Сенин гезитиң!
№37, 14.10.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Обон - шоу

Кайрат Нуртас, ырчы:
"Сүйүп калсам негрге деле үйлөнө берем"
"Казак-кыргыз эки көз болсо,
А Ала-Тоо ортодогу муруну.
Кандай кырсык бизге туш болсо ,
Салт кылганбыз дайым жардам кылууну" деп белгилүү калемгерибиз жазып калтыргандай казак-кыргыз эли илгертен бери бир туугандай болуп жеңилин жерден, оорун колдон алып, эриш-аркак жүргөнү жалпыга маалым. Ата-бабалардын салтын улаган Ильяз Абдыразаков менен казак жылдызы Кайрат Нуртастын достугун айта кетпесек болбос. Мындан мурун да Кыргызстанга келип талантын тартуулаган Кайрат Нуртас мына минтип досунун жакшылыгын тең бөлүшүп Ильяздын концерттик кечесине келип, бул кеченин көркүнө-көрк кошуп отурат. Учурдан пайдаланып боордош элдин мукам үндүү ырчы жигити Кайрат Нуртасты кепке тарттык.

- Кайрат бул сенин алгачкы келишиң эмес, бул жолу кандай сезимде турасың?
- Концерт абдан жакшы өтүп атат. Баары менен таанышып, жакшы достордон болуп калдык. Бул жолу жалгыз келбестен досум менен чогуу келгем. Ал дагы Казакстандын ырчы жигити. Бирок, бүгүн ырдабайм деп жатат. Буюрса кийинки келгенде сөзсүз талантын тартуулайт.
- Кыргыз кыздары жактыбы?
- Казак, кыргыз бир тууган деп коюшат гой, казак кыздары менен кыргыз кыздарынын мен үчүн эч кандай айырмасы жок. Баары адеми, баары ак көңүл гой. Өзгөчө чач тарач кыз абдан жагып калды. Мени адеми кылып сахнага чыгарган да ушул кыз.
- Кыргыз кызын сүйүп калсаң үйлөнөт белең?
- Махабат элди-жерди тандабайт, жүрөктө алоолоп сүйүү турса, кыргыз эмес, кара болсо дагы негрге деле үйлөнө бермекмин. Негизгиси ортодогу сүйүү маңыздуу.
- Байкасак кыргызча түшүнөт экенсиң, а кыргыз тилинде сүйлөгөндү билесиңби?
- Кыргызча жакшы түшүнөм. Сүйлөгөндү кичине- кичине үйрөнүп атам.
- Кайсыл сөздөрдү сүйлөй аласың?
- (Күлүп…) Кылыч деген сөздү үйрөндүм. Ыч, ыч, ыч, сахнада Кылыч деп алып баруучу кызыктуу кылып айтып жатыр.
- Достукту кандай баалайсың?
- Оо, достукка абдан бекеммин. Ильяз экөөбүз абдан жакын болуп кыйышпас достордун катарын толуктап жатабыз десем да болот. Мен Кыргызстанга ээн-эркин келип атам, ал Казакстанга барып талантын тартуулаганга мен көмөк көрсөтүүдөмүн. Бирок, ал жакында барганда мен башка жакка кетип калып күтө албай калдым. Өзүм башка жакта болуп, бара албасам дагы, менин досторум аны аябай жакшы тосуп алышкан. Эми Ильяз экөөбүз ар дайым бири-бирибизге жардамдашабыз.
- Дагы кыргызча ыр жаздырайын деген оюң барбы?
- Кыргызча ыр жаздырсам деген максатым бар. Буюрса алдыда дагы көп кыргызча ырдап, бир эле казак элине эмес кыргыздарга да талантымды көрсөтсөм деген ниетим зор. Анан да Ильяз менин ырларымды кыргызчага которот, мен болсо анын ырларын казакчага которуп элге тартуулайбыз.
- Кайрат, сени мындан бир топ мурун өлдү деген кептер тарады эле. Муну ким чыгарганын тактадыңбы?
- Оо, бул сөз Казакстанда да аябай тарады. Муну Шымкенттик баурларымыз чыгарган. Бирок, мен муну чыгаргандарга деле капа эмесмин. Бул жөн гана пиар да.
- Биз жакка эми качан келесиң?
- Бул менин акыркы келишим эмес. Тирүү болсом дагы көп келем. Себеби мага кыргыз элинин меймандостугу, ак көңүлдүгү абдан жагат. Достугубузду соолутпай, мындан да жалындатсам дейм.
Маектешкен Нурзат Жусупова.