Сенин гезитиң!
№38, 21.10.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Обон - шоу

Мэри Шакулина ооруканада
Мэри Шакулина аттуу ырчы бийкеч учурда Жалал-Абадда дарыланууда. Продюсери Дана Абдыбекованын билдирүүсүнө караганда Мэри жакынкы күндөрү орун алган гастролдук концерттердин учурунда суук тийгизип алган. Бронхиттен жабыр тарткан ырчы бийкеч, ден соолугунун начарлашынан улам, жакынкы убакытка пландаштырган чыгармачыл пландарын убактылуу токтотууга аргасыз болду. Алып айтсак, Мэри ушул жумада чыгармачыл капчыгындагы "Сагынба" аттуу композициясынын ыр тасмасын тарттырмак. Сценарийине ылайык, клип жалаң гана Мэринин аткаруусундагы бийлерден тураары пландаштырылган. Бирок капилет оорунун айынан, ырчынын продюсери Дана Мэриге бир айлык эс алуу берүүгө аргасыз болду.

Жакында Гүлнур Сатылганова сизди мейманга чакырып калышы мүмкүн...
Кыргыз Республикасынын Эл артистти Гүлнур Сатылганова бул күндөрү алдыдагы туулган күнүн белгилөөнү кандай уюштурсам деген пландарды түзүүдө. Ырчынын айтуусунда, туулган күн үлпөтү жакын адамдарынын курчоосунда жагымдуу сезимдер менен коштолот. Айтмакчы арген үндүү ырчы айым өздүк майрамын 1-ноябрь күнү белгилейт. Гүлнур Сатылганованын чыгармачылыгы да жаңылыктардан куру эмес. Алып айтсак, учурда ал "Сүйүүнүн күчү" жана "Жолукпай калсаң эгер" деген чыгармаларына клип тарттырууда.

4,5 миң сомго туфли жана 50 даана сүрөт
Таластык кыз деп таңшыган ырчы жигит Мирбек Иманбеков, ноябрь айында 2 күндүк концерти менен күйөрмандарын кубантканы турат. Азырынча Мирбек продюсери Асыл Апасова менен концертти студенттердин күнүнө карата же өзүнүн туулган күнүндө беребизби?" деген суроого баш катырышууда. Анан албетте, мындай учурдун талашсыз жолдошу болгон бир катар иштер менен алек болуп, колу такыр эле бошобой турган чагы. Быйыл Мирбек концертке даярдыкты бут кийим сатуучу дүкөндөн баштады. Тактап айтсак, өткөн жекшемби күнү шаардагы түрк өндүрүшүнөн чыккан бут кийимдерди сатуучу жайдан 4,500 миң сомго туфли сатып алган. Дүкөндөн чыгып эле, жалт-жулт эткен жаңы кездемеден тигилген костюмуна жаңы чокоюн кошуп, жапжаңы фотосессия даярдатып койду. Мыкты 50 сүрөт даяр кылуу үчүн Мирбек фотокамеранын алдында кеминде 350 жолу образ жараткан.

Бекчоро 1,5 м белек алды
Учурда кичи мекени Казарман жергесинде элинен бата алып, тушоо кесүү концертин берип жүргөн Бекчоронун кубанычы койнуна батпай турган чагы. Себеби эшиктеги жамгырга карабай эки күн катары менен Бекчоронун күйөрмандары анын талантына күбө болгону аябай көп келип жатышат дейт ырчынын продюсери Семетей Мырзаканов. Бекчоронун чыныгы сахналаш досторунун коштоосунда өтүп жаткан бул концертте күйөрмандары ырчы жигитти белек берип чарчатып жаткан учурлары. Гүл дестеден баштап, жумшак оюнчук, таттуу шоколад конфетке чейин белек алган Бекчорого бир күйөрман кызы өзгөчө белек тартуулады. Бийиктиги 1,5м туурасы 60см болгон бул белек Бекчоронун сүрөтү. Сүрөттүн артына "Мен сени сүйөм, сен мен үчүн белең? " деген саптар жазылган.

Айгүл Чалова менен Назми таарынышып кетишти!
Назминин пикири: Айгүл Чалова менен Назми таарынышып кетишти. УТРКнын "Жоокер жылдыз" долбооруна чогуу катышкандан бери бул эки ырчынын ортосунда достук мамиле бар эле. Анан эле эң жакшы курбулардан болуп жүргөн экөөнүн ортосун кандай кара мышык аралаганын билели деп байланышканыбызда Назми бул өкүнүчтүү окуяны мындайча түшүндүрдү. "Деги эле чыгармачыл адамдар өтө тамашакөйлүгү менен да айырмаланат эмеспи. Буга чейин деле бир катар тамашалар орун алып келген. Анан бир жолу Мирлан Жетигенов экөөбүз, Айгүлдүн жигити Уланга чалып, Айгүлдүн апасы болуп тамашалап койгонбуз. Балким, аларга өтө одоно тамаша катары сезилсе керек, бирок негизи өтө деле чектен ашкан эмеспиз. Анан эле Айгүл чалып, "мени минтип тамашага салбай жүргүлөчү" деп калды. Кандай түшүндүрөйүн десем да такыр эле болбой койду, "тамашага түшүнө албасаң, анда өзүң бил", дедим. Ошондон улам эле таарынышып кеттик".
Ал эми Айгүлдүн ою: Назми жана Айгүл Чалова аттуу ырчыларыбыздын ортосунда пикир келишпестиктер пайда болуп, экөө таарынышып жүргөндүгү тууралуу буга чейинки жаңылыктар чыгарылышынан кабарлаган элек. Бул окуя тууралуу Назми өз пикирин "Айгүл достор арасындагы тамашага түшүнбөй койду" деп билдирген. Ал эми Айгүл Чалова, "Тамашанын да өз ирээти, чеги болушу керек. Менин курбуларым менин өзүмдү тамашага салышсын. Эмне себептен апамды кошушат. Же алар эмне апанын ыйыктыгын билишпейби" деген оюн айтты. Ал гана эмес, Айгүлдүн айтуусунда бул окуядан соң, тамашага катышкан Мирлан Жетигенов андан кечирим сураган экен. "Ал эми Назми болсо, кечирим сурамак турсун, кайрадан мени күнөөлөйт. Ушул себептүү мен Назмиге катуу таарынып калдым", деп билдирди Айгүл Чалова. Ырчылардын айтуусунда, Мирлан Жетигенов менен Назми, Айгүлдүн жигити Уланга телефон чалышып, Айгүлдүн апасы болуп тамашалашкан экен.

Алекс жети облуска саякатка чыкты
Улуту орус болгону менен тили кыргыз ырчы Алекс Кыргызстандын жети обласуна саякатка чыкты. Мекенибиздин асман мелжиген тоолорунун элеси менен башталган клип "Ырыс алды ынтымак" деген макалдын негизинде тартылды. Ыр тасманын сценарийи толугу менен Алексге жана анын өкүл атасы Мирланга таандык болсо, ал эми режиссердук иштерин Марлис Мырзакул уулу аткарган. Ошондой эле бир аксакал атанын ролун аткарып, ал эми жети жаш бала чоң атанын уулдарынын ролун жаратышты.

Салима Балтаева эмне үчүн ырдабай калды?
Учурунда Айбек Карымов менен сүйүү ырларын созуп жүргөн арген үндүү ырчы Салима Балтаева декреттик эс алууга чыкты. Белгилей кетсек, Салима Балтаева Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда жана Республиканын Коргоо Министрлигинин Борбордук Аскер үйүндө эмгектенет. Улуу кызы Сайкал 4 жашка чыгып калган кезде, Салима эжебиз Сайкалга сиңди күтүп жаткан кези.

Кубаныч Сатаев Саламат Садыкованын күйөө баласы болду
Кыргыздын сыймыгы жана аккордеондун атасы белгилүү обончу, аткаруучу Чубак Сатаевдин уулу Кубаныч Сатаев күйөрмандарынын арасында тараган табышмактуу суроолоруна жооп кылып бойдокчулукка чекит коюп олтурат. Тактап айтканда өзүнүн жердеши, продюсери, "Манас FM" радиосунун булбул үндүү ди-джейи Кундуз Авашова менен турмуш жолуна аттанып, бактылуу үй-бүлөлөрдүн катарын толуктады. Эки жаштын үйлөнүү тою Таласта өтүп, ата-эне, тууган-уруктун батасын алып, учурда бакытка балкып турган кездери. Кыргыз шоу чөйрөсүндө продюсер менен ырчылардын баш кошкондору кадимки көрүнүштөрдөн болуп калса да, "сүйүү кары жашка карабайт" деген сөздүн төгүн экенине ынанып, түгөйлөргө бакыт каалайбыз. Куш бооңор бек болсун!