Сенин гезитиң!
№38, 21.10.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

 

  Ала-Тоо койнунда

Айтматовдун декадасы өтүүдө
Ч.Айтматовдун декадасына карата бир катар иш-чаралар уюштурулууда.
Атактуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун декадасына карата 19-октябрдан 26-октябрга чейин Кыргызстанда бир катар иш-чаралардын өткөрүлүшү пландалган. Жазуучунун декадасы Бишкек шаарында башталып, экинчи Ысык-көл эл аралык кинофестивалынын ачылышы менен башталмакчы. 20-октябрда кинофестиваль Ысык-Көлдө уланат. 21-октябрда Бишкектеги "Октябрь" жана "Ала-Тоо" кинотеатрларында конкурстук фильмдер көрсөтүлмөкчү. 22-октябрда "Ала-Тоо" кинотеатрында "Айтматов жана доор" аттуу документалдык фильм көрсөтүлөт. Ал эми 23-октябрда Бишкектеги Кыргыз улуттук драма театрында "Арт ордо" деген аталыштагы үчүнчү эл аралык театр фестивалынын ачылышы болот. 24-октябрда болсо түрк тилдүү мамлекеттердин Маданият министрлеринин жыйыны пландалган. 25-октябрда Чолпон-Ата шаарындагы "Рух ордо" комплексинде Чыңгыз Айтматовдун эстелиги салтанаттуу түрдө ачылмакчы. Декада 25-26-октябрь күндөрү "Айтматов жана доор" аттуу эл аралык форумдун өтүшү менен жыйынтыкталат. Ушул иш чарага карата Эл аралык "Евразия диалогу" фонду (Dialog Avrasia - DA) толугу менен Ч. Айтматовдун чыгармачылыгына арналган "ДА" журналын басып чыкты.

Президент эс алабы же дарыланабы?
Президент Курманбек Бакиевдин эмгек өргүүсү башталды.
Бакиев эс алуу маалында Германияда дарылануусун улантары дайын болду. Буга чейин президент март айында бир айга жакын Германиядагы ооруканалардын биринде бутунун муундарын дарылатып келген. Ошол убакта Кыргызстанда түрдүү ушактар жүрүп кеткен эле. Бул жолу алдын ала айтып, эмгек өргүүсүнө чыгып, дарылана турганын билдирди.

Шаар кеңеште жаңы төрага
Бишкек шаар кеңешинин депутаттары бири-бири менен таанышышып, шаар кеңешинин төрагасын шайлашты.
Бишкек шаар кеңешинин төрагалыгына эки талапкер бири -Түндүк шайлоо округунан шайланган Азиз Суракматов, экинчиси -Жал шайлоо аймагынан шайланган Эмил Рыскуловдор көрсөтүлүп, жашыруун добуштун жыйынтыгында көпчүлүк добуш менен Азиз Суракматов төрага болуп дайындалды. 5-октябрда болуп өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоодо Бишкектеги 11 шайлоо аймагынан 44 депутат шайланып келишкен.

Оппозиция биригем дейт
Оппозиция биригүү меморандумуна келаткан жума кол коюшу күтүлүүдө.
"Акыйкат үчүн" кыймылынын мүчөсү, "Улуу биримдик" партиясынын төрагасы Эмилбек Каптагаевдин билдиргенине караганда оппозиция лидерлери мамлекеттик системаны өзгөртүү жана ал максатта бирдиктүү иш алып баруу боюнча талкуулардын аягына чыгып калган. Келе жаткан жума ичи оппозициялык күчтөрдүн биригүү тууралуу меморандумуна кол коюлушу мүмкүн.

Бийликке кимдер келди?
Өткөн жумада бийликке таасирдүү адамдар келип отурушту.
Өткөн жума коомдук-саясий чөйрөнүн эсинде жаңгак уюл чатагы менен кызматынан кеткен Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Адахан Мадумаровдун кайтып бийликке келиши менен калды. Анын ордун ээлеп турган мурдагы коргоо министри, генерал Исмаил Исаков азыркы бийликтин саясаты менен келише албастыгын коомчулукка жарыялап, өткөн апта этегинде кызматынан кетип калган.
Президент Курманбек Бакиев Адахан Мадумаровдун тажрыйбалуу жетекчи экендигин эске алып туруп Коопсуздук кеңешинин катчысы кылып дайындаганын жар салды. Мадумаров азыркы президенттин тушунда вице-премьер-министр, мамлекеттик катчы, парламенттин төрагасы болуп иштеди. "Ак жол" партиясынын парламенттик шайлоодогу негизги сүрөөнчүлөрүнүн бири, кийинчерээк сиңирген эмгегин баалап президент аны Жогорку Кеңешке төрагалыкка сунуш кылганы айтылып жүрөт. Бирок эки саясатчынын ортосунда жаңгак уюлу чатагында жик кетип, ал Мадумаровдун төрагалыктан кетиши менен аяктаган. Төрагалыктан кетер алдындагы парламентте жасаган бул билдирүүсү саясий чөйрөдө президентке каяша катары кабылданган. Атүгүл саясатчы ушул сентябрда депутаттык мандатын тапшырып, партиянын катарынан чыгуу оюн да ачыктаган эле. Ал эми салыктар жана жыйымдар комитетинин башчылыгына мурдагы депутат Акматбек Келдибековдун келиши да айрымдарды таң калтырды. Германияга кетээр алдында Президенттин бул кадамына эч ким түшүнө албай эле калды. Эми жакында бошоп калган Марат Кайыповду Адахан Мадумаровдун орун басары кылып дайындайт экен деген имиштер чыга баштады.

"Чынгызханды" ким жазды?
Асыкбек Оморовдун "Чынгызханы" "XXI кылымдын эң мыкты тарыхый китеби" аталды.
Курулуш жана геодезия боюнча адис инженер Асыкбек Оморовдун "Чынгызхан" аттуу тарыхый-илимий китеби жарык көрүп, анын ачылыш аземи Бишкек шаарындагы Тарых музейинде өттү. Жаңы китептин ачылыш аземине тарыхчы окумуштуулар, жазуучулар, коомдук ишмерлер жана бардык тарых сүйүүчүлөр катышып, "Чынгызхан" аттуу жаңы китеп окумуштуулар тарабынан жогору бааланды. Бир катар тарыхчылар, Чынгызхан тууралуу жазган мурдагы авторлор аны каардуу, зулум, таш боор катары сүрөттөп келишкенин, ал эми бул чыгармада Чынгызхан тап-такыр башка өңүттө чагылдырылганын баса белгилешип, аны тез арада англис, орус тилдерине которууну сунушташты. Ал эми "Мустафа Кемал Ата Түрк" атындагы эл аралык илим жана маданият кайрымдуулук кору, А.Оморовду тарых илимине кошкон салымы үчүн алтын медаль менен сыйлап, автордун эмгегин "XXI кылымдын эң мыкты тарыхый китеби" катары тааныды. Бул китепти 11 жыл бою жазганын, азыркы тапта "Темирлан" аттуу экинчи китебинин үстүндө иштеп жатканын билдирди.

Бийликти жактабасаң кара тизмеге киресиң
"Жаңы Кыргызстан" партиясынын Таластагы жетекчиси коркутууга кабылды.
Партиянын облустагы лидери Сарыгул Сыдыгалиевдин айтымында, Улуттук коопсуздук кызматынын облустук бөлүмүндө иштеген Бакыт деген мырза анын атасы Самидин Сыдыгалиевге барып, балаңыз бийликтин кара тизмесине кирип жатат, аны азыркы тапта токтотуш керек деп коркуткан. Сарыгул Сыдыгалиев дагы "Жаңы Кыргызстан" партиясынын Талас шаарындагы имаратынын эшигин ал жок мезгилде чоочун адамдар ачкыч менен ачып, документтерди текшерген деп шектенет. Облустук улуттук коопсуздук кызматтын өкүлдөрү мындай маалыматты четке кагып, бул жөн гана саясий оюн деп баамдашууда.

Телефон террорчусун жазалайт
Атын жашырып, телефон аркылуу жалган маалымат тараткандар кылмыш жоопкерчилигине тартылат.
Ички иштер министри Молдомуса Конгантиев оперативдүү кеңешмеде телефон аркылуу жардыруу тууралуу жалган маалымат берген адамдар сөзсүз түрдө табылып, кылмыш жоопкерчилигине тартылышы керек. Кеңешменин жүрүшүндө министр ошондой эле республикага келген адамдарды каттоого алуу начар жүрүп жаткандыктан "изи сууй элек" кылмыш иштерин ачуу кыйынга туруп жатканын жана укук коргоо органдарынын коомчулук менен иштешүүсү начар болуп жатканын белгиледи

Күндөн энергия алынат
Ысык-Көлдө күндүн нуру менен жылый турган система ишке кирди.
Чолпон-Ата шаарындагы экологиялык борбордун имаратына күңдүн табы менен электр кубатын бөлүп чыгаруучу техника орнотулду. Анда суу 50, бөлмөнүн жылуулугу болсо 25 градуска жетип, электр кубаты 50 пайызга үнөмдөлөт экен. Ага германиялык техникалык борбор 16 миң доллар каражат бөлдү. Кыргызстандагы энергетика кризисин алдын алууда ушундай жылытуу системасы эки эсе арзан жана үнөмдүү экени дагы кинотасмада түшүндүрүлдү. 3 миңден 70 миң долларга чейин наркы турган мындай жылытуу системасы Кыргызстан боюнча 25 объектиге орнотулду.




  Дүйнө дүбүрт

Фидель Кастронун ордени
Фидель жана Рауль Кастро орус православие чиркөөсүнүн ордендери менен сыйланышты.
Кубанын лидери Фидель Кастрого жана анын бир тууганы, республиканын мамлекеттик кеңешинин төрагасы Рауль Кастрого 20-октябрда орус православие чиркөөсүнүн ордендери тапшырылды.
Москва патриархатынын тышкы чиркөө байланыштар бөлүмүнүн төрагасы митрополит Кирилл Латын Америкасында чиркөө делегациясынын жолугушуусунда Рауль Кастрого патриарх Алексей Эки кол койгон дипломду жана сыйлыктарды тапшырды.

АКШ аскерлери Иракта калабы?
Багдадда АКШ аскерлеринин Иракта кала беришине каршы нааразылык акциясы болду.
Багдадда шийи динаятчысы Муктада Ас-Садрдын жолдоочулары америкалык аскерлердин Иракта кала беришине каршы нааразылык акциясына чыгышты. Садр Ирак парламентине кайрылып, АКШ менен Ирак ортосунда түзүлгөн келишимди четке кагууга үндөдү. Сөз болгон келишимге ылайык, америкалык контингентке Иракта бери дегенде 3 жылга калууга уруксат берилет. Айрым кабарларга караганда, документте АКШ аскерлерин 2011-жылы чыгарып кетет деп жазылган.

Нью-Делиде метро көпүрөсү кулап түштү
Индиянын Нью-Дели шаарында курулуп бүтпөгөн метро көпүрөсү кулап түштү.
Бетон конструкциясын көтөргөн курулуш краны жүккө туруштук бербей жана метро көпүрөгө аңтарылып кеткен. Крандын кулашынын кесепетинен көпүрөнүн темир мамылары жана бетон сыныктары шаардын калкы көп районуна жүрүп бараткан автомобилдерге кулаган.

АКШга визасыз кимдер барат?
Дагы 7 өлкөнүн жарандарына АКШга баруу үчүн виза талап кылынбайт.
Бул жөнүндө президент Буш жарыялады. Чечим 1 айдан кийин күчүнө кирет. Алардын катарына Чехия, Эстония, Венгрия, Латвия, Литва, Словакия жана Түштүк Корея кирет. Дагы 6 мамлекет бул програмага кийинчирээк камтылмакчы. Алар кайсылар экени азырынча табышмак.

Грозныйда жаңы мечит
Грозныйда 10 миң кишиге эсептелген жаңы мечит ачылды.
Анын курулушу 3 жыл мурун башталып, 20 миллион доллар сарпталды. Мечитке Чеченстандын мурдагы президенти, маркум Ахмад Кадыровдун ысымы берилди. Орус маалымат каражаттары ал Европадагы эң чоң мечит болуп калды дешүүдө.

Эркин журналистти бошотуш керек
Европа Коопсуздук жана Кызматташтык уюму Өзбекстандан эркин журналистти түрмөдөн чыгарууну талап кылды.
Көз карандысыз өзбек маалымат интернет сайтына иштеген Солижан Абдурахманов өткөн аптада банги заттарга байланыштуу кине менен он жылга кесилген болчу. ЕККУ расмий Ташкенттин мындай иш аракетин кескин айыптоодо.

Мунай арзандоодо
ОПЕК мунайдын баасы кескин төмөндөп кеткенден кийин 18-ноябрга белгиленген жыйынын тез арада өткөрүүнү чечти.
Июлда бир баррель кара май 147 доллар болсо, бүгүн реккорддук 67 долларга арзандады. 24-октябрда Венада өтчү жолугушууда кредиттик кризистин мунай рыногуна тийгизген таасири жана мунай өндүрүүнү кыскартуу талкууланмакчы.

Азык-түлүк көйгөйү
Азык-түлүккө баанын асмандашы дүйнөнүн 1 млрд. калкын ачка калтырат өңдүү.
Жардам көрсөтүү менен алектенген "Оксфам" тобунун "Дүйнөлүк азык-түлүк күнүнө" карата чыгарган баяндамасында, бул жылы тамак-аш баалары дагы 120 млн. элди ачкачылыкка мажбурлайт деп билдирген. "Оксфам" тобунун жетекчиси Барбара Стокинг каржы алааматын жөнгө салуунун артынан түшкөн дүйнөлүк институттар, азык-түлүк көйгөйүн унутта калтырганына нааразылыгын билдирип, аң-таң калганын айтууда.

Азербайжанда шайлоо кандай өттү?
АКШ Азербайжандагы президенттик шайлоо эл аралык талаптарга ылайык келген жок деген баасын берди.
Бирок бул жолку президенттик шайлоо мурдагыдай оңураак өттү, деп кошумчаланган. Шаршембидеги шайлоодо Илхам Алиев 90 пайыз добуш менен кайра президент болду. Ал эми оппозициячыл талапкерлер добуш берүүнүн жыйынтыгы бурмалоо менен аныкталат деп шектеп, бул шайлоого бойкот жарыялашкан эле.

www булактарынан даярдаган Калыбай Султангазы










??.??