Сенин гезитиң!
№38, 21.10.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


  Классташ

Бир партада олтуруп, Сырынды билип алганмын
Уйкучу Жаныш Момунов
"Классташ" аттуу рубрикабыздын бул жолку мейманы ырчы Жаныш Момуновдун классташы Эмил Жакыпбеков.Эмил мырза бүгүнкү күндө "Шантелль" тобунун музыкалык жетекчиси.

Мен Жаныш менен М.Абдраев атындагы музыкалык мектепте 10 жыл бирге окудум. Бала кезинде абдан тартынчаак, уяң бала болчу. Анын жооштугунан пайдаланып китеп, дептерлерибизди көтөртүп койчубуз. Классыбызда атка жеңил, тайга чак балабыз болгондуктан кайсы жакка болбосун жумшачубуз. Дайыма биринчи партага отуруп сабакты кунт коюп укчу. Танапис убагы жакындап калганда эле окуу куралдарыбызды жыйыштырып сыртка чыкканга даярдана баштасак, ал шашпай коңгуроо болгондон кийин мугалимдин артынан чыкчу. Мугалимдердин баары тартиптүү бала дешип жакшы көрөт эле. Жаныштын дагы бир артыкчылыгы башка балдардан айырмаланып өзүн абдан таза, тыкан алып жүрчү.
5-класс болсок керек эле. Бир жолу орус тилден берген эжекебиз сабакка келбей калып классты башыбызга кийип ызылдап отурганбыз. Жаныш болсо ошол ызы-чууга деле кошулбай адатынча биринчи партада сүрөт тартып отурган. Бир маалда коңгуроо кагылып баарыбыз дапыр-дупур болуп чыгып кеттик. Анан экинчи сабакка кирсек эле арабызда Жаныш жок. Мени эжеке "таап кел" деп жөнөткөнүнөн жанагы класска барсам коңурукту кош тартып уктап жатат.Тарткан сүрөттөрүнө болсо шилекейи куюлуп, сыясы төгүлүп, бетине мөөр басылып калыптыр. Ошол бойдон ээрчитип алып келсем эжекебиз "бу маймылды кайдан таап келдиң"- деп каткырып күлүп жиберди. Жаныш досум бала чагында ушинтип каалаган жеринде уктап калып жүрө берчү. Аны дайыма мен кайтарып жүрчүмүн.

Сулуу кызды сүйдүрүп алган Жаныш
Балдардын арасынан сабакты мыкты билгени Жаныш болчу. Айрыкча кыргыз тилинен диктантты "5"ке жазчу. Кол жазмасы да кыздардыкынан кем эмес эле. Классыбызда аябай татынакай, мектептеги балдардын баарын ашык кылган бир сулуу кызыбыз бар эле. Чейрек жакындап диктант жаза турган учур келгенде Жаныш ошол сулуу менен бир партада отуруп калды. Тиги кыз сабактан орто эле окучу. "Жооштон жоон чыгат" болуп Жаныш билимин ушул жерден пайдаланып "Эгер мени менен сүйлөшкөнгө макул болсоң диктант жазып берем" деп тиги кызды көндүрүп алат. Аны биз кайдан билели. Ошол күндөн баштап эле жанагы бизди суктанткан сулуу менен бир партада олтуруп, бирге басып, чогуу ашканага кирип калды. Такыр эч кимге сүйлөбөгөн кызды көндүрүп алганына ичибиз күйүп, канча жолу чекелетип Жанышты мурдун канаттык. Ошондо да унчукпайт. Акырында чоң класстын балдары "талпа" кылганда гана "диктант жазып бергенмин" деп жарылган. Ошондон кийин ал классташыбыз менен кыз-жигит болбосо да жакшы достордун катарында жүрүштү.

"Агай мени машина уруп кетти"
8-класстан тартып баягы тартынчаак, жоош Жаныш досубуз чыйралып, тили-тилине тийбей сүйлөп, "чоң муштум" балдардын сабын толуктап калды. Уйкучулугунан сабактан көп кечигет эле. Бир ирет да англис тилинен кечигип келди. Дал ушул сабактан берген агай аябай катуу болчу. Ошол күнү жамгыр жаап аткан. Жаныш бир маалда кийиминин баарын ылай кылып шашкалактап кирип келгенде эле агайыбыз көз айнегин көтөрүп туруп "доскага" деди. Күнөөлүү байкуш эки көзүн балбылдатып эле башын жерге салып туруп берди. Анан агай "Ий сууга түшкөн чычкандай болуп кайда жүрдүң?" десе, "Агай сабакка шашып келатсам машина уруп кетти, анан бир топко чейин эсиме келалбай жатып кечигип калдым" деп агайдын эсин чыгарган. Көрсө, агайдын чертмегинен кутулуш үчүн аргасы кеткенде ылайга оонап келип, жалган айтып кирген экен. Жаныш фантазиясынын күчтүүлүгүнөн ушундай кырдаалдардан оңой-олтоң эле чыгып кетчү.

Дүкөнгө уурулукка кирип...
Дагы бир жолу Жаныштын сунушу боюнча сабактан чыгып алып дүкөнгө сагыз уурулукка киргенбиз. Ал дүкөндө айылдан келген жаш кыз иштечү. Төрт бала сабактан кийин ошол дүкөнгө барып тиги кыз менен таанышып, ар кайсыны айтып тийишимиш болгончо ал ары-бери карап калганда бирден сагызды алып Жаныштын чөнтөгүнө сала бергенбиз. Дүкөнчү кыз болсо биз менен таанышканына кубанып эч нерсени сезген жок. Ошондо 15 сагыз уурдап бөлүп алганыбызды эстеп азыр күлүп калабыз.

Ж. Калдарова









??.??