Сенин гезитиң!
№36, 07.10.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Адабият айдыңы

Кайрат Иманалиев, драматург:
"Драма жазууда такшалып калдым"
1977-жылы Ысык-Көл районунун Темир айылында туулган.
Кыргыз мамлекеттик Жаштар сыйлыгынын жана Т.Абдумомунов атындагы сыйлыктын лауреаты, драматург жана журналист.
2005-жылдан бери Кыргыз Улуттук Жазуучулар Союзунун мүчөсү. Учурда "Казына" адабий-драмалык башкы редакциясынын башкы редактору болуп эмгектенүүдө.

- Кайрат байке, драматургия жаатындагы алгачкы эмгектериңиз тууралуу айтып берсеңиз?
- "Аккан арыктан суу агат" дегендей, менин ата-тегим, туугандарымдын баары чыгармачыл адамдар. Мен бала кезимден баштап белгилүү инсандар, атамдын туугандары Чалагыз Исабаев, Самара Токтакунова (аларды мен ата, апа дейм) жана жээни Казат Акматов сыяктуу чыгармачыл адамдардын чөйрөсүндө өстүм. Алар сүйлөшүп жатканда берилүү менен кулак төшөп кызыгып угуп отурчумун. Ал эми драматургияга мектепте окуп жүргөндө Кыргызбай Осмонов жетектеген драма ийримине катышып жүрүп аралаша баштадым. Алгач он биринчи классымда "Тагдырдын тайгак жолунда" жана "Армандуу ак куу баяны" (Таттыбүбү Турсунбаевага арналган) аттуу пьесаларым мектептин сахнасына коюлуп, тушоомду белгилүү адабиятчылар Кусеин Карасаев, Зуура Сооронбеава сыяктуу инсандар кесип, өз баталарын беришкен.Кийин студент болгондо драматург Жаныш Кулманбетовдон сабак алдым.
- Чоң сахнага коюлган спектаклдериңиздин каармандары жөнүндө сөз улап берсеңиз?
- 2000-жылы "Курманжан датка" тарыхый психологиялык драма жазып, М.Рыскулов атындагы Нарын Академиялык Музыкалык Драма театрына коюлуп, белгилүү актриса Тамара Жумакаева башкы ролду аткарса, "Актриса" спектаклимди ушул эле театрдын актрисасы Дамира Баратбаева ойноп "Аялдын эң мыкты образы" наамына татыган. Ошондой эле "Атаке баатыр" спектаклинде Кыргыз Улуттук Академиялык Драма театрынын атактуу актеру Кыргызбай Осмонов Атакенин образын эң мыкты жаратып берген. Ал эми азыркы тапта "Манасчы көкө теңирдин белеги" спектаклимди Тунгуч Жаштар Драма театрынын актрисасы Жамал Сейдакматова көркөм жетекчиси болуп эл алдына алып чыгууда. Адабиятыбыздагы көрүнүктүү инсан Мар Байжиевдин "Драматургияда жаңы балалуу болдум" деп мага батасын бергенин жана менин драма жазуумда такшалып калгандыгымды баса белгилеп кеткенин айтсам болот. Чынында спектакль театрга коюлбаса өлүк драма болуп эсептелет.
- Бала кезиңизде эле драматург, журналист болом деп кыялданчу белеңиз. Деги эле кичинекей кезден бери калыптанган өзгөчө сапатыңыз кайсы?
- Кандай нерсени ойлосоң дагы адамдын ою күлүк да. Башында айтып өткөндөй адабиятка жакын өссөм да, жазуучу болуп кетем же болбосо чыгармачыл адам болом деп ойлочу эмесмин. Мен чет тилин жакшы окугандыктан "котормочу" болом деп тилечүмүн. Анан апам мугалим болгондуктан педагогикага да кызыгаар элем. Ал эми сен айткан өзгөчө калыптанган сапатым катары токтоолугумду айтсам болот. Мектепте шоктук кылып ата-энемди уяткарган жокмун.
- Сүйүү болбосо жашоонун кызыгы жок. Сүйүү менен ооруп калган учуруңуз болду беле. Үй-бүлөңүз тууралуу да айтсаңыз?
- (Күлүп) Негизи мен токтоо болгонгобу, бирөөнүн артынан өлүп-талып чуркаган жокмун. Албетте, адам болгон соң жактыруу, сүйүү сезимдери болбой койбойт. "Сүйүүнү сезбеген адам көөдөнү сокур адам" деп коет го. Анан мен ойлойм жактырып сүйгөндүгүм үчүн үйлөндүм. Өмүрлүк жарым Кыял Шаршеева Ала-Тоо маалымат программасынын алып баруучусу. Баш кошконубузга төрт жылдын жүзү болду. Ушунча болуп урушуп, чатакташып көргөн жокпуз. Бул да болсо ортобуздагы жылуу сөздүн, сый мамиленин жана сүйүүнүн деми деп ойлойм. Эки чыгармачыл адам бир үйдө жашай албаса керек деп ойлочумун.
Мындай ойлор өзүмчүл адамдын ою экенин кийин түшүндүм. Тескерисинче бири-биринин жумушун билгендиктен жардам көрсөтүп, түшүнүү көбүрөөк болот экен. Азыр Кыял экөөбүз биргеликте телевидениенин 50 жылдыгына карата жаңы китептин үстүндө иштеп жатабыз.
- Жоопту иш менен чыгармачылыкты бирге алып келатасыз. Эс алуу убактысын кантип өткөрөсүз?
- Бош болгон учурда үй тиричиликке аралашып, ата-энеме көлгө барып турам. Негизи жаратылыш койнунда эс алууну жактырам. Чынымды айтсам чалкалап жаткан бош учурум деле боло элек. Менин эс алганым эле, чыгармачылыкка көңүл бурганым. Анан кээде комузда кол ойнотуп, жакшы музыка угуп калам.
- Кыял эженин кайсы тамагын жактырасыз. Тамакка болгон табитиңиз кандай?
- Негизи Кыял тамакты кыйын жасайт. Кайненем абдан жакшы киши. "Энесин көрүп кызын ал" демекчи, келинчегимдин жакшы тарбияда өскөнүнөн болсо керек, кандай тамак жасабасын даамын чыгарат. Кийинки учурда ден соолугума байланыштуу диета кармап жүрөм. Ал эми тамактан "борщту" эңсеп жейм.
- Ар бир жигит спортко жакын болот эмеспи. Сиз кайсы спорттун фанаты болосуз?
- Көлдүктөрдүн баары сууга түшкөндү жакшы көрүшөт го. Сууга түшкөн жагат. А чынында футболго абдан кызыгам. Футболчуларга күйөрман болуп аны менен ооруп калган учурлар да болгон. Кээде шахматты катыра ойноп коем.
Маектешкен Айнура Султанова




  Сандан-санга

Асанбек Кулманбетов
Түбүң түшкүр дүйнө ий!
Селсаяктын ыйы
(трагедиялуу окуялардан турган баян)
Урмат артты көздөй кетенчиктей бергенде Токуштун колундагы бычак Урматтын санынан ылдый тилип кетти. Санын баса калган Урмат жерге кулаган Токушту болгон күчү менен тепкилеп кирди:
- Жетим! Оңбогон гана арам десе! Атасы акмактын баласы оң болмок беле! Энеңди!..-деп сөгүнүп атты.
- Кантесиң Урмат?! Ал деген кичинекей эмеспи! Өлтүрүп аласың, кокуй!-деген Айымбүбү Урматка жабышты. Ошондо гана Урмат токтой калып эшикке чыгып кетти.
Айымбүбү эсинен танып калган Токушту жулкулдатып кирди. Токуштун оозу-мурдунан кан чыга түшкөн.
Аңгыча сырттан кошуналар кирип келишти.
- "Бөрү баласы ит болбойт" деген ушу! Энеңди урайындын баласын ата-энеси өлгөндө эле жоготуп салыш керек болчу! Так ушунун азабынан байкем менен жеңем карыганда урушуп атышат!..-деген Урматтын иниси опурулуп атты.
Азап күндөр башталды
Ооруканага жатып дарыланып чыгышкан Урмат менен Айымбүбүнүн Токушка болгон мамилеси таптакыр өзгөргөндөй болуп калды. Алар ооруканада жатканда ар кимдин үйүнөн курсак тойгузуп жүргөн Токуштун денесиндеги көгалалар да тарап калган. Айымбүбүлөр машинадан келип түшкөндө Урматты жек көрө карап, Айымбүбүгө жакын барып туруп калды. Айымбүбү да көрмөксөн-билмексенге сала, кабагын түйө үйгө кирип кетти. Айымбүбүнү сагынып, андан бооруна кысып кучактаган мээримди күткөн бала томсоруп туруп калды. Бир маалда чуркаган бойдон огород жакка өтүп, бактын түбүнө барып жерге кулады.
- Апа!..Апаке!.. Мен сени кандай гана сагындым! Сен эмне үчүн өлүп калдың, мени таштап! Бегимайды да сагындым. Айымбүбү апам бир эле жолу алып барып келди ага. Сен өлбөсөң го!.. Бегимай экөөбүз жыргап жүрбөйт белек! Сени өлтүргүчө атам эле өлүп калса эмне! Урмат атам Айымбүбү апамды өлтүргөнү атканда Айымбүбү апама болушуп Урмат атамды өлтүрүп салайын дегем. Мен сактап калбасам ал апамды өлтүрүп салмак! Эми болсо!.. Айымбүбү апам мени өппөй да койбодубу! Эми эмне кылам апа!.. -деп буркулдап ыйлап атты.
Бул кезде Урмат менен Айымбүбүнүн ден соолугун сурап киргендер Токушту күнөөлөп атышты. Айрыкча Урматтын иниси:
- Ушунчада бул баланы жетимдер үйүнө берип салыш керек. Же жанагы карындашын багып аткан таякелерине алып барып салган оң. Азыртадан ушундай, чоңойгондо өлтүрүп салгандан кайра тартпайт!-деп жини менен сүйлөп атты. Ага башкалар да кошулуп атышты. Бир маалда Айымбүбү:
- Кичинекей бала экен, жайына койгулачы, жүрө берсин. Ага болушуп жаман айтканым үчүн кечирип койгула, мени. Бирок экинчи андай болбойт...-деди. Олтургандар унчукпай калышты.
Эл кеткенден кийин жанатан көрүнбөгөн Токушту издеп чыкты Айымбүбү. Эч жерден таппай жүрүп, огороддогу бактын түбүндө уктап жаткан жеринен тапты. Акырын көтөрмөкчү болду эле, Токуш ойгонуп кетти. Көпкө ыйлаган неме улутуна Айымбүбүнү кучактай:
- Эмне үчүн мен жетим болуп калдым?! Мени эми сиз дагы өппөй каласызбы?...-ыйлап кирди. Көзүнөн аккан жашын аста аарчый, өзүн-өзү карманган Айымбүбү аста унчукту:
- Жүрө гой үйгө. Жакшы бала болуп, эч ким менен урушпай жүрсөң эле баарыбыз сени жакшы көрөбүз.
- Ики... Сиз да мени жаман көрүп калыптырсыз. А, Урмат атамды мен жаман көрүп калдым. Ал сизди өлтүрүп коёюн деп аткан. Эми, сиз андан коркуп калыптырсыз. Бирок, Урмат атам дагы сизди коркутса, анда баары бир мен аны өлтүрүп коём! Ал мурун жакшы болчу. Азыр жаман киши болуп калыптыр!..
- Чүш! Бала киши антип айтчу эмес. Экинчи антип айтпай жүр. Урмат атаң кичине ичип алган үчүн эле жини келип кетпедиби. Экинчи антпейт.
- А, менин атам деле ошентип ичип алып апамды өлтүрүп койбоду беле, унутуп калдыңызбы, эмне?
- Болду эми, жүрү үйгө,-деген Айымбүбү апасын ээрчип келаткан Токуш сыртка чыгып келаткан Урматты кечке тиктеп туруп калды. Урмат аны байкамаксан болуп өтө бергенде Токуш ызырына минтти:
- Экинчи Айымбүбү апамды өлтүрөм десеңиз, анда мен биринчи сизди өлтүрүп салам!
- Эмне дедиң, жаш-шабагыр?!-деген Урмат кылчайып карай берип Токуштун көзүн көрүп чочуп кетти. Башы ылдый муздак суу куюп жибергендей ичиркенип алды. Дагы сүйлөйүн деп, тили күрмөөгө келбей калды.









??.??