Сенин гезитиң!
№38, 21.10.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Кумир менен баарлашуу

Асема:
"Акжолдон башка эркек мага чыдабайт болчу"
"Боз салкын" кинотасмасындагы башкы ролдогу кыздын образын жеткиликтүү аткарып, көпчүлүк кино сүйүүчүлөрүнүн жүрөгүнөн түнөк тапкан көп кырдуу талантттын ээси Асеманын бүгүн минтип ити чөп жеп жаткан учуру. Нукура кыргыз кызынын жүзүн ачып берген Асеманы жаш-кары дебей кумир туткан замандаштарыбыздын арбын экенин байкап фанаттар менен жолугушууну уюштурдук.

Жаңыл :
- Асема, үй-бүлөлүк жашоо кандай? Азыр кимдер менен турасыңар?
- Кудайга шүгүр, жаман эмес. Азыр өзүбүзчө борбордо жашап жатабыз. Үйдө жубайлар болсок, сыртта баягыдай эле бирибиз продюсер, бирибиз ырчыбыз.
- Жолдошуң жөнүндө кененирээк маалымат берип кетсең. Ушундай таланттуу, татынакай кыргыз кызы кандай бактылуу жигиттин бешенесине туш болду экен дейбиз да.
- Рахмат эже. Негизи ошондой жигитке турмушка чыккан мен бактылуумун. Анткени ал менин оюмдагыдай күйөө. Курбуларыма "Акжолдон башка эркек мага чыдабайт болчу" деп айтып калам. Себеби мен аябай эрке, абдан кежирмин,оңойчулук менен бир нерсени жактыра бербейм.
Жолдошум жөнүндө айта турган болсом элге таанымал Сьездбек Искеналиевдин мурдагы продюсери. Ал экөөбүз 4 жылдан бери таанышпыз. Эки жылга чукул мага жардам берип келип, 4 ай сүйлөшүп үйлөндүк. Акжол жан дүйнөсү таза, турмушка терең караган акылдуу жан. Мени ушундай адамга туш кылган тагдырыма ыраазымын.
Аймерим:
- Сизге болгон сүйүүсүн кантип билдирди?
- Кыз-жигит болгонго чейин аны эң жакын байкелеримдин бири катары көрчүмүн. Чынын айтсам кээде Акжол байкеге кандай кыз туш болот экен деп да ойлоп кетчүмүн. Анан ошондой күндөрдүн биринде эле күтүүсүздөн өзүнүн туулган күнүндө (13-июлда) өзүнө белек кылып сүйүүсүн билдирди. Менимче, эмне дегенин айтыштын кажети жок го. Ал баарыңыздарга эле түшүнүктүү да.
- "Кыз кылыгы менен дегендей" ойлонуп көрөйүнчү деп кылыктандыңызбы?
- Анын эмнесин ойлонмок элем. Төрт жылдан бери кандай адам экенин 100% билип бүткөм. Кылыктанбай эле азыркы көз караш менен макул болдум.

Гүлзат:
- "Боз салкын" кинотасмасындагы ала качып барган жерде ыйлап-ыйлап, чарчап отуруп калган учуруңузду абдан жакшы чагылдыргансыз. Ошондо чын эле чарчап калдыңыз беле?
- Эл алдына чыккандан кийин 5 мүнөттүк көрүнүш болгону менен дал ошентип жулкулдатып атканын 10 жолу кайталап атып түнү бою тартып чыкканбыз. Ошондо кадимкидей алсырап, колдорум көгөрүп чарчап олтуруп калгам. Колумдагы көгөргөн жерлер 2-3 күнгө чейин кетпей жүрдү.
- Бала кезиңизде актриса, ырчы болом деп ойлодуңуз беле?
- Жок. Мен ал кезде бий менен ооручумун.
- Азыр да бийге катышасызбы?
- Убакыттын тардыгына байланыштуу үйдө эле көнүгүү жасап турам.

Сезим:
- Акжол байкенин башка кыздарга продюсер болушун каалайсызбы?
- Ага мен уруксат бербейм.
- Эмне үчүн?
- Кызганам да. Мен аябай кызганчаакмын.
- Ал да сизди кызганабы?
- Ооба. Телефонума бейтааныш номерден коңгуроо келип калса мага алдырбай туруп өзү алат. Билбейм, сүйүү деген ушундай болот окшойт.
- Сизди эркелетеби?
- Ал мени эркелетпейт. Мен өзүм эркелейм. Мурда апамдын жанынан кантип алыс кетем, апамдан бөлөк жашай албайм го деп ойлочумун. Азыр Акжол мен үчүн апа да, ата да, кыскасы эң жакын адамым болду. Кичине кечигип калса уктай албай кыйналам. Турмуш деген башкача таттуу экен.

Шахноза:
- Түштүктө салтты катуу кармайт дейт. Кайын ата, кайын энеңиздин алдында жоолук салынып жүрөсүзбү?
- Жарашпаса да узун көйнөк кийип, жоолук салынам.
- Кайын журтуңузду тергейсизби?
- Кайын сиңдилерим атыбыздан айта бериңиз деп өздөрү уруксат беришти.

Тилек:
- Жаш ырчылардан кимдерди баалайсыз?
- Азыркы биздин муундагы ырчылар көп ырларды которуп ырдап атышат. Менимче бул туура эмес. Жакшы ырчы деп Гүлнур Сатылганованы айтат элем. Анын кайсы ырын укпагын сөзүнө обону, обонуна үнү дал келип, жагымдуу, уккулуктуу.
- Өзүңүздүн чыгармачылыгыңызда кандай жаңылыктар бар?
- Чыгармачылыгымда жаңылыктар көп эле. Учурда жаңы ырларды жаздырып, орус тилиндеги жаңы кинодо башкы ролго тартылып жатам.

Наргиза:
- Акжол байкени ата кылайын деп жатасызбы?
- Албетте, аялзаты деген - эне деген сөз. Бүгүн минтип төрөп калсам чыгармачылыгым калып калат дегенге кошулбайм. Биздин биринчи бактыбыз бала. Кудай буюрса көп балалуу болгум келет.
- Жолдошуңуз үйдүн кичүүсү болгондуктан ата-эне багуу милдети сиздердин мойнуңуздарда экен. Милдетиңизди аткарып Баткенде жашаганга даярсызбы?
- Биздин үй-жайыбыз, шартыбыз бул жакта болгондон кийин Баткенге баралбайбыз го. Ал жерде жашай турган болсок чыгармачылык менен коштошуш керек болот. А мен мунсуз жашоону элестете албайм. Ошондуктан ата-энебизди бул жакка алып келип, жакшы шарттарды түзүп берип, бага беребиз деп ойлойм. Эми аны да убакыт көрсөтөт чыгар.

Айка:
- Мурда күйөөңүздү байке десеңиз азыр сиз дейсизби же сен дейсизби?
- Ажо дейм,ал мени күчүк дейт. Мен өзүмдөн улуу адамдарды сиз деп көнүп калгам. Бирок, Акжол менден аны талап кылган жок.

Кыял:
- Чыгармачылыкта идеал туткан адамыңыз барбы?
- Жок. Мен бирөөнү туурагым келбейт. Аз да болсо өзгөчөлүктү издейм.
- Балалыгыңыз кайсы жерде өттү. Ата-энеңиз тууралуу айтып берсеңиз?
- Балалыгым Бишкекте өттү. Бирок Таласта таятамдын колунда да көп жүрүп калдым. Ал эми үй-бүлөдө үч бир туугандын кенжесимин. Ата-энем азыр пенсияда. Мурда апам Илбирсте тигүүчү болуп иштеген. Атам болсо Казакстандагы тери заводунун директору болчу.
Ж.Калдарова










??.??