Сенин гезитиң!
№38, 21.10.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


  Кыз атага жакын болот дечү беле…

Атасынын кыздары…
Буга чейин жерде жашаган жылдыздардын сырларын,
чыгармачылыктарын, жеке жашоосундагы кызыктуу
учурларын чагылдырып келген болсок, эми өнөрлүү
айымдардын жарык дүйнөгө келген күнүн эске салуу
үчүн алардын аталарына бир-эки собол таштадык.

Ырчы Фарида Карбосованын
атасы Жусуп Карбосов, 51 жашта:
"Эркек кызым деп эркелетчүмүн"
Фариданын апасы Чынара эгиздин түгөйү болот. Кызым төрөлгөндө эң биринчи чоң таенесине сүйүнчүлөп, сүйүнчүгө 25рубльдан үчтү алып досторума жентек бузуп майрамдагам. Ал убакта 25рубль бир топ акча эле да. Анан дагы төрөт үйүнөн бир жумадан ашык убакытта чыгарчу. Мен ага чыдабай келинчегим менен кызымды үч күндүн ичинде эле чыгарып алгам. Фариданы "эркек" кызым деп эркелетчүмүн. Мүнөзү эркектикине окшош, тарсылдаган кыз болчу. Башынан эле кекчил, көк бет жагы да бар. Бирөөгө катуу таарынса оңой менен жазылбайт. Кошунанын балдары менен "жашынмак", "жамий" деген оюндарды ойноп, боз ала чаң болуп түнкү саат он эки, бирге чейин үйгө кирбей жүрө берчү.


Ырчы Бегимай Бекбоеванын
атасы Токторбек Бекбоев:
"Сүйүнчүлөгөндөргө сүйүнчү берген жокмун"
Оо, Бегимай төрөлгөн күндү эстесем азыр да бир жылмайып алам. Биз анда Нарын шаарында жашап, Нарын Драма Театрында эмгектенчүмүн. Сахнада спектакль ойноп жатсам, сүйүнчүлөп кыздуу болгонумду айтып жатышпайбы. Тун кызым болгондуктан кубанычым коюнга батпай, ичим ысып "ата" деген статуска ээ болгонумду майлап, Майраш, Нурдин ж.б досторумду ээрчитип, төрөт үйүнүн алдына аккордеон чертип таң атканча бийлегенбиз. Ал кезде айлыкка иштеген жаныбыз сүйүнчүлөгөндөргө сүйүнчү деле берген жокмун. Жумуштан үйгө келип кызымды көтөрүп жыттап-жыттап алчумун. Кенедейинде жагымдуулугу жана бетиндеги уячасы менен адамды өзүнө тартып турчу.


Ырчы Айнура Салахидинованын
атасы Мадир Салахидинов. 52 жашта:
"Төрөт үйүнө күн сайын гүл көтөрүп барчумун"
Биз үйлөнгөндөн кийин 1982-жылы 1-октябрда эжеси төрөлсө, 1984-жылы 2-октябрда Айнура төрөлүп жатпайбы. Атын апасы Динарага уйкаштырып айдай сулуу кыз болсун деп Айнура койгом. Кичинекейинде менин апама аябай окшош болчу. Ошондуктан, "Мамаком", "Айнукам" деп эркелетчүмүн. Кызым төрөлөөргө чейин да, төрөлгөндөн кийин да төрөт үйүнө күн сайын гүл көтөрүп барчумун. Апасына жардам кылып бала бакчага баргычакты мен багып чоңойттум. Бала кезинен өжөрлүгү, айтканынан кайтпаган сапаты бар. Кызым менен ар дайым сыймыктанам.

Теле алыпбаруучу Назира Ахмедованын атасы
Махамаджан Ахмедов:
"Назира төрөлгөндө айылда чоң той болгон."
Кыздуу болгондо айылдагы тууган-урукту чогултуп чоң той бергем. Наристемди көрүш үчүн төрөт үйүнө бир күндө үч-төрт жолу барат элем. Ал болсо кибиреген сап-сары кыз болчу. Төрөлгөндөн басып калганга чейин жоош болуп, апасын да, мени да кыйнаган жок. Мен "Нази" деп эркелетсем, улуу кызым тили келбей "Жазий" деп чулдурап калчу. Улуу эжесинин атын өзүм койгом, Назира болсун деп апасы ыйгарган. Бала кезинен тырышчаак, чыдамкайлыгы азыркыга чейин калыптанып, эмгекти сүйөт. Жумуштан келатып чөнтөгүмө шоколад, момпосуй салып келбесем, үйгө киргенде эле колумду карап, чөнтөгүмдү оодарып кирчү. Бирок, баладай болуп ыйлактап конокко ээрчиген эмес. Кичинекей кезинде көп ооруду, ошого карабай "бул жерим ооруп жатат" деп айтпай чыдап жүрө бергени үчүн тил угуп калган учурлары болгон.


Актриса Динара Кыдырмаеванын
атасы Шайымбек Кыдырмаев, актер:
"Динараны жээригем"
Кызым төрөлөөр күнү биз гастролго Ташкентке кеткени жатканбыз. Мен негизи кыз эмес, эркек бала күтүп жаткам. Кесиптеш досторум менен кетүүгө даярданып жатсак эле телефон шыңгырап, ырчы Айнагүл Сарыкова "сүйүнчү, сүйүнчү" деп эле эмне экенин айтпай кыйкырат. Менин чыдамым кетип "ий, бол айтпайсыңбы" десем, "сүйүнчү, кыздуу болдуңуз" дегенде эле, "Аа, кыз бекен" деген бойдон рахмат айтпай трубканы коюп салгам. Каттуу жинденип, кызымды жээригем. Жанымдагы досторума да сүйүнчүлөп жентек бузбай же туугандарыма сүйүнчүлөбөй Ташкентке кетип калгам. Келсем баягы кызым мотурайып торолуп калыптыр. Анан ал бир орунга турбаган өтө кыймылдуу шок кыз эле. Кызымды "Дүкүдүк", "Бүдүр" деп эркелетчүмүн. Кымындай кезинен баштап эле апасына куюп койгондой окшош. Жээриген бала кыйын чыгат дечү беле, азыр эми жээриген кызымды аябай жакшы көрөм.

Ырчы Назира Токонованын атасы
Канболот Токонов:
"Кичинесинде өтө ыйлаак эле"
Жубайымдын аман-эсен көз жарышын күтүп, төрөт үйүнүн алдында аркы-терки басып жүрсөм, бир татына айым чыгып "сүйүнчү уулду болдуңуз" деп сүйүнчүлөдү. Кудуңдаган бойдон досторума чуркап, жентек берип майрамдап эртеси келсем, апасы "кыздуу болдук" дегенде түшүнбөй дендароо болдум. Көрсө жарыкка келген уулдун атасын мен деп ойлоп, аты жөнүбүздү тактабай эле, жаңылыш айтып коюпур. Ошондо "кыз кызылдай алтын болот" -деп эки эсе кубанганым эсимде. Кичинесинде өтө ыйлаак эле. Түн ичинде апасы эс алсын деп мен көтөрүп сооротчумун. Ырдасам эле уктап калчу. Ымыркайымдын ыйы кийин ыр болуп чыкты окшойт.

Даярдаган Айнура Султанова









??.??