Сенин гезитиң!
№37, 14.10.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Шумдугуң кур

Тарыхта калган эң оор жер силкинүүлөр
Жер титирөөнүн "мекени"
Тилекке каршы көпчүлүгү дал ушундай "наамды" Японияга ыйгарып келишет. Анткени бир жылда орто эсеп менен бул мамлекетте 150 гө жакын жер силкинүүлөр болот. 1923- жылы 1- сентябрда 8 баллдагы жер силкинүү элдин эсинде өзгөчө сакталган, күтүүсүз кырсык 3 миллион адамды үй-жайсыз калтырса, 40 миң адам жарыкчылык менен кош айтышып, 2 миң адам майып болгон. Ар жылдын биринчи сентябрында Японияда кырсыктардан каза болгондорду эскерүү менен бирге күтүүсүз жоодон өзүн кантип коргонууну аздыр -көптүр үйрөтүшөт. Мурда бул окуудан өтүү ар кимдин каалоосуна жараша болсо, бүгүнкү күндө Япониянын ар бир жараны ушундай даярдыктан өтүүгө милдеттүү. Бул күнү япондуктар аза күтүп, эч кандай көңүл ачуу дегенди ойлошпойт.

Таттуу уйкуда тиги дүйнөгө узашып…
Кытайдын аймагында тарыхта эң катуу жер титирөө катары катталган, белгилүү Хуанхэ дарыясынын жээгинде жайгашкан Сианьда 9 баллдан ашык жер силкинүү 1556 - жылы болуп өткөн. Кырсык таңкы саат 5 те болгондуктан көпчүлүгү таттуу уйкудан ойгонбой оо дүйнөгө узап кете беришкен. Миңдеген үйлөрдүн көз ирмемде тыптыйпылы чыккан. Ошол кырсыктан баш аягы канча адам каза болгону бүгүнкү күнгө чейин белгисиз бойдон . Адистердин айтуусуна караганда эң оор жоготуулар дал ушул жерде болуптур.
1976- жылы 28- июлда түнкү саат 3 төн 42 мүнөт өткөндө Пекинде жер силкинүү болуп өтүп, шаар дээрлик жер менен теңелип калган. Катастрофадан каза болгондордун саны калган элдин жүрөгүн түшүрбөйлү деген максатта официалдуу түрдө жар салынган эмес. Ал эми массалык маалымат каражаттарында 655 237 адам каза болду деген маалымат тараган.

Эң чоң шаарды ураткан зилзала
Өкүнүчтүүсү Иранда да жогоркудай күтүүсүз кырсыктар көп болуп мамлекеттер арасында экинчи орунда турат. 1962- жылы күз мезгилинде болгон силкинүүнүнүн айынан бир нече чоң шаарлар түп орду менен кулап 12-миң адам көз жумуп, 100 миңи эшикте баш калкалаар жери жок калган. Ал эми 1972-жылы болгон кырсыктан Кир шаары урап, 5400 адам каза тапкан. Бул зилзала жүздөгөн үй-бүлөнү түп орду менен жок кылган. Бир үй-бүлөдөн бир да адам тирүү калбагандыгы жалгыз эле ирандыктар үчүн эмес, жалпы адамзаты үчүн оор көрүнүш.

Кудайдын каарына калган жоокерлер
1700-жылы өмүрүнүн көбүн астрологияга арнаган Джон Флемстид планетанын жайгашканынан улам Европанын батыш бөлүгүн эң чоң кырсык күтүп турганын болжолдогон. Кийинчирээк белгиленген астрологдун көзү ачыктыгы чын чыккан. Күтүлгөн кырсык Джон Флемстиддин көзү өткөндөн соң 36 жылдан кийин болгон. Тактап айтканда Партугалияда 1755- жылы 1- ноябрда Кудайга сыйынууга Ыйыктардын күнүн белгилеп шаардын тургундарынын көпчүлүгү чиркөөгө жөнөшөт. Дал ошол учурда бир топ адам каза таап, ал эми имараттар менен шаарлар жер менен теңелген. Бул жүрөктүн үшүн алган кырсыктан туура 40 мүнөт өткөндөн кийин ошол эле жерде экинчи жер титирөө болуп өтөт. 50 000 миң адамдын өмүрүн алып, 18 курулушту тыптыйпыл кылган зилзала дүйнө жүзүндөгү элдин баарынын эсин оодарган. Таңкалыштуусу Партугалиянын тургундары дароо эле бул кырсыкка күнөөлүүлөрдү издеп башташкан. Бир чети күлкүнү, бир чети таң калууну жараткан бул көрүнүш, ажо Дона Жозенин буйругу менен ошол жер силкинүү болгон күнү абактан качкан аскерлер Кудайдын алдында чоң күнөө кетирип ошонун кесепетинен бейкүнөө эл жабыр тартып жатат деген жыйынтык чыгарылган. Ал жоокерлер ошол эле күнү кармалып, дарга асылышат.

Үрөйдү учурган үйлөнүү той
Таиландда болгон үлпөт той бир тобунун өмүрүн алып тыныптыр, тактап айтсак колуктуну колтуктаган бактылуу күйөө турмуш жолуна аттанаарда каш кабактын ортосундагы кырсык аларды да баскан. Анткени Чаоу менен Раинин тоюна чакырылган меймандардын бири да калбай жер титирөөдөн каза табышат. Таңкала турган көрүнүш ошончо элдин ичинен Чаоу менен Раина гана аман калышкан. Сүйүнүч менен өкүнүч коштолгон үлпөт тоюнда эки жаштын болгон тууган-туушкандарынын бардыгы каза болушкан.


Жыл сайын эксперттердин чыгарган жыйынтыгына таянсак 1997- жылы жер силкинүүдөн 2907 адам каза болсо, 1998- жылы 8928 адам көз жумган. Жер шарында катталган өлүмдөр 1976- жылы көрсөтүлгөн, анткени 255 600 миң адам каза болгон. 1943- жыл жер титирөө боюнча рекорд коюлган жыл, себеби эң оор силкинүүлөрдөн 41 катталса майда жер титирөөлөргө сан жетпейт.