Сенин гезитиң!
№39, 28.10.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Жылдыз турмуш

Чынгыз менен бир күн
"Мурдум бүтсө да элим үчүн кызматтамын"
Кечээ кечиндеси тойдо тамада болуп, эртең менен эрте радиого кечигип келген ди-джей уйкусу келип, мурду бүтүп жатканына карабай кофеден ууртап алып, "жашоо керемет" деген ураан менен элдин маанайын алып жатты. Үч саатка созулган "Турду шоуну" кесиптеши Нурзада Жолдошева менен биргеликте кызыктуу "жеңе" деген теманын айланасында кеп кылышып, сүйүктүү жеңелерди чымчылап, ошол эле учурда өздөрүнүн да кандай жеңе, кандай жезде болоорун бир сыйра кыялданып алышты.

Күйөрмандар бар, мен бар
Сыртка чыксак Чынгыздын жумуштан канчада чыгаарын билип, күтүп турганбы же жөн гана ошол жерден өтүп баратканбы, айтор Чынгыздан Астра аттуу бийкеч кол тамга берип, сүрөткө чогуу түшүп коюусун суранды. Күйөрмандардын көңүлүн калтырбаган мырза шашып турса да жолунан чыккан кыз менен чогуу сүрөткө түшүп, алар менен дайыма бактылуу экенин билдирди.

"Чымчыктан корккон чемичке экпейт"
- Чынгыз байке, күркүрөгөн күздө тойлор, концерттер абдан көп болуп атпайбы. Дегеним бул кечеден кандай өзгөчөлүккө күбө боло алабыз?
- Концерттин жүрүшүндө өзүм алып баруучу болуп, конокторду ар бирине тиешелүү куйкум сөздөр менен сахнага чакырам. Анан да бир эле жаштар эмес, орто муундагы ырчы, куудулдар да сахнанын көркүн ачышмакчы. Ал гана эмес, үч кыл комуздун коштоосунда эң бийик өнөрдүн ээлери төкмө акындар Аалы Туткучев менен Азамат Болгонбаев конок катары келип, "Жаш кыял" бийчилер тобу чимириле бийлеп бермекчи.
- Уюштуруучулук жактан ким көмөк көрсөтүүдө?
- Кыбыраган кыр ашат демекчи, өзүм эле акырындап кыймылдап жатам. Сахна жасалгасыбы, форма, билет даярдоо болобу баары менен өзүм алекмин. Кудайга шүгүр, формаларды тиктирип, билеттерди жасатып койдум. Баарына өзүм чуркап жүрүп үйгө барууга да кол тийбейт. Үйгө барып калсам мени конок катары тосуп алышып, "канча саат болосуң?" дешип сурап калышат. Көп отуруп койдум, дагы бир күн келээрмин деп тамашалап калам.
- Ушинтип жүрө бербей бойдокчулук менен качан коштошуп, апаңыздын колун узартасыз?
- Бүгүн же эртең деп айта албайм. Талапкерлер бар, Кудай буюрган күнү жалпыга жар салып дүңгүрөтүп той берем.
- Концертке эл келбей калат деп коркпойсузбу?
- Сурооңо кыскача эле жооп берейин. Чымчыктан корккон чемичке экпейт. Андыктан жакшы тилек, жарым ырыс деп жакшылыкка гана жооруп туралы.

Кызымды ала качып кетишти
Үн жаздыруучу студияга барсак кезек күткөн эч ким жок экенине сүйүнүп Чынгыз мырза дароо ыр жазууга киришти. "Кантип айтчы" деген ырды жаздырып жаткан учурда белгилүү клипмейкер Мырза Айдаралиев студияга баш багып, ырдын тексти жакшы жазылганын айтып, кааласа клип тартып берээрин билдирди. Кошумчалай кетсек, "Кантип айтчы" деген ырдын тарыхы абдан кызыктуу экен. Сүйгөн кызын уурдатып жиберип, жүрөгү тилинген ырчы жигит эми минтип кызымды ала качышты деп сыздап ыр жаратып отурат. Жакында бул чыгарманы радиодон угуп калсаңыздар, Чынгыздын эмне себептен ушул убакка чейин үйлөнбөй жүргөнүн түшүнөт чыгаарсыз.

Даярдаган Н. Жусупова












??.??