Сенин гезитиң!
№38, 21.10.08-ж.

t




  Адабият айдыңы

Жазгүл Жамангулова, жаш акын:
"Кыргыздын ыйлап турганын көрүп сүйүнө албайм"
- Алгачкы ырыңызды кандай темада, канча жашыңызда жазгансыз?
- Мен алгачкы ырымды 11 жашымда "Балалыктын кайгысы" деген аталышта жазгам. Ошол бала чагымда билинер-билинбес кайгым болгон. Азыр ойлосом күлкүм келет. Ал кандай кайгы экенин айтпай эле коёюн, бирок көңүлүм чөгүп, ойлонуп жатканда жазган ырым болсо керек. Негизинен ырга болгон ышкы атамдан мага жуккан десем жаңылышпайм. Атам сөзгө чебер, өзү да чыгармачылыкка жакын инсан болсо, апам сүрөттү мыкты тарткан колунан көөрү төгүлгөн айым. Туугандарымдын ичинен акындык жолду алып кеткен жалгыз мен болдум.
- Кайгырып жазган ырым дебедиңизби, дегеле сизге эргүү кайсы учурда келет? Ырды кайгырганда же кубанганда жазасызбы?
- Чынын айтсам ушул кезге чейин кубанып жазган ырым болгон эмес. Көпчүлүк учурда кайгырып, ойго чөмүлүп турганда менден ыр чыгат. Кээ бири сүйгөнүнө жетпей калган кездерин ырга айлантып жазгандары кездешет. Сүйүү темасы акын кыздарды мыкты акын кылат эмеспи. Бирок менин сүйүүгө арналган ырларым аз, көбүнчөсү атуулдук темага басымдалганын айтсам болот. Тескерисинче биздин элдин кемчилигин, жаман сапаттарын айтып жазганым "жаман айтпай жакшы жок" дегендей мекенибизде, элибизде акыйкаттыктын, калыстыктын жок экендигин көрсөткөн ырлар болуп саналат.
- Маектешип жатып сизди патриот жаштардын арасына кошкум келди. Өзүңүздүн кесибиңиз тууралуу айтсаңыз?
- Кесибим журналист. Азаттык радиосунун кабарчысы болуп эмгектенем. Журналистиканын ашканасын таанып калганыма быйыл жети жылдын жүзү болду. Эл аралык радио болгондуктан ишибиз абдан так жана журналисттердин укугу корголгон.
- Ар бир иште ийгилик менен жетишпегендик бирге жүрөт эмеспи. Өсүп бараткан мыкты ишмерлерге каршы бут тосуулар болот. Буга кандай карайсыз?
- Туура айтасың. Чындыгында бут тосуулар болот. Мен ар дайым "Көздүү мончок жерде калбайт" дегенге ишенем. Ушул күнгө чейин менин жакындарым мага жол көрсөтүп жөлөк болуп келген эмес. Ошондуктан өзүм менен өзүм ийгилик жаратып, өзүмө-өзүм ишенип, азыркы тил менен айтканда "крыша" болуп келатам. Келечекке койгон чачылбаган бийик максаттарым көп. Ошондой эле менин чыгармачылыгымды, жумушумду түшүнүп өзүнүн кеп кеңешин айтып жанымда жүргөн жүрөгүмдүн ээси бар. Ар убак ишимди так аткарып, адал эмгек жасоого далалат кылып келем. Бетке айтып, чечкиндүү жүргөнүмдөн уламбы, кесиптештерим мага жаман көз карашта карашпайт. Мен ойлойм, билимдүү, өз эмгегин сүйгөн адамга эч ким бут тосо албайт. Себеби "билимдүүнүн чырагы миң" деген кыргызда жакшы кеп бар эмеспи.
- Акындын жан дүйнөсүн кантип сүрөттөп бересиз?
- Сүйүүнү адам айтып түшүндүрө албагандай эле, акындын жан дүйнөсүн айтып берүү өтө кыйын. Карапайым жөнөкөй адамдан президентке чейин алып карай турган болсок, эч кимисинин жан дүйнөсү акындыкына окшошпойт. Өзүнүн аруулугу, сезимталдыгы, оригиналдуулугу менен айырмаланган чексиздикке бай дүйнөнү айтат элем.
- Жакында Душанбеде өткөн КМШ өлкөлөрүнүн арасындагы "Шериктештердин дебютанттары" деп аталган эл аралык акындардын фестивалына Кыргызстандын атынан жалгыз сиз бардыңыз. Мамлекет тарабынан кандай колдоолор көрсөтүлдү?
- Мамлекет тарабынан эч кандай жардам көрсөтүлгөн жок. Чыгымдын баарын өзүм төлөдүм. Мамлекет мени эмес, жазуучулар союзунун мүчөлөрүн, керек болсо өзүлөрүнүн бара турган адамдарын каржылай алган жок. Ошол фестивалга барганда башка өлкөлөрдөн мисалы, Казакстан, Украина ж.б. элдердин жаш акындарга, деги эле адабиятка мамлекеттин жасаган мамилесин, жардамдарын айтып отурушса биз уялып жер карайбыз. Ошентсе да сыйлыктарга, дипломго ээ болуп талантым менен таанылып намысты коё бербей кайтып келдим.
- Сизди акындардын арасындагы кайгы-муңдун рыцары десек болот экен да?
- Мени көбүнчө "кара көз айнек тагынган акын" деп күлүп калышат. Кыргыз поэзиясында жаштардын арасында менин сүйүү ырларды, кубанган лириканы аз жазарымды айтып жүрүшөт. Эгерде замандын өзү кайгы болуп турса, журналист болуп күн сайын ар кандай кырдаалга кабылабыз, карапайым элдин кайгысына ортоктош болобуз. Анан чыныгы акын катары өзүмдү карап эч убакта күлө албайт элем. Кыргыздын чыркыраган чындыкты издеп, калыстык көздөп ыйлап турганын көрүп сүйүнө албайм.

Маектешкен Айнура Султанова




УЛУУЛУККА ГҮЛ КОЁМ
Тирүүлүк тордолгондур азап менен,
Теңирим буюргандыр, азап чегем.
Билсем да шагым сынчу күндөрүмдү,
Баары бир бактым үчүн жашап келем.

Көрө албас көр каздырсын келишиме,
Көңдөйлөр той өткөрсүн жеңишине.
Баары бир майдалыкты тепсеп өтүп,
Гүл коём улуулуктун бейитине.
2003- жыл

КАНТИП ЖАЗАМ
Солуктап турса, жүрөгүм тилин безеп,
Сомодой болуп саптарда тирилбесек.
Сеңселген кыздын сүйүүсүн кантип жазам,
Саргарган барик күнүндөй бириндесек.

Тар заман турса тушуккан санаа салып,
Бар заман жатса алдымда аласалып.
Бардаштуу жандай бакылдап ыр жаза албайм,
Бактысыз күндүн барагын жаба салып.

Сүйүүнү сезбей, күйүттү көрүп жатсам,
Сырыңды эмес, ыйыңды төгүп жатсаң.
Сыйрылган күндү сыйда деп кантип жазам,
Сан жанды көрүп тирүүлөй өлүп жаткан.
2004- жыл

СЕН БАРСЫҢ…
Сени менден ким талашат,
Талаша албас башкалар…
Сени менден бүт талашат,
Тоолор, зоолор, аскалар!
Бирок ошол миң сан деген бийикти,
Талкалоого көөдөнүмдө аска бар!

Анткени сен бийигимсиң,
Чокусунда ак кар, музу жаркырап.
Айттырбастан ээлеп ойду,
Алсыз кылып алды бат!
Анча мени карабачы, карабачы сук артып,
Ансыз дагы алдым туман, арка туштан жар кулап.

Эч ким туйбас, эч ким билбес,
Эгиз болуп тургандыгын жанымдын.
Элет сенин пейилиңде,
Эбегейсиз эңсөөң болуп табылдым.
Өмүр мени өкчөсө да канча ирээт,
Өзү мага олжо, сенин барыңдын.




  Сандан-санга

Асанбек Кулманбетов
Түбүң түшкүр дүйнө ий!
Селсаяктын ыйы
(трагедиялуу окуялардан турган баян)
- Балам антип каргаба! Атаң эмеспи...-деген Айымбүбүнү колтуктап тургузуп, кийимин күбүп атып:
- Ал эч качан менин атам эмес! Менин атам эчак эле акмактыгынан жок болгон. Атам имиш! Колуна шал тийип, көздөрү жалдырап калаар күнү кайда экен!.. -деп жини менен кобурана, Айымбүбүнү жетелеп жөнөдү. Үйгө алып кирип, диванга жаткырып, күйпөлөктөп атты.
Сыртка чыкканда Урмат алдынан бет-маңдай чыкты. Токуш көзү менен атып жиберчүдөй тиктеди. Урмат да бир саамга тиктеше түшүп, калчылдай көзүн ала качып, дубал таяна туруп калды. Токуштун колундагы бычакты улам-улам карай, көзүн алайта качып жөнөмөкчү болуп, эрди-эрдине тийбей титиреп кирди. Токуш аны жөөлөй өтүп, огородго чыкты да, эки жерде дардайып өлүп жаткан эки музоого жетип, жини менен бычак шилтеп мууздап кирди. Экөөнү тең адалдап болуп союуга жардамга киши керек экенин ойлой, үйгө басты. Эшиктин алдындагы отургучта отурган Урмат эки билеги чыканагынан өйдө түрүлүп, колундагы бычагы кошо канжалаган Токушту бир саамга карап алды да, жанталаша :
- Айланайын Токуш, жансоога! Мени өлтүрө көрбө! Экинчи силерге жаман айтсам ит болоюн!.. -деп жалына калчылдап кирди. Анын ырайын көрүп, табасы кангандай көз кыйыгы менен карап алган Токуш өтүп кетти. А Урмат ошол бойдон өйдө боло албай калды.
Башкача мамиле
кыла башташты
Токуш түз эле Урматтын инисине барып, эки музоонун жарылып өлгөнүн, аларды мууздап койгонун айтып, үйгө чакырды.
Алар короого кирген кезде эшиктин алдындагы отургучта капталынан кыйшайып Урмат жаткан. Иниси саламдашмакчы болду эле, Урмат башын көтөрө албай койду.
- Э, байке, сизге эмне болду?-деп чочуган иниси жооп ала албай, чебелектеп кетти. Кыймылсыз жаткан Урмат көзүн жалдырата, сүйлөй да албады. Иниси менен Токуш экөө эптеп көтөрүп үйгө алып киришти. Карбаласташып, бат эле чуру-чуу түшүп калышты. "Тез жардам" да келди. Инсульт болуптур.
Дагы эле эл арасында күбүң-шыбың кеп жүрүп жатты:
- Урмат өлгөн эки музоосу үчүн катуу кейип жиберип, ошого инсульт болуптур.
- Музоолорго, короо- жайга карабайт деп аялын сабап атканда берки бала болушкан экен.
- Айымбүбүнүн айтканына караганда Токуштун каргышы тийиптир.
- Кантип, ботом?!
- "Колуна шал тийип, көздөрү жалдырап калсын" деп каргаптыр.
- Эмне дейт, шумдугуң кургур?!
- Деги ошо баланын көзү жаман.
- Баладан башкача десең. Чоң кишидей болуп турганын айтпайсыңбы.
- Атасы деле чоң, бой-келбети келишкен жигит болгон экен. Ошол каруу-күчүн батыра албай көөп кетип, жинди болбодубу.
- Ошону айтсаң, жиндилигин жалаң чоң муштумуна чыгарып, киши тоноп, уурулук кылып, каракчылыгы менен далайдын көз жашына калып жүрбөдүбү. Сыздагандар нечен жолку каргыш айткан үчүн атасы өмүр бою түрмөдө жүрдү. Кийин үйүнө аял токтободубу. Акыры тигинтип аялын өлтүрүп, өзү да өлүмгө туш болду. Баласы менен кызы минтип көрүнгөндүн колунда жүрөт.
- Бул баласы кенедейинде эле тентек эле. Азыр андай тентектиги билинбейт. Энесинин аракети менен курулган үй- жайын каралап эле жүргөнү жүргөн. Эч кимден жардам сурабай огород-жайын гүлдөтүп атат. Улуу-кичүүгө урмат менен мамиле кылып, сылык-сыпаа болуп жүрөт.
- Анан байкуш баланы ушу Урмат эле жамандап, жер-жеберине жеткирип, көзү жокто сөгүп-сагып жүрчү эле.
- Деги билбейм, көзү бир башкача сүрдүү. Тик карай албайт кишиге. Мындай неменин тили ачуу, сөзү катуу болчу эле. Чындап эле каргышы өтүп кетсе керек...
Ушундай уу-дуу кеп Токушка болгон элдин көңүлүн бурдуруп, ага башкача мамиле кыла башташты. Кээси чындап эле жүрөксүнүү менен мамиле кылышса, кээ бирөө коркуп да, жагынып да калышты.
Атасынын инсульт болуп, оң ыптасы иштебей тилден калып ооруканада жатканынан улам Урмат менен Айымбүбүнүн үч кызы үйгө чогулушту. Күйөөлөрү, бала- бакырасы менен үйгө толуп, демейдеги томсоргон үй базарга айланып кеткенсиди. Музоонун эти казанда кайнап, Айымбүбү менен кыздары өз ара кепке өтүшкөн. Алар эмнегедир Токушту катарларына кошпой, ал түгүл киши катарына көрбөй атышты. Эмнегедир алардын ойлоп аткандарын, үйдөн айдап чыгаарын жүрөгүндө сезип атты Токуш.










??.??