Сенин гезитиң!
№38, 21.10.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кайталанган кайрыктар
Эстрада жылдыздарынын ырларын сүйүп, суранып укканыбыз менен алардын майда-барат кемчиликтерин байкай бербейбиз. Кээ бир ырларда бир сөздүн кайра- кайра кайталанып ырдалышын санап чыгып, сиздерге тартуулоону туура көрдүк.

Таза сүйүүнү издеп жакшылыктан үмүтүн үзбөгөн Нуриса Абазова "Тазасы барбы сүйүүнүн" деген ырында барбы деген сөздү 28 жолу, беле, белем деген сөздөрдү 20 жолу кайталаган экен. Таңкалычтуусу ырчы айым сүйүүнүн тазасына, тунугуна, аруусуна качан туш болду экен?

Көпчүлүгүбүз бул ырды укканда көзүбүзгө жаш айланып, зээнибиз кейип, кабыргабыз кайышаары ырас. Эмил Балтагуловдун үч кыл комузунда жаңырган "Ичпечи апа" атуу ырында апа деген эле сөздүн өзүн 103 жолу кайталаптыр. 103 жолу эмес 104 жолу кайталаса деле бул ыр маанисин жоготпой, эл ичинде ырдала берээри талашсыз.

Жактырган селкисин жашаган жеринен баштап, жакшы көргөн тамагына чейин көтөрө чаап мактагандан тажабаган Бек Борбиев ширин кыздын урматына арнап жазган "Асел" аттуу ырында Асел деген бийкечтин ысымын туптуура 77 жолу кайталап озондоптур. Негизи Бек агабыздын репертуарындагы ырларына назар салып көрсөк теңинен көбү эле асылзаттарга арналган тура, "Тахмина", "Сирена", "Эркинай", "Жапалак"… айтор санай берсең эсебиңен жаңыласың. Ал эми "Чынара" деген чыгармасында Чынар кыздын атын канча жолу айтканын санабай эле коелу.

Жоопсуз сүйүүгө туш болуп, арманын аттын башындай кылган Сайкал Садыбакасова бактылуу күндөрүн көз алдынан өткөрүп, "Эстедим" деген ырында эстедим деген сөздү 21 жолу жаңыртыптыр. Сыягы сүйүүгө көзү тумандап, башы айланган "Кыз бурактын" кымча бел сулуусу сезимин жаралаган мырзаны эсинен чыгаргыс болгон өңдөнөт.

Жалгызына жагымдуу ыр арнап, жүрөктөн чыккан сезимдерин даңтаган Самат Дөөлөтбаков "Жалгызым" деген чыгармасында жалгызым деген сөздү 36 жолу кайталаган. Аягында сүйүктүүсүн жалгыздыктын кучагына таштап баса бергени өкүнүчтүү. Кыздарды сүйдүрүп аягында "күйдүрүп" баса берүү ырчы мырзабыздын жакшы көргөн оюндарынын бири окшойт. Дагы бир белгилей кетчү көрүнүш бул ырдын клиби менен ыр бири-бирин эки көздөй толуктап тургансыйт.

Жигиттердин калпын чыгарып жалганчы кылган ай чырайлуу ырчы Неля "Жалган" аттуу ырында жалган деген сөздү 43 жолу кайталайт экен. Ушул ырды угуп отуруп жигит аттуунун баары чын эле жалганчы болобу деген ой пайда болот . Же ырчы айымыбыз сүткө оозун күйгүзүп алып айранды үйлөп ичип калганбы? Эмнеси болсо да урматуу айымдар, жигиттер менен этият мамиледе болгулачы, Нелянын да билгени бардыр…

Кыздар менен жакшы тил табыша албайм деп арман кылган Ильяз Абдыразаков "Кыздар ай " аттуу чыгармасында кыздар, кыз деген сөздөрдү баш аягы 21 жолу кайталаган, Ильяз мырза кыздарга ушул ырды арнап, мурда кийин таарынтып алган бийкечтеринин көңүлүн алайын дегени го.

Кызганба, кызганба деп жалпы эле айымдарды акыл эстүүлүккө үндөп, ошол эле учурда артынан бир короо кыз ээрчиткен Сема кызганба деген сөздү 19 жолу кайталаган. Кыргызда таамай айтылган сөз бар эмеспи "Кунаажын көзүн сүзбөсө, бука жибин үзбөйт" деген, бул ырда болсо тескерисинче Сэма көзүн сүзүп алып аягында алапайын таппай калганы кызык көрүнүш.




  Кызыктар дүйнөсүндө

Нострадамустун "дешифровкасы"
Мишель Нострадамустун алдын-ала айтуусу канчалаган кылымдардан бери адамзатын тынчсыздандырып келет.
Жакында эле Россиядагы китеп саткан дүкөндөрдө "Нострадамус ХХк жөнүндө" жаңыланган "дешифровка" аттуу китеп пайда болгон. Бул белгисиз автордун айтуусу боюнча биз өткөн окуяларга гана кайрылбастан алдыда эмне боло тургандыгын да кароо керек экендиги жазылган.
Чындыгында Нострадамус сиздин түшүңүзгө кирбеген нерселерди айткан. Ал эми "дешифровщиктин" ою боюнча алдын-ала айтылгандардын ичинен 2008-жылдын 8-августунда башталган грузин-россиялык конфликтин башталышын айтсак болот.

Эң байыркы монархия
Байыркы Япониянын жашоочулары Япониядагы аралдарды Аматэрасу Күнү аттуу (солнца Аматэрасу)Кудай жараткан деп ишенишкен. Ал эми анын тукуму Дзимму алардын жашоочуларын бириктирип, өзү биринчи император болгон экен.
Бул качан болгон? Легендага таянсак Дзиммунун башкаруусу биздин эрага чейин 660-жылга туура келет. Бирок азыркы тарыхчылар бул маалыматка кошулушпайт. Алардын ою боюнча Дзимму болжол менен биздин эрага чейин 40 жана 10-жылдары жашаган дешет. Так ушул императордук династия бүгүнкү күнгө чейин өлкөнү башкарып келет.
Японияда императорду же императрицаны монарх катары гана эмес, Кудай катары эсептешет. Бирок императорлордун бардыгы эле күчтүү башкаруучу болбогондуктан жүздөгөн жылдар бою так (трон) үчүн императорго караганда күчтүү башка династиялар күрөшүп келишкен. Ошондуктан өлкөдө көптөгөн граждандык согуштар болгон.
Тынчтык жана бейкутчулук Японияга XVI кылымда гана орногон. Аны сегундар же токугав династиясынын башкаруучулары алып келген. Алар 200 жылга өлкөнү жаап салышты. Японияга чет элдиктер анда-санда туш болбосо япондуктарды такыр эле чет жакка чыгууга тыюу салышкан.

Интернет- XXк жетишкендиги
1984-жылы интернетте болгону 1000 компьютер болгон. Эгерде радио жана интернет колдонуучулардын өсүү ылдамдыгын салыштырсак, анда: радио жаралгандан 38 жылдан кийин радио колдонуучулардын саны 50 млн болсо, ал эми интернеттин 50 млн.дук деңгээлге жетишине 4 жыл гана керектелген.
Негизи интернет маалыматтар менен бат алмашуучу нерсе катары каралган. Ал эми бүгүнкү күндө бул - ММК, бизнес-жарнама, интернет-банкинг" ж.б. колдонулуп келет. Кээ бирөөлөр үчүн пикир алышуучу виртуалдык жашоо болуп эсептелет.
Азыркы учурда Кытайда, Түштүк Кореяда, Вьетнамда атайын интернетке көз каранды болгондорго кызматташтык клиникалар улуттук программанын негизинде күрөшүп жатышат. Ушунун негизинде жаш балдарды интернет клубдарга кирүүгө тыюу салынган.
Бирок, ошого карабастан интернет дүйнөнү жакшы нукка бурган, ХХ кылымдын илим жагынан эң жакшы жетишкендигинин белгиси десек болот.

Дүйнөдөгү эң бай адам - Карлос Слим Элу
Дүйнө жүзүндөгү эң бай адам бул мексикалык жеке ишкер Карлос Слим Элу. Анын казынасы Билл Гейтстин байлыгынын 3-1бөлүгү менен тең эле. Ал эми азыр Слим Элу өзүнүн байлыгы менен Билл Гейтске жетти.
Анын America Movil компания группасынын акциялары-2007-ж 2-кварталында 27% кымбаттаган. Ошол эле убакта Microsovt акциясы 5,7% гана болгон.
Ушунун бардыгы Карлос Слим Элунун 67,8млрд доллар ээси болуп калышына алып келди. Ал эми Билл Гейтстикки 59,2 млрд долларды түзгөн.
Карлос Слим Элу азырынча Европага, Россияга анча белгилүү эмес. Бирок, 64 жаштагы Слим Элу Латын Америкасында өтө таанымал. Ал өтө чоң компаниялардын ээси, кеңири атай кетсек: Telefonos de Mexico,Altria Group жана Telcel, America Movil










??.??