Сенин гезитиң!
№36, 07.10.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Обон - шоу

"Назик" бийчилер тобу кастинг жарыялайт
Чимириле бийлеп элдин көз жоосун алган "Назик" бийчилер тобу 10-октябрдан баштап 15-25 жашка чейинки бийчи улан-кыздарга кастинг жарыялайт.
Өзүңүздү бийчи катары эсептесеңиз бул сынакка катышып, талантыңызды сынап көрүңүз.

Канат Кадыржан Студенттерди интернет-клубка чакырат
Булбул үндүү ди-джей Канат Кадыржан радиодогу ишинен сырткары Интернет-клуб иштете баштаганына беш айдын жүзү болду. Айта кетсек клубдун негизги кардарлары студенттер жана окуучулар болгондуктан алардын кызыкчылыгын көздөө үчүн мыкты шарттар түзүлгөн. Анан дагы Канат жалпы күйөрмандарын интернет-клубдун кызматынан пайдаланууга чакырат.

Дайыр Исмадияров Кызыл дипломдун ээси болду
Сахнада бийлөө менен өзгөчөлөнгөн таланттуу ырчы Дайыр Исмадияров темир тулпарын "Мерседес Бенц S 180" маркасына алмаштырды. Кошумчалап кетсек, Кыргыз Агрардык окуу жайынын инженердик факультетин кызыл диплом менен аяктап, ата-энесин кубанычка бөлөп турган учуру.

Асема улуттук колоритте ырдайт
Шоу-бизнесте ар тараптуу өнөрү менен таанылып калган Асема "Асем кыз" ырынын ремикс вариантын жаздырып бүттү. Эми жакында Асеманын репертуары улуттук колориттеги ырлар менен толукталат экен. Аны менен бирге күйөрмандарына жаңы клиптерин тартуулайт.