Сенин гезитиң!
№37, 14.10.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Саламат плюс

"КосМед" медициналык борборунун дермотокосметолог врачы Гаджал Нурмери Туратбековна
Ар бир аялзаты жылдын кайсы мезгили экендигине карабастан айына бир жолу бетти тазалатып туруусу зарыл. Анткени ар кандай сырткы же ички таасирлерден улам, мисалга косметика колдонуудан деле беттин терисинин тешикчелери бүтөлүп калып, тактар пайда болуп, теринин түсү өзгөрүлүп, бузулушуна алып келет. Ошондуктан ар бир адамдын терисинин абалына жараша ар кандай косметикалык каражаттар менен беттин терисин атайын адистер тазалашат.
Теринин абалы нормалдуу, майлуу, кургак болуп бөлүнөт.

Асылзат ажары
Майлуу тери - териде майдын ашыкча бөлүнүп чыгуусунан улам болот. Адамдын ички организминдеги гормоналдык бузулуудан, же тамак сиңирүү органдарынын туура эмес иштешинен, нерв ооруларынын таасиринен тери майлуу болот. Мындай тери чаңды бат сиңирип алып териде майда ириңдүү исиркектердин чыгышына алып келет, тери бузулат. Майлуу терини самын менен эмес атайын бет үчүн чыгарылган гелдер менен эртең менен кечинде жууп турса жакшы жыйынтык берет.
Кургак тери - тескерисинче териде майдын жетишсиз бөлүнүп чыгуусунан болот. Бет терисинде нормалдуу нымдуулук сакталбаган болот. Кургак тери көбүнчө улгайган курактагы адамдарда көп байкалат. Жаштарда деле бетти самын менен туура эмес бат-бат жуугандан, шамалдан же күн нурларынан сактанбай жүрө бергенден бет териси кургап кетет. Мындай бетке бырыш бат түшөт, тери шуудурап, тез картаят.
Үй шартында беттин терисинин абалын кантип билсе болот? Ал үчүн кургак жумшак кагаз бет аарчысын (салфетка) бетке кармап кайра алабыз. Эгерде бет аарчыда майлуу тактар көп болсо анда бул тери майлуу, эгерде анча-мынча майлуу так болсо нормалдуу, жана кургак бетте май жок болот.
Пигменттик тактар, сепкилдер - бул тактарды кетирүү, дарылоо үчүн жалгыз эле косметолог эмес биз терапевт врачтар менен да иштешүүнү сунуштайбыз. Анткени жогоруда айтып өткөндөй теринин абалы ички организмге да жараша болот. Адамдын боору ооруса (же ичеги курттар бар болсо) бетке тактар түшөт. Косметологиялык жол менен тактарды кетирген менен ички организмдеги бузулууларды калыбына келтирип, дарылабаса, канча бир убакыттан кийин тактар кайра пайда болушу толук мүмкүн. Ал эми кош бойлуу учурда түшкөн тактарды кетирүү бизде жакшы эле жыйынтык алып келүүдө. Мезотерапия деген жол менен бетке агартуучу, жашартуучу ар кандай кислоталар , витаминдер ийне менен сайылып дарылоо жүргүзүлөт.
Бырыштар - укалоо (массаж) жолу менен жана контурдук гель пластикасы деп коёбуз, жарым сааттын ичинде беттеги бырыштарды жазып, жашартуучу күчкө ээ гель менен иштейбиз. Бул француз гели, эч кандай зыяны жок, убакыттын өтүшү менен бетке сиңип кетет. Эң негизгиси чекедеги, мурундун, ээктин, көздүн тегерегиндеги бырыштарды жок кылат.
Адис катары айтаарым: бир жерден окуп же тааныштардан угуп өз алдынча эле бетке кам көрө берген туура эмес. Мисалы, агартуучу касиетке ээ дешип айран, сүт азыктарынан масканы көп жасашат. Булар агартат, бирок туура жасалса. Маска коюп алып андан ары бетке ылайык бет май сыйпанбай, сактанбай, кайра бетин күн нуруна күйгүзүп алгандарын билбей да жүрө бергендер кездешет. Эң жакшысы жер- жемиш, банан маскасы бетке жакшы таасир берет деп айта алам. Мына ошондуктан ар бир аял заты өзүнүн терисинин абалын туура аныктап билип ошого жараша мамиле жасашса дайыма сулуу, жакшынакай болуп жүрүшөт.
Меңдер - адамдын организминде чоочун заттарга, мисалы оору козгоочу вирустарга каршы күрөшүүчү иммунитет начарлап кеткенде папиллома пайда болот. Учурунда жок кылбаса бул моюндун тегерегинде жыш көбөйүп кетип адамга ыңгайсыздык алып келет, бизде буларга карата жакшы дарылоо жүргүзүлүп жатат.
Ошондой эле адамдын көркү болгон чач ар кандай себептерден улам сынып, түшүп ооруйт. Стресстик абалдан да чач түшүшүн көптөр элес албайт. Андыктан чачты дарылатып турса чач бекемделип түшүүсүн токтотот, түсү жакшырат.

Биле жүр
Териге керектүү
витаминдер
Эгерде организмде витаминдер жетишсиз болсо анда сөзсүз түрдө теринин абалына терс таасирин тийгизет.
А витамини - жетишсиз болгондо тери кургап, каралжын түскө өтүп назиктигин жоготот. Чачта какач пайда болуп түшүүсү күчөйт. Бул витамин балыктын майында, сүт азыктарында, боордо, сабизде, ашкабакта көп болот.
С витамини - терини аллергиядан жана суук тийип сезгенүүдөн сактап турат. Жетишсиз санда болсо териде пигменттик тактар пайда болот. Лимондо, капустада, карагатта С витаминдери көп.
Д витамини - тери ооруларын, аллергия, балдардын экземасын дарылоодо кеңири колдонулуп жүрөт. Бул витаминди балыктын майынан, уйдун сүтүнөн алсаңыз болот.
F витамини - аз санда болсо тери өзүнүн табигый түсүн жоготуп, чач түшө баштайт. Бул витамин олиф, миндаль майларында бар.
В витаминдер тобу териге түс берип туруучу меланин үчүн эң зарыл.
Организмде жетишсиз болсо териде экзема сыяктуу оорулар пайда болот. Жүгөрүнүн уну , жер жемиштер бул витаминге бай.
Кеңири маалымат алуу үчүн байланыш телефону 0312 312865; 0312 313091

Элдик медицинадан
Үй шартында майлуу бетке туура кам көрүү үчүн байыркы мезгилден бери дары чөптөрдү колдонуп келишкен. Эки чоң кашык шалфейди бир литр кайнаган ысык сууга демдеп, буусуна бетти 10-15 минут кармап андан кийин таза кебез менен сүртүп тазалап коёт. Мындан бет агарып, кан айланууну жөнгө салат .
Кургак бет үчүн майдаланган укропту бир чай кашык олиф майы, буудай уну менен аралаштырып бетке 15-20 минут маска койсо беттин териси жумшарып, шуудурабай өңү да жакшынакай болуп калат. Маскадан кийин таза жуулган бетке крем сыйпоону унутпоо керек. Бул ыкма жумасына эки жолу жасалып турса жакшы жыйынтык берет.



Кызыктар дүйнөсүндө
Акылсыз падышалар
Калигула император болуш үчүн ата-энесин, байкесин, ал эми Нерон энесин жана аялын өлтүргөн. Бул эки императорду эл ушунчалык жек көргөндүктөн Улуу Рим элдеринин катарынан чыгарып салышкан.
Габсбургдук испан падышасы менен Костилиялык ханышанын тукумдары тубаса кем акыл төрөлүшкөн. Себеби алар жакын туугандардын бири-бири менен үйлөнүүсүнө уруксат беришкен. Мындай кенебестиктин айынан испан падышасы Карлос Il башы, жаактары абдан чоң төрөлүп, бир нерсени араң чайнап, эптеп сүйлөгөн. Ал эми биринчи француз падышасы Кловис ll акылынан айнып калса, небереси Чайлдрик lll "келесоо"деген ат менен белгилүү болгон. Энеси Луи lX баласынын тагдырына абдан кейичү. Анткени Чайлдриктин кичүү баласы Роберт дагы башына катуу сокку алып, атасынын жолун жолдогон.
Чарльз Vl келесоолугуна карабай Францияны 1380-1415-жылга чейин башкарган. Ал өзүн айнектен жасалгам деп эсептеп, сынып калбаш үчүн темирден кийим кийген.

Аскердик учуучу робот
Техас университети менен Флорида университетинин изилдөөчүлөрү жаңы муундун аскердик учуучу роботун иштеп чыгышты. Бул башкаруучусуз самолет-тыңчысын жаратыш үчүн изилдөөчүлөр 225 млн жыл мурда жашаган птеродрондун образын колдонушкан. Учуучу роботтун узундугу биринчиден аскердик зонага ылайыкташтырылган. Ал кадимки самолеттон айырмаланып рулу куйругуна эмес, аппараттын мурдуна жайгашкан жана 70см түзгөн. Түзүүчүлөрдүн айтуусу боюнча жаңы самолет-тыңчысы кичинекей жана үнү чыкпаганы ошондой эле кууш эки имараттын ортосунан, көпүрөлөрдөн, эстакададан учууга ылайыктуу болгону менен аскердик учуучу робот катары жаңы муундун үлгүсү боло алат.

Күндүн өңү акпы?
Адам баласынын Күнгө кудайындай ишенип келгени бекеринен эместир. Анткени биздин ички сезимибиз, ачык маанайыбыз күндүн таасирине көз каранды.
Күн ар бир секундда 700 млрд тонна сууну буулантып, жок кыла алат. Мына ушундай кубаттуулугун жоготконуна карабастан анын энергиясы дагы 5млрд жылга кенен жетет. Күндүн диаметри болжол менен жерден 109 эсе чоң дегенди билдирет. Ошондой эле күн менен жердин орточо аралыгы 150 млн км түзөт.
Биз күндүн өңү сары же сары-кызыл түстө деп билебиз. Бирок, анын өңү ак экени эч кимибиздин оюбузга да келбейт. Ал эми сары түс күнгө "атмосферанын нурданышы" деген феноменди берет.

Эң баалуу винолор
Австралиялык беш вино жасоочу биригип, жүзүмдүн "Шираз" деген сортунан дүйнө жүзүндөгү эң чоң бөтөлкөгө вино толтурушкан. Анын бийиктиги 180см, салмагы 535 кг болгон. Эгерде муну стандарттуу бөтөлкөгө куйсак, 387 даана бөтөлкө вино чыкмак. Мына ушундай эмгекти талап кылган винонун бөтөлкөсүнүн капкагы эле 3, 5 миң долларга бааланган. Жыйынтыгында анын атын оригиналдуу түрдө "Пять добродетелей" деп аташкан. Андан тышкары дүйнө жүзүндө эң популярдуу, жүзүмдүн мыкты сортторунан даярдалган винонун эң баалуу он түрү бар. Аларга ак винодон Шардонэ, Савиньон Бланк, Гевюрцтраминер, Кабарне, Рислинг, Мерлот, Пико Нуар, Кабернэ Франк жана Сира кирет. Аталган винолорду мас болуу үчүн эмес, ойду стимулдаштыруу үчүн ичүү керек.

Даярдаган С.Мырзакулова