Сенин гезитиң!
№36, 07.10.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


  Кайдасың

Алмаз Абдылдаев ырчы:
"Токойчу болгонумда бир да карагай бермек эмесмин"
"Тамчы, тамчы" деген ыры менен эл оозуна алынып, "Ала-Тоого таянаарым, Ак калпактуу кыргыз калкым" деп обон созгон мукам үндүү ырчы Алмаз Абдылдаев азыркы күндө сахнадан алыстап кеткендей. Ырчынын эмне менен алектенип, кандай эмгектерди жаратып жаткандыгын билүү максатында маек курдук.

- Алмаз байке, алгачкы суроону сиздин азыркы таптагы ишиңиз тууралуу бергим келип жатат. Деги эле акыркы убакта эмне менен алпурушуп жүрөсүз?
- Жакшы болот. Мен 2000-жылы чоң сахнанын босогосун аттадым. Ошол жылдар менен быйылкы жылдын ортосунда шоу-бизнесте чоң айырмачылык бар. Мурункуга салыштырмалуу ырды жаздыруу, клип тартуу бир топ кымбат болуп калды. Каражат болбосо да сахнага чыгыш өтө кыйын. Акчаң болсо тез арада ырчы болсоң болот. Азыркы тапта сахнага, экранга чыкпай калганым гана болбосо, эл арасында той-топурларга барып, сахналаш досторум менен байланышып ырдап эле жүрөм. Антпесек, чыгармачылыктан сырткары реалдуу жашоо бар да, акча табыш керек дегендей. Репертуарымды жаңылап, жаңы чыгармалардын үстүндө иштеп жатам.
- Буга чейинки репертуарыңызда канча ыр бар?
- Элүүдөй ырым бар. Анын ичинен дисктерге, кассеталарга чыккан он жети ырды айтсам болот. Мага көбүнчө ырдын саны эмес, сапаты керек. Ошондуктан маани-мазмунуна көңүл бурам. Ал эми жаңы ырлар тууралуу айтсам Канат менен Заринанын сүйүүсүн чагылдырган "Ак кайың" деген ыр жаздым. Алардын кичинекей бала кездеринен эле чогуу өсүп, ак кайыңдын жанына келип ойношкондорун, кийин бой жеткенде экөөнүн сүйүүсүнө ак кайың күбө болгондугу айтылган. Табиятыман жаратылышка жакынмын. Бош убактым болгондо эле тоону көздөй арча, кайыңдарга жөнөп калам. Досторум да "Алмаз токой көрсө эле кирип кетет" деп тамашалап калышат. "Жаратылыш адамдын жан дүйнөсүнүн бир бөлүгү" деп бекеринен айтылбаса керек.
- Сиздин "Тамчы, тамчы" ырыңыз көпчүлүктүн көңүлүн кайдыгер калтырган жок. Турмушуңуздан алынган ырбы?
- Бул ыр 1992-жылдары жаралган. Ырдын мазмуну менин гана тагдырым эмес. Турмуштан аксап, балдарга алданып, көңүлү калган кыздын арман жашын жамгырдын тамчысы аркылуу бергим келген. Ошол жалгыз дарак кызга жөлөк болуп ичиндеги бугун, айтылбаган сырын жаратылыш менен бөлүшүп жатканын айткым келген. Кыргызда "Пенденин оозунда болсо, Алланын кулагында" деген жакшы кеп бар го. Анын сыңарындай, кандайынан болсо да, кудайга баары бир айткан тилектериң жетет. Албетте, бул жөн гана чыгарма, жашообузда арман болбой эле койсун.
- Жаратылышка жакынмын дебедиңизби. Эгерде ырчы болбогондо мүмкүн экология тармагында иштемексиз?
- (Күлүп) Туура. Экологияны көздүн карегиндей сакташ керек. Эгерде мен токойчу болсом, бир да карагай бермек эмесмин. Ал эми бала кезимде сүрөтчү болом деп кыялданчумун. Азыр да сүрөттү жакшы тартам. 11жаштагы Беназир аттуу кызым да менин жолумду улап сүрөттү жакшы тартат жана сонун ырдайт.
- Кызыңыздын аты өзгөчө экен. Кайсы улуттун аты жана ким койду эле?
- Беназир деп чоң атасы Пакистандын премьер-министринин атынан койгон. Тажиктерде бул "Эч кимге теңелгис" деген маанини берет экен. Кызымдын келечеги үчүн болгон күчүмдү жумшоого даярмын. Беназир экөөбүзгө сүрөт анан ыр жөнүндө сөз болсо болду.Буйрук ушул экен, апасы экөөбүздүн бирге түтүн булатпай калганыбызга эки жылга жакындап баратат.
- Ар бир ырчынын өз угармандары бар го. Угармандарыңызга качан ыр десте сунайын деп жатасыз?
Эңсеген тоонун алысы ок дегендей, планда болбосо да элдин алдына өнөрүмдү тартуулоо милдетим бар. Чыгармачыл адам болгондон кийин сахнаны таштап кете албайсың. Көзүң көрүп, кулагаң угуп жаткандыктан баары бир жан дүйнөң кыйнала берет. Мен ойлойм, буюрса элим үчүн жүрөктөн чыккан ырларымды тартуулай берем. Жакында "Миң кыял" деген жаңы ырыма клип тартайын деп жатам. Ал ырда өзүмдүн башымдан өткөн окуялар жана миң түркүн кыялдарга чөмүлгөнүм жөнүндө айтылат. Ал эми күйөрмандарымды ар убак сыйлайм. Аларга таазим этип жакшы көрөөрүмдү айткым келет.
- Шоу-бизнести "бум" болуп кетти деп да жүрүшөт. Деги эле азыркы эстрадага болгон көз карашыңыз кандай?
- Көз карашым жакшы эле. Элибиздин арасында чыгалбай жүргөн канча таланттар бар. Ага караганда аракет кылып чыгып жаткан жаш ырчыларды бааласак болот. Бирок, ырларды которуп уурулук кылып жаткандары өкүндүрөт. Мисалы, Казакстанга барсаң биздин ырчылар ырдап жүргөн ырларды угуп сүйүнөйүн десең эле, алар казактардын 5-10 жыл мурун ырдалган ыры болуп чыга келет. Муну көрүп кантип намыстанбайсың. Кыргызда ыр көп болсо да эмнеге аларды ырдап чыкпайбыз. Ырыспай, Асанкалый агаларыбыздын кандай сонун ырлары бар. Ошолорду эстрадага салып жаңыласак алардын арбагы ыраазы болот эле да.Кыргыздын ырын ырдасак кыргыз коларити чыгат да, а биз башка элди ырдап жатсак кантип сыймыктанабыз. Андай болсо да кыргыз эстрадасынын келечектеги орду чоң деп үмүт кылам.
Маектешкен
Айнура Султанова




Кызыктар дүйнөсүндө
Жарык берген бут кийимдер
Ар бирибиз эле түн жарымында ойгонуп алып бутка кийүүчү жумшак тапичкелерди издеп калаарыбыз талашсыз. Буга чейин бир гана Дог Вик жогоркудай абалды жеңилдетүүнүн жолун ойлоп тапкан. Жумшак үйгө кийген бут кийимге ал жарык берүүчү лампа орноштурган. Бут кийимдин түзүлүшү өтө жөнөкөй , аны бутка илээри менен дароо жарыгы күйөт да чечкенде жарык дароо өчөт. Анын үстүнө фонарик кадимки эле батарея менен заряддалып ал батарея бут кийимдин таманына салынат.
Дог Виктин айтуусуна караганда түн ортосунда туруп келе жатып керебеттин бурчун катуу сүзүп, көзүнөн от чагылышыптыр. Башы деңгиреген Дог дал ошол учурда миллиондогон адамдардын аныкындай жагдайга туш болгонун ойлонот. Ошондон көп өтпөй эле жарык берген бут кийимди чыгаруу идеясы башында уялаган. Бирок бул бут кийимди каалаган жерден кезиктирип сатып алууга мүмкүн эмес. Алар бир гана "Gift Guru" аттуу интернет дүкөнүндө сатылат.

Шахматты мыкты өздөштүргөн кайырчы
49 жаштагы Том Мёрфи шахмат оюнун мыкты өздөштүргөнү менен бүгүнкү күнгө чейин жертөлөлөрдүн (подземканын) алдында түнөйт. Анткени кекиртегин тыя албай арак ичип отуруп үй-бүлөсүнөн айрылган. Учурда Вашингтондо эң мыкты шахматист катары аны дээрлик баары таанышат экен. Оюн ойноп жатканда ыкчам ойлонуп, атаандашын үч-төрт мүнөткө жетпей жеңип алуу жөндөмдүүлүгүнө ээ. Азыр болсо Том шахмат ойногусу келгендерге атайын сабак өтөт. Саатына алган 20-30 долларынын чып-чыргасын коротпой балдар үйүнө которуп берет. Ал эми өзү болсо кайыр суроо менен күн кечирип келгени таң калыштуу.

Кичинекей баланы сөөктөй кемирген Ротвейлер
Ит ар дайым эле адамдын досу боюнча кала бербестен ротвейлер ээсинин сегиз жаштагы баласына кол салып аны кемирип салган.
Адамдын төбө чачын тик тургузган мындай көрүнүш облустун жашоочуларын кайдыгер калтырган эмес. Кайгыга баткан ата-эне бул пародадагы итти күчүк кезинде ири суммадагы акчага сатып алышкан. Баласы менен итин буга чейин дээрлик күнүгө чогуу таштап жумушуна кетишчү. Каргашалуу ошол күнү бала ит менен ойноп, төрт буттуу досунун "колунан" каза тапкан.
Жумуштан келген ата-эне жерде баласынын кызыл-жаян болуп жаткан кебетесин көрүп нес болуптур. Итти болсо ошол замат атып өлтүргөнү менен атасынын абалы жеңилдеген эмес. Сыягы жалгыз баласынын мындай жол менен жарык дүйнөдөн кош айтышаары алардын үч уктаса да түшүнө кирбесе керек.

120 миң жыл жашаган микроб табылды
Америкалык окумуштуулар 120миң жаштагы бактерияны табышты. Грелондиядан алынып келинген муздун арасынан да муздун түбүндөгү жашаган бактериялар окумуштууларды таң калтырган. Ал эми алардын өлчөмү жөнүндө сөз уласак микроскоп менен жакшылап кылдаттык менен караганда араң көзгө илинет. Учурда мындай таң калыштуу бактерия илимпоздордун башын катырып, муздун алдында кантип жашады деген суроого жооп издешүүдө.

Даярдаган Анара Дүйшөналиева









??.??