Сенин гезитиң!
№36, 07.10.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


 "Обон"-почта

ОП-36-01. Салам достор! Жашоо керемет болуп жатабы? Эх, ошентип октябрь айы да кирип келди. Бул айда баарыңарга ден соолук жана туптунук сүйүү каалайм! Достор мен силерди абдан жакшы көрөм! ХАН-ШАЙ

ОП-36-02. Салам "Обонушка" бир кезде сиздерге вагон, вагон СМС жөнөтчү элем, соткам жок жөнөтө албай аябай эле бук болуп кеттим. СМС жөнөтпөсөм да "Обондун" бир да санын калтырбай окудум. Нурия

ОП-36-03. Салам достор, мен жаңы СМСчи досуңар. Оштон Бегимай

ОП-36-04. Талантыңыз өчпөсүн, көңүлүңүз чөкпөсүн. Ар убак сизди колдогон, мендей күйөрманыңыз көп болсун Ислам Акматов. Бегимай

ОП-36-05. Саламым Орок айылында жашап жаткан жигитим Русланга, мен сени чексиз сүйөм, мени коркутпай жүрчү жаным. Нарындан Жаркынай

ОП-36-06. Ноокаттын Ак-Булак айылында жашаган атам Өмүрзак, апам Ибадатка салам жолдойм. 07730352хх

ОП-36-07. Эх Чынгыз, кандай керемет жансың, сени сүйгөнүмө эч качан өкүнбөйм. Сага болгон сүйүүм мага дем- күч берип, жашоого болгон кызыгуумду арттырып, кыскасы керемет жашоо тартуулайт. Сизге жүрөк ручка белек кылган Нурия

ОП-36-08. Астанада кыйратып иштеп жүргөн досторум Айдар, Русик, Нурбек, Кадыр, Аданга салам жолдойм. Питерден досуңар Тынчтык

ОП-36-09. Саламым Эма Гузелге, сен жакшы кыз экенсиң, ар дайым ден соолукта бол, тилеген тилегиңе жет. Ата-энеңди ардактаган, сыйлаган кыздардан бол. Жакшы оку жана сага түгөнбөс сүйүү, өчпөс махабат каалайм. Эля

ОП-36-10. Назгүлдү жана жолдошум Алмазды 29-сентябрь туулган күндөрү менен куттуктайм. Узун өмүр, ден соолук каалайм. 05559198хх

ОП-36-11. Чернушка жаным, мен сени чексиз сүйөм. Белый

ОП-36-12. Түндүн караңгылыгында, күндүн жарыгында, суунун тамчысында, кээде жанымда кээде түшүмдө бирок, ар дайым акылымдасың. Ушуну эч качан унутпачы жаным Чынгыз Мырзаев. Күнүгө ойлонбосом санаам тынбай, сагынычтан азып калган адамдай. Түйшөлтүп түн уйкумду бөлчү болдуң, Чынгыз, сен бир мен үчүн жаралгандай, бар бол айдын бүркүтү. Лазат

ОП-36-13. Кызыл гүл ачылбасын, ачылса да жабылбасын. Дүйнөдө ар бир адам сүйгөнүнөн айрылбасын. 07731756хх

ОП-36-14. М.Иманбековго чыгармачылык ийгилик. Дайыма ушунуңдан жазба. Бар болуп, бай болгула. Гүлкайыр

ОП-36-15. Оуу-уу "Обонгүл" үйүңдө мейман көп го, ии мына-мына дагы келе жатышат! Келгиле достор төргө өткүлө! Үйдү көрүп алдынар. Эми мындан кийин келип тургула ээ?! ХАН ШАЙ

ОП-36-16. Cалам "Обон". М. Чынгыз жаным, бир кезде: Уктасам сен деп уктап, сен деп турам, Жараткан бул оорунун дарысы не? Акын эмес адамды да акын кылган!-деп жүрөк сыздап жазып бергенмин, ушул ырым эсиңдеби? Эми ал ырды башка кыздар да бирөөлөргө арнап жүрөт. Эх, Чынгыз сага арнаган канча ырым, алардын ар бир саптары ушинтип тарап кетти, аны окуп жүрөгүм эзилет. Айла жок, не демекмин, уялбагандан өзүң уял болуп кала берем го. Лазат

ОП-36-17. Абам Замирге чоң салам, окууңарды жакшы окугула. Гүлшайыр

ОП-36-18. Турсун, тамашалап сүйбөйм десем жоголуп кеттиң да. Д….

ОП-36-19. Эң жакын досум Маралбекке чоң салам. Гуличка

ОП-36-20. Ырчылардын таланттуусу Т.Назаров дайыма бар болуңуз. Дүйнөдөгү баардык жакшылыктарды каалайм. Самара

ОП-36-21. Кудай тарабынан түш адамдарга бири-бирин унутпай жүрүү үчүн берилген. Азыр сен алыстасың, ошондуктан кел экөөбүз түшүбүздө жолугушалы. Эма Гузел

ОП-36-22. Кыргызда болгону бир Бактыгүл жаралса ошону да көрө албайсыңар да кыргыздар. Бактыгүл сен ага терикпе. Ит үрө берет, кербен жүрө берет. Күйөрманың

ОП-36-23. Алматынын "Арал-3" базарында иштеген Гуля89, мага сенин сулуулугуң, чечкиндүүлүгүң, ишкерлигиң, боорукерлигиң, шайырлыгың, аракетчилдигиң, тазалыгың, жагымдуулугуң, башка кыздардан өзгөчөлүгүң ошондой эле түшүнүктүүлүгүң менен өтө жагып калдың. Билем мен сендей кыздын тырмагына да татыбайм. Кандай бактылуу адам болду экен сен сүйгөн адам. Бирок, не болсоң да мен сени сүйүп келгем, сүйө берем. Жастин

ОП-36-24. Салиева айылындагы Даниярга салам. Кеңештен сүйгөн кызыңыз Элина (Гүл)

ОП-36-25. Салам Ильяз байке, сиз суперсиз, сизге эч ким жетпейт. Жакшы ырдайм, сизге барсам жардам бересизби? Эдик

ОП-36-26. Урматтуу агайлар жана эжейлер, сиздерди мугалимдердин күнү менен куттуктайм. 0777193814

ОП-36-27. Салам "Обондун" СМСчилери мен да араңарга кошулдум. Элина

ОП-36-28. Саламым сүйүктүү досторум Мира, Таня, Сати жана Эляга. Зама

ОП-36-29. Саламым Ильяз Абдыразаковго жолдонот. Алдыдагы концертиңе ийгилик каалайм. Азаматсың, жүзүңдөн күлкү кетпесин. Жылдыз

ОП-36-30. Ислам Акматовдун күйөрмандары барсыңарбы? Достор кумирибизди ар убак колдойлу. Талантыңыз өчпөсүн, сиздин ырларыңыз эң сонун. Россияда Дима Билан болсо, Кыргызстанда Ислам Акматов деген таланттуу ырчы бар. Оштон Бегимай

ОП-36-31. Ошто окуган досторум Канат, Жыргалдын окууларына ийгилик каалайм. Руслан

ОП-36-32. Өрнөк орто мектебинде окуган классташтарым Айдай, Мунара, Алина, Айгерим, Жазгүл, Жылдызга салам жолдойм. Гүлбара

ОП-36-33. Токтогулдун Терек-Суу айылына салам. Фатима

ОП-36-34. Саламым Нурбекке, мен сени 16 жылдан бери сүйүп келем жана да сүйө берем. Тагдыр бизди кошпогонуна өмүрүм өткүчө өкүнөм. Ар дайым жубайыңдын, балдарыңдын жана менин бактыма аман бол. Сабина

ОП-36-35. Оо, калайык, кышка даярдык кандай? Буюрса кышты да жеңебиз. Эма Гузел

ОП-36-36. Кочкордо жашаган эжем Гүлнурга, жездем Айбекке жана балдары Зулейхага, Азаматка чоң салам. Эч оорубагыла. Карпыкова Динара

ОП-36-37. Саламым Жалал-Абаддын Тайгарасынан Саматка чоң салам. Москвадан Пирматов Азизбек

ОП-36-38. Бишкекте окуп жаткан тажикстандык досторум Нур, Памка, Бакыт, Рахат, Жумагүлгө салам. Досуңар Асел

ОП-36-39. Астананын "Зулкия" базарында иштеген Гүлзар мен сени сүйөм. Айбек

ОП-36-40. "Жалган" деп ырдаган, кыргыздын кызымын деп сыздаган Неля,мен сен бүтүп кеткен мектепте окуйм. Азаматсың, №39 мектептин желегин желбиретип жүрө бер. Менин сага бере турган суроолорум бар. Мени чакырсаң сонун болмок. Айка-Айдана 0555273468

ОП-36-41. Сагынычтуу саламым супер ырчы Ильяз Абдыразаковго, сизге чың ден соолук, узун өмүр, бакыт-таалай дагы баардык жакшылыктарды каалайм. Эч качан оорубаңыз, суук көздөрдөн алыс жүрүңүз. Беш убак намаз окуңуз. Эч качан ушул калыбыңыздан кайтпаңыз. Алга карай умтулуңуз, эч качан тайманбаңыз. Сизди ар тараптан колдогон күйөрмандарыңыз бар. Сизди эч качан унутпайбыз. Зейне

ОП-36-42. Ноокаттын Кайрагач айылындагы энеме, Исакка ж.б. баардык туугандарга салам. Ошондой эле Ой-Талаа мектебинин жалпы мугалимдер жамаатын майрамдары менен куттуктайм. 11а-классынын окуучуларына да салам. Мыкты окугула. Гүлнара

ОП-36-43. Саламым Аксы районунун Кош-Дөбө айылындагы таенем Уулжанга, таякем Самарбекке жолдонот. Ар дайым ден соолукта болуңуздар. Бишкектен небереңиз Канжар.

ОП-36-44. Саламатсыңарбы Шамалды-Сайлык жердештерим. Гүлиза

ОП-36-45. Иним Марленге чоң салам. Батыраак чоңой. Эжең Саатбек кызы Нуриза

ОП-36-46. СМК "Каскад" фирмасында иштеген кесиптештериме салам. Гүлиза

ОП-36-47. Саламатсызбы Неля, жашоодо изденүүдөн адам өсөөрү чын болсо, сиздин пенделик рухий мунаранын туу чокусуна жетээриңизге үмүтүм зор. Сиз менен маектешүү жазмыштын белеги болмокчу, андан калган таасир мезгил толкунунда из катпаарына ишенем. Мээрим 07775848хх

ОП-36-48. Неля, түн жарымы, сени ойлойм, сени эңсейм. Сен сезесиң сени сагынганымды. Экөөбүз жолукчу учур келди. Жолукпасаң 10 жылга бактыңды жоготосуң. Бир келген бактыңды колдон чыгарба. Бул чындык. +770260722хх

ОП-36-49. Саламатсызбы Неля эже, ак жол сизге. Мага жаккан Неля эже, жылда берет концертин, чарчадым деп талыкпай, ырдап жатат Неля эже. Өз кесибин тандаган Неля эжеге рахмат. Күндө элди кубантып, ырдай бериңиз Неля эже. Гүлиза 07778182хх

ОП-36-50. Урмат менен Бактыгүл экөө тең "жүргөн эмеспиз" деп бардык жерде айтып жүрүшөт. Анан эмне эле Неляны жаманатты кылып "тартып алды, уруштуруп салды" дей беришет. Нелянын Бактыгүл менен иши дагы жок. Гуля сага айтаарым бирөөнүн жеке турмушуна киришпей жүр. Кудайдын алдында күнөөлүү болосуң. Мария

ОП-36-51. Эма Гузел Эламанды Америкадан же Германиядан табасың. Мен Оштон издеп сага таап берейин десем кетип калыптыр. Каникулга келип турат экен. Мемо

ОП-36-52. Аделина Ильяз Абдыразаков жөнүндө маалыматың көп экен, досум билбепмин. 350 сүрөт Ильяздын өзүндө да жок болуш керек, бакыт каалайм. Мемо

ОП-36-53. М.Атабеков ар шаршемби сайын "Бравого" келип убара болбой, биротоло УТРКга көчүп барып албайсыңбы? Анан өзүң бил. Ни-Ко-Ся

ОП-36-54. Өзгөндүн Мырза-Арык айылына салам. Апа, атам экөөңөр биздин бактыбызга бар болгула. Дамира

ОП-36-55. Неля, сенин чыгармачылыгың эмес, аялзатына тиешелүү ар бир сапатты сактай билгендигиңди жана назиктигиңди жактырабыз. Ар кимдин айткан жаман сөздөрүнө жүрөгүң оорубасын. Сени биз жакшы көрөбүз. "Таш ыргытса, аш ыргыт" деген жакшы сөз бар эмеспи, акылы тайкыларга эрегишип эмне кереги бар. Ар ким өзүнүн кандай экенин бир сөз менен билдирип коёт эмеспи. Биз сага ишенебиз. Айзада, Акбаары 07778101хх

ОП-36-56. Тазагүл, Нурсултан, Бегимай, Нурчик балалыгыңар бактылуу өтсүн. Аида

ОП-36-57. Шайыр жездеме, Ханзада эжеме салам жолдойм. Жезде ишиңизди ийгилик коштосун, эжем менен балдарыңардын убайын көргүлө. Балдызыңар, Аида, Элиза

ОП-36-58. Апам Айгүл, иним Кубан, курбум Аидага жана көлдүк Бостериев Нурлан байкеме салам. Мен силерди жакшы көрөм, бакыт каалайм. Асел

ОП-36-59. Анекдот: "Дордойдун" чөнтөкчү кызы менен "Ош" базарынын чөнтөкчү жигити үйлөнүшөт. Кыздын боюнда болот. Айы жетип кыз төрөйт, бирок кыздын колу жумулуп, эч ачылбайт. Бир күнү жуунтуп жатып, кызынын колу ачылып жатканын көрүп караса, акушерканын шакеги чыгат. 07778662хх

ОП-36-60. Асена18 кел, албетте таанышабыз, достошобуз. Бирөөбүздүн номерди эле тапсаң баарыбыздыкын тапкан болосуң, андыктан эшик ачык. Мемо

ОП-36-61. Шыңга бойлуу, арыкчырай, чечен сөздүү, таң азандан тамашалуу, куйкум, ширин сөздөрү, жагымдуу үнү менен маанай көтөргөн кыргыз элинин сыймыгы, кыздардын сүйүүсү Ч.Мырзаевге салам. Дүйнөдөгү бардык жакшылыктарды каалайм, бактылуу болуңуз. Мемо

ОП-36-62. Неля сулууга: Жадырап нуруңуз төгүлсүн, ажайып кооз күлгөнүңүздү кайгыга салган адам болбосун. Асмандагы "Алла" сизди колдосун. Сизди терең урматтап айдан түшкөн сөз арнайбыз. Мирбек 07724315хх

ОП-36-63. Хан-Шай эже, эми үзбөй көп-көп СМС жазып турам. Айтыңызчы, качан той жейбиз? Жаңы жумушуңуз кут болсун. Качан майлайбыз. Мемо

ОП-36-64. Эламан, сен мен үчүн айтылып бүтпөгөн ыр, жазылып бүтпөгөн дастан, түгөнбөгөн кенч, аягы жок асмансың. Сен менин өмүрүмдүн гүлү, суусу, абасы, жыргалысың Эламан. Мен сени сүйөм. Эма Гузел

ОП-36-65. Кыргызымдын назик , татынакай кызы Аделина, убакыт келсе таанышаарбыз, аман болуп, ынтымакта жашайлы. Бири-бирибизди сыйлайлы. Эма Гузел

ОП-36-66. Көтөргүлө билекти, Кудайым берсин тилекти, ылайым эле Неля эженин мындан аркы чыгармачылык чыйыр жолу табыштуу болсун. Керемет ырларды ырыстуу кыргыз элине тартуулап жүрө берсин. Ар дайым ушул чырайыңыздан жазбаңыз. Мен сизден белек сурап тынчыңызды кетирбейм. Бирок, кыргыз элинде куру аякка бата жүрбөйт деген маанилүү кеп бар. Тилек 07774982хх

ОП-36-67. Керемет жашоону даңазалаган эң популярдуу радио "Кыргызстан обондорунун" ди-джейи Эдил Эркинбаевге салам. Нурзат

ОП-36-68. Кыргыз-Түрк лицейинин окуучуларына чоң салам. Айрыкча 11-а классына. Классташтар мен силерди аябай сагындым. Сагынычтан көзүмө жаш алып, өткөн күндөргө кайтып баргым келет. Асел

ОП-36-69. Неля эжедей сулуу дүйнө жүзү боюнча табылбайт. Кыргызстанды дүйнөгө сиз тааныта аласыз деп ойлойм. Анткени сиздин үнүңүз булбулдукундай кооз. Менин "Апамдын махабаты" деген ырым бар, эгер макул болсоңуз ырдап чыкпайсызбы? Экөөбүз жолугалычы? Назика 07775661хх

ОП-36-70. Саламым Тараздагы тагам Нурбек, жеңем Чынарга жолдонот. Насиба

ОП-36-71. Эма Гузел СМС жазгандан башка ишиң жокпу? Эламандын башка кызы бар. Адас

ОП-36-72. Эң сүйкүмдүү, эң таланттуу кыз Неля бар бол дайым, арыба, ден соолук тилейм. Ооруба, талантың менен ташкында, өнөрүң менен өркүндө. Ушундан жазба. Жаңыл 07778816хх

ОП-36-73. Мага СМС жазгандардын баарына рахмат. "Керемет жашоо" командасына салам. Эмне силерге мүчөмүнбү, дагы кимдер бар, атаандашыбыз ким? Эма Гузел

ОП-36-74. Дилноза жүрөгүмдүн түпкүрүнөн орун алган, сага жолукканыма, ушул дүйнөгө сени алып келген ата-энеңе, сени тапкан кыргыз жериме, ачык асманга, көздү уялткан күнгө, түндө жыбыраган жылдыздарга миң мертебе ыраазычылыгымды билдирем. Дос көп, бирок бул дүйнөдө табылбас досуң Анара

ОП-36-75. Кыргыз элиме жана УВД, ГУВД, УГАИде иштеген байкелерге, досторго салам. Тариэл

ОП-36-76. Неляга: Сүйүү, сүйүү, сүйүү кандай көңүлдүү, сүйбөй адам өткөрөбү өмүрдү. Эгер менин чын сүйгөнүм сен болсоң, жүрөгүмдөн сунар элем ак сүйүү. Неля бактылуу бол, көп жаша. Тынычбек 07774044хх

ОП-36-77. Саламым "Обондун" СМСчилерине. Жаңы СМСчи Кайрат

ОП-36-78. Эма Гузел, Хан-Шай силерди көрсөм таң калат болушум керек. Эдик

ОП-36-79. Ай чырайлуу, жылдызы жанган, ажарлуу кыз Хан-Шай мен сени издеп таппай келем, сага азгырыла берем. Мен алыстан, сыртыңдан жактырып жүрөм. Гүлбешекер

ОП-36-80. Салам Неля, талантың ташкындап өссүн. Кыргыз эстрадасынын ханышасы сиз деп эсептейм. Ар дайым бар болуңуз. Сиздин чыгармачылыгыңызды терең урматтайм. Бекиш 07722433хх

ОП-36-81. Неля, кыргызымдын бактылуу, ыймандуу кыздарынан бол. Сураныч, мени баарлашууга чакырып койчу, сени менен жолугуп, жакындан таанышайын дедим эле. Нургүл 07730255хх

ОП-36-82. Кумирим Мирбек Иманбековго чоң салам, чыгармачылык ийгилик каалайм. Бар болгула. Караколдон Айка, Күлкайыр

ОП-36-83. Жаным Ч.Мырзаевдин "Айтылгыс арман" ырын "Сен сүйгөн обон" рубрикасына чыгаргылачы? Нурия

ОП-36-84. Саламым акылдуу, ыймандуу смсчи жигит Кайратка. Кайрат мындан кийин биз менен бирге бол! "Обондун" смсчилерине эшик ар дайым ачык! Мен силер менен биргемин! Силерди сыйлап ХАН-ШАЙ

ОП-36-85. "Обондун" СМСчилеринин баарына салам, ишиңерге жана окууңарга ийгилик. Мен силер мененмин. Канжар

ОП-36-86. Ойлонуп көрчү ким улуу? Бул дүйнөдө эң сулуу, эң ыйык, эң улук - эне. Энелер бар болгула. Чукс

ОП-36-87. Кудай буйруп, 18ге толуп, Ата-Мекенди коргогону аттанып жатам. Неля эже сураныч, баарлашууга мени чакырыңызчы, аскерге кетээрде сонун белек болмок. 07736485хх

ОП-36-88. Жаным Сүйүн,сени чексиз сүйөм. Миргүл

ОП-36-89. Иним Аюбаны 6-октябрь 3 жашка толушу менен куттуктайм. Бар бол, бай бол, бий бол. Эжең Миргүл

ОП-36-90. Гүлкайыр, сен мени сүйчү элең го. Номериңди алмаштырдыңбы? Мага чалчы? Канжар

ОП-36-91. Салам "Обондун" такай окурмандары, баарыңыздарга бакыт каалайм. Мөлмөл

ОП-36-92. Өзгөн районунун Мырза-Арык айылындагы 84-жылкы досторума, классташтарыма салам. Окуган болсоңор кабарлашкыла. +77014515898. Чымкенттен Мелис

ОП-36-93. Чынара, бар бактым сенсиң го алтыным. Канжар

ОП-36-94. Саламым алтын апама. Эч качан оорубай, менин бешенеме бар болуңуз. Гүлзада

ОП-36-95. Алматыдагы шокаладка, бөлөм Айжамалга салам. Кеша

ОП-36-96. Хан-Шай өтө шайыр кызсың. Ар дайым бар бол. Жемчуг

ОП-36-97. Кербен Куба жана Алматыдагы Кубага салам. Аман эле болгула. Жемчуг

ОП-36-98. Жашоо деген ушу тура, зорго качып келдим. Мени бирөөгө окшоштурганбы билбейм. БМВ машинасына салып, сен бир адам өлтүрдүң дешип, салып кетишти. Анан кантип машинадан секирип жибергенимди билбейм. Бирок, мен адамды кантип өлтүрүп салайын. Өзүм адаммын го. Асыл

ОП-36-99. Айдын нуру мага төгүлүп, Ай жаңырып сүйкүм көрүнүп, Олтурамын жалгыз мен кечте, Таанышсам деп СМС жөнөтүп. Бирдик болсо чыккыла, мени менен таанышкыла. Менин атым секрет, билгиң келсе звонит эт. 0772471332

ОП-36-100. ПК ИСИТОдо окуган баардык студенттерге салам. Өзгөчө 07-08 группасына. Нурзат

ОП-36-101. Таштанбеков Малик, мен сизди чын жүрөгүмдөн сүйөм. Дагы жолугаар бекенбиз? Назира

ОП-36-102. Саламым досторум Айбек, Беки, аяштарым Наргиза, Заринага, кичинекей Арленчикке жолдонот. Аларга чың ден соолук, узун өмүр, иштерине ийгилик каалайм. Асыл

ОП-36-103. У.Усеновдун "Махабат кайырчысын" уккан сайын сыздайм. Менин да жан дүйнөм кайырчы. Камила

ОП-36-104. Саламым эжем Жибек, Сезимай, Абыт, Кылыч, Курманбекке, атам Тыныбекке жолдонот. Аларга узун өмүр каалайм. Асыл

ОП-36-105. Ат-Башынын Ак-Жар айылында окуп бүткөн Жаныш кызы Муни каяктасың, сени издеп келем. Окуп жатсаң мен сени дале сүйөм. 0772403457ге чалчы. Ш.Болот

ОП-36-106. Сүйүктүү инибиз Сардарбек уулу Эдикти туулган күнү менен куттуктайбыз. Чымкенттен эжелери Наргиза, Ырысгүл, Мария

ОП-36-107. Саламым НКВдагы Нурбекке жолдонот. Бактылуу бол. Сүйүнгүл

ОП-36-108. ОшТУнун ФУ жана МО факультетинин ГМУ-07 жана МНЖ-07 группаларына салам. Ошондой эле досторум Бегимай, Айпери, Жылдыз ж.б. салам жолдойм. 87024183789га чалгыла. Алматыдан Гүлмира

ОП-36-109. Алматынын "Кулагер" базарындагы агаларым Кушбек, Ашир, Жыргалга салам. Иштерине ийгилик, соодалары жакшы болсун. Чынгыз

ОП-36-110. Балбылдаган көздөрүңүз, алтындай болгон сөздөрүңүз. Жан эргиткен ырларыңыз, жүрөктү эзип кыйнадыңыз. Алтындан ардактуу, күмүштөн салмактуу, узун чачтуу, кара каштуу, терең ойлуу, орто бойлуу, ардактуу эжем Неляга. 07777516хх

ОП-36-111. Салам Неля, мени чакырыңызчы? Сизди сыйлаган күйөрманыңыз Жеңиш 07725699хх

ОП-36-112. Салам кыздар жана балдар, силер менен таанышкым келет. 07731758хх

ОП-36-113. Ак жол сизге Неля эже, ишиңизге ийгилик, бекем ден соолук, эч качан оорубаңыз. Гүлиза 07778182хх

ОП-36-114. Менин ысык саламым М.Иманбековго жолдонот. Чыгармачылык ийгилик каалайм. 2507

ОП-36-115. Саламым эжем Осмонова Гүлжанга жолдонот. 30-сентябрдагы туулган күнү менен куттуктайм. Заира

ОП-36-116. Ахилес бул сенин өзүңдүн атыңбы? Нурзат

ОП-36-117. Ай бетине жашынган Неля. Аккуу болуп ак булуттун арасынан табылган Неля, жарк этип ак шамдай жанган Неля, Ааламга ак нур чачыңыз. Кыргыз элине шоола чачкан Неля. Мирбек 07724315хх

ОП-36-118. Салам Неля, сенин рубрикага келгениңе кубанычтамын. Менин максатым кыргыздын сиздей таланттуу кызы менен сүрөткө түшүп, автограф алуу. Үмүт 07727751хх

ОП-36-119. Анекдот: Кыргыз казак досуна жолугуп калат. Казак досу: -Ээ, досум 29-олимпиадада кыргыздар канча алтын алды? Анда кыргыз: - Бизге алтындын эмне кереги бар, Кумтөр, Макмалда алтын толуп жатпайбы, бизге күмүш, коло керек болгон. 07778659хх

ОП-36-120. Диля качан эрге тиесиң, эртерээк тийчи? Үмүтай

ОП-36-121. Салам Неля эже, мен сиз менен жолуккум келет. Сиздей таланттуу кыргыз кызы менен сүрөткө түшүү, жолугуу мен үчүн бакыт экенин сезсеңиз, бир келген шанстан куру калтырбай чакырыңызчы? Нури 07731892хх

ОП-36-122. 11-класстарга ийгилик. Ат-Башыдан Элнура

ОП-36-123. Ноокат районунун Жаңы-Базар айылында жашаган апам Софияга салам жолдойм. Мен сизди жакшы көрөм. Нурия

ОП-36-124. Саламатсыздарбы кең пейил Кыргызстандыктар? Ушул мезгилде кыргыз жерибиздин өнүгүүсүн тилейли. Саясат ордосун бийлик ээлерине жок дегенде беш жыл Кыргызстаным деп ак ниет менен иштеп берүүсүн ниет кылалычы. Бир келген өмүрдү кайдыгерликке салбай, Кыргызстандын гүлдөп-өсүшүнө арнайлычы. Эркин

ОП-36-125. Кербен Кубага салам. Мени супер СМСчилерге кошконуңа чоң рахмат. Сени сыйлайм. Кыздуу болушуң менен куттуктайм. Бешик бооң бек болсун. Жессика

ОП-36-126. Б.Бадыевага: Гүл менен кошо гүлдөшкөн, Күлкүлүү мүнөз Күндө өскөн. Көргөндөр көзүн токтотуп, кыз эмес, кызыл гүл дешкен. Шума

ОП-36-127. Азамат, Гүлзат кармашкан колуңар үзүлбөсүн, бактылуу болгула. Дариха

ОП-36-128. Динара эже, Таалай жезде бактылуу болуңуздар Дариха

ОП-36-129. Данияр Көбөнов ойлогон ой-максаттарыңыз орундалсын. Ысык-Атадан Айзада

ОП-36-130. Саламыбыз Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунун Балбай айылындагы Арстаке уулу Абдылда атындагы орто мектебинин жалпы мугалимдер жамаатына, майрамыңыздар менен куттуктайбыз. Күлкүгө толуп жүзүңүздөр, оорубай эсен жүрүңүздөр. Жыргалын көрүп жашоонун, бактылуу өмүр сүрүңүздөр. 10-класстын окуучулары

ОП-36-131. Өзгөн районунун Жеренчи айылына салам. Арууке

ОП-36-132. Саламым Неляга, чыгармачылык ийгилик, ден соолук, узун өмүр каалайм. Сени менен жолугушууну күтүп турам. Нурлан 07771130хх

ОП-36-133. "Обондон" тапкан эң жакын досторум Аделина, Айдеми Айка, Мемо,Канжар, Тариэл, Кербен Куба, Хан-Шай, Лазат, Ахилес, Барби, Айдана ж.б. салам. Меришка

ОП-36-134. Ноокаттын Кашкалдак айылынан 1984-жылкы, ОшМУнун физматын бүткөн Кулпунай Абдимиталовна кайдасың? "Обонду" окусаң кабарыңды билдирчи? +7777779898хх

ОП-36-135. Саламым Алматыда жашап жаткан кыздарга жолдонот, мен силер менен таанышкым келет. Тима

ОП-36-136. Ч.Мырзаев, чыгармачылыгыңыз ташкындай берсин. Батма

ОП-36-137. Саламым ОшМУнун МИТ факультетинин супери 2-г тайпасына. Ошондой эле досторум Венка, Элиз, Айкыз, Микиге салам. Дамира

ОП-36-138. Саламатсызбы Неля, үй-бүлөдө кимге окшошсуз? Сиздей кызга үйлөнсөм арманым жок эле. Сиздин сиңдиңиз барбы? Болсо мени тааныштырып койбойсузбу? Асыл 07735854хх

ОП-36-139. Салам Бегимай, сага терең ыраазычылыгымды билдирем. Себеби менин атам да автокырсыкта каза болгон. Атамдын мээримин, элесин сагынып кыйналып келем. Атамды сагынып сыгылганда сенин "Арман" аттуу ырыңды уккандан кийин, тойгончо ыйлап, кичине болсо да көңүлүм бошогондой болот. Сага рахмат, сага чоң-чоң ийгиликтерди каалайм. Оштон армандуу кыз

ОП-36-140. "Обондун" супер СМСчилери ар дайым бар болуңуздар. Ар дайым алга! Абда

ОП-36-141. Ильяз Абдыразаков, мен сени сыйлайм. Концертиң аншлаг менен өтсүн. Тюль

ОП-36-142. Жүзүңүздөн күлкү кетпесин, жылдызыңыз жанып өчпөсүн. Жадырап-жайнап жүрө бергиле, бактылуу өмүр сүргүлө.Мүмкүн силерди Кудай өзү бергендир, элимдин майдайында Неля болуп жүрө бериңиз. 07735655хх

ОП-36-143. Жүрөктүн жүрөктөшү болосуңбу, сүйгөнүм башкача деп ойлойсуңбу? Жүрөккө батып турган миз канжарды, боор ооруп сууруп жаным койбойсуңбу? Абда

ОП-36-144. Инимдин келе жаткан туулган күнү менен куттуктайм. Дүйнөдө баардык жакшы нерселерди каалайм, эмнени тилесең тилегиңе жет, сени жакшы көрөм. Эжең Барчынай

ОП-36-145. Бул өмүрдө сага эч ким тең келбес, махабатым сага деген өзгөрбөс. Сиздин ырларыңыз күчтүү. Астанадан Айгерим 9-класс

ОП-36-146. Даниел, Беа, Пери, Жалын, Нурайым, Самат, Айка, Нурматка салам. Ненси

ОП-36-147. Токтогул районунун Чоң-Арык айылындагы атам Нуржан, апам Чынаркан, эжем Кыял, байкем Мирбек, эгизим Азамат жана иним Бекмаматка чоң салам жолдойм. Ар убак бар болуңуздар. Айзат

ОП-36-148. Кымбаттуум Бадыева Баку эжемдин иштерине ийгилик каалайм. Дайыма бар болуңуз, сиз суперсиз. Сизге эч ким жетпейт. Ал эми сизди көрө албагандардын көзүнө топурак толсун. Үч-Теректен Жылдыз

ОП-36-149. Саламым "Обондун" жамаатына жана жаным Нурбекке жолдонот. Чың ден соолук, узун өмүр, асманың ачык, жолдоруң кенен болсун. Мени түшүнүшкө аракет кыл жана кабарлаш. Лайло

ОП-36-150. Бишкектин суйкайган сулуу супер кыздары Айпери, Бегайым, Айгерим, Нурайым эмнеге мынча жакшы кыздарсыңар? Силердей дос кыздар мени курчап турганына чексиз кубанычтамын. Байланышта болгула. Жөжө

ОП-36-151. Бакуля, сиз суперсиз, үнүңүз да өзүңүзгө жарашат. Суранарым ар дайым күлүп жүрүңүзчү. Гүлчөдөн Айжамал

ОП-36-152. "Самал" базарындагы жаш балдардын кийимин саткан Нурлан эл катары эки орунга жайып отура берсең 100теңгеден качпай. Г.Б.М.

ОП-36-153. УГАИнан кызматкерлери Нурсейитке салам. Рахмат сиздин колдогонуңузга, адам, адам менен адам. Бар болуңуз. Тариэл

ОП-36-154. Кыргызымдын кыздары келгиле оңололу, урпактарды ойлонолу. Кийинки жашооңорду ойлогула, келечекте эне болосуңар ошондуктан аракты ичпейли, тамекини тартпайлы. 0777668134

ОП-36-155. Алматыда жумуш жасаган Гүлжигитке: Тааныштык биз алыстыгын карабай, бул өмүрдүн узундугун санабай. Сени көрүп сүйүп калсам эгер мен, менмин деген жигитке да карабайм. Астанадан Айгиза

ОП-36-156. Хан-Шай сен супер СМСчи экенсиң, кел достошобуз. Бурул

ОП-36-157. Астанда иштеген Жазиге салам жолдойм. Сен Кылычка эле тий, ал сени сүйөт. Сиңдиң Айжамал

ОП-36-158. Токтогулдун Үч-Терек айылындагы Султан байкеге, Чынар эжеге ысык салам. Ишиңиздерге ийгилик. Ошондой эле Улан, Салкынай, Кубанга да салам жолдойм. Чоң-Арыктан Айзат

ОП-36-159. Султан байке, сиздин ырларыңыз мага абдан жагат. Сиздей бөлөм бар экенине аябай сыймыктанам. Бөлөмө деген ыр чыгарышыңызды аябай суранам. Майлуу-Суудан Гули

ОП-36-160. Мемо, сен Кара-Кулжадан болосуңбу? Анда жердеш экенбиз. Бурул

ОП-36-161. Чыңгыз Мырзаевге: СМС жазсам окуйсузбу же четке алып коёсузбу? Кандай кыз болду экен деп, оюңа алып коёсуңбу? 0777622952ге байланышыңызчы? Бурул

ОП-36-162. Тараздагы кыздарга чоң салам, ишиңерге ийгилик тилейм. Дагы да Тараздын жылдыздуу жигити Амантурга, мен сени сүйүп же жактырып калып СМС жазып турган жокмун. Сен сыртыңан Ильязга окшоп кетет экенсиң, бирок ой-кыял, мүнөзүң да окшойт бекен деп сени менен таанышайын дегем. Сен СМСти окуп, базарды башыңа көтөрүп, көп көп кыздардын көңүлүн оорутушуңду билген жокмун. Билсең аларда күнөө жок. Силерди жаманатты кылган мени кечиргилечи. Мен мындай кичинекей тамашамды аншлагга айланып кетет деп ойлогон эмесмин. Мен мындай тамашаларды көп уюштурат болчумун жана башкы ролун көп ойногом. Тамашанын аягы күлкү менен бүтөт болчу, мунусу эмне менен бүтөт, кандай болот бир Кудайга маалым. Тараздан К...й62

ОП-36-163. Саламатсызбы Неля эже, сизге чыгармачылык ийгилик, жеке жашооңузга бакыт каалаймын. Мен сизди абдан сыйлайм. Сизди жамандагандардын өзү жаман, сиз мыктысыз. 07739961хх

ОП-36-163. Апа неберелүү болушуңуз менен чын жүрөгүмдөн куттуктаймын. Ар дайым биздин жакшылыгыбызды көрүп, күлүп-жайнап жүрө бериңиз. Махбурат

ОП-36-164. Султандын, Исламдын күйөрмандары алга! Бема

ОП-36-165. Саламатсызбы Неля эже, мен дагы сиздей ырчы болгум келет. Сиз менен сүйлөшсөм жакшы болот эле. Мага сиздин баардык ырларыңыз жагат. 07778465хх

ОП-36-166. Гүлмариям эжекенин эрке уулу Султан Садыралиев, сизге ийгилик. Бар болуңуз, аман болуңуз. Бема

ОП-36-167. Саламым Казакстандагы баардык кыргыздарга, жердештерим ар дайым бар болгула! Зарина

ОП-36-168. Бишкек шаарында жашап жана окуп жаткан Аидага салам жолдойм. 07776565хх

ОП-36-169. Кандайсыз Неля, мага сиз аябай жагасыз, эмнеге мынча сулуусуз? Мен да сиздей болгум келет!. Жакында байкем кыздуу болот, атын мен коём. Ким деп коём билесизби? Неля деп коём. Ишенесизби? Ал кыз сизге окшоп ыймандуу болушун каалайм! Мен сиз менен кезигип сүрөткө түшкүм келет! Ненси

ОП-36-170. Бишкектеги курбуларыма салам жолдойм силерди сагындым! Алматыдан Барчынай

ОП-36-171. Сүйгөнүм Ильязга: Көңүлүмө сүйүү дартын сен салдың, жүрөгүмдүн оротосунан жай алдың. Махабаттын ээси сен болдуң, сүйөм сени бир өзүндү ардагым. Айсалкын

ОП-36-172. Неля эже көрө албаган адамдарга көңүлүңүздү бурбаңыз. Атаңыздын арбагы колдойт. Гүлиза

ОП-36-173. Астанадагы Куба, Кыргызстанды аябай сагыныптырсыз. Качан келип мени кубантасыз. 05431235хх

ОП-36-174. Саламым С.Садыралиевге, сизсиз мага дүйнө караңгы, жалынгансып сага барамбы. Убактылуу анан сүйүүңдү, жаш жүрөгүм кабыл алабы? Фанатыңыз Фирдаус

ОП-36-175. Назик үндүү, кара көздүү, узун чачтуу, роза гүлдөй ачылган Кыргызстандын эң сулуу ырчы айымы Неля эжеге ысык салам. Сизге чыгармачылык ийгилик, тунук сүйүү, бакыт-таалай каалайм. Бактылуу болуңуз. Фирдаус

ОП-36-176. Кунчуайпери кандай, эмнеге "Обонго" чыкпай калдың? Жаканын жоктугун билдирбей чыгып тур, сенсиз СМСтин кызыгы болбойт экен. Ар дайым бар бол. СМСчилерге таарынба, алар оюна келгенин жаза берет. 07734818хх

ОП-36-177. Неля, неге мынча сырдуусуң да, табышмаксың кара көз, Асманда жанып турчу жылдыз болуп сен өчпөс. Мен ошого кубанамын, сенден алыс болсом да эмнегедир бассам-турсам сен келесиң оюма. Сырымды ачып сүйөм дебейм, күйөм дебейм сен үчүн, аттиң билем не болоорун, бүтпөс азап мен үчүн. Тең эмеспиз сен жылдызсың, мен жердеги адаммын, күн батканда жылдыз тиктеп, басам санап кадамым. Баяс 05556505хх

ОП-36-178. Эди сени сагындым, жан. Уми

ОП-36-179. Неля эже, мен сиз менен көрүшкүм келет, бирок алыстамын. Сизди Таразга келет деп уктум эле, качан келесиз? Кичинекей белегим бар эле сизге деген. Сизди күтүп жүрөм, тезирээк келиңиз. Тараздан Кулпунай

ОП-36-180. Гүзеля жаным, мен сени чексиз сүйөм. Алматыдан Шеку

ОП-36-181. Менин саламым татынакай, сулуу бийкеч Неля эжеге жолдонот. Мен сиздин бал тилдүү үнүңүзгө жана Алланын кудурети менен жаралган сулуу келбетиңизге, өзгөчө ырдаган ырларыңызга эң мыкты деген баа берээр элем.Талантыңызга таазим этүү менен бирге чыгармачылык ийгилик каалайм. 07723851хх

ОП-36-182. Кыял кандай, ден соолук, иштер жакшыбы? Кадыр түндү таң аткыча тилек кылып Лира экөөбүз тостук. СМС жазып тур эмне жаңылык? 07734818хх

ОП-36-183. Кыздар маяк берип тажатпагылачы? Авазбек

ОП-36-184. Ош облусунун Кара-Суу районундагы Сары-Колот айылында жашаган атама, апама, карындашым Апал, иним Асанга салам жолдойм. Алматыдан уулуңар

ОП-36-185. Неля "Обонго" кош келиңиз. Сизге бир суроо: 1 ок менен кантип 2 коён атса болот? Авазбек 07735441хх

ОП-36-186. Неля, биз сизди абдан сыйлайбыз жана ийгилик каалайбыз. Сиз тарапка айтылган ушактарга көңүл бурбаңыз. Жакшы адамды ушак ээрчийт, сиз мыктысыз. Майрам 07731661хх

ОП-36-187. Саламым биринчи мугалимим Тойчубеков Жолдош агайга, бар болуңуз, өмүрүңүз узун болсун. Мен сиздин эмгегиңизди баалаймын. Аллах өзү колдосун. Окуучуңуз Абдырахманова Баяна

ОП-36-188. Эма Гузел баары бир "Обонду" жакшы көрөсүң ээ, кетип жатып да көп СМС жазып кеттиң, коркпо сен келгиче "Обонду" алып эч кимге окутпайм. Эми бир жума бир жылдай сезилет го, антип тартына бербе, сен карындашы болсоң, ал балдызы да. Жеңиш менен кайт. Сумая

ОП-36-189. Таанышуу бурчуна чыккан 0777330793 номерлүү лейлектик Сумая жашың деле 20да экен, кичине кыздардан бешбетер менин атымды уурдап алыпсың, уялбадыңбы? Сен СССР убагында төрөлгөнсүң, андай ат койбойт, Кыргызстанда мындай ат жок, жада калса Лейлекте эч качан болбогон, антип уурдабагын, ал менин атым. Бетиң барбы? Сумая

ОП-36-190. М.Иманбеков ноябрда боло турган концертиңди чыдамсыздык менен күтөм. Алтышкам мен сени түбөлүккө сүйөм. Кеминдик Наргиз

ОП-36-191. Ай чырайың келишкен, сулуу карааныңа зар болгондорго көрүнбөй кайда жүрөсүң? Жүрөгүмө даба болчу, жаным Наргүл мен сени сүйөм. Алматыдан сүйгөнүң

ОП-36-192. Отуз-Адырлык 85-жылкы Улан байке, сиз качан үйлөнөсүз? Айылдаш карындашыңыз

ОП-36-193. Саламатсызбы Неля эже, Кудайым сизди жаман көздөн, ушак сөздөн, куру жалаадан өзү асырасын. Чыгармачылык ийгилик каалайм. Каныбек 07777001хх

ОП-36-194. Чолпон, мен сени кантип жакшы көрүп калганымды өзүм да билбейм, ишенчи мага жаным. Мен сени чексиз сүйөм. Жаным болчу менин, жок дебечи? Асыл

ОП-36-195. Аллах десең жүрөгүңө жакын туюлат, Аллах десең айылыңа бакыт конот, Аллах десең үйүңдө ырыс болот, Аллах десең жүзүңө нур толот, Аллах деп жаның менен иштесеңер ыйык келген, ыйман келме, жүрөгүңөр акыретте нурлуу болот. Баян

ОП-36-196. Сосновка айылында жашап жаткан ата-энеме жана бир туугандарыма салам жолдойм. Сиздерди абдан сагындым. Алматыдан Барчынай

ОП-36-197. Саламым Мирбек Иманбековго, сенин мага жылдызың таза жарык чачкан, сени ойлоп эчен таңым аткан. Ишиңе ийгилик, асманыңар бейпил, жолуңар ачык болсун. Нурайым

ОП-36-198. "Обондун" СМСчилери Хан-Шай, Жака-Жазгүл, Фирдаус, Эма Гузел, Кербен Куба мени да араңарга кошуп алгылачы? Салтушка

ОП-36-199. Саламым Бекчоро, Азиз Жетигенов, Мирбек Атабеков жана анын достору Мирлан, Руслан, Макс, Зарина, Бекага чоң салам. Луна

ОП-36-200. Саламыбыз күттүрүп коюп келбей койгон калпычы ырчы жигиттер С.Садыралиев жана Акбар Сүйүнбаевге. Бурул, Зарифа, Кундуз

ОП-36-201. Саламым Кара-Суу айылынын тургуну жаным Талантбекке жолдонот. Сенсиз мага жашоом кызыксыз, мени эстей жүр. Ж...у

ОП-36-202. Азаматсың, Нурзат. Анжелина Жолиден да өтөсүң. Акең Масалбек

ОП-36-203. Неля эже саламатсызбы? Сизди урматтайм, сыйлайм, булбулдай назик, мукам, таза үнүңүз эч качан өчпөсүн. Урматым менен Жылдыз 07735200хх

ОП-36-204. Атама, Рахат,.. Тату эжеме, Тариэл байкеме, Элиш сиңдиме салам жолдойм.Бар болгула. Ошондой эле "Обондон" таанышкан жалпы кыздарга салам. Аида

ОП-36-205. "Обондун" күйөрмандарын жана жакын досторум Зарифа, Кундуз, Солнушка, Стар, Барбиге жана сүйгөнүм Мирланга салам. Луна

ОП-36-206. Микаэль сен суперсиң, бирок Жалал-Абаддан экениңди жашырбай эле койчу? Гуля

ОП-36-207. Ильязга тең келе турган ырчы жок. Ильяз жаш болсо да, продюсерсиз ушундай ийгиликтерге жетишип жатат. Аны колдогон адам болсо, ал мындан да чоң бийиктиктерди багынтмак. Мыкты ырдайт, мыкты аранжировщик, бий жагынан да өзүнө эч кимди жеткирбейт. Талантыңа баш ийип, тизе бүгүп таазим этсек аздык кылат. Ар дайым бар бол. Гуля

ОП-36-208. Саламатсызбы Иляз, мен сизди чын жүрөгүмдөн сүйөм. Сирена

ОП-36-209. Супер СМСчилерге чоктой ысык, суудай тунук, термоско куюлган жалындуу ысык салам. Суутпай кабыл алып койгула, бар болгула. Бири-бириңерди колдоп, бир туугандай мамиле жасаган жакшы адамдар экенсиңер. Азаматсыңар, мени да кошуп алгылачы? Мен силер менен. Жиза91

ОП-36-210. Сүйүктүү классташым Гүлжанга супер салам. Ден соолукта бол, окууларыңа ийгилик. "Обонду" дайыма алып окуп тур. Эми мен сенден СМС күтөм. Жиза91

ОП-36-211. Кыргызымдын кыздары, кайсы уятыңар менен ырчыларды жаным, сүйгөнүм, садагам, алтыным деп айтасыңар. Кантип эле адам силердин жаныңар, алтыныңар болуп калсын. Кичине ойлонуп, элестетип туруп жазгылачы. Кыз баланын намысына андай терс көрүнүштөр туура келбейт. Баркы жок кыз, жыты жок гүлдөй дегенди билесиңерби? Алматыдан Гуля89

ОП-36-212. Алматыда "Болашак" базарында 9-10-катарда иштеген эжелер Алима, Акмөөр, Зарина, жездем Тукеге, иним Азикке салам. Бар болгула, ийгилик. Аясал

ОП-36-213. Б.Бадыева ушактарга көңүл бурба. Биз сени чексиз жакшы көрөбүз. Сен кыргыздын сулуу, акылдуу жароокер кызысың. Сенин жөнөкөйлүгүңдү, адамгерчилигиңди өз көзүм менен көрүп, баа бердим. Ушундан жазба. Дайым бар бол. Гуля

ОП-36-214. Неля, сен айсың, жылдызсың, сулуусуң, күнсүң. Нурун чачат каректериң. Сен сулуусуң Теңир берген. Караколдон Гүлкайыр

ОП-36-215. Сүйгөнүм Кербен Кубага салам жолдойм. Ардагым ар дайым бар бол. Айдана

ОП-36-216. Курбуларым Каныкей, Неля, Айзат, Жылдыз, Самара, Миржанга чоң салам жолдойм. Силердин ишиңерге, окууңарга чоң ийгиликтерди жана жетишкендиктерди каалайм. Ардактарым, асылдарым, тентектерим силер суперсиңер. Силерди чексиз жакшы көрөм жана абдан сагындым. Буюрса жакында жолугушабыз. Гуля

ОП-36-217. Жагымдуу көздөрү эргиткен, ырлары да көңүлдү сергиткен.Акылдан танып, жүрөктөр жанып, кыргызыма дем берген. Өң-келбет, таланты бар Неляга салам. Жиза91 07722796хх

ОП-36-218. Достор, жигиттерди сүйүп калдым дегиче, Кудайдан "Мага Куран үйрөтө турган жолдош бер" деп тиленүү жакшы кыздардын Жараткандан сураган суранычы. Нурпери

ОП-36-219. Чарчабастан кыдырсам да ааламды, билбейм эми сендей адам табамбы? Анда-санда сен да эске ала жүр, бир кездеги өзүң сүйгөн адамды. Мен сени түбөлүккө деп ойлоптурмун. Түгөнбөс түйшүк менен ойноптурмун. Чарк эткен чагылганды жок болот деп, таптакыр эске алып койбоптурмун.
ххх
Чын сүйүү өлүмгө да өкүм кылат, чын сүйүү каргашаны жеңип чыгат. Чын сүйүү байлык менен байланышпайт, өзөккө өзөк байлап өнүп чыгат.
ххх
Майда өткөн сүйүү сезим жагылып, махабатка мен келемин багынып. Мээрим менен көз кырыңды салып кой. Мен жүрөмүн бир өзүңдү сагынып, карай берип каректерим карыгып, күтөм дайым бир өзүңдү зарыгып. Күн алыста чалып койчу телефон, күтүп жүрөм назик үнүң сагынып.
ххх
Сүйүү деген алмашылбайт алтынга, жете билгин сүйүүнүн сен баркына. Чын берилип сүйгөн болсоң, сүйгөнүңө сүйөм деген сөз айтуудан тартынба. +770261168хх

ОП-36-220. Саламым Назик үндүү, сулуу жүздүү, ай десең айдай, күн десең күндөй кыргыздын периси, менин эжем Неляга жолдонот. Мен сизди аябай жакшы көрөм, ар дайым сизди кумир тутуп келем. Бар болуңуз, бай болуңуз, бактылуу кыздардан болуңуз. Эля 07738509хх

ОП-36-221. Саламым Алматыдагы супер жигит Амираев Кутман классташыма жолдонот. Сага жүз жылга жетээр ден соолук, бакыт каалайм. Мындан кийин эч кимге алданбайсыңбы? Алданбагын. Астанадан классташың Улика

ОП-36-222. Неля, сизди өтө сыйлап калдым, ар дайым алга умтуласыз. Бактыгүлгө көңүл бурбай эле коюңуз. Атың чыкпаса жер өрттө болуп жатат да. Илианна 0773722502

ОП-36-223. Неля эже кандайсыз, куш келипсиз "Обонго". Билесизби мен сиздин күйөрманыңызмын. Айка

ОП-36-224. Менин сүйүктүү ырчым Султан Садыралиевге салам. Жагымдуу үнүңүз менен канчалган кыздардын жүрөгүнөн түнөк таап, ар бир үйгө шаңдуу маанай тартууладыңыз. 07723673хх

ОП-36-225. Нурзат эмнеге бул дүйнөдөн шашып кеттиң? Эмне себептен махабаттын сыноосуна туруштук бере албадың? Жаным деп сыздап жүрүп, ошол жаның үчүн өмүрүңдү кыйдыңбы? Кош бол алтыным, жазыла элек ырың кетти. Жаткан жериң жайлуу болсун. Наргиз, Жылдыз, Гүлжамал

ОП-36-226. Менин досум Астанага жаңы келген. Аны биз дүкөнгө окарачкага жөнөткөнбүз. Ал байкуш окарачка деген сөздү унутуп, сатуучуга жумуртканы көрсөтүп, "А где его мама?" дептир.+770258874хх

ОП-36-227. Менин саламым "Керемет жашоо" тобума, Хан-Шай, Мемо, Айгеримге. Мен силерди жакшы көрөм жана жүрөгүмдүн ээси Белекке. Белек жаным, бар бол, бай бол. Сырдуу Алтынай

ОП-36-228. Кымбаттуу жана сымбатту Неля, кызым сендей ырчы болсун, 4 жашта, оозуна түкүрүп койчу.? Уланбатор +770100025хх

ОП-36-229. Жалган дедиң ишенбедим, таң алдында таң калтыра бийледиң, эми далил сен жигиттердин жүрөгүн эзгениң. Неля эжеша алга! Илианна 07737225хх

ОП-36-230. Мерка, Гyля, Айkа, Айгеге сyпер салам. 07735848хх

ОП-36-231. Жылдыздуу, ай жүздүү, бир кыялдуу, ооматтуу, таланттуу эжешабыз Неля, сен суперсиң. Сага он Бактыгүл тең келбейт. 07737225хх

ОП-36-232. Куршабдын Токтогул мектебин 2007-жылы бүтүргөн, 11"А" класска чоң салам. Ишиңерге, окууңарга ийгилик.Новосибирсктен кл. Гүлзада

ОП-36-233. Бул каалоом бир гана сага арналат, жаан жаасын сенин жаштыгын үчүн, кар жаасын сен карыбас үчүн. Күн чыксын сенин күлкүң үчүн. 07774647хх

ОП-36-234. Ызар мектебинде окуп жаткан досторум Асылгүл, Зыягүл, Айгеримге салам 07778919хх

ОП-36-235. Менин саламым Ноокат районунун Россия колхозундагы 88-жылкы Расул акага жолдонот. Мен сизди сүйүп калдым. Ушул гезитти окусаңыз мага чалыңыз. Белөрүктөн Айпери 07775409хх

ОП-36-236. Башкаларга тийсеңер да Иманбековго тийбегиле, ал мендик. 05558266хх

ОП-36-237. Кыздар менен таанышам, смс жазгыла.07726705хх

ОП-36-238. "Обон" гезитинин жалпы жамаатына салам жолдойм. Ишиңиздерге албан-албан ийгиликтерди каалайм. Окурманыңар

ОП-36-239. Урматуу Неля! Бактыгүл менен санаалаш курбулардан болуп жүрүп, акырында бул эмне кылганыңыз? Урмат аке менен Бактыгүл бири-бирине жарашкан түгөйлөрдөн болмок. Өзүңүз туура кылдым деп ойлойсузбу? Дагы Бактыгүл азамат экен. Бактыгүл Аллах сизди эки дүйнөдө бактылуу кылсын. Сизди терең урматтап күйөрман кыз

ОП-36-240. Усенов Нурматка сагынычтуу салам жолдоо менен бирге ыр саптарыды арнагым келди: Сүйөм сени, а сен болсо алыста,элесиңди элестетем дайыма. Ташбоор тагдыр эми сенден суранам, Нурматымдан мени эч качан айырба. Эртерээк келчи сагындырбай. Барби

ОП-36-241. Кара-Суулук досум Айнагүлгө салам. Кайрагачтан Гүлнара

ОП-36-242. Султан , сен мага аябай жагасыңбарынан сен кыйынсың. Мен сени сүйөм. 07738753хх

ОП-36-243. Исмаилов мектебинин бүтүрүүчүлөрү ынтымактуу жүрөлү. Келгиле биримдикте бүтөлү. Классташыңар Бегимай

ОП-36-244. Мөлмөл, Зыягүл, Аскар октябрь айындагы туулган күнүңөр менен! Жараткан жакшылыгын силерден эч качан аябасын. Мен силерди жакшы көрөм. Бегимай

ОП-36-245. Анекедот: Автобуста кыргыз аял менен орус аял чогуу бара жаткан болот. Кыргыз аялдын боюнда бар экен, сагызды чалп-чалп чайнап жатса, жини келген орус аял; -Кончай!-деп кыйкырса, кыргыз аял: -Жети ай -деп жооп бериптир.0777761830

ОП-36-247. Салам. Мен силер менен достошкум келет. Гүлназ 8907734817363

ОП-36-248. Сүйүктүү ырчым Султан кыргыздын атактуусу бол жүзүңдөн жылмаюу кетпесин. 07771830хх

ОП-36-249. Мингениң шайтан араба, колумду койдум алаңа. Булгап коюп жүрбөгүн, айланайын абайла. 7735778хх

ОП-36-250. Менин саламым Хан-Шай, Мемо, Аделина, Расул кызы Айгеримге. Айгерим тууган күнүң менен, бар бол. Силерди абдан жакшы көрөм. Табигат сырдуу Алтынай

ОП-36-251. Ноокат районунун Кызыл-Тейит айылынын тургуну бөлөм Жоомартка, Ой-Талаа орто мектебинин 11-а классынын кыздар, балдарына салам жолдойм. Гуля

ОП-36-252. Эх кыргыздар, көрө албаспыз ээ? Супер СМСчилерге сөз тийгизбегиле, уктуңарбы? Айтмакчы, Жеңиш кроша эмне жоголуп кеттиң. Нурия

ОП-36-253. М.Иманбеков сен КРнын сүйүү кодексинин жүрөк статьясынын махабат бөлүмүнүн 345-пунктунун негизинде айыптуу деп табылдың. Өмүрүңдүн калганын менин жүрөк камерамда өткөрөсүң. Кеминдик Наргиз

ОП-36-254. Шайыр элем уяң болуп өзгөргөм, жыргалың да, азабың да көп көргөм. Камагына чыдай албай сүйүүнүн, канчалаган убактымды өткөргөм. Эмма Гузел

ОП-36-255. Биринчиден ден соолук тиле адамзат. Экинчиден өмүр тиле кош жүрөккө айланган бул жашоодо адамзат. Үчүнчүдөн улгайып бараткан бир жанды жашартчу нерсе сура Кудайдан адамзат. Достор, бул ырыма көз карашыңар кандай, 0550144195ке СМС жазгыла. Табигат сырдуу Алтынай

ОП-36-256. Супер шаар Сүлүктү шаарына супер салам жолдойм. Канча жерди араласам да сендей жерди таппадым. 0772296941

ОП-36-257. Салам "Обон" жана бардык СМСчилер, мен дагы силер менен таанышып, достошкум келет. Ошондой эле И.Абдыразаковго салам жолдойм, иштериңе ийгилик, жаратканым ар дайым колдоп жүрсүн. Нурайым

ОП-36-258. Атабековдун күйөрманы Назикага салам. Нази көп ойлоно бербе, сенин да багыңа жазып койгон жигит бар да. Айланаңды жакшылап карасаң жакшы жигиттер көп. Башка нерсе менен алаксып көр, ошондо баары жакшы болуп кетиши мүмкүн.Эмесе ийгилик сага. Жиза91

ОП-36-259. Урматтуу Асена18 салам, "Обон" менен бирге болсоң албетте таанышабыз. Айдеми Айка

ОП-36-260. Кыздар-балдар көрө албаган жаман сапатты таштап, ынтымактуу болуп, келгиле өлкөнүн келечегин ойлойлу. Жаштар кеттик анда, кандай дейсиңер. Жиза91

ОП-36-261. Ильяз орозо кармап, намазга барганың абдан жакты. Ырларыңды эргүү менен угам. Сен чыныгы талантсың. Ырларды которбо, суранам. Сенин "энеңди урайын" деп чочуганың жаман экен. Антип айтпа да каражан, уят болот. Жиза91

ОП-36-262. Алматылык кыргыздарга чоң салам. +77021816081

ОП-36-263. Сүйүктүү ырчыларыбыз М.Атабеков, Б.Бадыева, Омар, Б.Эсенгулова, И.Абдыразаков, С.Садыралиевдерге салам жолдойбуз. Сүлүктүдөн Элгиза, Нурпери

ОП-36-264. Салам окурмандар, Телевизор көргөнгө свет жок, ошондуктан чөнтөгүңөрдө акча көп болуп, мезгилден артта калбай, ар дайым гезит алып окуп тургула. 07722796хх

ОП-36-265. Жалпы кыргыз элиме салам. Супер СМСчилер бар болгула, бактылуу болгула. Орунай

ОП-36-266. Сүлүктүдөгү туугандарыма жана балдар кыздарына салам жолдойм. 91-жылкылар мектепти жакшы аяктагыла. Сүлүктүнүн жаштары менен достошкум келет. Нури

ОП-36-267. Бактыгүл Б. Сен аябай сулуусуң. Толгонай, Каныкей, Айтигүл

ОП-36-268. Сыймыгым, жүрөгүмдүн түгөйү И.Мирбекке ийгилик каалайм. Ар дайым ишиңизди оомат коштосун. СССР

ОП-36-269. Саламым Гүлшанга, ар дайым жакшылыкты аралаган адам бол. Астанадан Куба

ОП-36-270. СМСчилер келгиле таанышабыз. Мен "Обондун жаңы окурманымын. Гүлбара

ОП-36-271. Неля сенин нурдуу жүзүңө, келбетиңе, булбулдай үнүңө ар убак суктанып келем. Сен мен эле эмес кыргыз эли үчүн асмандагы жылдызсың. Сага кааларым кыргыз элине эле эмес бүткүл дүйнө жүзүнө атың таанылып, дүйнө эли дагы сени көргөнгө менчелик ашык болсун. Жылдыздай болуп эч качан өчпө, Неля сенден суранам балким мени тандап алаарсың. Кудайга ишенем сөзсүз мага жардам берет болуш керек, Жараткан мага жардам берип, Неляга жолукканга жардам берчи? Күйөрманың Мыскал 07771740хх

ОП-36-272. Жапыз туруп жасалма бийик болдук, мансап үчүн чуркаган күлүк болдук. Күндү тоскон карарган булут болдук, күнөөлөрдү моюнга илип койдук. Өлүк жандай пайдасыз тирик болдук, көздүү ткркп көкүрөк көргө айланып, акыйкатты айтпаган дудук болдук. Гүлшан

ОП-36-273. Урмат сени 6-октябрь туулган күнүң менен куттуктайм. Сага бекем ден соолук, арчадай узун өмүр каалоо менен бирге дүйнөдөгү бардык жакшылыктарды каалайм. Астанадан Айжамал

ОП-36-274. Салам Адина, сени абдан жакшы көрөм, ар дайым бар бол. Махбурат

ОП-36-275. ОшМУнун ДТФнын 2АПК1 группасына салам. Жакшы окугула. Группалашыңар

ОП-36-276. "Болашактын" 0,1,2- катарынын балдарына салам жолдойм. Дос кызыңар Барчынай

ОП-36-277. Неля эже жагат мага атыңыз, жарашат го атыңызга затыңыз. Мен да сиздей ырчы болсом дейм. Мени да чакырсаңыз, сиз менен сүйлөшкүм келет. Айзат 07778465хх

ОП-36-278. М.Иманбеков Ошко концертиңизди коюңузчу, сизди чын жүрөктөн жакшы көрөм. Күйөрманыңыз

ОП-36-279. Канат Кадыржан сизди ушунчалык сагындым.Ардагым, мага айткан таттуу сөздөрүңүз дагы деле эсимде. Эмне эле КТРдагы дарегиңизге кат жетпей жатат? Сиздеги адамдык сапатты эч бир жандан тапкан жокмун. Мейли айлар өтсүн, жылдар өтсүн, сизди алгачкы, тунук махабатым деп эстеп калам. Гуля

ОП-36-280. Тогуз-Торо районунда жашап жаткан апам Мээрим, атам Нурлан, эжелериме, инилериме чоң салам жолдойм. Силерге ден соолук каалайм. Мимоза Сариева

ОП-36-281. Кара-Кулжанын эң алдыңкы мектеби болгон Шарип Жээнбеков атындагы лицейдин 11-классынын окуучуларына, агай-эжелериме чың ден соолук, узун өмүр, чөкпөс көңүл жана да албан ийгиликтерди каалайм. Мираида

ОП-36-282. Саламым "Обондун" окурмандарына. Кумирге ким келе турган болсо ошону мактамай, эртеси башканы. Эптеп жолугуш үчүн жалдырамай, ошо кантип болсун, намыс деген не болду? Чыныгы күйөрман чанда кезигип калды. Катуу айтсам кечиргиле. Аида90

ОП-36-283. Анекдот: Анька менен Петька индеецтерче кийинип жолгочыгат. Милиция кармап алып. Силер кимсиңер десе, Анька:- Индианкамын десе, Петька: - Индипетька дептир. 07773500хх

ОП-36-284. Таенебиз Мамытканова Дилдеканды өтүп кеткен карылар майрамы менен куттуктайбыз. Динара, Мунара, Тайлак

ОП-36-285. Урматтуу Неля сиздин ырларыңызды укканда өзүмдү бөлөкчө сезем. Сизге дүйнөдөгү бардык жакшылыктарды, ар дайым жаркырап жүрүшүңүздү каалайм. Садырбек 07773275хх

ОП-36-286. Ш.Бейшеналиев мектебинин 9-б классына салам жолдойм. Бурулсун

ОП-36-287. Урматтуу Кудайдын сүйгөн пендеси Неля. "Мышык майга жетпей фү, сасык" дейт экен. Сага жетпей атаандашкан андан көп, аларга көңүл бурба. Жараткан өмүрдүн узунун, турмуштун кызыгын, махабаттын тазасын берээрин унутпасын. "Кайып булак" көптөгөн жаштарга сабак болду окшойт, эгер түшүнсө ыйык жерлерди таза кармашат. Иштериңе ийгилик, кыргыз элим сыймыктанган ыймандуу кыздардан бол. Адис 07735912хх

ОП-36-288. Айгүл Чалова мен сизди чын дилимден жакшы көрөм деп Гүлбай. Качан Лейлекке келип концерт коёсуз, сизди чыдамсыздык менен күтөм. Гүлбай

ОП-36-289. Кеминдик Наргиз Мирбек Иманбековго жетип бактылуу болгула. Бактылуу болуп түбөлүккө сүйүүңөр өчпөсүн. Бирге болушуңарга Алла-Таала жардам берсин. 07775050хх

ОП-36-290. Мирбек Иманбеков сизди чын дилимден урматтайм. Айгөлөк

ОП-36-291. Ильязымды кантип унутам? Кантип жүрөгүмдөн чыгарам. Аселочек.

ОП-36-292. Ильязды сүйөм. Көргөндө жүрөгүм дүкүлдөп, Өзүмдү жоготуп коем. Албетте, Ильязды жүрөгүм менен жанымдан артык көрөм. Бирок, акыл менен ойлоп көрсөм ага болгон ак сүйүүм мени кууратып жаткансыйт. Учурда Ильяз деп жашап жүрөм. Бирок, минтип өмүр бою өзүмдү кордогум келбейт. 07738хх

ОП-36-293. Оп-35-222 Абоненти Гуля аябай эле жинге тийдиң го Неля, Урматка тил тийгизе көрбө. Эгер билсең сен сүй. Таланты жок Бакуляң Урмат менен Ильяздын артынан чыгып келе жатат. Неля эжеге асылба. Деги ырчыларды сынашты токтотчу. Бакулядай сулуулук кыргыздардын ар бир кызында бар. Айка. 07734818хх

ОП-36-294. Эма Гузел ийгиликти алып кел. Аман-эсен кел. Сени сагындым. Келгенде мага звандачы. Самара

ОП-36-295. Неля сизге Аллахыбыз аркылуу сулуулукту, бирөөгө таарына бербеген акылдуу сапатты бериптир. Үнүңүз булбулдай чыккан назик инсан экенсиз. Айгөлөк

ОП-36-296. Неля эже эмнеге мынча чырайлуусуз. Ар дайым бар болуңуз. Мен сиз менен жолуксам абдан кубанычта болот элем. Сизге айтаар сөзүм бар. Нази. 07774150хх

ОП-36-297. Ильяз Абдразаков менен Кайрат Нуртас достугуңар үзүлбөсүн. Ар дайым бар болгула. Силерди урматтап, сыйлаган, акылдуу кыз Назгүл

ОП-36-298. Отузадырлык досторум Аси, Динара, Сагын, Зупу силерди сагындым. Досуңар Кундуз

ОП-36-299. Арзымат кандай шаар жактыбы, айылга качан келесиң? Сени сагындым. Сайкал

ОП-36-300. Арзымат мен сени чексиз сүйөм. Сагындым. 07731030хх

ОП-36-301. Султан байке, Күйдүм чок ырыңызда комузуңуз оюнчук болуп калыптыр. Жанымдын кейигенин айтпа. Кочкордон Бегимай

ОП-36-302. Гүзеля согот го жүрөгүң Эламан деп, экөөңөр бактылуу болгула. Сендей кызды табуу кыйын. Сагындым сени. Самара

ОП-36-303. Неля эжеге: Акыретте жүзүңүз ак, минген атыңыз ак бурак, 7 бейиш сизге булак, 7 тозок сизден узак болсун. Менин суроолорума жооп берип коюңузчу?1. Атыңыздын мааниси. 2. Сиңдиңиз намаз окуйбу? 3. Урмат менен кыз-жигитсизби? Мен сиздин таза, асыл оюңузду жакшы көрөм. Гүлшан 07733716хх











??.??