Сенин гезитиң!
№36, 07.10.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Рафаил Сарлыков:

"Гүлзинат экинчи орунду алмак"
- Эгерде обон-ыр жаратсаң чын дилиң менен жазышың керек. Cүйүүгө туш болгон учурда сезимдериңди кагаз бетине түшүрсөң тескерисинче ноталардын жыйындысы болуп калат.
Гезиттерде укмуш триумф болду деп жазып жатышат. Сочиде да, Юрмалада да эч кандай триумф деген-Кыргызстан биринчи орунду алганда болмок. "Беш жылдыз" сынагында биринчи орундe тажик кызы алды. Анын өтө эле алсыз экенин жеке мен эле байкаган жок болушум керек. Гран-приге смстердин жыйынтыгы менен добуш бергенге укугу жок. Менин сурайын дегеним-тажик кызы россиялыктарга жактыбы? Россияда тажиктер өтө көп, ошолордун аркасы менен гана ал кыз жеңишке жетти. Чынында Гран-прини добуш аркылуу эмес профессионал калыстар тобу чечип, ыйгарышы керек эле-бул Сочи сынагынын алсыз жагы.
Гүлзинат Суранчиевага биздин чет өлкөдөгү жердештерибиз добушун берип жатышты. Ал россиялыктарга же украиналыктарга кереги жок. Гүлзинатты сынакка мен даярдагам, анткени менин жумушум ошол.
Мен деле триумф болушун чын ниетимден каалагам, бирок ар бир нерсени реалдуу караш керек. Биздин мигранттар аны төртүнчү орунга чыгарышты. Бирок эмнегедир смстердин саны Гран-прини берээрде гана эске алынды. Чынында төртүнчү орун деген такыр жок болчу, калыстар курамы биринчи, экинчи, үчүнчү гана орундарды бөлүштүрүшкөн. Иш мындай болгон: Гран-при, биринчи орунга экөө, экинчи орунга үчөө, үчүнчү орунга төртөө илинген. Ал эми катышкан ырчылардын саны - он бирөө жыйынтыгында он адам орундарга илинип, Кыргызстандын өкүлү четте калып ага белек ыйгарышкан.
Гүлзинат алардын арасында эң мыктысы да, эң начары да эмес экенин мен толук ишеним менен айта алам. Эгерде сынак адилеттүү өтсө Гүлзинат жөн эле экинчи же үчүнчү орунду алмак.
"Жылдыз" дегендер азыр компьютердин жардамы менен гана "жылдыз" болуп жүрүшөөрү көпчүлүккө маалым. Жакында эле Сочиге бараардын алдында өткөн сынакта (аттарын айтпай эле коёюн), өздөрү билишет жандуу үн менен эки ыр ырдай албагандарды көрдүм. Анан дагы-үчүнчү ырды эс алып туруп ырдайынбы?-деп сурашат. Ошол кебетелери менен конкурска баргылары келишет экен. Мунун баары эмнеден? Булардын баары продюсерлердин иштеген ишин көрсөтүп турат.
Мунун баарын көзөмөлгө алуу керек. Совет мезгилиндегидей цензура болбосо, татыксыз аткаруучулар көбөйгөндөн көбөйө берет. Чыныгы таланттарга жардам берип колдош керек. Ал эми бездери өз арабасын тартышсын.




Айчүрөк Иманалиева ырчы:
- Мен калыс эле өттү деп ойлойм. Ошончо өлкөнүн ичинен Кыргызстандын атын чыгарып, желегин желбиретип, конкурска катышып келгендин өзү жеңиш. Канчалаган мамлекеттер бул сынакка катыша албай калышты. Жалгыз мен түшүнбөй калган көрүнүш баарына эле премия берип салышты го, адатта 3 -4 эле премия берилчү эле . Анан экинчи орунга үчөө, үчүнчү орунга төртөө болуп кетти. Көрүүчүлөрдүн купулуна толгон аткаруучу деген болгон жок.Демек, бул жөн эле конкурс эмес фестиваль болуп калды го.

Сиздин оюңузча "Беш Жылдыз" сынагы адилеттүү өттүбү?
Султан Каримов, ырчы:
- Жок, калыс болгон жок. Бул жерде саясий оюн бар экени көрүнүп эле турбайбы. Калыстар курамы тарабынан катышуучулардын профессионалдык жөндөмдөрү, таланттары жакшы каралган жок. Менин оюмча орундар туура эмес бөлүштүрүлдү.

Бегимай Бекбоева, ырчы:
- Ошончо професионнал адамдар калыстар тобунда отургандан кийин мен ойлойм туура, калыс эле өттү деп. Ар бир аткаруучу өзүнүн алына жараша татыктуу орундарды алды да.

Кубик Калыков, куудул:
- Жаштардын ушундай чоң дэңгээлдеги сынактарга катышып жатканы мени кубандырат. Албетте көп учурда мындай конкурстарда финансы маселеси чоң роль ойнойт. Мен конкурс болуп жатканда ошол жакта гастролдоп жүргөм, колумдан келишинче смс жөнөтүп колдоп турдум. Дагы жакшы Россияда кыргыздар көп болуп смс терин жиберишип ошолордун аркасы менен төртүнчү орунга илинди. Же болбосо көп учурда бардык маселени акча чечип , алдын-ала биринчи орунду сатып алганын көрүп эле жүрбөйбүзбү.

Насикат, студент:
- "Беш Жылдыз" конкурсу менин оюмча анча деле калыс өткөн жок. Конкурстун башталышы өтө кызыктуу болгон, андагы катышкандар биздин мамлекеттин өкүлдөрү укмуштуудай талантуу экен. Бирок бул конкурстун жыйынтыгы туура эмес болду деп айта алам. Себеби биринчи орунду Тажикстан Республикасы менин оюмча албайт болчу, анын биринчи жолу сахнага чыкканы начар эле болду.Өң десе өңү, үн десе үнү бар биздин ырчы кызыбыз Гульзинат Суранчиева экинчи же үчүнчү орунга татыктуу болчу.

Даярдаган Анара Дүйшөналиева










??.??