Сенин гезитиң!
№38, 21.10.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  күүгүмдөгү сырдашуу

"Моюнга ала куржунду тагынганда КТРге келгенмин"
Бактыбек Мамытов:
"Жылуу сөз жыланды ийининен чыгарат" деген таамай айтылган сөз бар эмеспи. Анын сыңарындай 35 жылдан бери телевидение деп жашап, жан эргиткен жагымдуу үнү менен кыргыз элинин жүрөгүнөн орун алган эл уулу, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, Даңк медалынын ээси, кыргыз телевидениесинин отличниги Бактыбек Мамытовду тааныбаган эч ким болбосо керек. Калктын жакшылыгын тең бөлүшүп, кубанычына ортоктош болуп, сүйүнүчтүү кабарды эфир аркылуу Кыргызстандын булуң-бурчуна чейин жеткирген агай Бактыбек Мамытов бүгүн биздин коногубуз.

35 жылдан бери эфирден түшө элек диктор
Сөздүн башында ушул убакка чейин эч кимге айта элек сөздү сага айтып, 35 жылдан бери эфирден түшпөй эмгектенип жүргөн дикторлордон мен эле экенмин деп мактанып коёюн. Кийинки күндөрү анча көп чыкпасам да жумасына бир-эки жолу эфир аркылуу жалпы кыргыз эли менен амандашып турам. Ойлоп көрсөм КТР деп мынчалык көп иштеген адистер деле болгон жок. Мен теңдүү алып баруучу, дикторлордун көпчүлүгүн шум ажал эрте эле биздин арабыздан алып кете берди. Анткени элдин көзү өтүп деген болот экен. Кудайга шүгүр мен болсо кыбырап жүрөм иш кылымыш болуп коюп. КТРге мындан 35 жыл мурун ала куржун моюнга илингенде, тирилик кылыш үчүн келип калдым десем да болот. 1973-жылы Улуттук каналда дикторлукка сынак жарыяланып мен дагы көр оокаттын айынан сынакка катышып, Кудай жалгап өтүп кеттим. Анда биздин курста ар кайсы жаштагы студенттер болоор эле. Мисалы мен 4 жыл окууга өтпөй жүрүп анан окугам. Өзүм менен тең курактагылар, менден улуулар, кичүүлөр менен чогуу окудум.
Ошол эле учурда окуп да, иштеп да жүргөн студенттердин катарында окуп эле тим болбостон Кыргыз радиолоруна жаңылыктарды даярдап жүрүп кийин кыргыз телесинде диктор болуп эмгектене баштадым. Бул багытта иштеп жүрүп, жаман болгон жокпуз, кудай буюрса калк арасында кадыр-баркка, урмат-сыйга татыктуубуз, мындан артык эмне керек бизге.
- Жаш алып баруучуларга көз карашыңыз?
- Биздин учурда кыргыз дикторлорун даярдоочу атайын мектеп бар болчу. Ал жерде теленин, радионун сырларын үйрөтөөр эле. Бүгүнкүлөр үчүн ошол мектеп жок болуп жатабы, айтор эки сөздүн башын кошо албай жүргөндөрдү да көрүп жатпайбызбы. Биз иштеп жүргөн убакта өзүбүз каалагандай кийинип ,каалагандай сүйлөй алчу эмеспиз. А азыркылар болсо тескерисинче эл арасында кандай жүрсө эфирде, жумушта дагы ошондой болууну туура көрөт экен. Бул жогору жактын каалоосубу же жаштардын стилиби билбейм, эмнеси болсо да көчөдө кантип кийинип жүрүшсө эфирге деле ээн эркин чыга баштаганын көрүп жатабыз. Эфирде бүгүн биздей болуп галстук тагынып чүчкүрбөй-бышкырбай түптүз отуруу деген деле жоюлуп бүт баардыгы эле заманбап болуп баратат. Кааласа бир жак жеңин кесип салып, бир жагын түрүп коюп өзүнүн деңгээлине жараша жаңычылдыкты издеп жатканы көрүнөт. Ар бир эле алып баруучу өзүнүн өзгөчөлүгү менен элдин жүрөгүнөн түнөк табуу үчүн колдон келишинче аракеттенип жатышат. Биз канча айтпайлы эл баарын таразалап, учуру келгенде татыктуусун тандап алат.

Бир көргөндө
сүйүп калып...
- Эркектер көзү менен сүйөт деп коёт го. Анын сыңарындай экзамен тапшырып жүрөбүз. Мен бир топ убакыт окууга өтпөй жүрүп ошол жылы Кудай жалгап окууга өтүп кеттим. Карасам суйкайган супсулуу аккуудай болгон мойнун керип бир кыз келатат. Бул кайсы группада окуйт болду экен, ушул кыз менен жакшы мамиледе болсом экен деген ой жүрөктү тырмап, айла таап ошол пери менен таанышууну көздөп жүрдүм. Ал убакта мен үчүн андан өткөн сулуу кыз жоктой сезилчү. Анан кийин эле көктөн издегеним жерден табылып менин сулуум биздин группада окуп калды. Мен старостамын. Ал убакта окуу башталаар замат пахтага, чөпкө айдачу, кайда болбойлу чогуу жүрүп, бирге басып үч жыл бактылуу кыз-жигиттик доорду сүрүп, анан 4-курста баш коштук. 20-октябрда экөөбүздүн чогуу түтүн булатканыбызга 35 жыл болот. Бул аралыкта 5 баланы тарбиялап өстүрүп, чоң ата, чоң эне, таята, таене болдук. Дагы бир айта кетчү нерсе бир кызык окуя болгон. 1-курска жаңы тапшырып жатканда анкета беришкен. Ал суроолордун ичинде канча балалуу болгуң келет, канчасы кыз, канчасы уул болууну каалайсың деген суроолор бар экен. Мен ошондо ойлонуп отуруп беш балалуу босом үчөө уул, экөө кыз болсо деп жазып койгом. Пенденин оозунда периштенин кулагында дегендей азыр ошол тилектерим аткарылып беш баланы тарбиялап жатабыз. Бирок, тилекке каршы шум ажал жаш карыга карабайт экен, бир кызымды мезгилсиз биздин арабыздан алып кетти. Балдарымдын ичинен менин жолумду жолдоп, жазганга аябай шыктуу болчу. Башкалары баары бөтөн жол менен өз оокатын кылып жүрөт. Келинчегим кызынын талантын байкап телевидениеге ишке киргизип койбойлубу, өнөрүн өстүрсүн десе мен ага каршы болуп менин башымдан өткөн кыйынчылыктарды ага ыраа көрбөй, анын үстүнө аял кишинин жумушу эмес деп макул болбой койгом. Азыр кээде өкүнүп калам, ошондо келинчегимдин айтканына кирсем балким кызымдын тагдыры башкача болоор беле ким билет.

Небере балаңдан да таттуу болот
Сүйүүнү башынан өткөргөн адам гана анын түшүнө билет. Эгерде бирөөнү сүйүп калсаң ага жагыныш үчүн колдон келген бардык нерсени жасайсың. Эгерде ал сени карабай койсо өзүңдү адам катары эмес, кандайдыр бир эч кимге кереги жок бечара жандыктай сезип каласың. Албетте ошол сүйүүңө жетип балалуу болуу өзүнчө эле керемет. Балага болгон сүйүү, небереге болгон сүйүү да сөз менен жеткире турган сезимдер эмес. Балалуу болгондо өзүң да жаш болгондуктан анча маани бербей кантип чоңоюп калганын да билбей каласың. А небере болсо, карып калганда демиңе-дем кошуп турчу периштелер болуп эсептелет экен. Баланы канча жакшы көрөбүз, неберенин алдында балаң мындай эле калат. Мен ар бир адамга ушундай бактылуулук каалайт элем.

Эл төлөгөн акчаны мен дагы төлөйм...
Азыр бир-эки ыр ырдап кичине эле таанылып калган балдар-кыздар маршруткада жүргөндөн уялат экен. Анын эмнеси уят, айтсаң. Мен мына азыркы убакка чейин карапайым калкка аралашып эл төлөгөн акчаны мен да төлөп маршруткада эле жүрөм. Кээ бирөөлөр ишенбейт, машина айдай албайм десем. Ишенсең машина айдаганга таптакыр кызыкпадым. Өзүнчө жүргөндө айдап калбасам жанымда бирөө жарым болсо ага бир жамандык жасап аламбы деп коркуп таптакыр машина айдабай коомдук унаа менен эле эртең менен жумушка, кечинде үйгө шашам.
Даярдаган Нурзат Жусупова










??.??





??.??