Сенин гезитиң!
№38, 21.10.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Сандан-санга

Которгон Жаныбек Жанызак
Сүйүү дабасы - секс жана даосизм
Бу китепте байыркы Кытай даос-табыптарынын эркек менен ургаачы төшөктө бири-бирин кантип сүйүшүү керектигин түшүндүргөн кеп-кеңештери жазылган.
Муну толук канааттануу деп айтышка болбостур. Бирок эгер ошол эркек урук түшүргөнүн азайтып жана биротоло чектөө чегине чейин жеткире алса, анда анын бүткөн бою кубатка толуп, акыл эси туптунук болуп, угуу жана көрүү жөндөмү алда канча жакшырмак. Кээде эркек өзүнө урук түшүрүү менен тыгыз байланышкан күчтүү сезимге кабылууга тыюу салып жаткандай туюлганы менен, анын ургаачыга болгон сезими эч убакта тойбогустай катуулап күчөйт - нукура жыргалдын туу чокусу дал ушул эмеспи?!"
"Жүз жолу жупташканда бир гана жолу түшүргөндөн сиз кандай ырахат аласыз?" деп менден көп сурашат. Менин демейде: "Өзүмдүн ырахатымды силердикиндей канаат алууга алмашпас элем", деп жооп кайтарам. Мен силердин түшүрүү ыкмаңарды 12 жыл бою колдондум - бекерге гана корогон ошол 12 жылымды кантейин! Кокус эркек кызыкса, ал менин тажрыйбамдан күмөн санай албайт, себеби менин жоош, бактылуу жана сүйүү иштерине өтө кумар экенимди өз көзү менен көрүп турбайбы. Кокус биз алгач кошула баштаганда өзүн ыңгайсыз сезген ургаачы кызыкса, сүйүшүү аракетимдеги менин ага болгон чексиз кумарым менин чын эле жыргап жатканымдан күмөн саноону караманча жок кылат. Анан эгер биздин жупташуу жыргалыбыз бир нече саатка созулса, ал ургаачы сүйүшүүнүн ажайып жаңы ыкмасын тапканын баамдап, мурда мындай жыргалдан таптакыр куржалак калып жүргөнүнө сөзсүз өкүнбөй койбойт. Чын эле көптөгөн аялдар ушунчалык ыраазы болушкандыктан, жупташуу мынчалык чексиз жыргалга бөлөй турганын мурда эч качан билишпегендигин айтышчу.
Сүйүү даосунун күйөрманы буга кантип жетишет? Көп түшүрбөй эле сүйүү жыргалына мен кантип батып жүрөм? Силерге муну чечмелеп берүүдөн мурда, мен окурманга өзүмдүн тажрыйбамды бөлүшөйүн.
Мен Кытайдын эң кооз аймагында төрөлгөм, анын борбору Хань-Чжоу чын эле Кытайдын ажайып жайларынын биринде жайгашкан. Марко Поло аны дүйнөнүн эң сонун шаарларынын бири катары сүрөттөп жазган (анын китебинде бу шаар Кингой деп аталат). Ажарлуу Венециянын жашоочусу минтсе кантип мактанбайсың! Бу шаар бир кездери түштүктүн эң көркөм Сун династиясынын биринин борбору болгон. Атүгүл бүгүн деле кытай жазуучу жана акындарынын басымдуу бөлүгү ушул жерден чыккан. Апрель жана май айларында бүткүл шаар, айрыкча анын көл жээги кыял бешигинде термелет. Ошо көл Кытай тарыхынын эң ажардуу асылзаты Шинин атына аталган, ал аял шаар аралап аккан дарыянын жээгинде Машаякка чейин бир нече жүз жыл илгери төрөлгөн. Көлдү курчап турган дөңсөөлөрдүн бири белгилүү даос Го Хундун ысымын алып жүрөт, бу китепте биз аны көп жолу эскере кетебиз. Балалык чагымдын далай жылдары ушул шаарда, ушул ажайып көлдүн жака-белинде өттү.
Анан натыйжасы эмне болду? Мен 7 жашыман эле татынакай аялзаттарга кызыга баштагам. Кайсы сексологдон сурабаңыз, эркектер сүйүү байланышын алгач чүчүтүүдөн баштаарын айтып беришет. Мен 12-13 жашыман эле чүчүтө баштагам, бирок ал мага таптакыр жаккан эмес. Мен көрсө табияттын шумдук көрүнүштөрүнө, адабиятка, поэзияга алаксыган окшойм.
Чүчүтүү дегениң ашкере жөнөкөй аракет экенин жана анда эч кандай поэзия жоктугун эрте түшүндүм жана бүт өмүрүндө болгону 10дон ашык чүчүтпөгөн сейрек эркектердин бири болдум окшойт. Ушул тажатма, бир түрдүү кыймылдарды "секс жыргалдын аракети" дешкен айрым сексологдорго астейдил таң калам. Бир да бир даос мындай аракетти атүгүл эскерип да коймок эмес.
Аялзаты менен чындап жупташуу 18 жашымда гана болду. Бу мүмкүнчүлүктүн жоктугунан эмес, анын пайдалуу экенин ошол жашка келгенимде гана түшүндүм окшойт. Менин алгачкы жупташууларым да мени тээ баягы чүчүтүп жүргөнүмдөй эле ирээнжитип салды. Жогоруда айтып кетпедимби - мен 12 жыл бою ургаачынын жанжерине түшүрүп, тактап айтканда, чүчүтүп (азыр мен түшүргөнүмдү ушинтип атайм) жүрдүм. Мен муну төмөнкүдөй себептерден улам жыргалдын туу чокусу дебейт элем:
1) эркек эрендиги эртелеп атып кетишинен беймаза;
2) аял демейде боюна бүтүп калуудан чочулайт;
3) кокус ал дары ичсе же спираль салдырса, алардын ашыкча кесепеттеринен чочуйт. Башка каражаттарды пайдаланса, аларды колдонуу мөөнөтүн дайыма байкап жүрүш керек. Мээси жогорудай коркунучтарга жык толгон эркек менен ургаачы анан кайдан жүрүп жан жыргаткан экстазга жетмек эле?
Эми даосту окуган адам менен салыштырып көрөлү.
Чү дегенде эркеги жана анын көптөгөн жупташтары биз айткан коркунучтардан эркин, анан калса алар каалаган кезинде жупташа берет. Алар тез-тез жана каалаганча жупташа бергендиктен, бири-биринин денесин, денедеги жиктерди жана аңкыган жыттарды искеп-жыттап, кармалап, өпкүлөп отуруп жерине жеткире изилдеп чыгышат. Ал эми оюнун баарын коркунуч каптаган адам ошентмек беле.
Сүйүү даосунун ыкмаларын пайдаланбаган адам болжолу сүйгөн тамагын тынымсыз жегиси келген гурманга окшош - ал байкуш бирок тилегине жетпейт, себеби ашказаны анчалык көп тамакты кантип батырмак эле. Баса, байыркы римдиктер сүйгөн тамагын кайталап жеш үчүн атайылап кусушуп ичтерин бошотчу тура. Менимче, мындай кылганы бир эсе пайдасыз десек, бир эсе эстетикага жатпайт ко. Ал эми даону өздөштүргөн адам каалаган убактысында каалаган тамагын тандап жей берет.
Жогорудагы сөздөр бирок "урук түшүрбөгөн секс деген эмне?" деген суроого жооп бералбайт.
Негизи, мындай суроого жооп бериш оңойго турбайт - мисалы, сокур кишинин: "Көк түс деген кандай болот?" деген суроосуна эмне дейсиң? Мисалы, "Түшүрөт деген эмне?" деп сурашым мүмкүн да. Анысы бакырык-өкүрүк, же каткырык менен энергиядан бошогон сымак, "денедеги чыңалуудан жарылма жол менен кутулуу" го, сыягы.
Антсе, мен "урук түшүрбөгөн секс" дегенди энергиядан жарылмасы жок эле бошонуу дейт элем. Зордук эмес, тынчтык ырахаты, өзүбүзгө караганда кандайдыр бийик жана кайып дүйнөгө ала кетчү акылман жана нукура жыргалдын өтмөгү.
(Уландысы бар)




  Махабат майданы

Бакма бала экендигимди билдим
Жашым 28де. Өзүм Нарын жергесиненмин. Учурда келинчегим, уулум менен борбор калаада турабыз. Эки жылдан бери өз ата-энемди издеп келем.
Менин балалыгым Нарын шаарында өтүп, үй-бүлөдө жалгыз уул болуп, эч бир кыйынчылык көрбөй эрезеге жеттим. Мектепти аяктаган соң жогорку окуу жайына тапшырып, Бишкек шаарында билим алдым. Окуумду бүткөндөн кийин карыган ата-энемди багуу менин милдетим экенин моюнга алып, туулуп өскөн жериме бардым.
Көктөн тилегеним жерден табылгансып, ошондогу ата-энемдин кубанычы чексиз эле. Анткени, алар жакынкы күндө келиндүү болмок. Ошентип өзүм сүйлөшүп жүргөн кызыма үйлөнмөк болуп, тойго даярдана баштадык. Бул учур мен үчүн эң бактылуу кадам болчу. Мурда апам атамдын экинчи аялы экенин уккам. Ал эми биринчи жубайынан 1 уул, бир кызы бар, бирок катташчу эмес. Тойго бир күн калганда кокусунан үйгө бейтааныш 30-35 жаштардагы жигит келип, мени көрөөр замат "сен Турарбексиңби?" деп учурашты. Бул күнү атам, апам үйдө жок болчу. Анан атамды сурап эле үйгө кирбестен, "мен ушул үйдүн баласымын, атым Улук" деди. Шарт эле атамдын мурунку жубайынын баласы экенин түшүнүп, "ооба мен сизди билем"-дедим. "Мен жөнүндө билет экенсиң, эми өзүң жөнүндө билип ал. Азыр сен өз үйүңдө, өз ата-энеңдин маңдайыңда эмессиң. Сен төрөт үйүнөн келген бакма баласың. Эр жетип калыптырсың, эрте жазда өз ата-энеңди издеп таап ал" деген бойдон машинесин айдап зуу койду. А менин кулагым укпай, көзүм тунарып, денемди калтырак басты. Күтүлбөгөн бул сөздөр жүрөгүмө кадалды. Мен бараткан таза жолдорду кара сел каптап, жашоом бүткөнсүдү. Бир топко өзүмө келалбай, бутумду араң шилтеп үйгө кирип жыгылдым. Бир учурда түркүн-түркүн ойлор басып, өзүмдү өлтүргүм келди... Көпкө ойлонуп бакырып, кыйкырып ыйладым. Канча жолу "жалган", "жалган" деп өзүмдү сооротсом да жүрөгүм муздап, көңүлүм тынчыбай койду. Ошентип кеч да кирди. Тамак өтпөй көңүлүм эч нерсеге чаппай, өзүмдү коёрго жер таппай кыйналып жаткан кезде тойго деген малын жетелеп 60 тан ашкан атам менен апам кирип келди. Менин жүзүмдү көрүп экөө тең босогого кадала түштү. Мени менен ата-энемдин ортосундагы ушул минуталар бир чети өтө коркунучтуу болсо, бир чети аянычтуу болуп кетти. Мен аларды аяп, өзүмдү эки саатка басайын деп басалбай койдум. Баары бир бул нерсени айтышым керек болчу, дароо эле айтып таштадым. Байкуш атам, апам эмне кылаарын билбей далбастап калды. Анан апам алдыма отуруп буркурап ыйлап болгонун болгондой кылып айтып берди. Көрсө, чын эле бакма бала экенмин. Атам биринчи аялы менен ажырашкандан кийин апама үйлөнүп, көпкө балалуу болбоптур. Анан айла кеткенде борборго келип төрөт үйүнөн 14 күндүк кезимде мени алып, өздөрү ат коюп, өз наамдарына өткөрүп алышыптыр. Негизи менин өз апам казак кызы болгон экен. Мен туулар замат эмчек салбай төрөт үйүнөн качып кеткен дешет. Ошол үчүн апамдын аты-жөнү да белгисиз бойдон калыптыр. Мени багып эрезеге жеткирген ата-энемдин бар экенине сыймыктанам, мен аларды чанбайм. Бирок, акыр-түбү өз ата-энем менен болгум келет.
Апам казак кызы, ал эми атамчы? Мен кимдин уулумун, улутум ким, тегим ким, жерим кайда?-деген ойлор саат эмес, минут сайын жүрөгүмдү эзгилейт. Өз сүйгөнүмө үйлөндүм, аруу махабаттан жаралган уулум бар, жашоом жайында, турмушум ойдогудай болсо да, жан дүйнөм жабыркап, толукталбай келет. Өз ата-энемди таппай бул дүйнөдөн өтүүнү каалабайм. Ушул мезгилге чейин ак сүтүн бербесе да тогуз ай көтөргөн апамды издеп келем. Балким ал өзүн күнөөлүү сезип жүргөндүр. Ал учур кетти. Андан бери канча күндөр өтүп, канча жылдар артта калды. Эгер апам мени издеп келсе, мен аны кечирмекмин. Качандыр бир мезгилде атамды ээрчитип, уулун, небересин көргөнү кирип келет деген үмүттүү көздөр менен кенен жолду карай берем, карай берем...

Жазып алган Ж.Калдарова




Кызык суроо, керектүү кеңеш
Баякүнү кыздар болуп отуруп талаш-тартыш болуп кетти. Кээсинин айтканы боюнча эркектин "бел суусун" жутуп алгандар болот экен. А "бел суу" пайдалуу дейт. Чындап эле ошондойбу?
Гуля, Бишкек. Ш. 18 жаш
- Аялзатына эркектин "бел суусун" жутуп алганга чейин барышын сунуштабас элек. Бирок, айтып коюшубуз керек. "Бел суунун" эч кандай зыяны жок. Тескерисинче, пайдалуу экени ырас. Себеби, денени майлап туруучу ички сектор түгөнүп, денеси кургай баштагандар үчүн абдан керек. Бет майлардын көбү спермадан жасалаары белгилүү. Эркектер уругунан бат-бат ажырай берсе, (бул аялдарга көп барган "жүгүрүк" эркектерге тиешелүү) туберкулезго, ракка чалдыгышы мүмкүн. Ошондой эле бат-баттан түшкөн урук клеткасы суюлуп, балалуу болуу касиетинен ажырап калуу коркунучу бар.

Күйөөм жатаарда эле "Эмчек тарткычыңды чечип жат" дей берет. А мен чечким деле келбейт. Эмчек тарткычтын эркек үчүн дегеле ден соолук үчүн кандай мааниси бар?
Гүлбурак. Жалал-Абад шаары.
Күйөөсү көбүнчө аялынын ак мамагын кармалап жатканда дене бою балкып, эбедейи эзилгенди жакшы көрөт. Ошондон улам аялына болгон кумар ышкысы да козголот. Демек, бул күйөөсүнүн аялын жакшы көргөндүн белгиси. Ал эми эмчек тарткычтын пайдасы: Биринчиден көкүрөктү салаңдатпай тыкан алып жүрөт. Кечке эле тагынып жүрө берүү, кичине эмчекти өстүрбөй, эркиндикти сүйгөн кан тамырлар тарып, эмчек сүттү көбөйтпөй коёт.

"Сулуунуку кургабайт" деген сөздү угуп алып ойлоп атам, сулуу аял алып калсам аялым ойношчул болуп калабы деп. Сиздер кандай дейсиздер?
Азамат. 19 жаш.
Сулуулугуна жараша акыл-эстүү, туруктуу аялзаты эч качан ойношчул болбойт. Этегине ээ боло албаган аялзатынын өңү серт болсо, ойношчул болгону деле учурап жүрбөйбү. Демек, антип санаа тартпай аялдын акылдуулугуна баа бериш керек.
Даярдаган А. Ажиев