Сенин гезитиң!
№38, 21.10.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


  Спорт

Биздин бүгүнкү ардактуу мейманыбыз Эмгек Кызыл Туу, Манас орденинин, Даңк медалынын ээси, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген машыктыруучусу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Каныбек Осмоналиев болмокчу. Каныбек мырза, 1973-жылдан баштап чоң спортто татыктуу из калтырып, Кыргыз СССРинин чемпиону наамына ээ болуп, андан кийин да бир гана Кыргызстанды эмес, Азияны, Европаны, Дүйнөнү багындырганын айтпасак да жалпыга маалым. Кошумчалай кетсек, Европанын, СССРдин эки жолку, Дүйнөнүн төрт жолку чемпиону, 1980-жылы Москвада өткөн олимпиадалык оюндарда биринчиликти эч кимге бербей чемпион атыккан, азыркы учурда кыргызстандагы оор атлетика мектебинин директору. Бул чыгаан инсан жөнүндө айта берсек сөз түгөнчүдөй эмес.
"Миң уккандан бир көргөн артык" деп агай менен бетме-бет отуруп баарлашуу үчүн машыгуучу залга барсам дал ушул күнү оор атлетика боюнча республиканын чемпионун аныктап жатышыптыр. Бул мелдешке күбө болуп отуруп жаштардын спортко болгон кызыгуусун көрүп, келечекте Кыргызстандын желегин желбирете турган патриотторубуздан куру эмес экенибизге сүйүнүп отурдум. Ар бир адамдын бактылуу курагы балалык кез эмеспи. Чыгаан спортсмен Каныбек Осмоналиевдин чыт курсак балалык кези кандай өткөнүн, азыркы жашоосу кандай уланып жатканына кызыгып суроо узаттым. Анда сөз башынан болсун.

"Үч жашымда тамак жасап, 5 жашымда камыр жууруп, нан бышырдым"
- Агай, сиздин жакында эле региондорго болгон иш сапарыңыздан кабарыбыз бар. Дубандарда спортко болгон мамиле кандай экен. Дегеле, Кыргызстандын аймагында спорттун абалы канчалык деңгээлде өнүгүп жатат?
- Медалдын дагы эки жагы бар эмеспи. Бир тарабы жарк этип көрүнүп турса, экинчи жагы кичине караңгыраак. Региондорго болгон иш сапарыбыз аябай жакшы болду. Ал жакта спорттун абалы мурдагыга караганда бир топ көтөрүлгөн. Айрыкча олимпиада оюндарынан кийин Руслан менен Канаттын ийгиликтерин көрүп, уккан эне-ата өздөрү балдарын ээрчитип агылып келип жатышат. Бул биз үчүн албетте жакшы жетишкендик. Мына көрдүңүздөр республиканын чемпиондугун аныктадык. Жаштардын спортко болгон кызыгуусу аябай зор. Биз алгач элет жерин жакшы каржылап, ал жакка татыктуу, профессионалдуу адистерди жөнөтүп, спортко астейдил көңүл буруп регионалдык мелдештерди андан соң райондук, облустук оюндарды уюштуруп турсак ошондо гана өсөбүз. Жаңы өсүп келе жаткан таланттарды эл аралык мелдештерге, турнирлерге алып чыксак алардын көз карашы өзгөрөт. Менимче элге болгон сүйүүсү күчтүү болот эле дейм. Көрүп жатасыңар Президентибиз спортко аябай жакшы көңүл бөлүп жатат. Жетекчилик ушундай жардам кылып жатканда биз кол кабыш кылып отурбай аракеттенип, региондорго чейин бардык. Чынын айтыш керек, бирок бул дагы жетишпейт. Кара-Колго, Балыкчы шаарларына барсак машыга турган жаштар, бүт шарт бар. Бирок, балдарды чакырып аларды үйрөтө турган адис жок. Шаардын губернаторлору, мэр менен жолуксам бир бөлмөлүү квартира берели, маянасынан көтөрөлү ушул залды иштетип балдарга тарбия бере турган адистерди жиберсеңиз дейт, аларды жөнөтөлү десек 1500-2000 сому эмнеге жетет. Ким буга көнөт, андан көрө кийинки жашоосун ойлоп балдарынын пайдубалын тургузуп алсам деген ниеттер менен чет өлкөлөргө чыгып кеткендерди кантип алып келебиз. Ушул жагы адамды өкүнтүп жатпайбы. Бирок, келечек алдыда, кудай буюрса кыбырап ийгиликтерди багындырабыз деген ниеттер чоң. Негизи, элибиздин патриоту болсок, баары жакшы болот.
- Агай, сизди патриот кылып тарбиялаган балалыктын алтын күндөрүнө бир кылчайып эстей кетсеңиз?
- Балалыгым Кемин районундагы Бейшеке айылында өттү. Мектепке жөө чуркап барып келип, кээде автобус менен барып жүрдүк. Ал кездеги күндөрдү китеп кылып жазайын десем адабиятчы болбогондон кийин кудуретим жетпейби деп коркуп отурам. Ал убакта турмуш шарт азыркы күнгө салыштырмалуу бир топ эле төмөн болсо да адамдардын ички пейили, колу-коңшуга кылган мамилеси ушунчалык таза, тунук болчу. Өзүм жетим өскөнүм менен аябай эмгекти сүйгөн мээнеткеч элем.
- Кечирип коюңуз, канча жашыңызда атаңыздан айрылдыңыз?
- Бир жарым жашымда атамдан айрылдым. Апамдын боюнда беш айлык кызы калган экен. Шум ажал атамды бизден алып кеткенде энем бизди чоңойтту. Энелүү жетим-эрке жетим деп бекеринен айтпайт экен. Энелик сезим, энелик күч, энелик мээрим бизди чоңойтуп өстүрдү. 3 эжем, 2 агам бар болчу. Алар чоңоюп калгандыктан интернатка алып кетишкен. Атам каза болгондон кийин үйү жок калдык. 6-7 жашымда эптеп бир бөлмөлүү там салдык. Ошол тамдын кирпичтерин, рейкаларын, шиферлерин мен ташып бергем. Түйшүктүн баары энеме жүктөлүп, кой кыркчу, чыланы кечип мал кайтарчу. Анан энем антип жүрсө намыстанып энеме жардам кылып 3-4 жашымда кесме кесип, тамак жасап, 5 жашымда камыр жууруп, нан жасадым. Эртең менен туруп уй саап бадага кошоор элем. Андан мен жаман болгон жокмун, азыр кандай гана тамак болбосун баарын жакшы жасай алам. Бир жолу суукта карындашым экөөбүз тамак жасап коюп, күтүп отурсак энем келип тамакты ыйлап отуруп жегени эсимде.
- Азыр дагы тамак жасап турасызбы?
- Ооба, келинчегим жокто балдарыма мен тамак жасап берсем "Омей сонун болуптур" деп тамшанып жеп калышат.
- Үй-бүлөңүзгө да бир аз токтолсоңуз?
- Келинчегим экөөбүз бир айылда чоңоюп өстүк. Апам айылда бир гана ошонун тамагын жечү. 1973-жылдан бери турмуштун суугуна чогуу тоңуп, ысыгына бирге күйүп келе жатабыз. Төрт уул, үч кызды тарбиялап, 3 уулду үйлөп, үч кызды тең күйөөгө бердик. Тилекке каршы шум ажал күйөө баламды мезгилсиз бул дүйнөдөн алып кетип бир кызым үч баласы менен жаныбызда. Келиндеримдин баары жакшы, башына жоолук салып азыркыга чейин жүгүнүп турушат. Уулдарым дагы спорт менен машыгып, спорттун мастери болушкан. Бирок мен алардын спорт менен алектенгенине каршымын. Себеби мен көрдүм бул жашоону силер өзүңөрдүн ашыгыңар менен жашап, өз оокатыңарды кылгыла деп каршы болдум. Аларга да демократия керек да.
- Агай, бул менин акыркы суроом болсун. Кечээ жакында эле шайлоо болуп өтпөдүбү. Сурайын дегеним саясатка кызыгасызбы, депутат болсом деген ойлор болду беле?
- Мен бийликке кызыккан эмесмин. Тескерисинче мени бул жакка келип иште деп министр кылышты. Жогору чыксам дагы эч сүйүнбөдүм, ылдый түшсөм кайгырбадым. Кайсыл жерде иштей алсам ошол жерде оокатымды кылып жүрөм. Саясат аябай ыплас экен. Ачыгын айтканда маңдай терим менен элдин алкышына татыгандан кийин алардын жалган сөзүнө киргим келбейт. Себеби бирөөнү жактасаң, бирөөнү эзиш керек экен. Мен мындай кадамга баргандан алысмын. Кээ бирөөлөр жагалданып отуруп байлык, бийлик чогултканга кызыкса, мен болсо кемчиликтерин бетке айтканды жакшы көрөм. Ошол мүнөзүмдүн артынан баары мени жаман көрүшөт. Керек болсо, бийликте жүрүп машине алып алсам деген ойлор да болгон эмес, тээп жүргөн унаам деле жок. Баламдын машинасын айдап жүрөм.
- Машинем деле жок деп калдыңыз. Спортто жүрүп эмне таптыңыз?
- Абийир таптым. Каякка барбайын улуу болобу, кичүү болобу сыйлап турушат. Мисал үчүн эки баламдын үйү жок. Ушул убакка чейин мен сурасам уят го, деп сурабай отуруп эми эле аракет кылып жер берип койгулачы деп жүрөм. Мисал үчүн, азыр беш бөлмөлүү үйдө үч уулум келинчектери, бир кызымдын үч баласы менен чогуу жашайбыз. Жаман деп айтпайм. Эртең менен баарыбыз кетебиз, кечинде келип бир дасторкон четинде тамактанабыз, неберелерим чуркап чыгат. Ушунун өзү рахат эмей эмине.
Байлар жашай берсин. Менин кошунам бай болсун. (Күлүп) Себеби акча калбай калганда сурап турам да.

P.S. Агай менен маектешип отуруп анын турмушка болгон оптимисттик көз карашын байкадым. Ушунча ийгиликтен соң да көкөлөп учуп кетпей карапайым элдин ичинде жүргөн агайды 19-ноябрда боло турган 55 жылдык юбилейи менен куттуктап кетебиз. Балдарыңыздын урмат сыйына арзып, ден соолукта болуңуз. Ар бир баштаган ишиңиз ийгиликтүү болуп, жемишин бере берсин.

Маектешкен Нурзат Жусупова










??.??