Сенин гезитиң!
№39, 28.10.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Кумир менен баарлашуу

Шайырбек Арапов кимден шапалак жеди?
"Кумир менен баарлашуу" рубрикасынын бүгүнкү мейманы уккулуктуу үнү менен көпчүлүк телекөрүүчүлөрдүн купулуна толгон "Капкан шоу" теле долбоорунун жетекчиси, теле алып баруучу Шайырбек Арапов болду. Демейде күйөрмандары кумирлерин күтчү эле, бул жолу өзүнүн тактыгын, жоопкерчиликтүүлүгүн далилдеген Шайырбек мырза белгиленген убакыттан жарым саат эрте келип, күйөрмандарын күтүп отурду.

Жыпара
- Шайырбек байке, кайсы жердин кулунусуз?
- Ордолуу Ош жергесиндеги Ноокат районунун Уркия Салиева айылында туулуп өскөм. Бала кезимде башка балдарга окшоп көчөдө ойноп, шоктонгонду билбедим. Эки карындашымды ойнотуп эле үйдөн чыкчу эмесмин.
- Жумуштан сырткаркы убактыңызды кантип өткөрөсүз?
- Чыгармачыл адам болгондон кийин ар тараптан изденүүгө умтулуш керек. Ошондуктан колум бошой калганда ырдап, ыр жазуу менен алектенем.
- Сиздин калемиңизден жаралган ырлардан ырдалып жүргөнү барбы?
- Чынын айтсам ушул кезге чейин ырларымды ырчыларга сунуштагандан уялып, тартынып жүрдүм. Кийин ыр жазганымды Роза Шакирова билип калып, "ырларыңды мага бербейсиңби?"-дегенинен алгач профессионал акындарга көрсөтүп, алардын элегинен өткөндөн кийин төрт ырымды тандап алып, азыр бирөөсүнө обон жаратты. Кудай буюрса жакында чыгып калат.

Шахноза
- "Капкан шоу" программасы кимдин идеясы. Дегеле ушул берүүнү алып барып жатып ар кандай жагдайларга дуушар болсоңуз керек...
- "Капкан шоу" берүүсүнүн идеясы кесиптешим режиссёр Бекбол Кылычбековго таандык. Ушул идеяны мага сунуштаганда экөөбүз отуруп аталган долбоорду иштеп чыкканбыз. Анан эми өзүңүз белгилегендей көрсөтүүнү тартып жатканда күтүүсүз жагдайлар көп болот. Маселен, "Капкан шоунун" алгачкы берүүсүндө Айгүл Чалованы алып качканда сценарий боюнча Айгүлдү өзүм алдап чакырып, уюштургам. Анан ала качып баратканда мага телефон чалып алып "ты собака" деген сөздү айтты. Аягында бул тамаша программасы экендигин айтканыбызда Айгүл түшүнбөй тура калып жаактан ары мени бир чапкан. Мына ушундай көрүнүштөр болуп кетет. Чыдаганга чыгарган дегендей баарына чыдап, баардык кырдаалга даяр туруп, аталган берүүнү эл алдына алып чыгып жатабыз.
- Телевидениеге кантип келип калгансыз?
- Адамдын каалоосу аткарылып, максатына жетиш үчүн өзү аракет кылыш керек. Мен эс тарткан кезимден эле диктор же ырчы болсом деп кыялданчумун. Ошол тилегимди орундатыш максатында 2005-жылы өзүмдүн дараметимди сынап көрөйүн деп кастингге катыштым эле, буйрук экен 131 кишинин ичинен өтүп кеттим.
- Сыртыңыздан караган адамга орусча айтканда аябай "серёзный" жигиттей көрүнөт экенсиз. Ушундай мүнөзүңүз менен шоу программаларды алып барган сизге оор болгон жокпу?
- Туура. Мага көпчүлүгү сиз айткандай мүнөздөмө беришет. Ал тургай "кастингге" жаңы келгенде продюсер мени карап туруп "Сен Ала-Тоо программасына барып иште, ошол жакка жарайсың" деп айткан. Ошенткенине койбой эртеси күнү кастингге кайра келип, мен иштеп кете алам деп көгөрүп туруп алгам. Негизи мен муну жасай албайм, менин колумдан келбейт дегендин ордуна эмнеге мен жасабашым керек, башкалардан эмнем кем деп өзүңдү-өзүң тарбияласаң ийгилик сен тарапта болооруна шек жок.

Кызбурак
- Ата-эне сиз үчүн ким?
- Ата-эне бул дүйнөдө эң ыйык, эң кымбат инсандар. Аларсыз жашоонун кызыгы жок деп ойлойм. "Катын жолдо, бала белде" дегендей баланы, аялды тапса болот, а ата-энени кайрып алалбайбыз. Ата-эне бала үчүн бир эле жолу жаралчу адамдар.
- Ата-энеңизден таяк жедиңиз беле?
- Алар мени урмак түгүл катуу да сүйлөгөн эмес. Бала чагымда аябай "тынч" бала болгондугумдан ата-энемдин таягына жол бербесем керек.
- Кесип алмаштырайын деген оюңуз жокпу?
- Мен негизи Кыргыз Мамлекеттик Юридикалык Академиясынын граждандык укук жана процесс факультетин бүтүргөм. Кесибим боюнча да иштеп көрдүм, бирок баары бир журналистиканы башка кесипке алмаштыргым келбейт.
- Анан эмнеге башында эле журналистикага тапшырган жоксуз дейм да...
- (Күлүп) Ошону айтсаң. Жакшы суроо экен жооп берейин эми. "Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет" демекчи мен мектепти бүткөндө жумушсуздук күчөп, акча тартыш заман болуп тургандыктан билимиң болсо деле ага карачу эмес. Ошол кездеги студент болом деген абитуриенттин тагдырын же "крыша" же акча чечет эле. Журналистикада "крышам" жоктугунан өз күчүм менен юридикалык академияга тапшырып калгам.

Жумагүл
- Төгөрөгү төп жашоону сиз кандай элестетесиз?
- Мындай жашоо адам баласынын башында жок деп айтсам болот. Хандын да тузу өксүгөн деп бекер айтылган эмес. Ошондуктан менин оюмча кемчилиги жок адамды табыш кыйын.
- Арманыңыз барбы?
- Ушул кезге чейин арман эмне экенин билчү эмесмин. Тилекке каршы, менин асыл адамым-атакем балдарынын күнүн көрөөр кезинде 50 жаш кырчын курагында каза болуп калды. Өлгүчөктү жүрөгүмдөн өчпөй турган бир арманым ата болбой туруп атамдан айрылып калганым. Мүмкүн эртерээк үй-бүлө күтсөм келининин колунан чай ичип, небере жытын искеп калат беле деген ойдон арылгыс болдум.
- Саясатка кызыгасызбы?
- Таптакыр кызыкпайм.
- Сизге жубай болчу кыз кандай мүнөздөгү селки болуш керек?
- Мен өзү айылдык баламын да. Ошого жараша ийкемдүү, ыймандуу, адамгерчиликтүү, эң негизгиси түшүнүктүү кыздарды баалайм. Себеби үй-бүлөнүн ажырымы дал ошол түшүнбөстүктөн келип чыгат. Анын үстүнө мен "грязное дело" деп аталган шоу-бизнесте жүрөм. Менин артымдан ар кандай ушактар ээрчиши мүмкүн. Ошондуктан ошондой "имиш-имиштерге" түшүнүү менен мамиле жасаган акыл-эстүү жан болсо деп тилейм.

Наргиза
- Шаардык кыздар менен айылдык кыздардын айырмасы эмнеде?
- Маалымат алуу боюнча учурда шаардык кыздар менен айылдык кыздардын айырмасы жок. Ал эми жүрүм-туруму боюнча айта турган болсок айылда өскөн кыздар бир аз уяңыраак, тартынчаак келишип, адамды сыйлаганды билишет. А шаардык кыздар эч нерседен тартынышпайт, өздөрүнүн көз-карашын түз айтып, улуу-кичүү дебей бирдей мамиле жасашат. Айрымдары ата-энесин деле "сен" деп алышат экен. Кийинүү жагынан болсо кээде шаардык кыздарга караганда айылдык кыздар кычырап кийинишет. Кыскасы мен байкаган айырма ушул.
- Жүрөгүңүздүн ээси жөнүндө да билгим келип турат.
- Конкреттүү түрдө бир адамды жактырып, чуркаган жокмун. Ошондуктан учурда жүрөгүм бош, орун кенен.
- Эгерде сүйгөн кызыңызга үйлөнүүгө ата-энеңиз каршы болсо, алардын сөзүн угасыңбы же сүйүү үчүн күрөшөсүңбү?
- Эгерде ата-энемдин сөзүнө кире турган болсом мен мындан 5-6 жыл мурун эле үйлөнүп алат элем. Ата-эненин да сөзүн уга турган учур болот. Үйлөнө турган адам менен ата-энем эмес мен жашайм туурабы. Турмуш деген бүгүн бирөөнү алып, жакпай калса коё берип, эртең дагы бирөөнү издей турган оюнчук эмес. Ошондуктан жети өлчөп бир кесип турмушуңдан жаңылбай тургандай кадам жасаш керек.
- Студенттик күндөрдөгү эсте калган учурлардан айтып берсеңиз?
- Студент убагыбызда туулган күндөрдү жакшы белгилечүбүз. Бир жолу Тунгуч кичи районунда жашаган бир дос баламдын үйүнө туулган күнгө келип, "кыргыз бүгүн Жан Клод да, эртең банкрот" дегендей эртеси эч кимибизде акча жок, кеталбай калганыбыз эсимде.

Ж.Калдарова