Сенин гезитиң!
№38, 21.10.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


  Билгениң оң

Пайдалуу кеңештер
Сүт салмактан арылтат
Сүттүн пайдасы менен зыяны тууралуу эл ичинде көптөгөн пикирлер айтылып келет. Кээ бири сүт адам баласына кичинекей кезинде эле керек, чоңойгондо аны ичүү зыян деп эсептешсе, кээ бири сүттү өмүр бою ичүү керек анын пайдасынан башка зыяны жок деген пикирде.
Чынында сүттүн ден соолукка болгон пайдасы өтө чоң. Эгерде сиз ашыкча салмактан арылууну көздөсөңүз күнүгө эртең менен бир стакан сүт ичип турганыңыз оң. Себеби сүттүн курамындагы кальций денедеги ашыкча майларды жок кыла алат.
Уйкуңуз качып, канчалык чарчап турсаңыз да мемиреп уктап кете албай жаткан болсоңуз, жатаар алдында бир стакан сүткө балды аралаштырып туруп ичсе адамдын организмин жибитип, уйкусун тез келтирет. Мындан тышкары сүт суусунду кандырат экен. Окумуштуулардын далилдөөсүнө караганда сүт азыктарын үзбөй колдонгон адам инфаркт, инсульт сыяктуу коркунучтуу ооруларын 50% азайтат.

Гүлдү узакка кантип сактоо керек?
Бажырайып көздүн жоосун алган гүлдүн саналуу гана күндөрдө соолуп калганы көпчүлүктү өкүндүрбөй койбойт. Гүлдү узакка сактоодогу эң негизги эреже-вазага салынган гүл желден жана күндүн нурунан алыс коюлуш керек. Муну менен эле тим болбостон сууга бир чай кашык кумшекер же жарым таблетка аспирин салып койгонуңуз оң. Сууну алмаштырган сайын албетте анын кошулмаларын кошо алмаштырып туруу керек. Дагы бир белгилей кетчү жагдай гүлдү жер-жемиштер менен аралаштырып же ашканага коюуга болбойт. Эгерде гүл соолуп баратканда сууга бир нече нашатыр спиртин тамчылатып койсо бир аз күнгө болсо да гүл өз калыбында турат.

Жай картаям десеңиз кара жумуштан качпаңыз
Айрым маалыматтарга карасак жалкоолор көп жашашат деген пикирлер бар. Көрсө, тескерисинче физикалык жактан көп кыймылдап, тынымсыз оокат кылып жаны тынбаган адам жалкоолорго караганда орто эсеп менен 10 жылга жай картаят. Мындай жыйынтыкка келээрден мурда окумуштуулар эксперимент жүргүзүп көрүшкөн. Жыйынтыгында жаны жай алып, көп чарчабаган адам менен эмгекчил адамдардын организмин салыштырып көрүшүп, физикалык кыймылды активдүү жүргүзгөн кишинин организми өзүнүкүнөн 10 жаш кичүү, көп кыймылда болбогон адамдыкы менен тең болуп чыккан. Ушундан улам адам узагыраак өмүр сүргүсү келсе кара жумуштан качпай, жалкоолукка жол бербегени оң.

Көзгө жасалуучу көнүгүүлөр
Көзгө көп күч келүүчү жумушту аркаласаңыз кечинде көзүңүз кызарып, сайгылашып ооруп чыгаары анык. Өзгөчө мындай абал компьютерде иштегендерде кездешет. Төмөндөгү көнүгүүлөрдү кылдаттык менен аткарсаңыз көзүңүздүн ооруганы жеңилдейт.
1. Көзүңүздү 10 мүнөт жумуп туруңуз, андан соң гана 10-20 жолу бат-баттан ачып-жумуңуз. Көзүңүздү ачаарда чоң-чоң ачыңыз.
2. Көзүңүздү жумуп туруп, сөөмөйүңүздүн учу менен жумшак ушалап туруңуз, бул көнүгүүнү 30 секунд кайталоо керек.
3. Терезеге барып (бакты, үйдү ж.б.) бир обьекти 5 секунд, ал эми мурдуңуздун учун 3 секунд карап турсаңыз сизге оң натыйжа берет.




Стресстен кантип арылуу керек?
Болоор-болбос нерсеге жинденип, көңүлдү чөгөрүп стресске туш болгон кез көпчүлүгүбүзгө эле тааныш көрүнүштөрдөн. Мындай оор кырдаалдар ден соолукка терс таасирин тийгизээрин эске алып төмөнкү кеңештерге көз жүгүртүп, стресстен арылуунун кээ бирин пайдаланып көрүңүз.
Машина айдап бара жатканда
Кинодогу супермен экениңизди эске алып, алдыңызда бара жаткан унааны ашып өтүүгө эч убакта аракет кылбаңыз. Катуу ылдамдыкта айдабаганыңыз дурус, анткени сиз канчалык ылдам айдасаңыз, жүрөгүңүздүн согушу ошончолук тездеп стресске алып келүүгө шарт түзөт.
Жумушта
Кофени ашыкча ичүүнү токтотуңуз, жумуштан чарчап турсаңыз бир нече мүнөт жумушта отурганыңызды унутуп өзүңүздү таза абада, тоодо эс алып жүргөндөй кыялдансаңыз кадимкидей эс ала түшөсүз. Бул көрүнүштү окумуштуулар иш жүзүндө эбак далилдешкен.
Сизди кызыктырган, түйшөлткөн маселе тууралуу кесиптешиңиз менен басып баратып талкууга алсаңыз, сейилдөө сизге да, өнөктөшүңүзгө да жагымдуу маанай жаратып эс алдырат.
Үйдө
Жумуш күнүңүз аяктап үйгө кайтып келгенде эң биринчи кол саатыңызды чечип салуу керек, жубайыңыз менен сүйлөшүүчү олуттуу маселени башка күнгө жылдырыңыз, үстөккө-босток болушу толук мүмкүн. Үстөлдүн үстүндөгү майда-барат буюмдарды көздөн далдоо жерге алып салыңыз. Себеби бытырап жайнаган нерселер кыжырды келтирет. Мындан тышкары кроссворд чечүү менен алектенсеңиз да жакшы жыйынтык берет.
Бош убакта
Психологдордун далилдөөсүнө таяна турган болсок жини келген адам чач-тарачка барып чачын кырктырса кадимкидей эс алып, кыжыры тарайт экен. Бул бир чети күлкүлүү болгону менен көпчүлүк адамдар дал ушул ыкманы жинин таратыш үчүн колдонушат.
Андан тышкары өзгөчө айымдар ачууланганда түймө түйүшүп, бийлеп өздөрүн алаксытышат. Ал эми эң жөнөкөй жана оңой ыкма аквариумдагы балыктардын ары-бери тынымсыз сүзгөнүн карап отуруу болуп саналат.

Анара Дүйшөналиева










??.??