаты ашынып, айласы кеткенден улам өз билгендерин жаcашат дешсе, кээ бири табият аларды таарынткан үчүн ушундай жолго барышат деп түшүнүшөт.

- Пластикалык операцияга көбүнчө сырткы келбетине канааттанбагандар, дене-мүчөсүнүн түзүлүшүн кыялындагы тартып алган образга окшоштургусу келгендер барышат. Бирок, тилекке каршы көп учурларда операция ийгиликтүү өтпөй, кардарлар келбетине ыраазы боло беришпейт. Мындай жагдайда алардын психологиясына доо кетип, күзгүдөн көргөн сайын кыжыры келээри айтпаса да белгилүү. Ошол үчүн хирургдар кардарлардын сырткы келбетин "ремонт" кылууну гана көздөп тим болбостон, алардын жан-дүйнөсүн да түшүнүү менен карашса. Анткени жогоруда айтып өткөндөй көп учурларда артык кылабыз деп тыртык кылып, адамдын сырткы келбети оңолмок тургай жашоосун түп-тамыры менен талкалап алган учурлар миңдеп саналат-дейт психолог Александр Гуляев.

Пайда болуу тарыхы
1950-жылдары Америка Кошмо Штаттарында "кичинекей көкүрөктөн арылуу" деген айымдардын арасында оору кеңири таралган. 1961-жылы Хьюстондон чыккан хирургдар Томас Кронин жана Франк Герду атайын ар түрдүү өлчөмдөгү силикон көкүрөктөрдү ойлоп табышат. ХХ кылымдын 90-жылдары пластикалык операция менен силикон салууга тыюу салынган. Анткени дал ошол учурда мындай кооптуу операциялар рак оорусун жана мээдеги шишиктин пайда болушун кескин өөрчүткөн. Статистикага таянсак 1989-жылы көкүрөгүн чоңойтуу үчүн хирургдардын жардамына бир миллион адам кайрылган.
Операция жасаткысы келгендердин арасынан Ганконг элинин 94% каршы. Индонезиянын 92%, Япониянын 91%ы мындай көрүнүштөрдү колдошпойт

Операциядан рекорд койгон айым
Джоселин Вильденштейн дүйнө жүзү боюнча эң көп пластикалык операция жасаткан айым катары таанылган. Анын мындай кадамга барышына өзүнүн күйөөсү себепчи болгон. Ал 21 жаштагы моделдин артынан ээрчип кеткенде, Джоселин жолдошун кармап калуу ниетинде хирургдардын жардамына кайрылган. Улам жасалган келбети улам жакпай отуруп, аягында токтоно албай калыптыр. Алгач ал көзүн мышыктыкындай кылып берүүнү суранган жана "Cat women" деген атка конот. Андан соң көкүрөгү, жамбашы, мурду, оозу… болуп отуруп табигый түсүн таптакыр жоготкон. Учурда бул эр жүрөк айым 67 жашта. Эске салсак, эң биринчи көкүрөгүн чоңойткон аял америкалык Тимми Джин Линдсей болгон, 1962-жылы хирург Френк Джироу операция жасаган.


Жаштардын арасында эң популярдуу болуп ринопластика (мурундун формасын өзгөртүү) турат. Көбүнчө 18-25 жаштагы улан-кыздар жасатышат. Андан соң липоскульптура (дене-мүчөнү оңдоо), мастопластика (көкүрөктүн өлчөмүн чоңойтуу) жана отопластика (кулактын формасын өзгөртүү) турат.
Кытайда махабат күнү сүйгөн адамына сырткы келбетин өзгөртүп аны кубандырып же таңкалтырып "белек" тартуулашат. Майрамга эки-үч күн калганда жаштар операция жасоочу клиникаларга жык-жыйма толуп, бир-эки ай мурун кезекке туруп, акчасын төлөп коюшат. 370 долларды түзгөн операциянын баасы заматта көтөрүлүп 2500 долларга жетет экен. Ал эми сурманы чоңойтуп, мурунду өзгөртүү 5000 долларды чапчыйт. Ошол эле учурда Улуубритания менен АКШда "үй-бүлөлүк" өзгөрүүлөр башталат. Тагыраак айтканда аялы менен күйөөсү биргеликте махабат күнү сырткы келбетин, көкүрөгүн, булчуңдарын айтор, башынан-аягына чейин сырткы келбетин өзгөртүүгө бел байлашат. Операцияга акчаны бир-эки жыл бою камдаган бүлөлөр бар экен. 2008-жылы сырткы келбетин өзгөртүү 48% га өскөн.
Эгерде операциялардын баасына көз салып көрсөк келбетти өзгөрткөн эң кымбат өлкө Калифорния экени аныкталган. Хирургдардын гонорары бир опррация үчүн бир нече миң долларды түзөт. Экинчи орунда Россия турат. Өзгөчө Санкт-Петербургдун клиникаларында жасалган операциянын баасы Калифорниядан бир аз гана азыраак.

Күн санап өскөн көкүрөк
Лола Феррали Францияда эң бай үй-бүлөдө төрөлүп өсүп, эч нерседен кем болбой чоңойсо да анын келбети, турпаты аны эч качан канааттандырбаптыр. 1981-жылы жашоосу, аны менен бирге келбети да өзгөрө баштаган. Бүткөн боюн операция жолу менен өзгөрткөн соң ал стриптиз барда бийлеп, киного тартылып, көкүрөгү менен кошо атактуулугу күн санап өскөн. Башында күйөөсү аялынын келбети менен сыймыктанса кийин жасалма сулуулук аны жадаткан өңдөнөт, кийимин чогултуп алып үйүнөн чыгып кете берген. Жашоосундагы кескин бурулушту күтпөгөн Лола Ферралини көп дозадагы ден соолукка зыяндуу дары ичип, акыл-эси айнып калган деген айың сөздөрдүн аягы бүгүнкү күнгө чейин бүтпөй келет

Даярдаган А. Дүйшөналиева









??.??





??.??