Сенин гезитиң!
№38, 21.10.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Обон-күлкү

Ах, артисттер
Чалканга чактырган Уркаш
СССРдин убагында райондордо малчылардын тою байма-бай өтүп турчу. Ошондой тойдун бири Суусамыр жайлоосунда болуп, концерт бергенге Асанкул жетектеген артисттер келет. Быкбырдай кайнаган көп эл жантайыш бетке отурат. Атчан келгендердин айрымдары аттарын тушап кое берет. Концерт башталат. Аны Асанкул алып барат. Адагенде акындардын бирин саламдашуу үчүн сахнага чакырат. Ал 20 мүнөтчө учурашмак.
- Саламдашуу бүткөнчө далдараак жерге барып даарат алып келели,- дейт Асанкул Уркашка. Экөө ээндеп барганда Уркашка тиги көк чөптү пайдалана бер деп кеңеш айтат. Анын көрсөтмөсүн аткара койгон Уркаштын шору кайнайт. Эмне болду десе; "Билбейм, такымым, кыскасы бүт көчүгүм дуулдап ачыша баштады"-деп ордунда тура албай туйлайт Уркаш. "Шымыңды чечип сууга отура калсаң"- деп дагы кеңеш айтат Асанкул. Алапайын таппай аткан дастанчы шымын чечип сууга отура калса арты ансайын күчөп ачышат. Көзүнөн жаш чыга түшөт. Көрсө, Асакең Уркаштын энөөлүгүнөн пайдаланып, атайын чалкандуу жерге ээрчитип барыптыр.


"Эне тилди сактайм"- дейсиң!...
Бала бакчада:
- Ой бу кимдин баласы элең?
- … Папамдын!...
- Мурдуңду урайын десе, кыргызча эле айтпайсыңбы?
- Мамам урушат да!..

Базарда:
- Толик (Таалай) ну как сеники, все нормально? Корочий братаның келсе мени позорит этпей где то саат алтыларга акчаны сразу хатага жеткирсин ладно?
- Базар нет брат, чтобы сизге да обида болтурбаска старать кылабыз, ну макул скажу.

Университетте:
- Айнашка, Ленинкага баралыбы?
- Ой отстань, чарчадым, давай лучше обшягадан у Гульки чайку попьем…
- Чуть забыла, лексионный тетрадыңды ала келдиңби?
- Ужас, унутчу ошол бесконечный лекцияларды!..

Кыязов Эрнис




Ырчы кыз
Мээрим Мураталиевага
("Махабатым" деген
ырдын обону менен)
Тамшанта жылмаясың,
Танцы тээп ыргаласың.
Кылгыра карай берип,
Кыйласын кыйнагансың.

Кайырма:
Эзилте ырдагансың,
Эс-дартты уурдагансың.
Сазайды бердиң жаным,
Саксайган, мээрим-ханым!

Сен деп мен шалдырадым,
Дудуктай жалдырадым.
Сумсая карап калсаң,
Сөз таппай далдырадым.

Кайырма:
Түртөсүң, кубалайсың,
Түшүмдө жылмаясың.
Түрүңдү буза урушуп,
Мээримханым, мээримханым!

Тамаша ыргыткан
Б.Жекембаев




"Бабырабай ич"
Нарындын Акталаасынан Талант деген байкемдин кулагы катуураак. Бир тууган агасы орус чалыш аял алып, кечкисин лавровый лист аралаштырып тамак жасайт. Аны түшүнбөгөн карыган энеси бул эмнеси деген суроолуу көз карашты Талантка узатат. Анда кайниси :
- Ээ, жеңе бул эмнеси?
- Лавровый лист десе, аны жаңылып уккан Талант энесине карап:
- "Эне, бабырабай ич"- деп жатат дептир...
М. Калдашов.


"Сантехникти чакырып жатам…"
Бир интеллигент чытырман токойдо мергенчилик кылып жүрөт. Талаага чыгып жергиликтүү индеец болгон күчү менен барабан ургулап жатканын көрөт.
- Эмне кылып жатасың?-деп сурайт мергенчи.
- Бизде бир нече жумадан бери суу жок.
- Аа… Сиз Кудайдан жаан тилеп жатасызбы?
- Жок, сантехникти чакырып жатам.


Анекдоттор
Киши өлтүргөн адамдан тергөөчү:
- Кандайча болгонун төкпөй-чачпай айтып бериңизчи?
- Жөнөкөй эле кырсык. Мен бычак менен апельсинди аарчып отургам, тигил шордуу келип, апельсиндин кабыгына тайгаланып так бычакка жыгылса болобу...
- Эмне!... Үч жолу катары мененби?
ххх
- Эмне үчүн мергенчилер кошунунун мүчөсү болбой туруп, коён атасыз?
- Ал узун кулак эмне үчүн менин үй-бүлөмдүн мүчөсү болбой туруп, менин капустамды жейт?..
ххх
Түн ичинде кампаны уурдап жаткан жеринен колго түшкөн ууруга милиционер ачууланып:
- Казыналык мүлктү кандай уурдашты мен сага көрсөтөм, акмак!
- Кудай жалгагыр, жакшылап көрсөтүп койсоңуз. Ошону билбегендиктен үчүнчү жолу колго түшүп жатам.
ххх
Мода журналын окуп отурган уурудан экинчи ууру:
- Сен эмне модага кызыгасыңбы?
- Сөзсүз. Чөнтөктөрдүн кандай тигилишин билиш керек да.
ххх
- Айтыңызчы айым, акчаңыз кайсы жерде эле?
- Эмчек тарткычымда.
- Колун салганда эмне үчүн кыйкырган жоксуз?
- Ал жакшы ой менен салып жатат экен деп ойлогом.
ххх
Караңгы көчөдө карп-куртан чыга калган караан:
- Акча керекпи же жашоо керекпи?
- Айланып кетейин азыраак аясаң. Акчасыз барсам аялым жанымды сууруп алат.
- Эмне кыл дейсиз. Менин аялымдын кыялы да ошондой.


Тост
Сүйүүнүн теориясы
Айтышат экен, адам баласы теорияны окуп, анан практикага өтүш керек деп. А сүйүүдө тескерисинче, биринчи практиканы билип алып, анан теорияга өтөсүң. Мына ушул тостту ошол теория менен практика жанаша эле болгондор үчүн ичели.


Биздин да үлүш бар
Союздун учурундагы бир чоң чогулушта президиумда отурган Артыкбайга жанындагысы:
- Артыкбай муну эмнеге тагынып алгансың?-дейт. Караса орден, медалдар менен катар баатыр эненики адашып илинип калыптыр.
- Эй, мында биздин да үлүш бар да. Бир жолу жыйынга тагынып койсом эмне болуптур?-деген тура мостоюп.


Көңүл бургула! Конкурс, конкурс…
"Боло берет турмушта, особенно кыргызда" аттуу эң кызыктуу күлкүлүү окуяларга конкурс жарыялайбыз. Эң мыкты деп табылган авторлордун чөнтөк телефонуна 100 бирдиктен жөнөтүп турмакчыбыз. Sms аркылуу 0772624855 номерине жөнөтсөңүздөр. Эгер почта аркылуу кат жазсаңар биздин абоненттик ящик: Бишкек - 48 А/Я 1551 же болбосо 44-98-21 телефонуна чалыңыздар.


Эгерде денеңде башың жок болсо жашоо кыйын да . Бирок баш иштебесе да биз менен кошулуп жашай беришет.
Баш
Башымда орноп турган баш,
Бүт денеме замандаш.
Болгону эле ушул типтен,
Мээм гана улуу 5-10 жаш.
Көз
Оң көз болсо сол көзүмө душман,
Болбосо экөө бир тууган.
Кулактары шектүү нерсе укса,
Оозум айтып, тилим ит кылган.
Бут
Оң бут үйдү көздөй тартат,
Левый жакка сол бутум качат.
Оң кол эптеп биртке тыйын тапса,
Сол кол анын баарын, бүт чачат.
Тиш
Кээде жүрсө, кээде жүрбөй ишим,
Кээде оорутат оозумдагы тишим.
Кээде уктап жакшы түштөр көрсөм,
Кээде болсо коркутат түшүм.
Мээ
Жаш кезинде кыздарга көп жакты,
Керек болсо ач калса бакты.
Андан кийин бир топ жылдар өтүп,
Аялдары мээсин көп какты.










??.??