Сенин гезитиң!
№39, 28.10.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


  Спорт жаңылыктары

Кыргызстанда
Армрестлинг
Кол күрөш спорту боюнча Азиянын 10 өлкөсүнүн эр азаматтары мөөрөй талашып, 22 кыргызстандык 21 медаль жеңип алуу менен командалык эсепте байгелүү үчүнчү орунду камсыз кылышты. Баш байгени Казакстандык балбандар ээлеп, экинчи орун Өзбекстандын командасына ыйгарылды. Себеби алардан мөөрөй талашууга жетимиштен жүзгө чейин спортчу бардык салмак, түр боюнча катышты. Кыргызстандык 22 спортчу Жапон, Иран, Монголия, Кытай, Индия сыяктуу ири мамлекеттерди артка калтырышты.

Таэквондо
Кыргызстандык таэквондисттер Италиянын Рива дель Гарда шаарында өткөн дүйнө кубогунда ар кандай салмактан 9 алтын, 2 күмүш, 1 коло медаль жеңип алышты.

I Азия оюндары
Индонезия өлкөсү Бали аралында жээкте ойнолуучу спорт түрлөрү боюнча I Азия оюндары 18-октябрда башталып, мында спорттун 19 түрү боюнча 45 өлкөнүн өкүлдөрү мөөрөй талашууда. Учурда 20 өлкөнүн спортчулары гана байгелүү орундарды ээледи. Биринчи орунду 14 алтын, 5 күмүш жана 12 коло медаль жеңип алууга жетишкен Индонезия өлкөсүнүн командасы ишенимдүү ээлеп турушат. Экиничи катардагы тайланддыктардын 4 алтын, 6 күмүш, 4 коло байгеси бар. Ал эми үчүнчү орунда келаткан Вьетнам өлкөсү 2 алтын, 5 күмүш, 2 коло байгелүү болушту. Спорттук ийгиликтери менен таанылып жүргөн Жапон өлкөсү жетинчи, Түштүк Корея тогузунчу, Кытай эл Республикасы 13-орунда турганы жээкте ойнолуучу спорт оюндарына мурда анча маани бербей келишкенин айгинелеп турат.

Футбол
Кыргызстандын футбол боюнча чемпионаты аяктады. Акыркы оюнду "Абдыш-Ата" менен "Дордой-Динамо" ойноп, 0-1 эсебинде "Дордой-Динамо" жеңишке жетишти. Жыйынтыгында таблицада көрсөтүлгөндөй бирдей очко алгандыктан жеңүүчү алтын оюнда аныкталды. Жыйынтыгында "Дордой-Динамо" командасы 5-жолу Кыргызстандын чемпиону болду.





Толук аты:
Рональдо де Ассис Морейра
Туулган жылы, күнү:
1980-жылы 20-мартта
Туулган жери:
Порто Алегри, Бразилия
Бою: 181 см
Салмагы: 80 кг
Клубу:
"Барселона" Барселона, Испания
Позициясы: форвард ,чабуулчу жарым коргоочу
Майкадагы номери: 10
Pepsi менен 2004-жылдан бери.

Рональдиньо,
(Рональдиньо Гаучо)
Жетишкендиктери:
2004-жылы мартта Пеленин аныктоосу боюнча азыркы жашап жаткан 125 эң мыкты футболисттердин алдыңкы сабындагы оюнчу аталат.
2004-2005-жылдары ФИФА версиясы боюнча дүйнөнүн мыкты оюнчусу, "World Soccer" журналы боюнча жылдын оюнчусу.
2005-жылдын Европа боюнча мыкты футболисти.
2005-2006-жылдары профессионалдык футболчулардын эл аралык федерациясыныны эң мыкты футболисти.
2005-2006-2007-жылдары футболисттердин добуш берүүсү менен профессионалдык футболчулардын эл аралык федерациясынын эң мыкты футболчусу
2004-2005-жылы УЕФА версиясы боюнча клубдун мыкты форварды.
2005-2006-жылы УЕФА версиясы боюнча клубдун мыкты оюнчусу.
2002-жылы дүйнө чемпиону
2006-жылы ФИФАнын коло топ ээси
1999-жылы ФИФАнын коло топ ээси

Өмүр жолу жана
Карьерасы
Бул футболисттин Рональдиньо атын алып калышынын да бир себеби бар. Португалия тилинде болсо Рональдиньо "кичинекей Рональдо" дегенди түшүндүрөт. Ошол убакта Рональдо аттуу футболисттен Бразилияда экөө өсүп келе жаткандыктан, кийинчерээк Рональдо де Ассис Морейра Рональдиньо атын алган.
Жаш кезинен Рональдиньо футбол оюнуна кызыгып, көлдүн жээгинде, жабык стадиондордо ойноп жүрүп кийинчерээк кадимки футболго аралашат. Биринчи жолу аты жергиликтүү командалардын арасында жүргөн оюнда 23-0 эсебинде оюн жүрүп, ал топтун бардыгын 13 жаштагы Рональдиньо киргизгенден кийин таанымал боло баштайт. Ошондон кийин гезит, журнал, теле дебей жаңы чыгып келе жаткан футболчуга кызыга башташкан. 1997-жылы Египетте өткөн жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында футбол жылдызы болуп чыга келет. Ошондон кийин дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрү аны менен келишим түзүүнү көздөп калышат. ФИФАнын "Жылдын мыкты футболистти" сыйлыгын эки ирет алган. Жаш кезинде "Гремио" клубунда, профессионалдык клубда 1998-жылдан 2001-жылга чейин ошол эле "Гремиодо" ойноп жүрүп, оозго алына баштайт. Ошол жылдары Американын кубогун алат. 2001-жылдан Европанын тагыраак айтканда Франциянын "Пари Сен-Жермен" клубунда ойноп баштайт. Башка клубдар кардар түшсө да 2003-жылга чейин "Пари Сен-Жермен" клубун таштабай ойнойт. 2003-жылы ал клубдан кетээрин жар салып, ошол эле жылы 19-июлда "Барселона" клубу менен 8 млн. фунт (23.8 млн. Еврого чукул) келишим түзүп, азыркыга чейин ойноп келет. Ал ойногон 2006-жылы 3-майда "Барселона" клубу Чемпиондор лигасынын кубогун, 14 күндөн кийин эле 2006-жылы 17-майда УЕФАнын кубогун жеңип алган. "Барселонада" ойногон бразилиялыктардан "Р" тамгасынан башталган Ромарио, Ривалдо, Роналдо жана Рональдиньо бардыгы 10-номердеги майкага ээ болушкан. Бразилиялыктарга чейин "Барселонада" аргентиналыктар Марадона, Рикельмелер ойноп, 10-номерге ээ болуп келген. Бразилиянын курама командасында 1999-жылдан бери ойноп келет. Биринчи оюнун 1999-жылы 26-июнда ойноп баштаган.


Өзгөчөлүгү
Алты жашынан баштап атасынын жардамы менен топ менен ойноп баштайт. Улуу агасы Роберто профессионал оюнчу катары анын кызыкчылыгын колдогон, профессионалдык агенти болуп иштейт. Бешиктен бели чыккан кезде эле футбол тобун белекке алып, топту кучактап уктап жүрөт. Мектепке барган күндөн тартып эле футбол ойноп, теннистин тобу менен ойноп баштайт. Бир жолу Марадонанын апельсин менен ойногонун көрүп калып, аны кайталаганга өтөт. Башкалардай атайын финт менен деле ойнобойт. Эң негизги өзгөчөлүгү оюнчуларды алдап өтүп, адаштырганга аябай маш экенинде жана аябай ылдам жүгүргөнүндө. Ошол эле учурда топ менен бара жатып кайсыл жакка пас берүүнү тез өздөштүргөнүндө.

Даярдаган Жумабай Дабын уулу









??.??