Сенин гезитиң!
№37, 14.10.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


  Обон-күлкү

Кудай унуткан айыл өкмөт
Бир журналист айылга барып ойлонуп отурган аксакалга:
- Эмне мынча ойлонуп отурасыз?-десе
- Жаңы бала төрөлгөндө Кудай асмандан түшүп маңдайынан өпсө окумуштуу болот экен. Эгерде оозунан өпсө ырчы, колунан өпсө сүрөтчү,бутунан өпсө бийчи болот экен. Ал эми биздин айыл өкмөттүн каягынан өптү экен деп башым айланып отурат,-деп жооп кайтарыптыр.

"Эч ким бурчтан чыга калып кол салбайт"
Эсил кайран СССР дин генералдык секретары Л.И.Брежнев борбор шаарыбызга келгенде, ага жасалгаланган боз үйдү көрсөтүшөт. Л.И.Брежнев бир сыйра карап туруп :
- Конструкциясы жакшы экен. Эч ким бурчтан чыга калып кол сала албайт дейт.
- Атайы сиз үчүн мен жасаттым!- дептир аны коштоп жүргөн Т.Усубалиев.

Кирпич өндүрүү жөнүндө канча ыр жазасыңар?
Компартиянын доору сүрүп турганда БКнын бюросунда кирпич заводунун иши каралып , бул кесипке кызыктыруу үчүн үгүт насаат иштерин күчөтүү зарыл, болбосо адистер кетип жатат деген сөздөр болот.
Танапис болгондо биринчи катчы Т.Усубалиев:
- Сиз унчукпай отура бересизби? Каралып жаткан маселе боюнча суроо бербейсизби,- деп министр Т.Кулатовго үтүрөңдөйт.
Кийинки маселе композиторлордун ишине байланыштуу экен. Т.Кулатов биринчи болуп суроо берет:
- Быйылкы жылы кирпич өндүрүү жөнүндө канча ыр жазуу пландалган?

Тагдыр тамашасы
Ойлоп көрсөк ар бир адамдын аты-жөнүнө жараша тагдыр жолу жаралат көрүнөт. Мисалга, журтка башы көрүнгөн атактуу саясий ишмерлердин жашоолоруна ой жүгүртүп көрбөйлүбү?

Акыйган Акаев
Жеке тагдырынын аягы мерген Кожожаш сыяктуу аскага камалып, туулуп өскөн турагына келе албай экс-ажобуз Акаев акыйып бөтөн жерде зар болуп , качанаак күндөргө туш келген мезгилди башынан кечирип жүргөн кербези.

Багы ийилген Бакиев
Багы ийилген Бакиев бакыйып эски бийликтин ордун басып, ооматы келип, ойлогону орундалып турган кезең. Антип бак-шактуу, жолдуу дейин десең Курманбек деген аты бул оюбузга бир топ карама-каршылыктуу.
Бакиевдин доорундагы парламент депутаттарын күпө-күндүзү атып кетүүлөрү, кылмыш дүйнөсүнүн баш көтөрүүсү, авиакырсыктар, жаратылыштын каардуу курмандыктары менен Курманбек мырзанын тарыхый тагдыр жолу туш келүүдө.

Кудай сакта!
Төбөдөн түшкөн төрага
Айтибай аке, айта турган, дей турган депутаттардын төбөдөн түшкөн төрөсү. Төрдөгү атадан кийинки сыйлуу устуканды алчу төрага Тагаев-бийликтин сыйлуу тагасындай. Тартиптүү коноктой болсо да, кел-кел кезеги келген экен, кеп уруп турган кезеңи.

Ильич берген байталды,
Чудинов келип кайта алды
Азыркы өкмөт башчы И.Чудиновдун "чудо" бешенеси "чудесный моментке" туш келип, далайлар эңсеп жете албаган жемиштүү жерге барып конду. Конгонуна капачылык жок, бирок кайран калктын жарыгы (электр) жалп деп өчүп өнөкөт ооруга айланып "Ильич берген байталды, Чудинов келип кайта алды" болуп электр зымдары кулагынан кесилип турганда, тезек терип, Октябрь революциясына чейинки караңгылыкка кайта беребиз саясаты көпчүлүктүн көңүлүн чөгөрүп, Чудиновдун "чудосу" жок экени байкалып тургандай.




Сары арканын чөөсү
Мидин Алыбаев Алматыга барып, вокзалдан казак акындарына жолугуп калат. Жолугушкандарын белгилеп коюшмакчы болушуп, ресторанга киришет.Тамак ашты улам жаңыртып, Мидин заказ берип, көпкө чейин отуруп калышат. Казак туугандар жалпак тилге салышып Мидинди биринен-бири өтүп мактап, акын жолдошу:
- Озы Мидин колу ашык март илгерки Атантай , Жоомарттын өзү гой,- десе Мидин:
- Рахмат, туускандар, мактап сыйлаганыңарга.Энди бул Рабит досум кездешкен олжосунун тарпын калтырбай талап жеген сары арканын чөөсү гой,-дептир жылмайып...
Казак туугандар каймана сөздүн мааниси каякка бара жатканын дароо түшүнө коюшуп, чөнтөктөрүнө кол салышып талашып заказ берип калышыптыр.




Калпычылардын казаны
Ээ, досум, уста деп мына менин атамды айтса болот. Бир жолу ушундай казан жасады дейсиң. Ушунчалык узун шаты жасап, казандын кырына чыгып, кайра ичине түшкөнчө күн кечкирет, түндөп иштеп, кайра эртеси күнү үйгө келип, чай ичип кетип, иштеп жүрдү. Ушундай чоң казан жасаган.
- Бул жерде таң каларлык эч нерсе жок. Мына менин атам өткөн жумада 20000 конок чакырып, дасторконду жайып, эки жагына отургузду эле, эки жактагы коноктор бири-бирин көрө албай калышты.
- А андай болбойт, мунуң жалган. 20000 кишиге кантип тамак жеткирди?
- Сенин атаңдын казанын сурап келип, ошого аш басты.


Сковородканын
"даң" деген үнү
Илгерки салт боюнча үй ээси бир жакка жөнөсө, коштошуп жатып, камчы менен желкеден ары эки-үч жолу чаап, анан жол тартып кетчү дешет.
Азыр попробуй аялыңды чаап көр,үбөлүк же сковородка менен жооп кайтарат. Көзүңдү ачып эстесең сковородканын даң деген үнү гана эсиңде калат.

Айтыбар чечен
Эл оозунда айтылып калганга караганда Айтыбар сөзгө чечен, өзү кедей адам болгон экен. Бир жолку отурушта Кайназар молдо Айтыбарды уяткаргысы келип :
- Айтыбар, Айтыбар десе эле аягың жерге тийбей калды. Орозодо курмандык чалбай динден чыга турган болдуң! Тиги дүйнөдө өлүгүң сыртта калар бекен. Ага иниңдин баары бай, ошолордон эмнеге суранган жоксуң? -дегенде Айтыбар чечен молдого карап :
- Сөз келгенде сүйлөбөсө сөздүн атасы өлөт. Айтса укпай турган дүлөйлөр бар. Ачпаса көрбөй турган сокурлар бар. Агадагы мал -асмандагы мал, инидеги мал -ийиндеги мал. Сураган адам кайырчы. Уурдаган адам каракчы. Уятсыз адамдан алып карыз болгончо, уялбай Кудайдын өзүнө карыз болуу артык. Бармак басылбаган, убада берилбеген карызын доолап өлүктү сыртка таштагыдай Кудай сендей ачкөз алдамчы дейсиңби?-дейт.
Элдин баары дуу күлгөндө Кайназар молдо кайсалактап отуруп калыптыр.

Пара-пара пародия

Аялыңа чөгөлөп кой мажнундай
"Аз өмүрдө азынап өт айгырдай!"
Э.Эрматов

Эй, акын дос, колдон келсе теке бол!
Бир короодо өзүң гана жеке бол.
Улактарга узун сакал "жезде" бол!
Сууга ынтылбай, сур эчкини эсте, бол!
Өгүз болбо, колдон келсе бука бол!
Өңгүрөбөй, өзгөлөргө нуска бол!
Кунаажындар куйрук булгап жаткан соң,
Куу чөп искеп тура бербей, чурка бол!
Артка кайтпайт, кетет жаштык кайрылбай,
Аял көрсөң азынап ий айгырдай!
Калбыр болуп калса деле жүрөгүң,
Катыныңа чөгөлөп кой мажнундай....
Атантай Акбаров, акын.



  Көңүл бургула!
Конкурс, конкурс…

"Боло берет турмушта, особенно кыргызда" аттуу эң кызыктуу күлкүлүү окуяларга конкурс жарыялайбыз. Эң мыкты деп табылган авторлордун чөнтөк телефонуна 100 бирдиктен жөнөтүп турмакчыбыз. Sms аркылуу 0772624855 номерине жөнөтсөңүздөр. Эгер почта аркылуу кат жазсаңар биздин абоненттик ящик: Бишкек - 48 А/Я 1551 же болбосо 44-98-21 телефонуна чалыңыздар.

Даярдаган Алмазбек Эркебай










??.??