Сенин гезитиң!
№38, 21.10.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Ванга эмне дейт?

2010-жылы 3-Дүйнөлүк согуш башталабы?
Көзү ачыктык, алдын ала айтуу, бүбү-бакшы дегендерге ишенгендер көп болсо, ишенбегендердин саны алардан арбын. Бирок, кээ бир ааламга атагы чыккан, кылымдарга чейин алдын ала айта билген адамдар да жок эмес. Алардын бири Вангелия. Элге Ванга деген ысым менен таанылган бул айым жер каймактагандан , жашоо бүтүп, кыймыл токтогонго чейинкинин баарын эле айтып койгондой. Мисалы: 2001-жылдын 11-сентябрында болгон Америкадагы "эгиздердин" кыйрашы жөнүндө айтканы жалпыбызга маалым. Андан сырткары 2-Дүйнөлүк согуш, СССРдин кыйрашы, ал эле эмес принцесса Диананын өлүмү жөнүндө да айткан экен. Мунун баары чындыкпы же жөн эле дал келүүбү, айтор, Ванганын айтуусуна ишенсек 2010-жылы 3-дүйнөлүк согуш башталат экен. Бул согуш 4 жылга созулуп, тактап айтканда 2014-жылдын октябрь айында аяктайт. Алгач ядролук курал колдонулса, согуш химиялык куралдар менен аяктайт.
2011-жылы радиоактивдүү заттардын түшүшүнөн Жер шарынын түндүк бөлүгүндө жан жаныбар, өсүмдүк деги эле кыбыр эткен жандыктан эч нерсе калбайт экен. Ушундан кийин мусулмандар тирүү калган европалыктарга каршы химиялык согушту баштайт.
Анын кесепетинен 2014-жылы көпчүлүк адамдар теринин рагы, башка түрдүү тери оорулары менен жабыркап башташат. Албетте мунун баары химиялык согуштун кесепетинен келип чыгат.
2016-жылы Европада бирин-серин гана эл калат.
2018-жылы Кытай бүт дүйнөнү колго алат.
2023-жылы Жер шарынын орбитасында өзгөрүү болот.
Мына ушундай жүрөк үшүн алган окуяларды Ванга айтып кеткен. Албетте, алдын ала айтуучунун сөзүнө эксперттер ишенбейт. Мисалы 40 жылдан ашуун экстрасенстерди изилдөө менен алектенип келген психолог Юрий Горныйдын айтуусунда Ванга адамдардагы өзүн-өзү кооптондурууну эң жакшы өздөштүргөн,бирок эч кандай келечекти көрө билген эмес.
"Адам келечегин өзү курат"-деген элибизде жакшы сөз бар го. Анын сыңары ар бир адам өз келечеги жакшы болуш үчүн азыртан ойлонуп, ыймандуулук менен ынтымакта иш жүргүзсөк баары жакшы болот деп ишенели.

Даярдаган
А. Сатиева




Кыргызстанда диний абал оор
Идеологиясы күчтүү Совет доору урагандан кийин, постсоветтик өлкөлөр руханий ваакумга кабылышты. Ушундан улам дүйнөлүк диний агымдар мында жылжып агылышты. Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарындагы башаламандыктан (жумушсуздук, экономикалык кризис) пайдаланып, Кыргызстанда жаңыдан катталган 2000ден ашуун диний уюм, агымдар идеологиясы аныкталбаган алакандай өлкөбүздүн руханий дүйнөсүнө "темир торун" маданияттуу жая баштады. Бул багытта Кыргызстандагы диний абалды иликтеген серепчилер "абал оор" дешет.
Ушундан улам Жогорку Кеңеште коомчулуктагы кызуу талкуудан кийин жаңы мыйзам долбоору кабыл алынды.

Нурила Жоробекова, дин изилдөөчү:
Дүйнө диндери бир бүтүндүк
- Дүйнө жаралганы үч улуу дин бар. Будда дини "Жараткандын кереметин аң-сезим менен тааныдым" деп эки алаканын бириктирип маңдайына коёт экен.
Экинчи христиан дини "Жараткандын кереметин дилим менен тааныдым"деп эки алаканы көкүрөгүндө.
Эң акыркысы мусулман дини "Мына ушул жогорудагы аң-сезим, дилим менен тааныган кереметиң менен бутумдан турайын, жашоо улайын" деп эки колун руку кылып (намазта) байлайт.
Тагыраак айтканда, үч дин ажырагыс. Үч дин адамдын жан дүйнөсү эле эмес, дене түзүлүшүн дагы кабарлайт экен.
Бала төрөлсө башы менен чыгат. Башында аң-сезим, мээ-бул Будда. Анан көкүрөгү чыгат, анда дили - бул христиан. Анан эки буту чыгат, кийин турат, басат жашоо улайт-бул Ислам.
Ислам бүткүл ааламдагы акыркы дин. Ошондуктан каны мусулмандар христиан, будда диндерге кирүүгө, тагыраак айтканда, артка кайтууга акысы жок экен. Бала төрөлөөрдө башы менен келет го. Буту менен келсе тумчугуп өлөт. Үч улуу динди тутуунун табияты ушул сыяктуу.

Маалымат
Кыргызстанда 1991-жылга чейин 3-4 эле диний багыттар болсо, азыр 39 багыт бар. 1996-2008-жылы 2168 диний уюм, секталар катталган. Анын 1791 мусулман багытындагылар.

Экстремисттик диний
агымдар
"Акрамия", Түркстан Ислам кыймылы, "БайЬат", өзгөчө "Хизбут-Тахрир" агымдары экстремисттик-агрессивдүү диний уюм болуп, саясатка умтулуп жатышат. Түштүктө "Хизбуттахрир" уюму жергиликтүү бийликке кысым көрсөтүп, ЖКга шайлоо учурунда өз талапкерлери үчүн агрессивдүү агитация кылганы катталган. Негизи бул уюм социалдык абалы начар чөйрөнү тартып жатышат. ИИМдин маалыматы боюнча 2003-жылы 450 мүчөсү болсо, 2004-ж 1000, 2007-ж 5000 мүчөсү болгон. Үйдө бала тарбиялаган апалар активдүү мүчө болуп жатканы өзгөчө коркунучтуу экенин серепчилер белгилешет.

Пакистандыктарча кийинишкен дааватчылар
"Таблиги Джаамат" башкы-офиси Пакистанда. Бул уюмдан таалим алгандар узун көйнөк кийип, бүтүндөй республиканын мечиттерин дааватчылык орун кылып алышкан. Алардын айткан дааватына кошумча, кыз-балдар, эркек-балдар мектеби бөлөк болсун, бардык аял хиджаб, эркектер дамбал, узун көйнөк кийишсин дегенди коомго таңуулап жатышат. Жер-жерлерде өкүлчүлүктөрүн түзүп алышкан. Серепчилердин айтымында, бара-бара бул уюм Кыргызстандын муфтиятына тең ата атаандаш болуп чыга келиши мүмкүн.

Ислам институттарынын билим берүү абалы
Кыргызстанда 8 жогорку окуу жай, 7 институт, 50 медресе бар. Мында окугандар 2866 адам. Окуу жайларда окуу процесси, ички шарты жана окутуучулардын билим деңгээли эч бир нормага жооп бербейт. Программа боюнча студенттер Куранды гана жаттайт. Башка илимдер боюнча сабак өтүшпөйт.
Чет өлкөлөргө диний окууларга легалдуу эмес жолдор менен барышат деп белгилейт парламенттик комиссия.

Кыргызстандагы башка диний агымдар
Өлкөдө 362 христиандар обьектиси, 311 протестанттар обьектиси бар. Анын ичинде 49 баптисттер, 21лютеранттар, 53пятидесятниктер, 31 адвентисттер (адвентисты седьмого дня) 43 хоризматикалык багыттагы уюмдар, 41 Иеговалар, 24 чет өлкөлүк христиандар.
Ошондой эле 12 "Бахаи" коому, иудейлер бирөө, буддалар бирөө. Бул агымдар республиканын экономикалык, социалдык абалы жакшы региондордон орун алышкан.

Прозелитизм же башка динге өтүү
Бир динден экинчи динге өтүү Кыргызстанда жылдан-жылга өсүүдө. Көпчүлүк легалдуу эмес диний уюмдар агрессивдүү үгүттөө, акча берип таңуулоо менен атуулдарды өз динине тартат. Буга төмөндөгү диний агымдар мүнөздүү: "Фалунгунь", "Сен Мен Мун", "Менеджмент Махариши мектеби", "Кришна-войшнава", "Церковь Иисуса Христа святых последних дней" (Мормоны), "Белое братство", сатанизм, "Долнора Хонон". Буларт ШКУнун башка өлкөлөрүнө кирүүгө уруксат алган эмес.




Каныбек Осмоналиев, КРнын дин иштери агенттигинин жетекчиси:
- Жаңы мыйзам долбоору бардык жерде талкууланды. Төрт нерсеге өзгөртүү кирди. Алар: диний уюмдарды каттоо, диний билим берүүгө талаптар, агрессивдүү үгүттөөгө чек, мүчөсү 200гө жетсе гана уюм катталат.
1991-жылдагы мыйзам долбоору азыркы абалга эч жооп бере албайт.

Чолпон Баекова, ЖКнын вице-спикери:
- Мектептерде "религия таануу" сабагын окутуу керек. Квалификацияланган окутуучулар балдарга диндердин тарыхын, айырмачылыктарын окутса, бала чоңойгондо динди өзү билимине жараша тандайт.

Зайнидин Курманов, ЖКнын депутаты:
- Бизге билимдүү дин кызматкерлери керек. Алар политолгияны, экономиканы жана башка предметтерди мыкты билсин.

Роза Отунбаева, ЖКнын депутаты:
- Ушундай мыйзам кабыл алынып жатканда мамлекеттик катчы да катышуусу зарыл эле. Ал жок мында. "Себат" уюмунун жетекчилери Туркиядан радикалдуу диний көз карашы үчүн куулган. А мында ишкердик кылып жатышат. Атайын иликтөө керек.

Алишер Сабиров, ЖКнын депутаты:
- Эгерде биз ар бир эле диний кызматкер имамдарды абакка камай берсек, анда эки коркунучтуу кошулма; диний экстремизм криминал дүйнөсү менен деген балээни түзөбүз. Абакка имам барса, баары намаз окуп, үгүттөн таасир алат. Тажикстандагы согуш вовчик жана юрчиктер, тагыраак айтканда вахабиттер жана анын каршылаштары туурасындагы кысмак-методикадан чыккан.
Диний экстремизмди идеологиялык курал менен жеңиш керек. Бирок, биздин алардай мыкты үгүтчү-оратор имамдарыбыз жок.

С. Абдиева










??.??