Сенин гезитиң!
№37, 14.10.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


- Ал жөн эле мындай киши эмес, ишеничтүү аял,- деп ал аял менен да беттештирүүнү да ойлоп кеттим. Анан бул сөздөрдү туура эмес айтканымды сезип катуу өкүнүп калдым, бирок кеч болуп калган эле. Бахид мени бир топко таң калуу менен карап, ушул ойдун туура же туура эмес экендигин текшерип жаткандай түр көрсөттү да:
- Менин тагдырыма мынчалык киришип жаткан ал кандай неме экен? Мына менин жашоомду менден башка эч ким билбейт. Мен өзүм сага айтып жаткандан кийин эмне үчүн сен мага ишенбестен, ошого ишенесиң, ыя?-деп ал буга чейин эч качан болуп көрбөгөндөй каарданды. "Эгер калп болсо, ал мынчалык жанын жеп жинденбейт эле го-деп ойлодум. Ушундай калп боло турган болсо тигил аял ортобузду бузушуна эмне себеп? Мүмкүн ал аял ушунчалык түркөй экенимди, баардык нерсеге ишене берээримди пайдаланып жаткандыр? Балким анын Бахидге каршы душманчылыгы бардыр? Андай болсо аны менден эмес, өзүнөн албайбы?" Көз ирмем мезгилде ушул сыяктуу суроолор башымдын чиритип жиберди. Көптөн бери катып жүргөн ачуум акырындап тарай баштады. Баарын байкап турган Бахид муну сезди, ал мени жибиди деп ойлоду окшойт, кучактаганга аракеттенди. Ушинтип койсо эле мен жибип калмак белем деп ойлодум да, анан сыр билдирбегенге аракеттенип:
- Менин душмандарым көп, алар өчүн менден ала алышпай, ушинтип сени бузуп жатышкан тура. Мен аларга көрсөтөм, менин ким экендигимди. Сага ким айтканын да билем,-деп бети-башы бырышып, өңү кумсарып кетти. Көчөдө жолуккан бирөөгө ишенип алганыма чынында өзүмдү аябай ыңгайсыз сездим. Башка учур болгондо өзүм чуркап барып кучактап, кечирим сурамакмын, бирок азыр анте албадым. Апама, андан кийин Арзыканга берген убадамды эстедим, ошол сөздөрүм мени Бахидге жакындатпай кармап турду. Өзүм каалап турганымды жана мени бир нерсе кармап бошотпой жатканын Бахид байкады.
- Сен ошол аялга ишендиңби? -Бахид бул жолу өктөм сурады. Бул жерден аялдарга мүнөздүү бир касиет мени жеңип кетти , ал жеңилгенимди билип турсам да, жеңилгим келген жок. Ошол себептен:
- Сенин аялың бар болсо, аялым жок деп эле мени айтып ишендирип койбойт белең. Кана айтчы, менин тигил жакта аялым жок деп? Көрдүңбү айта албайсың, анан калп эле бирөөнү күнөөлөй бересиң!-деп ачуум менен чаңырдым. Ырас, бул жерден менин тапкан сөздөрүм өзүмө жакты. Бахид чынында аялым бар, же жок деп айта албады, мени өз сөзү менен ишендире албады же ишендиргиси келген жок. Анын мындай мамлеси ого бетер жинимди кайнатты. Көз жашымды кармана албай кеттим да солкулдап жибердим. Чынында мен Бахиддин ынандырып бир ооз сөз айта албаганына ызаландым. Бахид бул кыжаалаттан кантип чыгышты бир саамга ойлонду да, сооротуштун ордуна:
- …Жанагы кандай аял экен?-деп сурады катуу үшкүрүнүп алгандан кийин бир маалда. Мен суроонун маанисине толук түшүнө бербедим да:
- Кандай экен дегениңе түшүнбөдүм, эмнени айтып жатасың? -деп кайра өзүнөн сурадым.Ал менин түркөйлүгүмө чыдабай кеткендей башын чайкап, ууртунан акырын жылмайып алгандан кийин:
- Жанагы аялдын айткандарына ишендиңби? Мүмкүн ал сенин тагдырыңды бузулсун деп,…. Туура эмес айтты деп ойлойсуңбу? -деп ойлорун тактап койду. Чынын айтканда мен ушул мезгилге чейин өз тагдырымдын бузулушу, ага карата ой пикирдин туура же туура эмес айтылганы тууралуу ойлобоптурмун, Бахиддин минтип айтканы мени өтө таң калтырды.
Анын өзү менен байланыштырып, тагдырыма байланышкан айрым айтып түшүндүрүүгө мүмкүн эмес кырдаалдарды дал өзү аркылуу сезип, өзүнөн улам мындай түшүнүктөрдүн кээ бирлерин кабылдап, анча тереңдеп кетпесе да, айрымдарын түшүнүп, тагдырга тиешелүү кандайдыр бир белгисиз сыйкырдын таасирине арбалып келатканымда ал тигинтип башка чапкандай терс таасир берип отурат. Аргасыз айттырып жатасың дегендей башын чайкап бир нерсеге өкүнүп жаткандай:
Ал балчы аял. Өтө шүмшүк аял,- деп абдан буулугуп айтты. Союз учурунда аны тереңдетип түшүндүргөн эч кандай маалымат болбогондуктан, ушундай эл арасында айтылган жапайы сөздөрдү угуп, ишенчээктерибиз андагы айрым көрүнүштөргө ишенип тим болчубуз. Анын кайсы тарабы чын, кайсы тарабы калп экендигин териштирген эч ким болчу эмес. Ошол себептен улам ар ким жан дүйнөсүндөгү ишенимине таянуу өзгөчөлүгү менен жашап келген. Ойлонуп көрсөм бир топ нерсени туура айткандай, мени анын сөзүнө ишендирбеген негизги нерсе Бахиддин тигил аял айткандан башкы фактыны сөз менен болсо да жокко чыгарбаганы болду. Ал аялдын айткандары кадимкидей кулагыма жаңырып, чындыкты далилдеп тургандай болгондуктан жана мен Бахиддин сөзүнө эч кандай ишенимдүү нерсе көрө албагандыгымдан , мына ушул жагдай менен таптакыр келише албадым. Эмне, аны Бахидден жашырмак белем деп сөз кезеги келип тургандыктан болгонун болгондой айтып салдым.
- Сен ошол аялга ишенсең өзүң бил мен экөөбүздү бактылуу болобуз го деп ойлогом. Өтө кайгыргандай сүйлөдү. Чынында мен анда , "Ал аял туура эмес айтат, менин эч кандай аялым жок, сен мага ишенчи" деген сыяктуу сөздөрдү күтүп тургам. Дагы бир жолу көңүлүм калды, анын чын айтып жатканына баары бир ишене албадым. Ага ынанбай турганымды деле жашыра албадым.
- Башкасын билбейм, ал аял бир гана нерсени туура айтты. Ал сенин аялың бар экендигин. Мен сөзүмдүн аягына чыга электе эле Бахид коюу каштарынын арасына жашырылган ачуу тиктеген көздөрү менен:
- Баарын билген ал аял сенин менден башка менен никең болбогонун билбейт бекен, кандайдыр бир шакаба клгандай сурады. Анын минтиши менин ого бетер жинимди келтиргендиктен:
- Эмне дегенди айтып былжырап жатасың?!- деп кыйкырып жибердим. Ал менин чектен чыгып баратканымды түшүндү окшойт, андан ары эч нерсе дебей басып кетти. Мен бир топко ыйладым да анан бугум чыккандан кийин жай басып ойлонуп үйгө келдим. Сырткы эшикти ачкан апам эмнеге көзүм шишигенин сурады. Ал менин оюмду азыр айттырбай билип турганын сездим да, жини келди окшойт, өзүнчө туталанып:
- Жанагы "тажикке" дагы жолуктуңбу?- деп ооз учунан кобурады. Башымды ийкегеним менен толук жооп бере албадым. Ошондо көр, апамдын жинин тишин кычыратып, азыр барып жеп жиберчүдөй көзүнөн заарын чачып:
--- Ошол сенин жаныңды койбогон келесоо немеи милицияга берип салайынбы. Ыя? Сени тим эле кыйады го, --деп ал меден жол сурап жатты. Эч андай күнөөсү болбосо, аны милици яга берүүгө болот. Экинчи тарабынан менин ага болгон мамилемди баарына билдирип отуруунун заарылчылыгы жок деп эсептедим.
Ыйлап келгенде тыяныч болуп бере турган ата-энем бар экендигине сымыктандым. Алардын намысы коргоогон жолду тандап алганымды эстегенде көңүлүм кичине көтөрүлдү. Бирок кнчлык унутайын десем да бир Бахид тууралу ой башымданкетпей койду. Анын тигил аялды билип калдганына ишене бербе, ошондой Ббахид айткан ал аял эмес болсочу, мүмкүн адашып жаткандыр деп да ойлоп коемун. Ал экөө мурдатан тааныш, ал тургай дайыма жолугу щуп сүйлөшүптурган немелер экен деп да ойлодум. Бул оюмду өзүмчө бекемдеп, алар мурдатман бирин-бири жакшы билгендиктен , тигил аял өзү Бахидди жакшы көргөн үчүн анысы менен тигисин кызганып, болбогон нерседлер менен башымды оорутуп жаткан тура деген ой менен өзүмдү өзүм бышыктап койдум. Мурда мен жөнүндө бир сыйра "кырылышкан" же сүлөшүп акырына чыга албай калган үчүн тиги аял мени бузуп, анан өзү энчилеп алгысы келген да деген бүтү мгө токтолодум. Ушул оюм реалдуу деп жыйынтыкка келгем, ошону менен, уйкуга багыныптырмын.
Түшүмдө тиги аялды Бахид мага ээрчитип келиптир. Бети башынын баары көк ала










??.??