Сенин гезитиң!
№36, 07.10.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Атактуунун арзуусу

КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Замир Эралиев:
"Махабат дүйнөсүндө өз канатымды өзүм кайрып алдым"
Замир агай, алгач жүрөк толкуткан сезимдерден кеп кылаардан мурда баёо курак балалыгыңызга кайрылсаңыз?
Мен Жалал-Абад областындагы Таш-Көмүр шаарында төрөлгөм. Ата энем жөнөкөй шахтада иштеген адамдар эле. Өзүм Таш-Көмүрдөгү номер1- орус мектебинен билим алгам. Аябай шок бала болчумун. Кыздарды ыйлатканды жакшы көрчүмүн. Чачтарынан тартып, отургучтарына кнопка коюп, айтор күндө бирден кызды ыйлатпасам моокумум канчу эмес. Азыр ойлосом, мен бардык эле кыздарга тийише берчү эмес экенмин. Классташтарымдын ичинен да мага жаккан кыздарды ыйлатчумун. Алардын көңүлүн кантип өзүмө бурдурушту билбей, ушундай кылык-жоруктарды жасасам керек.
Алгач мектеп босогосун аттагандан эле кыздарды ыйлатсаңыз олуттуу махабат сезимине да эрте кабылган болсоңуз керек?
Эс учумду жоготуп сүйүп калгам деп айта албайм. Бирок ушул сыяктуу кызыгуу сезимине алгач 4-класста окуп жүргөнүмдө туш болдум. Ольга Ким деген классташ кызым бар эле. Аны жактырганымдан тийишип, ыйлатып, ачуусуна тийчүмүн. Себеби ал ачууланып бирдеме деп сүйлөйт, таарынат, ага мен жооп кайтарам, анан ага булочка алып берчүмүн. Ушулар мага кызык болчу.Эркектана болуп кыз жактырганымдын биринчиси ушул болду. Андан соң 6-класста окуп калганымда дагы бир орус классташым Валяны жактырдым. Ал татынакай кыз болчу. Анын көңүлүн өзүмө бурдуруш үчүн эмнелерди гана кылбадым дейсиң! Ал кезде мен баян ойночумун. Баянымды көтөрүп алып кыргыздын, орустун башка элдердин музыкаларынан ойноп, күндө Валянын үйүнүн жанынан өтчүмүн. Ал эле дейсиңби, мен бийчи да болчумун. Азыркы учурга чейин эле ар улуттун улуттук бийлеринен бийлей алам. А ал кезде жашмын, бала курагым да, жан дүйнөң таза, эч кандай көйгөй жок мен ойлоно турган. Ошол үчүн жүрөгүмдү кенен ачып, сүйгөн кызым үчүн баянымды чертип ырдап да, бийлеп да жүрдүм. Тилекке каршы Валя аны түшүнгөн жок. Ал менин аракеттеримди олуттуу сезим эмес оюн катары кабыл алды. Антсе да кыргыз жигиттери намыскөй келет эмеспи, мен өжөрлөнүп токтоткон жокмун ага сүйүүмдү арнаганымды. Жүрөк чиркин Валянын кайдыгер караганына да көнгөн жок. Дагы канча убакыт Валянын артынан чуркайт элем ким билсин, эгер апам токтотпогондо. Ата-эне деген баласынын каалоосун айттырбай сезет эмеспи. Мен ал кишилерге Валя жөнүндө сөз ачпаганым менен менин жоруктарым апама да жетиптир. Анан апам бир күнү: "Уулум сен кыргыз болсоң, Валя орустун кызы, улуту башка, өзүңдү башкара бил" деген сыяктуу сөздөрүн айтты. Бирок, кээ бир энелерге окшоп кыйкырып-бакырып тилдеп, орусуңдун кереги жок деп сөз менен бетке чапкан жок. Акырын гана кыйытып койду. Мен да апамды сыйлап Валянын артынан чуркаганымды токтоттум.
"Валя менин чыныгы махабатым эле"-деп эсептейсизби?
Жок. Бул менин балалык дүйнө таануум менен махабат деген ыйык сезимге талпынуум болуптур. Себеби 9-класста окуп жүргөнүмдө чыныгы сүйүүгө жолуктум деп эсептейм. Биздин шаарга Оштон таежеси менен келип, биздин мектептин мен окуган классына бир кыз кирип окуп калды. Ал кыз бизге келгенден баштап менде бир башкача сезимдер пайда болду. Эмнегедир бул кызга Валяга төгүлүп-чачылгандай ачыла албадым. Бир аз чоңоюп, токтолуп жигит болуп калгангабы айтор, 1 жыл жүрдүм айта албай. Бир жылдан соң ал кыз МГУга (Москва Мамлекеттик Университети) окууга тапшырып, Москвага жөнөп калды. Ошондо анан көкүрөктүн сол жагындагы бир үзүм этке тынчтык бербей 1 жылдан бери туйлаган сезимим вулкандай оргуштады. Өкүнүчтүүсү ал кыз кабыл алган жок. Күлүп гана тим болду, жада калса жакшылап деле уккан жок мени. Ошентип Москвада МГУда экономика факультетине өтүп окуп калды. А мен Таш-Көмүрдө калдым. Бассам- турсам оюмда ошол сулуу. Ал кеткени сезимим өчпөстөн тескерисинче күчөдү, сагынып, куса болчумун. Ал кызга арнап пьеса жаздым, ага болгон махабатым мени драматург кылды десем болот.
Ал бийкечтин атын билсек болобу?
(Ойлонуп) Атын айтпай эле коёюнчу. Менин жүрөгүмдө ошол күндөн ушул күнгө чейин жашап келген, арзыган адамымдын атын атабай эле коёюнчу уруксат берсеңер.
Албетте агай өз эркиңиз. Андан аркы экөөңүздөрдүн мамилеңиздер жөнүндө кепти улантсаңыз?
Ооба, ошентип ал Москвада, мен бул жерде аны күтүп.Кыялданам, сагынам,күтөм, кызганам.Мен ал кызды аябай кызганчумун. Эсимде бир жолу кызганычтын айынан ооруп калгам.
Кызганычыңызга эмне себеп болду?
Менин бир досум да ошол МГУда окучу. Досум экөө жолугуп жүрүшөт экен, кафеге барышыптыр дегенди угуп эле, бул жакта туруп алып кызганып, ооруп калгам. Ысытмам көтөрүлүп (температура) , бир жума тамак ичпей, кусуп өтө жаман болгом. Оорудум десем деле туура эмес, меники көңүл оорусу болду. Элибизде айтып коёт го "сабырдын түбү сары алтын"-деп, ал сыңары ал кыз бир жылдан соң кайра Кыргызстанга келди, а мен дале артынан чуркаганымды токтоткон жокмун. Ошентип экөөбүздүн мамилебиз жакшы жагына ооп кыз-жигит болуп калдык. Ишенесиңби, мен ал кызды ушунчалык катуу сүйчүмүн. Менимче ал кыз да мени берилип сүйдү. Биз өзүбүздү Ромео Джулиэттабыз дечүбүз. Дайыма жетелешип чогуу жүрчүбүз. Биз төшөктө да бирге жатчубуз. Бирок, бири-бирибизге болгон сезимдин тазалыгын ушундан билсек болот, экөөбүз тең үн чыгарып айтапаганыбыз менен ичибизден антташып алгандайбыз. Антип айтканымдын себеби мен өзүмө ант бергем, үйлөнгөнгө чейин жанымдан артык көргөн периштемдин абийирине шек келтирбейм-деп.
Ушундай эки тараптан тең алоолонгон арзуунун бир үйдөн түтүн булатпай калышына эмне себеп болду?
Жашоо ушундай экен да. Мен махабат майданында өз канатымды өзүм кайрыдым. Ал мындайча болду. Экөөбүз 3 жыл бактылуу кыз жигит болуп жүрдүк. Анан бир күнү эле ал айтып калды.
- Замир, сен мени качан аласың?-деп. Мен учурунда түшүнбөптүрмүн. Назик, уяң, кыз баланын кыйытып да эмес суроону кабыргасынан коюшуна да себеп бар экен эле. Ошентип ал айтты "эгер сен мага үч айдын ичинде үйлөнбөсөң анда мен 5-6 айдын ичинде башка бирөөгө турмушка чыгып кетем"-деп. Мен да жашмын да чечкиндүү кадам жасай албай, алда кандай жашоо болот деп жүрөксүнүп. Бул жерде менин кичинекей кезимден кино режиссер болом деген тилегим да тоскоолдук кылды десем болот. Анткени мен, быйыл коё туралы мен да Москвага барып МГУга режиссерлукка тапшырайын,окуумду бүтүп,анан үйлөнөлү-деп калдым. Бирок жанымдын жарымын сууруп кеткендей болуп,айтканындай эле 6 айдан соң ал кыз башка бирөөгө турмушка чыгып кетти. Андан кийин аңгыраган махабат дүйнөмдү эч ким толтура алган жок,эч ким анын ордун баса алган жок. МГУга өттүм. Сергей Герасимовдун өнөрканасынан билим алдым. Мезгил өтө берди, андан кийин да башка кыздар менен мамиле түзүп көрдүм. Ошондой жактырган кыздарымдын бирине үйлөндүм. Эч кимиси жүрөктөгү эски жараатты таксыз, таза айыктыра албады. Кийин ал да жеке жашоосунда бактысыз болуп калыптыр. Үй-бүлөлүк очогун сактай албаптыр. Себеби эмне экени өзүнөн башкага белгисиз да, мүмкүн ал да мендей болуп, мени гана сүйгөндүр, ким билсин?...
Мына урматтуу окурман. Маектешим сөзүн ушинтип аяктады. Албетте, арзып сүйгөн адамыңа жетпей калуу өкүнүчтүү. Бирок сүйүшкөн эки жүрөк көр тирилик бул жашоодо бир болбой калса, ачылбаган сандыктай, окулбаган китептей болуп кызык, сырдуу бойдон сакталып калат болуш керек. Ал сезимди кол тийгис аруу, бийик бойдон сактап калып түбөлүккө жүрөктө бакса, сүйүүгө экинчи өмүр берилгени ошол эмеспи.

"Апамды сыйлап Валянын артынан чуркаганымды токтоттум"

"Чыныгы сүйүүгө 9-классымда жолугуп, ал мени драматург кылды"

"Кызганычтын айынан бир жума тамак ичпей ооруп жатып калгам"

"Жүрөгүмдүн жараатын эч кимиси таксыз, таза айыктыра алган жок"

"Сүйгөн кызым менен төшөктө да бирге жатчубуз"

"Үйлөнгөнгө чейин жанымдан артык көргөн периштемдин абийирине шек келтирбейм деп өзүмө ант бергем"

Маектешкен
Айтурган Сатиева










??.??