Сенин гезитиң!
№36, 07.10.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Ар собол

Мажит, пародист:
Ири суммадагы акча таап алсаң кайда жумшамаксың?
- Күз келди, атам менен апам дагы эле көмүр ала элек. Суукта тоңобуз го ха-ха-ха тамаша. Эгер мен көп акча таап алсам дароо эле ойлонбостон эки-үч аял алып коймокмун хи-хи-хи ой боорум ай…албетте тамаша бул сөз.


Азиза, ырчы:
Сүйүү таарынчаак, бирок кекчил эмес дегенге кошуласызбы?
- Эми сүйүүнүн ар кандай түрү болсо керек, таарынчаагы да, кекчили да дегендей. Ал эми чыныгы жүрөктүн тереңинен орун алган сүйүү эч качан кекчил болбойт. Мен бул сөзгө толугу менен кошулам, сүйүшкөндөр урушат, таарынышат, бирок ортодо эч кандай кек сактоо деген болбойт. Сүйгөнүңдүн азабына, жыргалына чыдап, ар кандай кыйынчылыктарга туруштук бере билүү керек. Негизи таамай айтылган сөз экен.


Асыл Апасова, продюсер:
Жашоодо катуу өкүнүп, арман кылган учуруңуз болду беле?
- Андай учурлар көп болуп, далай эле жолу өкүнүчтүү көрүнүштөргө туш келгем. Өзгөчө кандайдыр бир маселени бетке айтып, ачык айтууга туура келет. Андайда баягы эле мен жөнөйм да. Ушул мүнөзүңдү пайдаланып мени жаман көрсөтүп, өзүлөрү көлөкөдө калган адамдардын жоругу мени абдан өкүндүрөт. Андан тышкары көп учурда берген жардамыңды унутуп, салам бергенге жарабай калган кээ бир адамдарды көргөндө көңүлүң ирээнжип жаман абалда каласың. Ушундан улам менде өкүнүү деген сезим пайда болот.


Асылбек Өзүбеков,ырчы, актёр:
Адамдын көзүнө карап мүнөзүн билүүгө болобу?
Болот. Адамдар ар түрдүү болот эмеспи, бирөө кылтыйган арамза көздөрү менен караса, бирөө митаам сынаган көздөрү менен карайт, бирөө жаркылдаган жайдары кири жок көздөрү менен карайт. Ушунун баарын кылдаттык менен байкап туруп адамдын көзүнөн анын мүнөзүн, деги эле кандай адам экенин билип алууга болот.


Фарида Өмүрзакова, комузчу:
Эмне үчүн "Алтын баштуу аялдан бака баштуу эр артык?"
-Илгертеден эле эркек кишини сыйлап, өзгөчө урмат көрсөтүп келебиз. Аял затына караганда эркектер баалуураак да барктуурак. Себеби алар бир бүлөнүн ээси, табышкери болуп саналышат. Аларга караганда аял киши бул жарыкчылыкта көп ката кетирип жаза басабыз, албетте ката кетирүү жагынан мырзалар да кур калган эмес. Бирок алар канчалык туура эмес кылып кемчилдик кетирбесин көзгө көп көрүнө бербейт, оозго алынбайт. Бул да болсо эркектин касиети болуу керек. Ошондон улам эркектин бутун аттаба, баш кийимин жерге койбо деген сыяктуу сөздөр айтылып келет эмеспи.


Чынгыз Мырзаев, ди-джей:
"Кандуу сүйүү" тасмасындагы аткарган ролуңуз сизди канааттандырдыбы?
- Бул мен тартылган алгачкы тасма, репетиция болду десем болот. Чынын айтыш керек мага өзүмдүн образым анча жаккан жок, себеби мен турмушта башкача адаммын. Өзүмдү актерлук жактан сынап көргүм келди, балким бактым кино тармагынан ачылып калабы деген ниетте тасмага тартылуудан баш тарткан жокмун. Эми укмуш кыйратыптырмын деп айта албайм, менде актердук билим да, жөндөм да жок. Бул менин кино жаатындагы биринчи ийгилигим.


Самат Кадыров, "60К" тобунун солисти:
Алтын балык кармап алсаңыз кандай каалоо айтмаксыз?
- Менде буга чейин ырдоо деген түшүнүк жок болчу. Менин кесибим ырчылык эмес таптакыр башка. Эгер мен алтын балыкты кармап алып, каалоомду аткаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болсом: баарына ыраазымын, атамды тирилтип маңдайыма алып кел, экөөбүз дуэт ырдайбыз демекмин. Жашоом мурдагыдай болуп, атам жанымда болсо деген ой-тилек мени ар дайым ээрчип келет.


Жаныбек Алыкулов, куудул:
Кызганычтын айынан акылга сыйбаган кадамга бардыңыз беле?
- Оуу… мен кызганычтын айынан жаш кезде кылбаган кылыгым калган жок го. Бир кызды жакшы көрүп калып велосипед менен 190 километрди басып өткөм. Ал жердин алыстыгын айт, жада калса унаа менен араң жетчүсүң. Ошол жоругума кызганыч түрткү болгон.

Даярдаган А. Дүйшөналиева









??.??