Сенин гезитиң!
№38, 21.10.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  шумдугуң кур

Өзгөчө чач жасалгалары
Ар бир адам табитине жараша сырткы келбетин өзгөртүп тураары анык. Замандын өнүгүшүнө жараша түшкө кирбеген тири укмуштай чач жасалгаларды ойлоп таба башташыптыр. Сиз да төмөндөгү сүрөттөргө көз жүгүртүп көрүп, көңүлүңүзгө жакканын тандап алыңыз.

18 саат жасалган чач
Сүрөттөгү айымдын чачынын узундугу белинен ашат. Ал күнүгө тарап, жуугандан тажап, жашоосун өзгөртүү үчүн ушундай жолго барган. Анын чачын чач тарачта 18 саат бою жасашкан. Албетте мындай эмгек да чоң каражатты талап кылаары талашсыз.

Чачына гүл өстүргөн Дэн
Гүлдү жерге гана эмес башыбызга да өстүрүүгө болот экен. Америкадагы рок-группада эмгектенген Дэн элден өзгөчөлөнүп имиджин өзгөртүүнү туура көргөн. Көпчүлүктүн алдына чыгып ырдоодон тартынбаган Дэн эмнегедир журналисттерге жүзүн чыгарбай эле коюусун сураныптыр. Чачы уктаганда эле бир аз тоскоол болбосо калган учурда ырчы жигит көпчүлүктүн көңүл борборунда болот экен.

Баш кийимдин формасы
Баш кийимдин формасындагы чач жасалганы жасатыш үчүн алгач чачты ийинден ылдый кылып өстүрүү кажет. Дал ушундай "Эрдикке" Африканын тургуну барган. Алгач чачын өстүрө баштаганда үй-бүлөсү кыжыры келип жинине тийсе, чач тарачка кирип чыккандан кийин көпчүлүктү таң калтырган. Ион бир жылдан бери кыялданып жүргөн нерсесин ишке ашырып минтип шапкенин формасындагы чач жасалгага ээ болуп отурат.

Эң узун чачтуу фотомодель
Фотомодель болуп эмгектенген франциялык Люис алгач компанияга боюнун жана чачынын узундугу менен көзгө илинип, жумушка орношкон. Дайыма эле бир калыптагы келбети менен жүрө берүү модельер үчүн оор көрүнүш болсо керек. Күн сайын келбетин өзгөртүп туруу алардын хоббиси деп да бекер айтылбайт чыгар. Люис төмөндөгү чач жасалганы өзгөртүш үчүн иштеп тапкан акчасынын дээрлик баарын жумшаган. Эми күнүгө чачын иретке келтириш үчүн канча саат убактысын сарптайт болду экен деген суроо пайда болот.

Жуулбаган чач
Жашы бир топко барып калса да жаштардан кем калбай, табити талкалана элек Стеф Нью-Йоркто жашайт. Белине чейин өстүргөн чачын насыя эле алып жүрө бербей "керекке жаратууну" каалаптыр. Кулагын да жылуулап, көпчүлүктөн өзгөчөлөнөм деп чач тарачка кирип барган. Мастерлердин бир топко чейин айласы кетип, акырында төмөндөгүдөй жасалга жасоону туура көрүшүптүр. Чач жасалганы жасаарын жасап алып, түстүү боёкко боёш өзүнчө тозокко турган. Чач тарачтан көңүлдүү чыккан Сем ошондон бери башынын кычышканына карабай жууган эмес.

Үч жыл эки ай баш көтөрбөй иштеп...
Көчө таптап күн кечирген бул өспүрүм чачын төмөнкүдөй формага келтириш үчүн туура үч жыл эки ай баш көтөрбөй кара жумушта иштеген. Чогулткан акчасынын чып-чыргасын коротпой дароо чач тарачка жөнөйт. Жыйынтыгында өз кесибин мыкты билген адистер өспүрүмдүн кыялын эки эсе кылып орундатышкан. Сыягы адам кааласа таштан гүл чыгаары анык окшойт.

Даярдаган Анара Дүйшөналиева









??.??