Сенин гезитиң!
№39, 28.10.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Коңгуроо

Мектебим - алтын бешигим
"Мугалим мөмөлүү дарак" деген кыргызда таамай айтылган сөз бар эмеспи. Дүйнөнү дүңгүрөтүп, атагы Алайга, даңкы далайга жеткен кыргыздын эң мыкты инсандары, өлкө башчылары жана да өнөр адамдары ар бирибиз сыяктуу эле мектеп босогосун аттап, канат жайып алтын уядан учуп кетишкен. Баарыбызга буюрган балалыктын балдай таттуу учурун эстеп көзүбүзгө жаш келет. Мына ошол биз сүйгөн мектеп жана биринчи мугалим эч убакта эсибизден чыкпаса керек? Бүгүндөн тартып келечек ээлери болгон мектеп окуучуларынын кызыктуу окуяларын, жетишкен ийгиликтерин "коңгуроо" рубрикасы чагылдырып берет.
Урматтуу мектеп жетекчилери, мугалимдер, окуучулар! Сиздердин алтын уядан билим алган үлгүлүү окуучулар, спорт чеберлери, өнөрлүү балдар жана мектеп лидерлери тууралуу гезит бетине жарыялагыңыз келеби, анда биздин дарекке кат-кабар жөнөтүңүз. (Каттар менен бирге сүрөттөр сөзсүз тиркелиши керек). Каттарды Бишкек-48 А/Я 1551 дарегине жөнөтүңүздөр. Жыл жыйынтыгында активдүү катышкан мектептерди баалуу сыйлыктар күтөт.
Бүгүн биз чүү дегенде эле шаарыбыздагы №74 мектеп-лицейине сапар тарттык.

Орозбекова Бурма Жолдубаевна, Башталгыч классынын мугалими:
"Өзүмдүн балдарымды унутуп коём"
- Эже айтсаңыз, бул мектепте канча жылдан бери иштеп келатасыз?
- Мен 1993-жылдан бери башталгыч класстын балдарына билим берип келатам. Табиятымдан ушул кесипти сүйгөндүгүмдөн 15 жылдан ашса дагы таштап башка кесипке өтүп кетпестен бала менен бала болуп эмгектенип келем.
- Кызыктуу деп калдыңыз. Балдар арасында кандай күлкүлүү окуялар болот?
- Жаш балдар менен баланын образына кирип алып башка маселеңди унутуп каласың. Кээде мен аларга эки коюп алып кайра жүрөгүм ооруйт же болбосо урушуп калсак алардын маанайын, башын шылкыйтып калгандарын көрүп боорум ачыйт. Ал эми күлкүлүү окуялардан айтып берсем, ар бир чейректин аягында жат жазуу, текшерүү иштерин жаздырабыз да. Мен болсо доскага Бишкек шаарындагы №74 мектеп-лицейинин 2-а классынын окуучусу Баланчаева Баланча деп өзүңөрдүн атыңарды жазгыла дегем, жыйнап алып текшерип атсам баарыныкы Баланчаева Баланча деп жүрсө болобу. Ошондо баарыбыз күлүп атып жыгылып калганбыз. Чейректин аягы болгон сайын ошол окуяны эстеп күлөбүз.
Сайкал Орозобековна, физика мугалими:
Жан Клод Ван дамм менен гезитке чыккам
- Мектепте иштегениңизге он жыл болуптур. 10-11-класстардын окууга болгон кызыгуусу кандай? Бүтүрүүчү класстар менен болгон кызыктуу учурлардан айтып бербейсизби?
- Негизи эле бүтүрүүчү класстар өздөрүн чоң кишидей сезип, окууга болгон кызыгуулары өтө жакшы болбой калат. Баары бир мектепти бүтөбүз да деп мугалимдердин маанайын карап анан сабак өтпөй эле койбойлубу деген сыяктуу суроолорду берип, жөн гана сүйлөшүп олтургулары келет. Өзгөчө чейректердин аягында жана акыркы сабактарда бул теманы өтпөй эле коёлучу, жаш кезиңизде кандай элеңиз, сүйгөнүңүз тууралуу айтып бериңизчи деп мени алдай башташат. Бизде жылдын аягында 10-класстар бүтүрүүчүлөрдү узаткан салт бар. Ал кечеде ар тараптуу каалаган эркин суроолор мугалимдерге берилет. Ошол кечени алар чыдамсыздык менен күтүшөт. Мындан төрт-беш жыл мурун сиз кайсы кинону жакшы көрөсүз дешкенде боевик кинолор,өзгөчө Жан Клод Ван Дамм жагат десем чоң кылып дубал газетасына Ван Дамм экөөбүздүн сүрөтүбүздү чыгарып коюшуптур.

11-а классынын окуучулары:
"Экзаменден кудай өзү сактасын"
- Биз 9-класс кезибизде ар бир алтынчы күндү эс алууга айлантып алганбыз. Үйдөн ата-энебизге мектепке кеттик деп чыгабыз да, өзүбүзчө акча чогултуп тоону көздөй кетебиз. Мугалимдер урушабы бизге баары бир эле. Эмнегедир биринчи күнү сабакка келсек бир да мугалим бизге унчукчу эмес. Биздин тоого барып жүргөнүбүздү билишкен жок. (Сыягы алар деле сабак өткүлөрү келчү эмес го) Ошентип акча чогулгандан кийин Бишкектин популярдуу "Ош" базарына барып азык-түлүк алып, маршрутка жалдап Ала-Арча эс алуу борборуна жөнөп калчубуз.
Ал эми азыр бизге сабактардан алгебра, тарых эч жакпайт. Тарых сабагынан агай "ким окуп келди жооп бергиле" десе "азыр агай, азыр" деп калп эле китепти карамыш болуп олтура беребиз. Негизгиси эптеп эле чыгууга коңгуроо болсо болду. Араң чыдап олтурабыз, аягында мугалим тажап өзү айтып бере баштайт. Алгебрадан болсо текшерүү иштерин "шпаргалка" колдонуп көчүрүп араң беребиз. Сол жак, оң жак бөлүнгөндө баарыбыз сол жак болуп алабыз. Кыскасы бул эки сабак эптемей менен аяктайт. Келе жаткан мамлекеттик экзамендерден кудай өзү сактасын.
Ошондой эле бул мектепте ар кандай маданий ийримдерге окуучулар кызыгуу менен катышат экен. Комуз ансамблинин окуучуларына да бир- эки суроо узаттык.

5-класстын окуучусу Айтурган:
Мен комузга күздөн баштап катышып келем. Беш күү черте алам. Өзгөчө мага "Жаштар маршы", "Кербезим" күүлөрү жагат. Гүлмира эже бизди урушпайт. Эгерде черте албай калсак жөн эле айтып коёт.

Айгерим, 4-класстын окуучусу:
- Мен комузга бир айдан бери катышып жатам. "Сайра комуз", "Жаштар маршын" үйрөндүм. Эжекем бир да жерин калтырбай күүнү үйрөтөт. Комузга апам катыштырган. Күнүгө кечинде атам менен апама комуз чертип берем.

Айганыш, 3-а классында окуйт:
- Сага кайсы сабак жагат?
- Мага матем менен к-тил, ч-тил жагат.
- Матемден тапшырманы өзүң чыгарасыңбы?
- Ооба, билбесем атам жардам берет.
- Балдар сага тийишеби?
- Чачымдан тарткылап, партага байлап коет. Анан мен эжеге айтам.

Марат, Айганыштын классташы:
- Бир мүнөттө канча сөз окуйсуң?
- 90-100гө чейин окуйм.
- Мектепте курсагың ачабы?
- Ооба, ачканда ыйлагым келет.
- Анан ыйлайсыңбы?
- Кичине чыдайм, анан ашканадан бизге тамак берет да.
- Балдар менен мушташасыңбы?
- Кечээ ручка талашып сумкамды үзүп алдым.




Алыбекова Мунара Токтомырзаевна, №74 мектеп-лицейи, 9-а класс:
Ааламга адам жаралса да,
Арманга келип торолгон.
Артында азап күн кечип,
Канча адам жетим чоңойгон.
Арагын ичип алдастап,
Атасы кетип жоголгон.
Аялды артык көрүшүп,
Балдарын унутка койгон.
Акчага сатып бүт дилин,
Унутуп кыргыз өз тилин.
Андайлар толуп жүрүшөт,
Айтайын энди мен кимин.
Эстесем жетим-жесирди,
Эзилет менин жүрөгүм,
Эрке жетим жүрүштөн,
Эл-журтум мен да жүдөдүм.
Көргөндө эмне дүйнөнү,
Көр оокат издейт көөдөнүң.
Ыйлап жатат бүрүшүп,
Бешикте жаткан бөбөгүң,
Бетин кызартып койбой,
Аталар жүрөт көргөмүн.
Кайрылат элем атага.
Абалың кандай билемин.
Андан көрө аталар,
Артык го дейм өлгөнүң.




Мектеп "жаргондору"
Коңгуроо - Биз үчүн бейиш
Расписание - душмандардын тизмеси
Алгебра,тарых-түшкө кирчү трагедия
Мугалимдер - дүйнөдөгү жети жиндинин бирөөсү, анткени өзү билип турса да, окуучулардан кайра сурашат.
Дене тарбия - бак аралап басуу сабагы
Спорт аянтчасы - ушакташып отуруучу жай
Даараткана - сүйүшкөн жаштардын дубал газетасы
Линейка- тентектердин салтанаттуу концерти
Жыйналыш - ата-эне менен мугалимдин урушу
Күз майрам - мугалимдердин курсак тойчу "шеринеси"
Жаңы-жыл - банкрот күн
14-февраль - сүйүүнүн бир сааты бүтүндөй өмүр
Класс - коркунучтуу бөлмө
Дем алыш - кайф алуучу күн
1-сентябрь - жаңы кийимдер жарманкеси
25-май-Ураа! Жеңиш күн
Чейрек - Ажалга тике кароо
Экзамен - Ашуудан берген отчет
Каникул - Гастрол, Бизнес,коңурукту кош тартып уктоо.

Даярдаган Айнура Султанова









??.??