Сенин гезитиң!
№37, 14.10.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Кумир иенен баарлашуу

Неля:
"Кытай бала төрөбөй кыргыздын санын көбөйтөлү"
Бир кезде Айчүрөк Иманалиева, Асел Турдалиева дегенде канчалаган жигиттердин жүрөгү "тыз" этип алчу.
Убакыт өткөн сайын улуу муундун ордун кичүү муун басып өмүр көчү улана берет тура. Дал ошол өң десе өңгө, үн десе үнгө эгедер татынакай ырчы айымдардын жолун жолдоп, мырзаларыбыздын карегин талытып суктандырган жаш ырчы Неля көптөн күткөн күйөрмандарынын тилегин орундатып, ыр ышкыбоздору менен жолугушту. "Атын атаса, куту сүйүнөт" демекчи кучак толгон белектери менен Казакстандан ат арытып, жол карытып келген күйөрмандары Нелянын көңүлүн көтөрдү. Жолугушуунун соңунда ырчы кызыбыз
жандуу үн менен
обон созуп, фанат-
тарын жылуу маанай
менен өзүнүн чакан
белегин берип узатты.

Асылбек:
- Неля эже, мен сиздин
чыгармачылыгыңызды
сыйлайм. Аялзатына тиешелүү
бардык бакыттан Алла Таалам сизди кур кылбасын. Сизге суроом, атаңызга арнап ыр жаздыңыз беле?
- Рахмат. Негизи менин көп жетишкендиктерим атама байланыштуу. Азырынча атама арналган ырым жок. Бирок, ниетим бар.
- Эмне үчүн атаңыздын аты менен Нуркул кызы Эльмира деп сахнага чыккан жоксуз?
- Бир кездерде чыкканмын. Кийинчерээк оригиналдуулукту издеп Неля деген ат менен элге таанылууну туура көрдүм. Жакында эле мусулманчылык жол менен Неля деген атка азан чакырып, документтеримди өзгөрттүм.
- Атаңыз азан чакырып койгон ысымды таптакыр өзгөртүүгө эмне себеп болду?
- Бул атым жакпагандыктан эмес, чет өлкөгө чыкканда мени Неля деп жазып коюшат да ал паспортумдагы ат менен дал келбей бир топ эле убара тартып, ошол себептен чыгармачылыгымдагы ысымды алып жүрүү чечимине келдим.

Жакшылык:
- Президенттин аялы болгуңуз келеби?
- Чынын айтсам мен бийликке, байлыкка көп деле кызыга бербейм. "Байлык колдун кири жууса кетет, бийлик коломтодогу от, суу сепсе өчөт" дегендей мындай убактылуу нерсенин артынан бакыт издебеш керек. Менимче аялзатынын бактысы үчүн президент менен чабандын айырмасы жок.
- Канча жашыңыздан турмушка чыгып, канча балалуу болгуңуз келет?
- Эки уул, эки кыздын энеси болгум келет. Жараткандан ошол күнгө жеткирсе экен деп тилейм.

Нурайым:
- Неля эже, мен эгиздин шеригимин. Бегимай да ушул жерде олтурат. Биз сизди кумир тутабыз. Сиз да эгиз төрөсөм дейсизби?
- Рахмат Нурайым. Мен да эгиздер менен жолугуп жатканыма кубанычтамын. Эгиз балалуу болуу менин кыялымдагы үмүттөрүм. Апама да эгиз бала берсе деп айта берем. Туугандарымдын арасынан жеңем 3 жолу эгиз төрөгөн. Ошол жеңемди көрүп суктанып, баа берем. Андыктан, "Жакшы тилек, жарым ырыс" демекчи тилек кыла береличи.
- Алгачкы өбүшкөнүңүз эсиңиздеби?
- (Күлүп) Кандай десем… мм… Мен аны өзүңө эле айтып берейинчи ээ?
- Сүйүп көргөнсүзбү?
- Ооба, бул да экөөбүз сүйлөшө турган суроо экен. Өзүңө айтып берем, макулбу.
- Азыр жүрөгүңүздүн ээси барбы?
- Жок. Учурда чыгармачылык менен эле алпурушуп жүрөм. Оюмдагы адамды жолуктарсам сага кабарлап коем.

Гулиза:
- Ырчы болушуңузга атаңыз каршы чыккан жок беле?
- Каршы болгон. Себеби атам союз мезгилинде тарбияланып калган адам болгондуктан башка кесиптин ээси болушумду каалачу. Атамдын сунушун четке какпай КУУнун экология факультетин ийгиликтүү аяктап, өтүнүчүн актадым. Ошону менен бирге бала кездеги көптөгөн максаттарымды да орундатып, бүгүн минтип ыр дүйнөсүндө жашап жатам.
- Сизди Замир Мырза менен "Кайып булак" киносунан кийин катуу урушуп кетиптир деп айтып жүрүшөт. Ушул ыраспы?
- Замир экөөбүз кино тууралуу урушкан жокпуз. Болгону мага анын гезитке берген интервьюсу жакпай калды. Замирдин берген интервьюсунда "Кыздар менин бутумда чалынып жүрөт" деген сөзү менин намысыма тийди. Бул сөз бир гана мен үчүн эмес, аялзаты үчүн оор. Замирдин бутуна кыздар чалынып жүрөбү, малынып жүрөбү арка-алдын карап, эл көзүндөгү адам болгонун эске алып бир аз ойлонуп сүйлөш керек болчу. Айтылган сөз, атылган ок эмеспи. Ушундан кийин кесиптешиме бир аз таарынып калдым.

Айжамал:
- Мага фигураңыз аябай жакты. Өзүңүздү бир калыпта алып жүрүш үчүн диета кармайсызбы?
- Тамак тандап, диета кармап машакаттана бербейм. Табият берген эле келбетим, тулку-боюм менен жүрөм.
- Ичимдикке кандайсыз?
- Чынын айтсам бөтөлкө кармаган кыздарга жарашпайт. Ошондуктан ичмек түгүл ууртабайм дагы.
- Чоң суммадагы акча таап алсаңыз эмнеге жумшамаксыз?
- Өзүмө дейин десем кудайга шүгүр баары жетиштүү. Эгер менде ошондой мүмкүнчүлүк болсо өнөр адамдары үчүн бардык шарттары бар маданият үйүн курмакмын.

Нурсанам:
- Кытай улутундагы төгөрөгү төп келишкен жигит сизди сүйүп калып, нике шакегин сунуштаса макул болот белеңиз?
- Төгөрөгү төп келишкен жигитти алыстан издебей эле өз өлкөбүздөн тапсак болот. Мен улутчул болбогонум менен патриотмун. Ушул кезге чейин ар кайсы улуттагы досторум болгон. Бирок, баары бир кыргыз жигитинен артыгы жок.Анткени биздин жигиттердин пейили кенен. Ошондуктан асмандагы айды алып берем десе да кытай бала төрөбөй, кыргызымдын санын көбөйткөнгө ниеттенели.
- Жашыруун болбосо тойлордогу кызматыңыз канча?
- Тойго чакырганда, баарын макулдашып келип "ставкаң канча" дегенде эле такалып туруп калам. Чынында мен үчүн ушул жагдай ыңгайсыз абал туудурат. Акча жаатында соодалашканды каалабайм. Кийинки учурда курбу кызымдын телефон номерин берип, мындай маселе курбум аркылуу чечиле турган болду.

Бегайым:
- Көпчүлүк ырчылар базардан соода кылгандан уялат экен. Сиз кайдан кийинесиз?
- Биз ырчылар ырдап эле чыкканыбыз болбосо, башка жөнөкөй элден эмне айырмабыз бар дейсиз. Эл жүргөн жерде басып эле, эл жеген тамак менен курсак тойгузуп жүрөбүз го. Анын эмне уяты бар. Мен деле Цумдан, Дордойдон кийинем. Базарда дайыма соода кылган эки тааныш эже бар. Кээде барганда кенен отуруп сүйлөшүп келем.
- Саякаттаганды жакшы көрөсүзбү?
- Мен өзүмдү романтик адам катары эсептейм. Тоого чыгып, шаркыраган суунун жээгинде кыялданып отургум келет. Мындан тышкары чет өлкөлөрдөгү кооз шаарларды кыдырсам дейм.

Адилет:
- Келечекте жолдошуңуздун кандай адам болуусун каалайсыз?
- Биринчиден маданияттуулугуна карайм. Анткени ар бир адам менен пикир алышканда же таанышканда анын кандай адам экендигинен кабар берет. Анан да түшүнүктүү, билимдүү киши менен ар кандай темада, ар тараптуу сүйлөшө аласың.
- Бактыгүл менен Урматты талашып урушуп кеткениңер чынбы?
- Бул жөн гана ушак. Башкасын талашсам да жигит талашып урушмак эмесмин. Урмат экөөбүз көп жылдан бери сахналаш достордонбуз. Эң биринчи шоу- бизнеске келгенде Урмат, Сьездбектер менен таанышкам. Урмат чыгармачылыкта мага болгон жакшылыгын аяган жок. Анан калса бир жерден, коңшулаш айылдан болобуз. Ал эми Бактыгүл менен мурда мамилем жакшы эле болчу. Бирок, кайсы бир убакта ал мени менен себеби жок эле сүйлөшпөй калды. Мен анын бул жоругуна эч нерсе деп айталбайм, сүйлөшкүсү келбесе өз эрки.

Канжар:
- Неля эже, кыргызымдын татына, таланттуу кызы менен "Обон" гезити аркылуу жолугуп жатканыма кубанычтамын. "Баатырдын атын алыстан ук, жанына келсең бир киши" дегендей, абдан жөнөкөй кыз экенсиз. Ушундай ыймандуу, ийкемдүү айым кандай үй-бүлөдөн чыкты экен. Үй-бүлөңүз жөнүндө айтып берсеңиз?
- Үй-бүлөдө үч бир туугандын ортончусумун. Менден улуу эжем Көлгө турмушка чыгып, ошол жакта жашайт. Сиңдим болсо Көк-Жарда 6-класста окуп жатат. Тагдыр экен, атамдан эрте ажырап калдык, каза болгонуна 4 жыл болду. Менин эң жакын адамым болгон апам учурда Кыргыз Улуттук университетинде англис тилинен сабак берет, көп тилдерде эркин сүйлөйт. Бирок, "Өтүкчүнүн өтүгү жок" дегендей мен өзүм тил жагына көп кызыга бербейм.
- Жакында эле "Капкан шоу" көрсөтүүсүнөн бейтааныш түрк менен жолукканыңызды көрдүк. Ал адамга кантип коркпой жалгыз бардыңыз?
- Анда силер окуянын монтаждалган вариантын көрдүңүздөр. Менин Акжол Нышанов деген Турциядан жакында эле келген жакын досум бар. "Жалган" деген ырды да мага ошол сунуштаган. Теледеги окуя болоордон 2 жума мурун Акжол мага байланышып ошол ырдын автору түрк киши Кыргызстанга келип, мени менен таанышам деп жатканын айтты. Ал кезде мен аябай ооруп, ооруканадан жаңы эле чыккам. Ошол себептен бир жумадан кийин айыгып калсам жолугалы деп макулдашканбыз. Ошол убакыт келгенде Акжол чалып мени жолугушууга көндүрүп, акча бере турган болсо коркпой ала бер деп айткан. Мен ал түрккө эмес, досум Акжолго ишенген үчүн баргам. Тилекке каршы, мен ушундай тамаша көрсөтүүсүнө туш келип, түнү менен өзүмө келалбай жаман болдум. Мындай кырдаалды ар бир адам өз башынан өткөргөндө билет.
Даярдаган Ж. Калдарова