Сенин гезитиң!
№36, 07.10.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Тасма таржымалы

"Эркектер"
Буга чейин "Министрдин кызынын махабаты 1,2,3" кинотасмасын жаратып, жаштардын сүйгөн киносуна айланган. Эми сиздерге жаңылык катары айтсак, Кыргызстанда биринчи жолу кыргызча кинокомедия "Эркектер" деген аталышта тартылып 1-15-октябрга чейин "Манас" кинотеатрда 2 сеанс менен коюлуп жатат. Алгачкы комедия тасмасын ар бир киносүйүүчү жактырат деген ойдобуз. Себеби, биринчи күндөн баштап эле кинозалдын 80%ы көрөрмандарга толуп, шатыра-шатман кол чабуу, зал жаңыра каткырык коштоп жатканын көрүп кубанасың. Тасманын режиссеру жана автору Рустам Аташев киносүйүүчүлөргө аз да болсо күлкү тартуулап, кыргыз киносуна жаңылык киргизген эмгегин баалабай кетсек болбос. Андыктан, тасма жөнүндө толук маалымат алуу үчүн режиссер Рустам Аташевди жана башкы ролдогу каарман жигиттерди кепке тарттык.

Рустам Аташев, режиссёр:
"Анча-мынча сындарга чычалабайм"
- Рустам байке, кинонун аталышы "Эркектер" деп айтып тургандай, алардын башынан өткөн окуялары жөнүндө экени түшүнүктүү. Мындай идеяны канчадан бери багып келаттыңыз эле?
- Кинонун идеясы бир топ жылдан бери топтолуп келаткан маалыматтар десем болот. Өзүбүздүн эле досторубуздун же болбосо турмушта кездешкен окуялар, кызыктуу учурлар дегендей. Эстеп көрсөм он жылдан бери мындай үй-бүлөлөрдү көрүп эле келатам. Мисалы, аялына кармалып калып үйдө чыр-чатак жаралып анан өзүм дагы жок жерден мындай учурларга туш болуп калганым бар. Эркектердин кылык-жоруктарын чагылдырып, аялзаты алардын эркек экендигине ынанып, моюн сунуп сабырдуулук менен кечире билишсе, бактылуу үй-бүлөлөрдүн бузулуп жатканы азаят деген үмүт менен жараттым.
Айымдарды сабырдуулукка, кечиримдүүлүккө чакыруу менен тамаша аралаштырып, "Кечирип койгула айымдар, эркектерде мындай нерселер болот экен" деген ойду бергем.
- Кинодо эркектердин жоруктары менен бирге эле бир топ турмуштагы окуялар чагылдырылган. Өзгөчө студенттердин жашоосун жакшы ачып бергенсиз. Өзүңүздүн башыңыздан мындай окуялар өттү беле?
- Түздөн-түз кинодогудай окуялар болгон эмес, бирок ушул сыяктуу окшоштуктар башымдан өткөн. Ал эми кинодогу пара алып жаткан мугалимдин образын киного кошпосом деле элдин баары бир билет. Керек болсо ачыктан-ачык эле ставка коюп алышып, бааларын көтөрүп алышкандарына өзүм күбө болгом. Буга менин далилдерим бар, ошондуктан кандай учур болбосун мен алардан коркпойм.
- Эркектерге чейин тартылган "Министрдин кызынын махабаты" кино тасмасына бир топ эле сындар айтылып келди. Айтайын дегеним, "Бүткөн ишке сынчы көп" дегендей бул кинону эл кандай кабыл алды?
- Мен ойлойм, "Эркектер" киносунда мен эркектердин кемчилигин, адашкан жолдорун ачып бере алдым. Демек, мен ойлогондой сценарий толук камтылды десем болот. Кошумчаласам, тасмада ыймандуулукка чакырган бардык нерсе Кудайдын колунда экендигин билдирген сюжеттер бар. Ал эми "Министрдин кызынын махабатында" элдин залдагы кабыл алуусуна, жакшы ойлоруна күбө болуп туруп, анча-мынча адамдардын сындарына чычалаганым чын. Бирок, азыр андай сындарга да көндүм. Эми анча-мынча сындарга чычалабайм. Мен ойлойм, ар бир көрүүчү кинонун жакшы жаманын өзү сындап алсын демекчимин. "Миң уккандан бир көргөн артык" деген сөзгө толук кошулам.
- Мындай эмгекти жаратуу оңойго турбаса керек. Демөөрчүлөр болдубу. Кино канча убакытта тартылып бүттү?
- Демөөрчүлөр болгон жок. 3 бөлүктөн турган "Министрдин кызынын махабатын" өзүм жалгыз тарткан соң бул кинону тартууда кыйналган жокмун. Себеби, "Эркектер" киносунун сценарийи ага караганда бир топ жеңил жана тамашалуу болду да. Ошондуктан, демөөрчүлөр тараптан кыйналган жокмун. Кинону Бишкектен эле тартып, алты айда толук бүттүк. Ал эми актерлорду элдин арасынан кастинг аркылуу тандап алып чыктым.

Акылбек Куштаев (Эдик):
"Чөнтөккө көп эле акча түштү"
- Киного кандайча тартылып калдыңыз жана андан эмне таба алдыңыз?
- Бул киного кастинг аркылуу келип өз күчүмдү сынап көрөйүн деп катышып калдым. Ал эми кинодогу образым жөнүндө айтсам, досторума күлүп айтып калам "Мага өзүмдүн жашоомдогу образымды бериптир" деп. Анан өзүң профессионал актер болбогондон кийин тартылуу учурунда бир топ эле кыйынчылыктар болду. Көп эпизоддорду жасалмалуулук менен ойноп жаттым. Киного катышып өзүмдүн кемчиликтеримди оңдой алдым. Ал эми келинчегим кинону көрүп "Сага Рустам байке туура эле роль бериптир, кыйналган деле жок болушуң керек, практикаңда бар да" деп тамашалап күлүп калды. Мага окшогон пенделерге кайрылат элем: Эгерде кимде-ким ушундай болсо, бул кинону көрүп, тарбия алсаңар болот.
- Тамашалуу суроо узаткым келип жатат. Студенттерден канча акча чогулттуңуз?
- (Күлүп) Чынын айтсам, киного жакшы тартылайын деп жатып акчамды санабай калыптырмын. Бирок, чөнтөккө көп эле акча түштү. Ха-ха-ха.

Эрнис Бөрүбаев (Кадыр):
"Образды бериш үчүн 100 дубль жасадым"
- Чыныгы жашооңузда кыздарга жакынсызбы?
- (Каткырып). Оо кокуй, жашоодо анча деле андай эмесмин. Ким айтты?
- Кинону көрүп, өзүңүздөн кемчилик таптыңызбы?
- Ооба, мындай сүйлөсөм болмок экен, бул жерин мындай кылсам болмок деп эле жатам. Бирок, досторум, аяш аталарым, тааныштарым "Баары жакшы, кемчилигиңди көргөн жокпуз" деп жатышса кудуңдап калам.
- Актер болуу кандай экен?
- Чынында кыйын эле. Элдер жыргап көрүп жатышпайбы. А биз образды бериш үчүн жүз жолу дубль жасап кыйналдык дегендей. Айтканга оңой, бирок жасаганга кыйын экен.
- Эркектердин баары бирдей дегенге кошуласызбы?
- Эми сырткы келбети , ден соолугу ар башка болгону менен каалоолору, ойлору бирдей да.
- Биротоло актер болсомбу деген ойлор кеткен жокпу?
- Андай ойлор бар. Рустам акеге күч-кубат берсе, мүмкүн дагы тартыла берем. Эркектерге айтаарым: бул кинону көргүлө, бирок силерди аялыңар "Сен да ушундай болушуң керек" деп урушпасын. Анткени кечээ кино көрүп өзүбүз залда отурсак бир аял "Ой сволуч, ой сволуч" деп күйөөсүн урушуп жатат. Башынан мындай окуялар өткөн окшойт. Карап отуруп күлкүм келди.

Рамис Жолдошев (Касым):
"жашоомдо да кыздар мага жетпей калчу"
- А сиз кантип тартылып калдыңыз?
- Мен өзүм Россияда иштейм. Атайын киного тартылыш үчүн келип, кастингке катыштым. Режиссердун жардамы менен киного тартылууга жолдомо алдым.
- Сиз аткарган роль башкаларга салыштырмалуу кыйын экенин байкадым. Кайсы эпизод эсиңизде калды?
- Мурда мен актерлордун аткарганына анча маани берчү эмесмин. Өзүм катышкандан кийин алардын баркын билдим. Мен кинодо кыздардан жолу жок эркектин образын жараттым. Жашоомдо да кечелерге барганда кыздар мага жетпей калчу. Ушул жери туура келип калды. Анан бирөөнүн аялына барып, терезеден качып кеткен сюжетте чындап эле жашоомдо болуп жаткандай сезилип, кыйналып кеттим. Ал эми кыздын ич кийимин кийген учурумда абдан уялдым. Бирок, жакшы аткардым"

Урмат Жаналиев (Дайыр):
"Физик болуп кете жаздадым"
- Сиз башка эркектерден айырмаланып ыймандуу эркектин ролун жараттыңыз, а жашоодо кандайсыз?
- Туура. Дайырдын ролу мага кыйынчылык деле жараткан жок. Себеби, жашоодо кандай болсом, ошол эле образды бердим. Болгону кинодо физиктин ролун аткарсам, турмушта сүрөтчүмүн. Албетте, укмуш аткардым деген сөздөн алысмын. Баары бир камеранын сүрү бар экен. Мага актер болгон абдан жакты.
- Кинодо физик катары адамдын кыймыл-аракетин көрсөткөн аппарат ойлоп таптыңыз. Чыныгы жашоодо да жаңы нерсе ойлоп тапканга шыктуусузбу?
- Чынын айтсам образга кирип алгангабы, чын эле физик болуп кете жаздадым. Жашоомдо жаңылык болду десем да болот. Буга чейин бир нерселерди оңдоп, бир зымды экинчи зымга туташтырып көргөн эмесмин. Албетте, аппарат ойлоп табуу деле чыгармачылык, ал эми сүрөт тартууну да жаратуучу катары карасак болот. Балким мага терс кармандын ролун беришсе ойной албай кыйналмакмын.
- Режиссердун эмгегин кандай бааладыңыз?
- Рустам байке аябай эмгекчил, максатына жетип, өз ишин мыкты билген режиссер десем болот. Кинону жалгыз тарткан режиссерду буга чейин уккан эмесмин. Бардык ишти өз мойнуна алып, өз кесибин сүйгөн адам деп баалайм.

Даярдаган
Айнура Султанова










??.??