Сенин гезитиң!
№37, 14.10.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Атактуулардын ааламында

Айшвария Рай
Дүйнө жүзүн сулуулугу, таланты менен багындырган актрисанын татаал турмушунан, жеке жашоосунан кабарыңыз барбы? Эгерде сиздин кумириңиздин жашоосу, чыгармачылыгы сизди кайдыгер калтырбаса төмөнкү маалыматка назар салыңыз.

Блиц анкета
Туулган жылы, күнү - 1973-жыл,
1-ноябрь
Мекени: Индия Мангалоре шаары
Жакындары ыйгарган ысымдар: Аш, Айшу, Болливуд хан бийкеси
Хоббиси: Жылуу кийинип алып сейилдөө
Жактырган түсү: Сары
Билген тилдери: англис, хинди, каннада, тамил, урду
Жашоодогу урааны: Дайым алга умтулуу!
Максаты: Элдердин эсинде түбөлүккө сакталуу

Медик болгусу келген модель
Айшвария Рай аскер кызматкери менен жазуучунун үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Ата-энеси кызын эч нерседен кем кылбай тапкан-ташыганын оозуна кармап чоңойтушкан экен. Атасы темирдей тартипти сүйгөн адам болгондуктан кызын катуу көзөмөлгө алып тарбиялайт. Бойго жеткен кезде кумдун үстүндөгү алтында жылтылдаган Айшварияга моделдик агентстволордон баш айланткан түрдүү сунуштар түшө баштайт. Ал эми Айшу өзү болсо медик болсом, ак халат кийип элге кызмат кылсам деп ниеттенчү. Ошол эле учурда болочоктогу актрисанын ата-энеси англис тилин үйрөтүш үчүн колледжге тапшыртып анын жашоосун башка нукка бурууну көздөшөт, ал жерден тил үйрөнүп кулачын кенен жаюуну каалаган Рай архитектураны окуш үчүн башка өлкөгө жөнөйт.
Көп кыздар кыялданган сулуулук Айшуда бар экенин, ал өзүнүн келбети менен мыкты карьера жана атак таба алаарын Индиядагы эң мыкты делген агентствонун жетекчилери Райдын кулагына кумдай куя беришкендиктен ата-энеси макулдугун беришет.
Чынында Рай мындай кадамга барып жаңылган эмес, анткени "Мисс мира" сынагын жеңип алгандан кийин Аш Болливуд жылдыздарынын көзүнө көрүнүп, анын сулуулугуна азгырылып, арбалгандар четинен табылган. Өзүн кино жаатында сынап көрүүнү каалаган Аш 1999-жылы "На веки твоя"(Кылымга сендикмин) аттуу мелодрамада бактысыз сүйүүгө туш болгон кыздын образын жаратып бир топ жумурткадан кыр издеген сынчылардын мактоосуна татыйт. Ушундан улам Ай анын табияты, жөндөмү актрисалык кесипке ылайыкталганын түшүнүп биротоло ушул кесипти аркалоо чечимин кабыл алган.

Кесиптешинин колун кармаган Рай
Аталган мелодрама актрисага бир чети ийгилик алып келсе, бир чети жеке жашоосуна будуң-чаң салат. Тактап айтсак тасмага бирге тартылган мегажылдыз Салман Кхан экөөнүн ортосунда жумуштан тышкары жылуу мамиле бар экенин жашырышкан эмес. Эки актердун арзуусу тутанып отуруп чогуу түтүн булатышканга өткөн. Күйөрмандарын мындай кабар чындап кубандырган, Болливуддун эң мыкты эки актеру баш кошкону карапайым эл үчүн чоң жаңылык болсо, журналисттер аларга "Индиядагы эң бактылуу үй-бүлө" деген "наам" ыйгарышат. Бирок, тилеке каршы сыртынан бактылуу көрүнгөн Айшунун жашоосу тозоктон анча-мынча гана айырмаланган. Себеби Салман Кхан каалаган жагына басып туруп, ошол эле учурда Райды куру кызганычтын айынан аны эч жакка чыгарбаганы аз келгенсип муштумдарды эсепсиз агыта баштаганын актриса эч убакта жашырбайт. Күйөө баласынын мындай жосунсуз жоругунан кабардар болгон Айдын ата-энеси кызыл камчы адамга кызын берүүдөн баш тартышкан. Эске салсак, Индия элинин салты ата-эненин уруксаатысыз расмий түрдө баш кошууга жол бербейт. Айшвариянын ата-энесине тишин кайрып кекенген Салман айланып келип эле болгон жинин сүйүктүүсүнөн чыгарган. Салман актрисаны өтө катуу сабап салгандыктан бир нече күн эсине келбей реанимацияда жаткан. Ушул жаман көрүнүштөн кийин чыдамы түгөнгөн Ай Салман менен мамилесин үзүп, экөө чогуу тартыла турган кинолорго түзүлгөн келишимдин баарын бузган. Ошондон кийин ал "сүйүүсүнө" чоң чекит коёт. Бири-биринен алыс эмес аралыкта жүрүп тирүүнүн тозогу болгон жашоосун оңой менен унута албасына көзү жеткенби ким билсин, айтор ал эч кандай максатты көздөбөй эле Лондонго жол тартат.
Жеке жашоосун унутта калтырганга болгон аракетин жумшаган Райды алаксыткан, аны эриктирбеген жалгыз нерсе анын чыгармачылыгы, жумушу болгон. Баш оту менен жумушка сүңгүп кирген Айшу бир эле убакта эки же андан ашык тасмага тартылып, голливуд жылдыздары Брендан Фрейзер, Мерил Стрил жана Майкл Дуглас менен жылуу достук мамиле түзгөнгө үлгүрөт. Айшвария Райды сыймыктандырган эң негизги нерсе - дүйнө жүзүнө таанылганы жана жек көргөн адамы Салман Кханды артка калтырып, андан оозуп өткөндүгү.

Бакытты көздөй экинчи сапары
Тукуму менен актердук кесипти аркалап келген улуу муундун сүйүктүү актеру Амитабх Баччандын уулу Абхишек Баччан менен кол кармашканын Айшвариянын катчысы расмий түрдө билдирген. Ал эми Абхишек өзү да көп кинолорго тартылып күйөрмандардын арасында чоң кадыр баркка ээ. Өзүнүн түгөйү тууралуу Ай төмөндөгүдөй маалымат берет: -"Абхишек мага эң оор учурда колдоо көрсөтүп, жашоомо көрк берди. Албетте жашоодо бир жолу жаңылгандан кийин кайра жакшылыкка, сүйүүгө ишениш оңойго турбайт. Ушундай оор кырдаалда мага жөлөк-таяк болгон адам табылганы мени кубандырат. Бул жолу жаңылбашыма көзүм жетет, анткени Абхишек мен каалап мен кыялданган адамдын дал өзү".

Сакчылары күйөрмандарга кол көтөрүп…
Атактуу адамдарды жандап жүрчү сакчылардан Айшу да кур калган эмес . Ай сайын көп өлчөмдөгү төлөнгөн айлыгын актайлы дешкенби Индияда чиркөөдөн чыгып келе жаткан актрисадан күйөрмандары чуркап келип кол тамга алууга умтулушкан. Алардын каалоосун канааттандырууга кол сунган Райдын артынан жан сакчысы келип күйөрмандардын бирөөсүнө кол көтөргөн. Мындай көрүнүшкө таң калган элдер ошол жерден ызы-чууну башташат, алардын ою боюнча эл сыйлап, эл кадырлаган адамдын бул кадамы аларды аябай ыза кылган. Көрсө актрисанын жан сакчысы мас экен, ал эми Рай анын мастыгын мойнуна албай танууга аракет кылган. Эми ал сакчынын иши сотко өткөрүп берилген. Бул жагымсыз көрүнүш Айшвариянын элинин арасындагы кадырынын төмөндөшүнө себеп болду.
А. ДүЙшөналиева