Сенин гезитиң!
№39, 28.10.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Атактуулардын ааламында

Жылдыздардын жасалма сулуулугу
Көпчүлүктүн көңүл борборунда болуп келген жылдыздарыбыздын жашоосу карапайым эл үчүн түгөнбөгөн жомок. Пластикалык операциянын аркасы менен келбетин ойдогудай кылып өзгөрткөн ар бир экинчи жылдыздын түйшүгүнө көз салып көрсөк, төбө чачың тик турат. Атактуулардын пластикалык операцияга чейинки жана операциядан кийинки келбеттери сиздин назарыңызда.

Атактуу мырзалардын ичинен эң алгачкылардан болуп пластикалык операциянын жардамына Том Круз кайрылган. Анткени анын мурдунун формасы башынан эле актердун кыжырын келтирчү. Томдун ою боюнча эркектин мурду анын мүнөзүнүн курчтугун, ички энергиясынын күчтүүлүгүнөн кабар берип турушу керек. Эң алгачкы жолу киного тартылаарда эле режиссер аны "мурдуңдун түзүлүшү анча эмес экен" деген сын-пикир айтып таарынткан, болбосо Том Круз мурдунун көрксүз экенине анча маани бербептир.


Силикондордун башчысы аталган Памелла Андерсон көкүрөгүнө алгачкы операцияны өспүрүм кезинде эле жасатканга жетишкен. Андан бери Памелла тишин бир нече ирет алмаштырып, жаагын, мурдун түп тамырынан бери бир нече жолу өзгөрттү. Чоң көлөмдөгү эриндер азыр көпчүлүк жылдыздарды кызыктырат, канчалык коопту болсо да хирургдар мындай кадамдан баш тартпай акча табуунун жолун көздөшөөрү баарына эле маалым. Өзгөчө Памелла Андерсон оозунда өчү бардай эле анын формасын сансыз алмаштырган. Ал белгилүү бир клиниканын туруктуу кардары болуп саналат.

Ызы-чуунун чордону болгон Бритни Спирс секелек кезинде эле энесине ээ бербей оюндагысын жасачу экен. Ал тургай он беш жашында апасына айтпай жашыруун барып мурдун кестирмек болот. Операция учурунда көңүлү башка нерсеге алагды болуп кеткен хирург аз жерден мурдун түп орду менен кесип сала жаздаптыр, албетте бүгүнкү күндө ырчы айым ал окуяны күлүп эстейт. Чындап келсе ушул убакка чейин канча жолу операция жасатканын эстеп, так санап бере албайт экен. Эки сүрөттү карап отуруп мурдакы Бритни менен азыркы Бритнинин айырмасы асман менен жердей экени талашсыз.


Поп-музыканын каролу Майкл Джексон операция жасатканда журналисттер аны тамашалап: " Америкада кара терилүү эркек болуп төрөлүп, ак жүздүү айым болуп көз жумууга мүмкүнчүлүк бар" деген сөздү гезит беттерине жарыялашкан. Сахнанын каролу аталган Майклдын чыныгы жүзүн элестетиш бир топ кыйынчылыкты жаратат. Айтор хирургдар Джексонго азыркыдай идеалдуу образ жаратыш үчүн бир нече жыл талыкпай "изденишкен". Ошентсе да анын мурдунун түзүлүшү келбетине жарашпай калганын өзү да мойнуна алат. Ал эми канча каражат сарптаганы тууралуу ырчы катуу сыр бойдон сактап келет.


"Spice Girls" тобунан кол үзүп өзүнчө тиричилик баштаганда Виктория Бэкхэм дароо эле хирургдардын жардамына кайрылып, келбетин түп тамырынан бери өзгөртүүнү чечкен. Бирок кеңеш алганда кийин эмнегедир доктурлар ага жардам көрсөтүүдөн баш тартышыптыр. Алардын артынан калбай улам-улам бара берген Викторияга доктурлар үстүртөн мурдунун формасын өзгөртүп кутулушкан. Кийинчерээк сырткы көрүнүшүндө бир нерсе жетишпей жатканына көзү жеткен Бэкхэм көкүрөгүн чоңойтууну туура көрүптүр. Көпчүлүгү Викториянын карьерасындагы өсүш келбетин өзгөрткөндөн кийин болду деген ойдо. Эми жакын арада сулуу бийкеч үстүңкү эрдин жана кулагынын формасын өзгөртөт.


Сулуулугу менен көптөгөн ийгиликтерге жетишип, күйөрмандарын суктандырган Анджелина Джолинин чыныгы табигый келбетин көргөндөрдүн үрөйү учат. Башка бийкечтер чырайлуу болууга умтулушса Джоли тескерисинче өзүнүн келбетин күзгүдөн көрүүдөн заарканат тура. Ал башка актрисалардан сулуулугу менен гана эмес аң-сезими, психологиясы менен да айырмаланат. Келбетти өзгөртүп, оңдогонго болот, ал эми адамдын психологиясын бир калыпка салып оңдогондор болсо болот эле- деп актриса арман кылат.

Мындан бир топ убакыт мурун аялзаты үчүн табигый сулуулуктан өтөөрү жок экенин жар салган Шер эми минтип чачынан баштап тырмагынын учуна чейин жасалма сулуулукка малынып отурганы таңкалыштуу. Журналистердин жанды койбой "Канча жолу операция жасаттыңыз эле?"- деген суроосуна жооп берүүдөн баш тартып, жалпылап болгон акчамды пластикага коротом деп жооп узатып кутулган.

Бир топ атагы тарап белгилүү болуп калган Патрисия Каас пластикалык операция кылып, келбетин өзгөртүш үчүн атайын узун жомок ойлоп тапкан. Анын айтымында ал катуу жол кырсыгына кабылып, мурду жараксыз болуп талкаланган. Ошондон улам ал мурдуна операция жасатканга аргасыз болуптур. Ал эми сахналаштарынын айтуусуна караганда анын жол кырсыгы тууралуу эч кандай маалыматтары жок экен. Дал ушундай жашыруун жол менен келбетин өзгөрткөн атактуулардын катарын Авраам Руссо толуктайт.

Даткайым Пириева










??.??