Сенин гезитиң!
№39, 28.10.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Обон-күлкү

Апендинин жоруктары
Дүйнөлүк юмор казынасына эшеги менен кошо кирген Апендинин жоруктарын кимдер гана тамшанып күлүп укпаган. Бирок канча уксак да түк тажатпай улам эңсете берген касиети менен ал, элге ушунчалык алымдуу. Эмесе күлкү-тамашага карк, мыскыл-мазак түрүндөгү Апендинин түркүн түстүү сатиралык түрмөктөрүнөн окурмандарга күлкү суналы.

Падыша эшек
Эмир Темир Апендини сарайына биринчи жолу сый-сыпатка чакырса Апенди дароо жетип келет.
Темир бир буту майып болгондуктан түз сунуп олтурчу экен, Апендинин маңдайына келип, ошентип отуруп калат. Анын бутунун бүгүлбөсүн билбеген Апенди: "чакырып алып урматтаганы ушул болсо" деп, ичинен ыза боло түшөт да, бир бутун Темирди карата сырайтып сунуп таштайт. Апендинин бу кылыгына Эмир кыжырланып:
Эшек экөөңүн ортоңордо кандай айырмаңар бар,-дейт.
Апенди тура калып, өзү менен Темирдин ортосун карыштап өлчөп коёт да:
- Эшек экөөбүздүн ортобузда бир эле карыш айырма бар экен, таксыр -деп таазим кылыптыр.

Бир жинди үчөө болду
Падыша Апендиге буйрук кылат:
- Сиркем суу көтөрбөй, көңүлүм чөгүп турат. Бар да өзүңдөн да кыйын күлдүрө турган куудулду таап кел!-дейт.
Апенди "жарайт" деп чыгып кетет да, бир жиндини ээрчитип келет. Жинди оозуна келгенин оттоп дөөрүй берип, падышанын көңүлүн ого бетер чөгөрөт. Падыша итатайы тутулуп, желдетине кыйкырат:
- Жиндиге жүз таяк ур, жиндини апкелгенге эки жүз таяк ур!-дейт.
- Баракелде!-деп, Апенди каткырып коё берет.- Жиндинин өзү бирөө эле, жиндини апкелген менен экөө болду, аларды "ур" деген менен үчөө экенбиз деген тура.

Бул жерге акча эгемин
Кош айдап жаткан Апенди алыста келаткан салыкчыларды көрүп, каякка жашынарын билбей калат. Алар да өчөшкөндөй түз эле Апендинин жанына келип, "иш илгери болсун" дегенден кийин не айтты, не айта элек жатышып эле:
- Апенди, мынча жерди айдап эмне кыласың? -дешет.
- Салыктан көп эме жок. Үйгө салык, түтүнгө салык, малга салык, кошко салык... ошончо салыктын баарынан бир кутулайын деп, бул жерге акча эккени жатам.,-деп жооп бериптир.

Аалым жана зулум
Падыша Апендиден сураптыр:
- Дүйнөдө сообу көп жумуш кайсы?-деп.
- Сиздин уйкуда болушуңуз.
- Эмне үчүн?
- Анткени, сиз уктап жатканда калк зулумдуктан кутулат, соопко каласыз -деген экен Апенди.

Өлүмдү каалабаймын
Падыша Апендиден сураптыр:
- Чыныңды айтчы, шаардын акими болгуң келеби?
- Кудай сактасын,-дейт анда Апенди,- жанымдан аша кечипминби!
- Койсоңчу, жанынан аша кечкен киши эле аким болот бекен?-дейт падыша.
- Эки акимдин өмүрүн кыйганыңызды өз көзүм менен көрдүм, Кудай кааласа, дагы үчөө-төртөөсүн көрүстөнгө узатаарыңызга шегим жок. Айтор, апендинин өлүмүнө акимдер күбө боло албайт, бирок Апенди акимдердин өлүмүнө күбө болсо болор... деген экен Апенди.

Бейиш чоңбу,
тозок чоңбу?
Падыша Апендиден сурайт:
- Апенди, бейиш чоңбу, тозок чоңбу?-десе,
- Бейиш,-дейт.
- Аны кайдан билесиң?-деп, падыша кайра сураса, Апенди:
- Анткени, жер жүзүндө байдан кедей көп.

"Тиги дүйнөдө да орун тартыш"
Коммерциялык максат менен Нарынга бараткан Р.Разыков жолдоштору менен Долон ашуусунда авария болот. Тилекке жараша аман калышканы менен кыйла жаракат алышат. Облусттук ооруканада жатып, Күмөндөр Абыловго телефон чалып, иштин чоо-жайын айтпайбы. Айтса Күмөндөр:
- Нарынга келип ээ, Долондон кулап ээ, аркы дүйнөгө барып менин "вакантный местама" жатып алайын деген экенсиң да? Азыр тиги дүйнө дагы облус, облуска бөлүнүп кетиптир. Ал жакта да места тартыш имиш. Долондон кулаганың үчүн тирүү калыпсың. Оштон кулаганыңда "өзүбүздүкү" экен деп "приход" кылып коюшмак-деп эрмектептир.

Мейкин, Бишкек


Эх жүз грамм, жүз грамм...
Эстелик менен сүйлөшүү...
Кыргыздын атактуу акындары Аалы Токомбаев менен Мидин Алыбаев бульварда чогуу сүйлөшүп баратышып эле, негедир Мидин Жоомарт Бөкөнбаевдин эстелигинин алдына токтоп калып, аны карап кобурай баштайт:
- Айланайын Жоке, кыйналып турам, тыйының болсо кайрылышып турчу, жакында Аалыкем силер жакка барат, ошондон карызымды берип жиберем,-деп А.Токомбаевге угуза айтыптыр. Анда жини кашайган Аалыке
- Тилиңе тибиртке чыккыр чечек десе, жөн эле башымды жазып бер деп айтпайсыңбы?-деп пиво саткан "Сейилди" көздөй бет алышыптыр.

Кыска жооп
Эмир Темир бир күнү Апендиден:
- Канчага чейин адамдар туула да берет, өлө да берет?-деп сураса:
- Бейиш менен тозок толгончо,-дептир Апенди.

Апенди ырасын айтат
Падыша Апендиге сес көрсөтүп:
- Ниетиң кара экенин уктум, кечээ бир отурушта мени акыйкат өкүмдар деп башкалар мактап атышса, а сен ошо жерде отуруп, менин жакшы жактарым жөнүндө ооз ачып койбопсуң! -дейт. Апенди анда тайманбай:
- Улугум, бул ушак! Кечээ эле эмес, мен бала болуп башыма жүн чыкканы сиздин акыйкаттыгыңыз жана башка жакшы жактарыңыз жөнүндө мактоо айтылган бир да отурушта болгон жан эмесмин, - деген экен.

Жүрөктү түшүргөн киши
Жамбыл кечинде телефон чалыптыр:
- Аяш, Абдылда барбы үйдө?
- Жок.
- Жакшы экен анда. Бүгүн жыргап мени түш көрүп жат а, аяш,-деп Жамбыл мулуңдаса:
- Коюңузчу, Жамбыл аке, сизди түш көрөм деп коркуп, жүрөгүм түшүп өлүп калайынбы?!-дептир, Ырыс куудулду сөзгө сындырып.

Чымчыкей...
Бозо жородогу бозала болгон тапан
Кыргыздын ар бир булуң-бурчундай эле биздин айыл да өнөрпоздордон өксү болбоптур. Жоро ичилип, шерине берилген жерде айылдагы чымыны барлар алдыга чыгышчу. Мына ошондой тамашалар таң атканча улана турган. Анан кезек кер-мурут жигиттерге келип, булардын азили алдыңкы көчтүкүнөн кем болчу эмес. Ошондой оюн шооктогу бир "чымчылашуу" эсте калыптыр. Баркы уруусунун тапаны маңдайлаш олтурган салбыр кызга тийишип калды:
Осуйпаш, билем сылыгың,
Оюмдан кетпейт кылыгың.
Отузга чейин жанчылбай,
Орумдап өттү "зыгырың"
Кармабай бирин оёндун,
Кайсы жерден жыдыдың?..
Ырдын текстинен байкалып тургандай өзү өңдүү-түстүү, билимдүү туруп, отузга жакындаган Осуйпаштын эрден багы ачыла элек болчу. Өткүр кыз да өз намысын алдырбай:
- Кыздардын болсо барчыны,
Жапалак иле алчыбы?
Бастырса ээри зыгырын,
Бакалы сага калчыбы?
Кемпайы сендей көп үчүн,
Кекилик сүйрөйт баркыны...
Мунун артында сыр бар эле. Илгери бир баркы кекилик уулап жүрүп, эми кармаарда муздан сыйгаланып, дарыяга түшүп кеткен экен. Ошону орду менен таап, жооп кайтарган кыз оолуккан жигиттин оозун жап кылып, угуучулар боорун тырмап күлүп, кашынган кайбар күлгө чапкан көтөндөй бозала болуп чыга качыптыр...
Ильгиз Талип

Даярдаган Алмазбек Адишов